Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси
Автор книги: id книги: 2057080     Оценка: 0.0     Голосов: 0     Отзывы, комментарии: 0 120 руб.     (1,31$) Читать книгу Купить и скачать книгу Купить бумажную книгу Электронная книга Жанр: Современная зарубежная литература Правообладатель и/или издательство: Издательские решения Дата добавления в каталог КнигаЛит: ISBN: 9785005374073 Скачать фрагмент в формате   fb2   fb2.zip Возрастное ограничение: 18+ Оглавление Отрывок из книги

Реклама. ООО «ЛитРес», ИНН: 7719571260.

Описание книги

Кулназар Ташиевич өзү менен иштеген кадрлар алдында талапты катуу койчу, аткени менен аларга адамгерчиликтүү мамиле кылчу. Сүйлөгөн сөздөрү так, маанилүү, коммунистерге жана эмгекчи элге түшүнүктүү, жүргөн-турганы башкаларга үлгү эле. Ташиевдин ысмы, жасап кеткен иштери социалистик коомубузду активдүү куруучулардын катарына кирет, советтик мекенибизди фашистик баскынчылардан коргогон патриотторго, баатыр жүрөк коммунистерге кошулат.Абсамат Масалиев, Кыргыз эл баатыры.

Оглавление

Ильгиз Талип. Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Кадырман да, кайратман карыябыз Кулназар Ташиевге

Кулназар – Куршаб кулуну

Залкар инсан замандаштар эскерүүсүндө

Кулназар Ташиев чыныгы коммунист эле

Жаркыраган элеси көкүрөгүмдө ТҮБӨЛҮККӨ САКТАЛАТ

Улуу тоого чыккан устат

Куралдаш курбу болгонбуз

Майданда бирге болгонбуз

Сын своего народа

Улуу инсан эле

Тарыхта калчу инсан

Акылман жана ишмер инсан эле

Адилеттүү, бедели бийик, биларман жетекчи

Эрегезе эмгеги жеткирген эрен эле

Автобиография Ташиева Кулназара

Кудай адамдын асыл тилегин аткарат

Воспоминание о моих любимых родных

Кымбатуу агай Аалы!

Отрывок из книги

Түбөлүк жары Бахарниса менен. 1985-жыл.

Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын көрмөк турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда дүйнө салып кете берет. Анын кайриет кылганы – артында арзып көргөн жети перзентинен үчөөбү: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир жүрөк өйүгөн окунуч – ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-төкмөл, коога-дооругу күчөгөн бейопа кезеңде дүйнө салып бараткан момундун көңүлү кантип жай болмок?

.....

Апасы Гүлкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал үч күн ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы төгүлгөн кең өрөөн, дүгдүрүм бак-шактуу Куршаб жана күзүндө суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын көздөн кечирген жигит, албетте, аеолуу дүйнөсүн калтырып баратканга ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаганы менен өзүнө тагылган жооптуу парзды өтөгөнү бараткандыгы үчүн кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан өтөй тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми өрөпкүткөн, жан дилин өз курагына мүнөздүү романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын үстүнө катарына өтүү оңойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал өзүн эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо үчүн ал эми алдыдагы зор сыноолордон өтүшү керек эле. Бул баягы көнүп калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде өтөт, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт – табышмак эле…

.....

Добавление нового отзыва

Комментарий Поле, отмеченное звёздочкой  — обязательно к заполнению

Отзывы и комментарии читателей

Нет рецензий. Будьте первым, кто напишет рецензию на книгу Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси
Подняться наверх