Читать книгу Өч алуунун аягы - Айгүл ШАРШЕН - Страница 1

Оглавление

Айгүл ШАРШЕН


Өч алуунун аягы


Ош шаарынын бир айылында болуп өткөн бул окуя токсонунчу жылдын май айлары эле. Анда союздун гүлдөп турган маалынын акыркы жылдары, жаңы коомду көпчүлүк кабыл ала албай турган кез. Гүлбахар өзү медсестра болуп иштечү, отпускага чыкмак болуп арыз жазып эми үйүнө кеткени жаткан, чогуу иштеген Назира беш айлык наристени керебетке жаткырып жатканын көрүп:

– Бул кимдин баласы? – деди.

– Сенин балаң, – Нази күлүп койду, анткени Гүлбахар көп жылдан бери төрөбөй жүргөн эле, күйөөсү Карим экөө бала үчүн көп урушчу.

– Кандайча? – Гүлбахар ишенип-ишенбей тамашалап жаткандай карады, бүткөн бою билинээр билинбес калтырак басып курбусун тиктеп калды.

– Чын айтам Гуля, карасаң кандай татынакай бала, жактыбы сага?

– Ооба, уулбу же кызбы? – деди да керебетке эңкейип уктап жаткан наристеге үңүлдү, – Сулуу экен.

– Уул бала экен, – деди да Нази ага болгон ишти айтып берди, – Бул баланы азыр гана алып келишти, поезддин жолуна таштап кеткен экен, азырынча эч кандай негиз жок, бирок баары бир туугандары чыгат болуш керек.

– Ананайын ай десе, карасаң тим эле каштары капкара болуп жүзүнүн аппактыгын, кандайча таштап салышты экен? – Гүлбахар наристени колуна алып жүзүнөн сүйдү, – Денсоолугу кандай экен?

– Текшерип жатышат, анализдерин алды, төрт-беш айлык го, ыраспы?

– Ошондой го? – Гүлбахар баланы ойлуу бооруна кысты, – Бөйтөйгөн садагам десе, ушундай бир наристени кудайым мага дагы берип коеор бекен Нази? – Көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

– Кабатыр болбо курбум, кудай деген куруу калбайт дешет эмеспи.

– Туура, кудайым куруу койбос…

– Бала кандай ыйлаган жокпу? – деп башкы врач кирип келип Гүлбахар көтөрүп турганын көрүп, – Оо Гуля, бала жактыбы? – деди күлө карап.

– Жакты агай.

– Эмесе ата-энеси же туугандары табылганча сен карап тур.

– Кантип? – Гүлбахар башкы дарыгерди таңгала карады, бала багып көрбөгөнгө жүрөксүдү, күйөөсүнөн тартынды, – Эмчек эмген баланы багуу оңой эмес го?

– Көнүп кетет.

– Макул, – деп Гүлбахар ойлонуп калды, башкы дарыгер чыгып кетти. Нази экөө көпкө сүйлөшүп отуруп анан үйүнө жөнөдү: «Каримге айтайын, макул болсо бага берейин, ушунча таштаган неме келе коймок беле», – деп ойлонуп келсе Карим келе элек экен. Күндөгүдөй эле өз ишин жасап кыбырап жүрүп дагы баланы ойлой берди, ата-энесине дагы кеңешмек болду, Карим эшиктен киргенде кубанычтуу каршы алып жайдарылана карады эле жактырбагандай:

– Энең эркек төрөгөнсүп эмне кубанып алгансың?

– Жакшы кабарым бар, сен макул болсоң эле болду.

– Эмне деген кабар?

– Бала багып алсак дедим эле…

– Кандай бала?

– Уул бала экен, бирөөлөр таштап кетиптир.

– Кереги жок, өзүң төрөй албай бирөөнүн баласына жалдыраткың келип жатабы? – Ачуулана бурк этти Карим.

– Анда өзүм багам.

– Эмне?

– Бала баксак ошонун арты менен балалуу болуп кетээрбиз.

– Жомогуңду кой, эмне кылсаң ошо кыл, – Карим дилинде макул болгонсуганы менен сыртына чыгарбады, – Кардым ачты, бирдеме берчи.

– Жуунуп келбейсиңби, тамак даяр.

– Ооба, – Керим сыртка чыгып кетти.

Гүлбахар өзүнчө ойго батып: «Мен балалуу болууну каалайм, өмүр бою Каримдин суз, муздак көз карашына тоңуп жүрө албайм, эне болуп, наристенин ырахатын, тун күлкүсүн угуп бактымды баладан табам, ал өз сүйгөнү үчүн өзүн түбөлүк туюкка камап алып, өзүнүн муз каптаган аралында жашай берсин», – деген чечимге келди. Карим кирип абалкысындай эле суздукка капталган муздак көз карашы менен Гүлбахарды бир карап алды да дасторконго отурду.

– Уул бала, татынакай, сүйкүмдүү экен, – деп койду Гүлбахар күйөөсүнө тамак куюп сунуп жатып.

– Деги аның кыргыз баласы бекен?

– Ооба-ооба, кыргыз эле, – Гүлбахар шаша жооп берди.

– Ата-энеси чыгып калсачы?

– Чыкпайт, – Гүлбахар ишенимдүү айтты.

– Кайдан билесиң, бир күнү чыга калса өзүңө жаман.

– Көрөбүз да, чыкса чыгаар, башкы дарыгер өзү бага бер деди, ал менин балалуу боло албай жүргөнүмдү укса керек, баланын артынан бала келет дешет го, балким кудайым бизди дагы кубантып коеор…

– Өзүң бил, издеп жатышыптырбы?

– Милицияга айтып дайындады.

– Аа-а, – деп койду Карим.

Бул үйбүлөнүн бирге жашаганына жыйырма жылдан ашып калса да бири-бирине муздак бойдон эле… Каримдин өзү жактырып жүргөн кызы бар эле, бирок аны агасы бербей койгон, акын агасынын көңүлүн калтыргысы келбей ал кыз Каримге болбой койгон. Гүлбахар бир үйдүн тун кызы, бирок төрөлгөндөн ыйлаак болгондуктан апасы ага энелик мээримин бере албады, бир күнү апасы каргап-шилеп жаткан:

– Жаагы сынып эле ыйлай берет, дегеле баладан башкача болду, өлүп кеткир ээ!

– Төрөбөй эле койбойт белең? – деди атасы күңк эте.

– Мен кайдан билейин, мунун мындай ыйлаак болоорун.

– Чоңойсо ыйлаагы калаар.

– Эк, тажап кеттим, – Силкине үч айлык кызын түртүп койду, бакыраңдаган наристе ушул учурда жарк этип күлүп койду, – Күлүп койгонун кара.

– Күлсө күлөт да, ыйлаактыгы ошол мунун, бала ыйлабай чоңойчу беле? – деп атасы кызын алып көтөрмөк болду, – Иштебесем өзүм багат элем, – Абдраим үй ичинде ары басты.

– Бага бер.

– Эмне болду? – Эшиктен Абдраимдин апасы Гүлпари келди, – Кызыңды көтөрүп алгансың го?

– Ооба, энеси муну жактырбай ыргытканы жатат.

– Ок, эмнеге ыргытат? – Гүлпари чоочуй келинин карады.

– Ыйлаак…

– Капырай де, бала ыйлайт да, ыйлабай чоңойгон бала болобу?

– Апа, күн-түн дебей ыйлайт, же уйку бербейт, же иш жасатпайт.

– Сабира, андай эле баладан тажап жатсаң мага бер, абысыныңдын согончогу канабай жүрөт, кандай гана багып алаар экен.

– Алып кетиңиз, багып алышсын, – деди Абдраим Сабирадан мурун эле, – Бала тапкандыкы эмес баккандыкы.

– Ой ала бергиле апа, дегеле тойдум, – деди Сабира дагы, Гүлпари келининин мерездигине таңгала баланы ороп, чулгап алды да көтөрүп алып өз үйүнө кетти, кичүү баласы үйлөнгөнүнө төрт-беш жыл болсо да балалуу болбой жүргөн, кубана Гүлбахарды көтөрүп кирген Гүлпари уул-келинине:

– Алып кел балам, агаңдын аялы баланы сүйбөйт экен, кудайдын буйругу менен балалуу болуп калсаңар ажеп эмес, чын пейилиң менен наристеге мээримиңди сал, балам, – деди кудуңдай.

– Жеңем өзү бердиби? – Уулу Азим апасын ишенкиребей карады.

– Бербегенде эмне, сенин балаңбы, аныкыбы баары биздин тукум.

– Апа, жеңем кайра алып алсачы? – деди Азимдин аялы Адина.

– Албайт, мен турам го? – деп Гүлпари наристени сунганда Адина кубана колуна алып мемиреп уктап калган наристени өпкүлөп ийди:

– Алтыным ий, дегеле көзгө сүйкүмдүү болуп калган го?

– Болду эми, уктап жаткан баланы ойготосуң, – деп келинчегинин колунан Азим алды, – Орун салчы.

– Азыр, – Адина шашкалактап балага орун салып жатты.

– Дегеле мемиреп калганын, үйүндө какылыктап ыйлап жаткан, – Гүлпари эч нерседен капарсыз бөйпөйүп уктап жаткан наристени мээримге толгон көз менен жылмая карап койду.

– Ошончо эле ыйлаак бекен?

– Айтпа, күнү-түнү ыйлайт дейт.

– Ыйласа деле мейли, уктабай эле багып алам, – Адина кызды колуна алып төргө жаткырды, – Садагам ий, ойгоноор түрү деле жок го?

– Баланын периштеси бар сенде балам, буйруса сен дагы төрөп аласың, ушу кыз ак жолтой болсун.

– Ошондой эле болсо экен, апа, – Адина бөйпөйүп уктап жаткан наристени ойлуу карап калды, – Кудайым ушундай эле бир кыз берсе болду, – Улутунуп жиберди.

– Жараткан пендесин өзү жалгайт балам, кудай десеңер куруу калбайсыңар, – Гүлпари сыртка чыгып кетти.

– Адина, сен муну бага аласыңбы? – деди апасы чыгып кеткенде Азим аялына.

– Эмнеге бага албайт экенмин, багам эле, – Адина күйөөсүнө бултуң эте таарынып калды.

– Деги да, өзү ыйлаак болсо, анын үстүнө бала багып көрө элексиң.

– Багам эле, керек болсо кандай багаар экенмин, – Адина эңкейе кызды ууртунан секин өөп алды.

– Чоочутасың, – деген Азим анын жанына отура калып өзү дагы наристени өөп алды, – Бала кандай жакшы көрүнөт ээ?

– Ооба-а, эмдигиче төрөсөм балабыздын алды бешке чыгып калмак, – деп Адина муңканып жиберди, – Мени кечирчи, Азим.

– Эмнеге кечирим сурайсың, сенин күнөөң жок, анте бербечи Адина, көрөсүң го, биз дагы балалуу болобуз, – Келинчегинин эки бетинен өөп койду, – Капаланбай жүрчү ээ?

– Ма-акул эми, – Адина унчукпай сыртка чыкмак болуп баратып кайра эмелеги таарынычы жоголуп жаркылдай карады, – Азим, балага сүт алып келиш керек, бизде сүт жок, ойгонсо эмне кылабыз?

– Чын эле, азыр мен сүт таап келем.

– Кийим-кече дагы карай кел, кызыбызга күрмө шым алып берели.

– Макул, – Азим шашыла чыгып кетти.

– Күчүгүм десе, Гүлбахарым менин, – деп наристени дагы карап жылмайып алды.

Гүлпари сыртта жүрүп уул-келининин сөзүн угуп ичинен сызып алды: «Карангүн ай, бир баланын айынан бечараларыма жаман болду, сүйүүң менен сүмүрөн кал, бири-бирин жакшы көрүшөт, айрылышаар эмес, жаратканым бир наристеңди аябай уул-келиниме бир перзент берип койсо экен», – деп ойлуу үйгө кирди, келгенине бир топ убакыт болсо да козголбой уктап жаткан наристени көз кыйыгынан карап, эбелектей улам аны караган келинин көрүп үшкүрүнө төрдөн орун алды.

– Азим кайда кетти? – деп сурап койду билип турса дагы.

– Апа, Гүлбахар ойгонсо ыйлайбы деп сүт таап кел дедим, – Кудуңдай карады, – Анан кийим-кече ала келсин.

– Аа-а кагылайын десе, буга азыр кийимдин зарылчылыгы жок, негизгиси бала силерге көнүп, эмчекти унутуп тамак ичип кетсе эле болду, эки-үч күндө билбей калат.

– Апа, ойгонуп калды, – Адина баланы ала койду, – Гүлбахар, кана кызым, кардың ачтыбы? – деп чоп эттире өөп койгондо наристе жарк этип күлүп койду, – Садагам ий, карасаң апа, сулуу кыз болот ээ?

– Сулуу болбосо да жүрөгү мээримдүү болсун, балам.

– Мен чай берейин, алып туруңуз, – деп Адина Гүлбахарды кайненесине кармата салды да чай даярдап алып, – Апа, упчу жок эмнеге берем? – деп айласы куруй түштү.

– Мен ылдыйкы үйгө барып упчусун алып келе калайын, – деп Гүлпари ордунан турду.

– Жеңеме мен эле барайын апа, сизди убара кылбай эле.

– Өзүм эле барайын, сен кызыңды алып отура бер, балам, – деп сыртка чыга бергенде Азим келип калды.

– Апа, сүт алып келдим, аптекадан упчу алып алдым.

– Алдыңа кетейин десе, ырас кылган турбайсыңбы, ылдыйкы үйгө барайын деп жаттым эле, – Эне-бала ээрчише ичкери киришти. Үчөө үйрүлө наристеге сүт берди эле упчу эмбеген неме кайсактап жатып зорго ичти, негедир какылдап ыйлаган кыз момурап эле калды. Адина менен Азим ортого алып улам бири ала коюп эркелетип ал түнү эрмеги бала болду. Түндө ыйлап бир аз эмчек издеген болду, бирок сүт берип койсо болпоюп уктап калды. Адина Гүлбахар көнгөнчө кийим чечип жатпады, улам туруп сүт берет, кургактап жалаяктарын жууп үтүктөйт. Сабира бир басып келген жок, Абдраим өзү үчүнчү күнү келди, бирок баягы какылдап жаагын баспай ыйлаган Гүлбахардын болпоюп эле Адинанын алдында отурганын көрүп таңгалды.

– Кызыңар кыйнаган жокпу? – деди назар сала келинине кайрылып.

– Жок аке, кыйнаган да, ыйлаган да жок, – Адина жылмая жооп кылды.

– Үнүн басчу эмес эле, ушу силерге келгиси келип жаткан го?

– Ошондой, наристе дагы билет, эми Сабира дагы төрөп алат, биз Гүлбахарды бербейбиз, – деди Гүлпари күлө, – Биздин кызыбыз болду.

– Мейли, Азимдин баласы дагы менин балам, – Абдраим ордунан турду, – Мен кеттим, ыйлап кыйнадыбы деп келгем.

– Сабира эмчеги толуп кыйналбадыбы?

– Жок, толгон деле жок дейт.

– Капырай, ушунча да мерез аял болот экен да.

– Өзү балага салкын экен, – деген Абдраим чыга жөнөдү, өзүнүн кызын колуна алуудан тартынып, эки күндө эле жат боло түшкөнүнө ичи ачышып үйүнө келди.

– Ыйлаптырбы? – деди Сабира.

– Сага эмес Адинага берсе болмок ошол кызды, баргандан бир да жолу ыйлабаптыр, күлүп отурат келиндин алдында.

– Чоңое берсин, акыры биздин балабыз да.

– Эми ошону менин кызым деп кантип айтасың, Адина аны үйрүлүп түшө карап жатканын көрүп ичим ачышып кетти, сенин мерездигиңден болду, эми барганда колуңа алчу болбо, – деп Абдраим жиндене кетти, – Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дегенди билесиңби?

– Болуптур ой, ошолорго эле кут болсун.

– Кут болсун, бир тууганым менен бала үчүн жаман көрүнүшпөсөм болду, мындай жаман болчу эле.

– Ким жаман көргөзмөк эле, сен же мен унчукпасам болдубу? – деп Сабира күйөөсүнүн сөзүн жактыра бербей ары карады, – Сенин ичиң ачышып жатпаса мен ойлогон дагы жокмун.

– Эмне үчүн төрөдүң анан?

– Боюма болсо төрөбөй эмне кылам.

– Болуптур эми, аман-эсен чоңое берсин, – Экөө тең унчукпай калышты.

Күндөн-күнгө Гүлбахардын кыял-жоругу чыгып, Азим менен Адина колдорунан түшүрүшпөйт, аңгыча жай өтүп күз келгенде жөрмөлөп калды, айрыкча «апа-ата» дегендеги кубанычтарын сөз менен айтып жеткире албайт эле.

– Кана, кана Гүлү, апа-апа деп койчу, – деп Адина айтса Азим ага тийишип чычалатып кирет.

– Жо-ок, кызым ата дейт, кана кызым ата деп койчу, – десе наристе аларды көздөй талпына «апа-ата», – деп экөөнү кубанычка бөлөп турат, Сабира кээ-кээде келип аларды көргөндө: «Байкуштар ай, мейли силерге эле кут болсунчу, дегеле карабайын», – деп ойлоп коет. Бирок келип кетип жатса да назар салбады, абысынынын көңүлүнө кетпесин дегендей колуна албады. Убакыт учкан куштай сызып бат эле жыл өтүп кетти. Гүлбахар басып калды, көпөлөктөй кылып кийинтип алып кайда барышса дагы алып алышат. Гүлпари ичинен тынып: «Капырай, качан боюна болот, жок дегенде бирди төрөп алса болот эле», – деп тынчсызданып жүргөндө чындап эле кубанычтуу кабар болду, Адина бир күнү Гүлбахарга тамак жасап бергени жатып көңүлү айнып кускусу келип сыртка жүгүрүп чыкты, аны көргөн Гүлпари адегенде ишенген жок, небересин алып отуруп калды. Ошентип ал тамактын жыты келсе эле кускусу келип өзүн жаман сезип жүргөндө ага:

– Балам, тамак-ашты өзүм эле жасайм, кызыңды ала бер, – деп Гүлпари ички туюмун ачыкка чыгарбады, кокус боюнда жок болсо сууп калбасын деп ойлоду. Арадан эки ай, үч ай өткөндө ичи бүлк этип, Адина ошондо гана боюнда бар экенин билди, кубанычы койнуна батпай кызын кучактап өпкүлөп жатты:

– Берекем, ак жолтоюм, менин бир башымды эки кыла турган болдуң, сен менин бактыма гана төрөлгөнсүң, ырысым! – деп ыйлап отурган келинин көргөн Гүлпари сырттан кирип келип:

– Кызың экөөңөр эркелешип отурасыңарбы? – деди да көзүндөгү жашты көрүп чоочуп кетти, – Ботом, сага эмне болду?

– Апа, сүйүнчү, кызым ак жолтой болду, бөбөктүү болот экен! – Адина көз жашын куюлта кайненесин кучактап калды, – Биз балалуу болобуз, апа!

– Оозуңа май айланайын, ак сары башыл айттым, мен сезгеним менен ишенеби-ишенбейби деп айткан жок элем, – Гүлпари келинин өөп, Гүлбахарды колуна алды, – Май көтөн кыз болгон тура садагам десе, жакында Сабира дагы көз жарганы турат, өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле, айланайын.

– Азим кандай кубанаар экен, апа, сиз айтасызбы?

– Ооба садага, ал жамандан сүйүнчү алайын, – Гүлпари кудуңдай небересин көтөрүп эшикте жүргөн чалына сүйүнчүлөп андан кийин Адинага минтти:

– Азырынча башкага оозуңардан чыгарбагыла, кийин көрө берсин.

– Макул апа.

– Мен Абдраимдикине барып келейин, Сабира дагы төрөгөнү турат, кабар алып койбосом болбойт, – деди да ылдыйкы үйүнө жөнөдү. Негизи чоң үй, кичи үй дешчү, Абдраимдер үйлөнгөндөн кийин үй салып бөлүнгөн ошондуктан алардын үйүн кичи үй же ылдыйкы үй деп коюшат. Ал келгенде Сабира жатып алып уктап калган эле. Эшиктен кирген кайненесин сезген дагы жок, акырын кирип келе жатып:

– Сабира, ээ Сабира, ботом кечке уктай бербей ара-бери бассаң боло, төрөгөнүңө жеңил болот, – деди наалый, – Тур, кеч бешим болуп калды.

– Аа-а апа, качан келдиңиз эле? – Көзүн ушалап кериле туруп анан сыртка чыкты, – Абдраим келе элек го?

– Жумушка кетти беле?

– Ооба.

– Келет анда, ал келсе экөөңөр үйгө баргыла, келин тамак жасап жатат, чогуу тамактаналы.

– Макул, апа, – Сабира оозун ача эстеп алды.

– Анда мен кеттим, боюнда бар аял көп басат, төрөгөнгө абдан жеңил болот, жата берип кыйналып жүрбө.

– Ооба апа, – Сабира уялгандай жер карады, Сабира Абдраимдин экинчи аялы, Адинадан кийин келген. Гүлпари сүйлөнө короодон чыкты.

– Капырай, азыркы жаштар жаталак дегеле, колу бошунда ишин жасап албайбы, керээлден кечке жата бербей, – Ал үйүнө жеткенде Азимдин келип калганын көрдү, ал атасы экөө сүйлөшүп турган экен: «Каап, айтпа деп койбой, мейли садагаң кетейин, кубанып калсын», – деп ойлонуп жете келди.

– Мурдуңа келгир десе, тим эле дердеңдеп калган тура, – мулуңдай күлүп уулун өзүнө тарта эки бетинен өптү, – Кут кылсын балам, аман-эсен көзгө көрүнгүчө киши-карага айта бербегиле.

– Макул, апа, – Азим апасына жылмая карады, – Угуп алып аябай сүйүнбөдүмбү.

– Кудай кубанчыңды кут кылсын.

– Ошондой эле болсун апа, ал силердин небереңер болот да.

– Айла-анайын, Адина бала менен кыйналбасын, мен үйгө кирейин, – деп Гүлпари ичкериге кирди, – Кызың уктадыбы, балам?

– Ооба апа, Гүкү уктап калды.

– Садагаң болоюн десе, кудайым ушул кызды силерге периште кылып жөнөткөн экен да.

– Ошондой болсо керек апа.

– Тамакты асып койдуң беле?

– Ооба, бышайын деп калды.

– Абдраим менен Сабираны чакырып койдум, алар кийин укса таарынышат, мындай кубанычтуу жаңылыкты аларга айтпай койсок болбойт эмеспи.

– Ооба апа, айтпай кантип коймок элек.

– Тобо де балам, көптөн бери төрөбөй жүрөсүң балам, этият бол, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн тилинде бар.

– Макул апа, – деп Адина унчукпай калды.

Ошентип көптөн күткөн кубаныч өз койнуна алып эми төрөбөй калдым го деп жүргөн Адинанын кубанычтан жүрөгү элеп-желеп болуп Гүлбахарды кудайындай көрүп жерге-сууга тийгизбей карап-багып жатты. Сабира экинчи кызын төрөп алды, Фатима төрөлгөндөн эле момурап жоош болду, Абдраим да кубанып экөөлөп карап жашоолоруна ыраазы болуп жашап калды. Ошол жылы жазга жуук Адина уул төрөп алды. Кубангандарын айтпа, атын Уланбек коюшту, артынан убай-чубай уул-кыз келе берсин деген тилек кылышты. Көп адам чакырып шаан-шөкөт деле кылган жок, баланын туулганына эмес турганына сүйүн деген эмеспи илгерки ата-бабалар.

Гүлбахар көздөрү жайнаган, татына кыз болуп чоңоюп келе жатты, жетиге чыкканда мектепке барды, ошол жылы Сабира бешинчи кызын төрөгөн, жаш аялмет болуп кыйналганынан ал Гүлбахарды сурай албай шылтоолоп сурап келе берет. Бир жолу жекшемби күнү келип:

– Апа, Гүкүнү жиберип койгулачы, балдар менен кыйналып жатам, кир когумду жууп алайын, – деди.

– Ботом, итирейтип буга бала бактыргың келеби, шылтоону башкага айт, эми Адина менен Азим силерге береби, анан калса экөө тең аны жакшы көрүшөт, – Гүлпари келинин сүйүңкүрөбөй карады.

– Жок апа, анда-санда жиберип турсаңар, жардамдашып турсун, – деди Сабира жер карай.

– Жеңе, – деди Адина, – Гүкүнү сизден талашпайбыз, бизге ак жолтой болуп берди, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү, барса барып келип турсун, мен сизден алыстатпайм, – деди күлүмсүрөй, – Ал үй менен бул үйдүн кандай айрымасы бар, колунан келишинче бөбөктөрүнө каралашсын.

– Өзүңөр билгиле, айланайындар, – деп Гүлпари эки келининин ынтымактуулугуна ыраазы боло карады, – Дегиңкиси баланы ортодо чайналтпай өз-өзүңөрчө мамиле кылгыла, бакма бала кыйын болот.

– Апа, Гүкүнү мен эч нерсе дебейм, эсине киргенде баарын өзү түшүнүп алат, жеңем да андай эмес.

– Мен эмне демек элем апа, бала болуп кетиптирминби же мен сени ыйлаактыгыңдан тажап берип койгом демек белем? – Сабира эшикти карап коюп күлгөн болду, – Мен жөн гана жардам берсин деп жатам, Адинанын өз кызы болсо деле сурап келет элем, анда эмне дейт элеңиз?

– Шум келиндер ай, мейли Гүкүнү чакырып алып кет, кайра кечке калтырбай жибер.

– Жарайт апке, – Сабира ордунан туруп эшикке жөнөдү.

Ал сыртта ойноп жүргөн Гүлбахарды ээрчитип үйүнө кетти, бирок канчалык аны кызым деп айткысы келсе дагы имериле албады: «Деги ушул кызга мээрим түшпөдү, неге мындай болду, өз баламды жээригеним кызык, ушундай да болот экен ээ?», – деп ойлонуп жүрүп дагы да төрөдү, кийинки кезде тукум улаар уулум жок өтөмбү деп көп ойлончу болгон эле. Эки үй, эки бир тууган абдан эле ынтымактуу болчу, ата-энелерин сыйлап, эки келин алдынан кыя өтпөй тамагын даамдап берип турат. Бир жолу эшикте жүргөн Гүлбахардын үнү «чыр» этти эле баары жабыла чыга калды. Ал чөптүн үстүнөн жыгылып кетиптир.

– Кокуй карангүн, чөпкө эмне чыктың эле?

– Этияттап көтөр эми, – дешип Азим үйгө көтөрүп кирди, анда врачтар анча көп эмес, сынык билген адамды алып келишип омурткасын салдырышты. Бир айдай төшөктө жатты. Ошондон жакшы сакая электе Абдраим келип:

– Гүкүнү бизге бергиле эми, балдарга каралашсын, – деди.

– Азыр жакшы боло элек, бели жакшы болуп калганда барсын, аке, – деди Азим, – Бала көтөрө албайт.

– Болуптур анда, – Абдраим башын жерге салып үйдөн чыкты, анткени Сабира: «Кыз бала болсо бүкүр болуп калбагай эле, үйгө эле алып кел, жакшылап карайлы», – деп жиберген эле.

Убакыт билинбей өтүп Гүлбахар бой тартып баратты, сегизинчи класста окуп жатканда кокусунан катуу жыгылып дагы белин оорутуп алды. Ооруканага алып барышты эле андан борборго жөнөттү. Гүлбахар жылдап ооруканада жатып калды, өзүнөн кийинки сиңдиси Фатима да бой жетип көзгө көрүнүп калган. Гүлбахарды медучилищага окутуп коюшкан. Ал окуп жүргөндө ага Каримдин ата-энеси куда түшмөк болуп чакыртып алышты, ошентип ал сүйлөшпөй этпей эле турмушка чыкты. Карим үйлөнгөндө муздак болуп ошол бойдон муздак, салкын мамиле жасап Гүлбахарды бир жылмайып карабады. Экөө жаш жубайлардай күлүп-жайнап ойноп күлбөдү… Ушуларды ойлонуп отуруп кеч жатты. Көңүлү уйгу-туйгу, бала эсинен кетпей улам эле болпойгон наристе көз алдына тартыла берди. Эртеси отпускага чыкканына карабай жумушуна келди, ал башкы дарыгерге кирээри менен эле:

– Гуля, келгениң жакшы болду, баланы алып кете бер, эгерде ата-энеси табылса көрөбүз, – деди.

– Макул агай, менин дарегимди милицияларга берип коесуз да.

– Албетте, аз күн болсо дагы баланы жакшы кароо керек, камкордук керек балага, баарын текшердик, денсоолугу жакшы.

– Түшүнөм агай, анда мен бара берейин.

– Бара гой, жакшы эс ал.

– Рахмат, – деди да башкы дарыгердин кабинетинен чыгып түз эле бала жаткан палатага кирди.

– Эмне болду, алып кете турган болдуңбу? – Назира суроолуу карады.

– Ооба, – деп Гүлбахар кубанычтуу жылмайды.

– Эч кимиси келбесе кандай болот, бага бересиңби?

– Эмнеге бакпайм, бала кылып алам, – деп Гүлбахар наристени колуна алып бооруна кысты, – Мага бала болосуң ээ балам?

– Күйөөңө айттыңбы?

– Ооба.

– Эмне дейт?

– Эчтеке, өзүң бил дейт.

– Жакшы болуптур, жолуң болсун эми, отпусканы бала менен өткөрө турган болдуң, – Назира күлүп аны кабинеттен узата чыгып кала берди. Үйүнө келе жатып эле наристеге бир сыйра кийим-кече алды, сүт менен упчу алып анан келди. Сүйкүмдүү наристе чоочуркап жатып көнө түштү. Күнү-түнү койнуна алып жатып, үнү чыкса эле уйкусунан ойгонуп карай калат. Эки жума дегенде ал өзү иштеген жерге барды, башкы дарыгер жакшы кабыл алып:

– Баланын абалы кандай? – деди туруп келип наристени карап жылмая.

– Жакшы.

– Ыйлаак эмес бекен?

– Жоош эле…

– Азамат, сен бир адамды асырап калдың.

– Агай, ата-энесинен дайын жокпу?

– Жок, болсо сөзсүз айтабыз.

– Эмне кылам, аты жөнү жок жүрө береби?

– Жок-жок, эки жумага чейин табылбаса өзүңө энчиктеп алууңа болот, керектүү кагаздарды толтуруп беребиз, күбөлүк алганыңа, – деди башкы дарыгер.

– Макул агай, – Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.

– Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? – Үңүрөйө карады.

Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.

– Сен качантан бери менин көңүлүмдү карап калдың эле, жыйырма жылдан бери муз үстүндө калтырап келе жатам го, жок дегенде баланын ырахатына батып бактылуу болгонумду ыраа көрбөйсүңбү? – Гүлбахар ызалуу жооп кылды, – Өмүр бою башка бирөөнү ойлонуп, мен эмес ошонун элеси менен жашап келе жатасың го?

– Койсоңчу, – Карим дале кабагын бүркөй карап кол шилтеди, – Бирдеме жасай койчу, кардым ачты.

– Азыр, баланы уктатып коеюн.

– Аныңдын атасы келет жакында.

– Эмне, кайдан билдиң? – Гүлбахардын көздөрү алайып кетти.

– Атасы бар экен, – деп укканын айтып баштады.

Шухрат өзбек экен, аялы Зейнеп экөө эки жыл мурун эле үйлөнүп ушу баланы көрүшүптүр. Атасы өлгөндө бир агасы үйүн талашып жүргөн экен. Ага карындашы кошулуп:

– Сен кичүүсүң, жашсыңар, үй салып аласыңар, бошотуп бергиле, – деди, – Апа, балаңа айт бошотуп берсин.

– Ботом, бул үйдө Шухрат калат, андан көрө алар чоң эмеспи, үй салып алышсын, – деди апасы.

– Жаш аялмет болсо, кайдан үй салат, калыс эле болбойсуңбу, жаш немелер үйдү салып да, сатып алса болот.

– Жаш болсо да эң кичүүсүндө болот, сен эмнеге эле минтесиң, экөөнө тең калыс бол, бирин ашык, бирин кем көрбөй, – Энеси кызына ачуулуу карады.

Шухраттын атасы үйлөнгөндө Сарвиназ менен Шарип кичинекей болчу, алардын апасы ооруп каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин үйлөнгөн. Сарвиназ өгөй энесине атайын эле жинденип жүргөн болчу.

– Ооба, Шухрат да менин бир тууганым, бирок сен экөөнү бөлүп жатасың, энеси бөлөк экенибизди далилдедиң, Шарипти бул үйгө киргизбесеңер силерге күн көрсөтпөйм, – деп албууттанып чыгып кетти.

Ошентип уруш көбөйүп отуруп акыры бир күнү түн жамынып келген Шарип менен Сарвиназ эки жакты карап эч ким көрбөгөндөй кылып жылып келе жатканда үйүндө коноктун бар экенин көрүп кайра кетишти. Зейнептин төркүндөрү бар эле, эртеси алар кеткенден кийин Зейнем күйөөсүнө:

– Шухрат, талашпай эле берип койсоңчу, түшүм жаман, бир балээге кабылып жүрбөйлү, – деди маанайы пас.

– Коркпо, Юсуп менин дагы атам, анын да атасы, кичүү деп мага жол койбосо өздөрү билсин, – деп Шухрат моюн бербей ишине кетип калды, келин бечара ойлонгон бойдон кала берди, анткени анын түшү өтө коркунучтуу болгон экен, өзүнүн чоң атасы аны ачууланып колунан алып жетелеп баратыптыр: «Балам калды, мен баламды алып алайынчы», – дегенине болбой: «Ал атасы менен калсын, сени тигилер мага жөнөтүп жатпайбы, кайненеңди күйөөсү алып кетет, сени мен алып кетем», – деп болбой эле караңгылыкты көздөй сүңгүп баратканда чоочуп ойгонуп кетти. Шухрат ошол күнү жумушунан кеч чыгып бирге иштеген шериктери менен сүйлөшүп чайлашып отуруп калган. Кеч күүгүмдө Шарип менен Сарвиназ келди да энесин урчудай болуп жатты:

– Жерди, үйдү бересиңби жокпу? – Сарвиназ мойнунан быкындаганда Зейнеп жетип чырылдап ийди:

– Эже, алгылачы баарын, апама тийбеңиз!

– Ыя де, кайненеңди жакшы көрөсүңбү, Шухрат менин тилимди албай сени алган, сүймөнчүк келинсиң да, – деп аны Сарвиназ түртүп ийди.

– Сарвиназ, анда эмне күнөө, сени эже дегенден башка эмне жамандыгы бар? – деп кайненеси тура калганда аны дагы түртүп ийди эле катуу жыгылып жыгач сандыктын кырына башы тийип кан жайылып кеткенде Шарип менен Сарвиназ бири-бирин карап делдейе калышты, алар жөн гана коркутмакчы болуп келген эле, Зейнеп чырылдап кайненесинин башын жөлөп бакырып жатканда Сарвиназ Шарипке башын ийкеп койду эле ал жүгүрүп эшикке чыгып барып балта көтөрүп келди да жетип ай-буйга келтирбей келинди башка бир чапты, кемпир эбак сулк жатып калган, аны кучактап отурган бойдон Зейнеп шылк этти.

– Ким кылганы билинбей калсын, кеттик эмесе, – деп Сарвиназ агасына караганда ички бөлмөдөн баланын үнү угулганда селдейе түштү:

– Эми эмне кылабыз, жата берсинби?

– Жок, аны да өлтүрөлү.

– Кантип, ал эчтекени билбейт, ансыз деле ыйлай берип боору катат, качтык бол эрте, – деп Шарип эшикти көздөй басканда Сарвиназ баланы көтөрүп жөнөдү, алар баланы алып үйдөн караандары эми гана узаганда Шухрат дарбазадан кирип келе жатып бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү да бөлмөгө жүгүрүп кирди, оозгу бөлмөдө бири-бирине оролушуп канжалап жаткан апасы менен аялын көргөндө эсин жоготуп койду. Дендароо болуп бир саамга туруп анан эсине келип өкүрүп-бакырып бир апасын, бир аялынын башын көтөрө калып кучактап ыйлап жатканда ар жак бери жактан коңшу-колоңдору келип заматта эл жыйналып калды. Ал убакта бала эсине келбеди, милиция чакырышып өлтүргөндөрдү иликтеп жатты, Шухрат аларга күнөөкөр ким экенин билип турса да айтпады. Үчүнчү күнү өлүктөрдү өз жайына коюп, ыйлап-сыктап отуруп анан оюна уулу келип жанында отурган атасынын иниси Музафарга кайрылды:

– Аке, менин уулум эмне болду, аны кайда алып кетишти?

– Ким билет, өчөшкөн немелер баланы алып кеткен го?

– Эмнеге, эмнеге баланы алып кетишет, азыр аларды өз колум менен өлтүрөм! – деп атып туруп эшикке жөнөгөндө аны Музафар кармап калды:

– Эсиңе кел, өлгөндөрдү ойло, кечээ көмүлгөн өлүктү кайрадан казып суракка алышат, баланы мен иликтейм, сен ачууңду басып үйдө отур.


Ошентип алар баланын дайынын угушуптур, – деди Карим, – Атасы аябай жинденип, – Кантип, Шарипти өз колум менен элдин көзүнчө мууздайм! – деп жулунганда достору, тагалары аны кое беришпеди, бул кезде Шарип үйбүлөсү менен Сарвиназ эки баласын алып айылдан чыгып кетишкен эле, анын күйөөсү жок болчу… Ошентип аларды үйүнөн таппай калып милицияга кабарлашты, алар дароо эле ооруканага алып барган наристе жөнүндө айтып тактамак болуп жетип барышты. Башкы дарыгер менен сүйлөшкөн соң Каримдин үйүнө келишти. Гүлбахар үйдө болчу, дарбазанын такылдаганынан чыга калса төрт беш сомодой болгон өзбек адамдары турган экен:

– Ассалоому Алейкум, апажан, – деди бири колун бооруна ала, жанында милиция кызматкери жүргөн.

– Эже, балага келишти, тааныса булардыкы, тааныбаса башка жактан издейбиз.

– Макул, – Гүлбахар дарбазаны кең ачты, – Кириңиздер. – Баары ичке киришкенде Азат уктап жаткан, Гүлбахар аны жүгүрүп жүрүп өзүнө каттатып күбөлүк алып, атын Азат деп коюп алышкан эле, аз убакыт бакканга боор эти менен тең болуп калган экен, ичи ачышып ыйлагысы келип турду, бирок чыдап баланы өйдө көтөрө берди, – Мына тааныдыңарбы, силердин балаңар бекен?

– Уулум! – деп Шухрат кулачын жая бергенде жаңыдан ойгонуп, уйкусураган наристе атасын көрүп талпына бой таштап жиберди, – Уулум, биз жалгыз калдык, биз ушу күнгө туш болдук, – деп бооруна кысып алып солкулдап жатты.

Азат бул үйбүлөгө келгенине бир айдан ашса дагы Каримден чоочуркап, аны көргөндө бакырып ыйлап жиберчү, эми Шухрат канчалык бекем кучактап алса да төшүнө башын катып жылтырап кайгыны түшүнгөндөй момурап тура берди.

– Апажан, – деди Шухрат көптөн кийин, – Сизге рахмат, уулума экинчи эне болуп калдыңыз, баламды алып кетейин, – деди.

– Шухрат аке, сиз эми ала албайсыз, – деди участковый ага.

– Неге өз баламды…

– Мыйзам ченемдүү табылган баланын ата-энеси эки жумага чейин табылбаса баккан киши менчиктеп алууга акылуу, ошондуктан балаңызды кайра өзүңүзгө өткөрүп алганча бул жерде болот.

– Үйдө күбөлүгү бар го?

– Туура, бирок булардыкын жокко чыгарыш үчүн убакыт керек.

– Жарайт, – Шухрат жер карап ойлонуп калды, Гүлбахар аларга чай берип жатканда Карим келип калды. Баш ийкеп учурашып, үйбүлөсүнүн өлгөнүнө көңүл айтты, чай ичип-ичпей алар үйдөн чыгышты.

Гүлбахар баланы кучактаган бойдон телмире отуруп калды: «Ушинтип менин кубанычым көпкө узабады, кайрадан жалгыз каламбы, көнүп калдым эле, эми эмне кылам, Карим табалайт го», – деп ойлонуп отурганда аларды узатып чыккан Карим кирди.

– Мына, элеп-желеп болуп алдың эле, эми эмне кыласың?

– Эмне кылмак элем, өзүм менен өзүм кеңешип жүрө берем.

– Эн-неңди, андан көрө туубайсыңбы! – деп Карим жини келип сөгүнүп кыйкырып жибергенде анын жүрөгү түшүп калды:

– Эмне кыл дейсиң, төрөй албасам кантейин, андан көрө сен төрөй турган аял болсо ала берчи кудай жалгагыр! – деп Гүлбахар дагы тилин тартпай көз жашын куюлта бөлмөдөн чыгып кетмек болгондо Карим аны кармап калды.

– Эмне, менден кеткиң келдиби, же башка бирөөнү таап алдыңбы, же алдагы баланын атасына тийгиң келип калдыбы?

– Кудай жалгагыр Карим, мени өлтүрсөң өлтүрчү деги, менин жүрөгүмдүн ооруганын сен кайдан сезмек элең?!

– Катын, болду көп сүйлөбө, дагы баланы багып ийчүлүгүн кара, төрөбөгөн катынга баланы ким берет, кудай бербегенди эмне кыласың? – деп сыртка чыгып кетти.

Ботодой боздогон Гүлбахар тизесин кучактап солкулдап жатты. Өзүнө көңүл салбаганы аз келгенсип кордогону өтүп кетти, врачтарга көрүнсө төрөйсүң дешет, бирок таптакыр боюна болбоду, күйөөң көрүнсүн дегенди айтса аны угуп да койбоду. Анткени ал өзү врач болгондуктан өзүнүн тукумсуз экенин билчү, аны айткысы келбей түнөрүп күнөөнү Гүлбахарга койчу. Ушундай жаны ачыганда атасыныкына кетип калды, ал антип ыйлап-сыктап жатса Сабира кызына жылуу сөз айтуунун ордуна:

– Төрөбөсөң айтат де, билимдүү акыл-эстүү эриң бар, ошону күтө албасаң эмне кылайын? – деди жүзүн үйрүй.

– Боюма болбогону үчүн мен күнөөлүүмүнбү, апа?

– Төрөбөгөн аял күнөөлүү, – Ошол убакта үч-төрт балалуу болуп калган сиңдиси Фатима ыйлап кирип келип Гүлбахарды көрүп бир аз турду да ички бөлмөгө өтүп кетти эле Сабира артынан кирди. Гүлбахардан жашыруун бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Эчтекеге түшүнбөй бозоруп отурду ал: «Эмнеге менден жашырышат, мен өгөймүнбү буларга, ушуларга келгенче Адина апамдарга барсам болмок экен», – деген ойдо туруп кетип калды. Бул сырдын түйүнүн Гүлбахар кийин күйөө баласынан укту. Самарбек бир күнү атайын келиптир, астына дасторкон жайып чай койду, Карим жок болчу, Гүлбахарды улам карап чайын ууртап отурганда:

– Самарбек, келген жөнүңдү айт, бала-чака чоңоюп жатабы? – деди Гүлбахар.

– Жатышат эже…

– Фатима экөөң урушуп-талашып калат экенсиңер, балдарыңар чоңоюп калды, мунуңар болбойт.

– Эже, ошону өзүм да билбей калам.

– Эмнеге, экөөңөр эч кимдин зордугусуз өзүңөр эле үйлөндүңөр эле, сыйлашып өткөнгө жетеби, мен бир баланын үнүнө зар болуп отурам, уул үйлөп, кыз бере турган болуп калдыңар.

– Мен Фатиманы сүйгөн эмесмин эже, Абдраимдин кызы десе сиз экен дегемин, чынын айтсам сизди жакшы көрчүмүн.

– Самарбек, сен эмне деп жатасың? – Гүлбахар таңгалганынан көздөрүн алайта карады, – Мунуңду эч ким укпасын.

– Уккан, Фатима апама айтыптыр, ал мени аябай урушту, мен эми эмне кылам, сизди унута албай жашоодо өзүмдү бактысыз жандай сезип келе жатам.

– Самарбек…

– Чынымды айтып жок дегенде бугумду чыгарып алганы келдим эже, ошондогу узун чачтуу кып-кызыл көйнөкчөн кыз алиге көз алдымда, аскерге кетип калып кайда кеткениңизди билбей калдым, аскерден келсем апам айтып калды, Абдраимдин кызына сүйлөшүп койдум деп, кудуңдап жетип барсам, сиз эмес Фатима экен, сизди сурасам эки жыл мурун турмушка чыгып кеткен деди, анан мен Фатиманы албайм деп чыктым, апам ыйлап-сыктап болбой койду…

– Сен ушунча жылдан кийин болбогонду айтып менин үйүмдү бузгуң келеби Самарбек, мындай жеңил сөздү айта турган убак өткөн, бар үйүңө, экинчи мага мындай сөздү айтчу болбо! – Гүлбахар жини келе ордунан тура калды.

– Кетем эже, мен бир кезде айталбаганды бир айтып, өкүнүчүмдү билдирейин деп келгемин, көкүрөгүмдөгү арманымды айтып бугумду жазып алайын дегемин, – деп Самарбек ордунан туруп эшикти көздөй башын жерге салып кетип баратты.

– Баланын иши чала дегендей же жаш эмессиң, Фатима менин бир тууганым, кантип оозуң барды ушуга, мага душман кылган сен экенсиң да, – Гүлбахар күңкүлдөп кала берди, бир чети ызаланды: «Апам ошону үчүн мени жаман көрөт тура, Фатима дагы көргүсү келбейт», – деп ыйлап отуруп көптөн кийин бир күч ага дем бере баштады. Карим өзүнө келип-кеткен ойношундай гана мамиле жасап бир жолу да күйөө катары эркелеп койнунда жатса дагы өзүн имерип өөп койбогондо: «Неге мени сүйгөн адам болбоду, эгерде сүйлөшкөнүм болгондо Каримге чыкмак эмесмин», – деп ойлоп калчу. Эми анын башына бир башкача кубанычтуу сезим пайда болду: «Көрсө мени дагы унутулгус болуп сүйгөн адам бар тура, неге убагында жолукпадык, балким дагы башкалар мени эстеп азап тартып жүргөндүр, демек мен сүйдүрүүгө татыктуумун», – деп көз жашын аарчып кубанычтуу сыртка чыкса Карим дарбазадан кирип келе жатыптыр.

– Самарбек эмнеге келиптир? – деди ал дароо эле.

– Фатима экөө таарыныша кеткен тура, – деди уурусу кармалгандай көзүн ала качып.

– Кандайча сенден акыл сурап калды, кабак-кашына да алчу эмес эле го?

– Апам жибербей жатыптыр.

– Анан сен аны кайрадан качырмаксыңбы?

– Апамды көндүр деп келиптир.

– Өздөрү билет, сен аралашпа.

– Айттым.

– Жакшы болот, – Экөө андан ары сүйлөшпөдү, Карим тамак ичип алып жатып алып телевизор көрүп жатты.

– Карим, ажырашалы.

– Эмнеге?

– Сен балалуу болушуң керек го?

– Өзүң болосуң, – Үңкүйө жер карады.

– Мен сени уул же кыз төрөп бактылуу кыла албайм.

– Кереги не, дүйнөнүн өзү жалган.

– Баардык адамдардын тагдырын окшош кылып койбойт экен да, мен сени алдагансып жашоодо кыйналып кеттим. Карим, адамдай жүрөгүң болсо менин ал-абалымды түшүнчү?! – деп ыйлап отуруп айтты Гүлбахар, бирок Карим үндөбөдү, анын ыйлап жатканына табасы кандыбы, айтор башын жерге салып көпкө отуруп көптөн кийин:

– Болду эми, кечке ыйлай бербей, балалуулар жыргап биз эле калыптырбызбы, кудайдын пешенеге жазганын көрөөрбүз, – деди.

– Сенин апаң деле айтат экен, агаң бала чакалуу, биз минтип соксоюп бири-бирибизди тиктеп отурабыз, мен деле баланын жытын жыттагым келет, врачтар төрөйсүң дегенден башка сөз айтпайт, сен деле текшерилсең боло?

– Токтот сөзүңдү, төрөсөң төрөбөйт белең, мага тийишпе!

– Анда ажырашалы.

– Кетсең кете бер, кармаганым жок, өзүңдөн көрбөй мени текшерткиси бар! – деп Карим Гүлбахарды колунан сүйрөп эшикке жетелеп жөнөдү, тартынып болбой жатканда кайрылып чаап-чаап жиберди, – Экинчи мени текшерил дегениңди коесуңбу? – Жиндене тээп жиберди, башын калкалаган Гүлбахар ийриле жатып калды:

– Айтпайм болду, болду тийбе!

– Мага бала-салаңдын кереги жок, экинчи бала жөнүндө сөз кылбагын!

– Болуптур.

Карим ачуусун баса албай сыртка чыгып кетти, ошол кезде Азат чукуранып ойгонуп калды, ага каралап тамагын берип, жалаягын которуп анан ойлуу бооруна кысты: «Садагам, кичинекейим десе, сен эрте энеден калсаң, мен бала көрө албай азаптамын, сен кетип калсаң кантээр экенмин, ансыз дагы менин бар жогумду ойлогон эч кимим жок, тирүүлөй өлүктүн өзүмүн, тагдырым ушул адамга байланып калып жаштыктын кандай экенин да сезбедим, өмүрүм ортолоп бара жатат, кырктын кырын ашканда кайдан төрөмөк элем», – деп көзүнүн жашы төгүлүп жүзүн жууп жатканын сезбеди. Бир кезде бала жаткан төшөктүн алдынан акча таап алды: «Муну Шухрат таштаган окшойт, ал эмнеси экен, каап жана билбегенимди кара, берсем албайт деген экен», – деп ары алып бекитип койду. Азат бу-булап ойноп, күлүп жатты, Гүлбахар ан сайын ага жалынып жалбарып жан-алы калбайт. Каримдин кайда кеткени белгисиз, ошол кезде Каримдин бир жакын иниси Бекзат келип калды, ал үйлөнө элек, жыйырма бештердеги күчкө толуп турган жигит эле.

– Жеңе, акем жокпу?

– Эшикте жүргөн.

– Көрүнбөйт го?

– Жумушуң бар беле?

– Ооба, – деп телевизор тиктеп отуруп калды, дасторкон жайып чай куюп отурган Гүлбахардын оюна бир нерсе кылт дей түштү: «Карим өзү тукумсуз болуп жүрбөсүн, уккусу келбегени ошондондур, өзү врач эмеспи, неге ушул ой башыма келбеди экен», – деп телмире отуруп калганда Бекзат тийише кетти, анткени Карим менен Бекзаттын атасы бир тууган, аскерден келгени тийишип калчу.

– Жеңе, балаңардын ата-энеси табылдыбы?

– Ооба, атасы бар экен.

– Энесичи?

– Аны өлтүрүп кетиптир.

– Жаман болгон экен, качан алып кетишет экен?

– Билбейм, баш аягын жыйнаганда алып кетет го.

– Аа-а, акем экөөңөр качан балалуу болосуңар? – деди күлгөн болуп, – Ушу акемде мандем бар окшойт го?

– Койсоңчу, укса эмне дейт? – Гүлбахар сыртты элеңдей карап калды, – Экөөбүздү тең өлтүрөт.

– Жеңе, – деди Бекзат эңкейе акырын, – Акемдики болбосо мен турбайынбы, уругубуз бир эмеспи, – деди көзүн кыса.

– Кой антпе, бар үйүңө, акең келгенде кел.

– Кубалабаңыз эми, өзүм деле кетем, – Бекзат таарынгандай тултуңдады, – Мен келгенде акем күмөн санабас чыгаар.

– Жок-жок, андай эмес… – деп Гүлбахар кайнисин карап калп жылмайды, ичинен: «Эмне экен, кудайдын парманы менен төрөп алсам жаманбы, өз убалы өзүнө, ошондой эле текшертип баратса көрөөрмүн», – деген ойго алдыра дасторконун жыйнап коюп отуруп калды. Карим ошол күнү келбеди, анын өзү жактырган бой келини бар эле, жан дүйнөсү эңшерилгенде ошого кетип калмай адаты. Бекзат эл жатканча аны-муну айтып акесин күтүп отурду, Гүлбахар жатууга орун даярдап жатканда эшикке чыгып кетти, жарыкты өчүрүп жатып алган Гүлбахардын койнуна бир убакта кирип келди.

– Жеңе, жок дебечи, өзүңө көптөн бери ашыкмын, – шыбырай ычкырына колун сойлотту, – Тез эле бүтүп кетип калам.

– Жарыбагыр десе, мени ким деп ойлоп жатасың? – Гүлбахар аны түрткөн болду, бирок күчкө толуп турган жигит ой-боюна койбой эле арыдан бери ишин бүтүрө салып шашыла кийинди да түн катып жолуна түштү.

Гүлбахардын дене-бою бир башкача жыбырап ал кеткенден кийин да эңсеп туруп алса болобу. Деги күйөөгө тийгени эркектин койнунун мынчалык кумарлуу да ырахаттуу экенин сезбептир, анткени Карим анын үстүнө чыгып да эрип-элжиреп өпкүлөгөн эмес экен. Жаш жигиттин жанталаша өпкүлөп, мойну-башына чейин аймалаганы жанын көзүнө көрсөтүп ырахатка эми батып баратканда кетип калбадыбы? «Чунак бала, мынча болгондон кийин биротоло ырахаттын даамын таттырбайт белең, акеңди келип калат деп корктуң го», – деп улутунуп алып жанында жаткан наристени шор эттире жыттап алып улутунуп ийди.

Эртеси кечинде келди Карим, үндөгөн жок, эшигинде бирдемени кармалагансып жүрүп кеч кирди үйгө.

– Тамак барбы?

– Бар.

– Алып келчи.

– Азыр, – Гүлбахар колундагы баланы жаткырып коюп анан дасторкон жайды, – Кечинде кайда бардың?

– Сага эмне кереги бар? – Күңк эте карады.

– Сурадым да.

– Жумуш бүтүрдүм, – деди үңкүйө.

Гүлбахар да унчукпай калды, ал түндөгү ырахаттуу мүнөттү кайра-кайра эстеп өзүнчө кыйнала берди, ошол бир түн анын көз жашын кургатып түбөлүк эне болуу бактысынан кур калам деген Гүлбахардын жүрөгүнө бакыт нурун чачыратып, наристе жытын жыттатаарын анда эч кимиси билген жок. Болгону сезимдин назиктиги, аялдын назик көңүлү кайрадан кайнисин эңсетип туруп алган эле.

– Ишиң бүттүбү анан?

– Эмнеге эле такып калгансың? – Ачууланып акырайып карады.

– Эрим болсоң сурабайынбы.

– Сурабай жүр, кайда барам өзүм билем.

– Мени аялдыкка алдың беле же күңдүккө алдың беле ыя?!

– Кандай ойлосоң ошондой ойло!

– Сени кудай кыйнасын, түбөлүк ушинтип кыйнагандай айбым кайсы?

– Болду, андан көрө төрөп бер, ошондо менден сый көрөсүң.

– Желден төрөймбү, жыйырма жылдап жашасак да эркектей болуп сылап-сыйпап жылуу сөз айтпайсың, топтой тоголото тээп кумардан чыгып басып кетесиң, тажадым деги ушул жашоодон, азыр бала менен алек болуп калдым, аны алып кетсе тиземди гана кучактап, көз жашымды төгүп жападан жалгыз калам го? – Буркурап ыйлап ийди.

Ошол кезде Бекзат кирди.

– Аке, силерге эмне болду?

– Жеңеңдин кыялы кармап жатат. Кел, эмне жумуш?

– Сизде жумушум бар эле.

– Айта бер.

– Өзүбүзчө сүйлөшсөк дедим эле.

– Тамак ич, анан сүйлөшөбүз, – Гүлбахарды карады, – Жиниң таркаса тамак алып кел Бекзатка.

– Ичпейм аке, тим эле коюңуз, – дегенине карабай Гүлбахар куюп келип алдына койду да баланы көтөрүп ички бөлмөгө кирип кетти.

Карим менен Бекзат бир аздан кийин эшикке чыгып кетишти, Гүлбахар күйөөсүн көргүсү келбей баратты. Карим киргенде төшөгүн салып, Азатты кучактап жатып алган эле.

Ошондон бир жума өтпөй июндун ондорунда өзбектер менен кыргыздардын ортосунда кагылышуу чыгып кетти. Токсонунчу жылдын июнунда….

Ошондогу мемиреп турган кеч кимдин эсинен кетсин, заматта тарс-турс этип, кыйкырык, ызы-чуу түшүп, өрттөнгөн үйлөр, айрыкча кыргыздардын кыздарын кыйнап өлтүрүп, боюнда бар аялдарды ичин жарып ыргытып, кырк биринчи жылкы фашисттердин аеосуз согушунан да өтүп кетти. Бирок Каримдин үйүнө бир өзбек басып келбеди, жан-жака белиндеги коңшуларынын үйү өрттөнүп, адамдары өлүп, кызыл кыргын болуп жатты.

– Азатым, сен бизди сактап калдың, – деди бир күнү Гүлбахар бооруна кысып отурган наристени өөп, наристе дагы бир нерсени сезгендей көздөрүн алайта башын төшүнө катып култуң эте күлүп койгонун кантесиң.

– Шухрат дайындаган го дейм? – деди үрпөйүп сыртка чыга албай жашынып отурган Карим.

– Ким билет, андай болбосо бизге да келмек, кудай ай, деги тынчып калса экен, элге кыйын болду го?

– Айтпа, кадимки согуш, кан жыттанып, далайы ар кайсы жакка түндөп качып жатыптыр.

– Өкмөттүн да алы келбей баш аламан болуп жатат.

– Эл тынчып калса экен, – деп оозун жыя электе эшиги тарсылдап калды, экөө бири-бирин карап нестейип калды, заматта көз алдыларына өлүм элестеп ачаар-ачпасын билбей турганда кыздын үнү угулду, Карим чыга калса тестиер он-он эки жаштардагы кыз экен. Чачтары саксайып, кийими тытылган.

Үйгө киргизип эшигин бекитип коркуп калган кызды төргө өткөрдү.

– Кайдан качып келдиң, артыңдан эч ким акмалаган жокпу? – деди Карим корккондой.

– Жок, мени өлдү деп ыргытып ийишти, атамдарды өлтүрүп кетти, – Кыз калчылдап жатып зорго сүйлөдү.

– Чай ичип алчы, же суу берейинби? – деп Гүлбахар кыздын маңдайына келди, – Коркпо, эч ким көрбөсө болду.

– Биякка келбейби?

– Келбейт. Кел, мындан ичип алчы, – Суудан жуткуруп, ичкериден халат алып чыгып кызга кийгизди, – Атың ким?

– Мукарам.

– Коркпо кызым, эч ким келбейт.

– Корком, атам менен апамды… – Кыз колдору калчылдай ыйлап жатты.

– Эмне кылабыз кызым, ушундай болот деп ким ойлоптур, бейкут жаткан элге кандай ниети бузуктар чагым кылганын ким билет, – Карим оор күрсүнө отуруп калды. Көрсө ата-энесин, агасы менен жеңесин өлтүрүп бир зөөкүрү Мукарамды зордуктап анын эси ооп калганда өлдү деп ойлоп ыргытып ийип кетип калган экен. Ата-энесинин өлгөнүн өз көзү менен көргөн кыз түнү менен жөөлүп, эти ысып таң атканча Гүлбахар карап жатты. Эртеси кечке эчтеке ичкен жок, эси чыгып калыптыр, үч-төрт күн өткөндөн кийин:

– Иним бар эле, эжем экөө кайда кеткенин билбейм, – деди.

– Чогуу белеңер?

– Ооба, коркуп тоого качып кетмек болгонбуз, күндүзү эле келишти.

– Кыргыздар келдиби?

– Жо-ок, өзбектер экен.

– Силер кыргызсыңарбы?

– Атам кыргыз, апам өзбек болчу.

– Шүмшүктөр десе…

– Эжемдерди да өлтүрүп коюшту го, эже?

– Ким билет кызым, алар да бир жерде жашынып калгандыр.

– Тирүү болсо экен, мен жападан жалгыз каламбы, үйүбүздү болсо өрттөп жиберишти, согуш качан бүтөт? – Көздөрүн жалжылдата Гүлбахарды карады.

– Бүтөт кызым, тынчтык болот, сен дагы чоңоесуң, – Мукарамды сооротуп башынан сылады, – Эжең менен иниңди табасың, өкмөт кам көрөт.

– Атамдар өлүп калбадыбы, мени зордуктап коюшту, эми кантем?

– Баары унутулат, эч кабатыр болбо.

– Унуталбайм го, атам менен апамды көзүмчө кордоп өлтүрүштү.

– Тагдыр ушундай экен да кызым, бул жакты кантип таптың?

– Мен алар кеткенден кийин туруп апамдарды карадым, аларды өрттөп ийишиптир, анан башым оогон жакка баса бердим, өрттөнгөн үйлөрдүн ичине жашындым, кеч киргенде сиздердин жарыкты көрүп келдим.

– Жакшы кылгансың, эми эртеңден баштап сени подвалга бекитейин ээ, дүкөндөр өрттөнүп, эшикке чыга албай тамак ашыбыз да түгөндү, кокус бирөө жарым келсе сени көрбөсүн.

– Макул, – Мукарам улутуна отуруп калды.

Айткандай эле эртеси алардын үйүнө беш-алты өзбек келди, Карим менен сүйлөшүп түн ичинде кайра кетти. Бирок эч нерсе дебеди. Ошентип Ош шаары будуң-чаң түшүп, өрт жыттанып турду, согуш басылып чоңдор келип элди ынтымакка чакырып, бузулганды түзөмөк болуп, качкан элди чогулта баштады. Жетим балдарды, кароосуз калгандарды убактылуу жайларга жайгаштырып кайрадан куруу иши башталып тынчтык өкүм сүрө баштаганда Азатты Шухрат туугандарын ээрчитип келип алып кетмек болду. Карим менен Гүлбахарга кийим-кече алып келиптир, эшигине аш басып ыраазылык алып анан жөнөмөк болгондо Гүлбахар аябай ыйлады:

– Каттап тургула, Азат менин дагы балам болуп калды.

– Ооба апажан, катышып турабыз, чоңойсо келип турат.

– Силерге да рахмат, өз балаңардай кылып асырап бердиңер, эми энеси өлсө да атасы бар, өз колунда өссүн, – деди агаларынын бири.

– Баламды өз балам деп дилимди, динимди бердим, мээримимди төктүм, аман болсун.

– Миң мертебе ыраазымын, – деп Шухрат колун бооруна ала эңкейип Каримдин колун кысты, – Аман болуңуздар.

– Жакшы баргыла, – деп экөө узатып чыкканда Азат Гүлбахарды карап ыйлап колдорун сунуп талпына берди. Шухрат болбой ылдамдай басып кетип жатканда чырылдап чалкалап ыйлаганда кайра артына кайрылып келип Гүлбахарга баланы бере койду эле моюндан кучактап наристе кеткиси келбегендей көкүрөгүнө башын коюп алды. Шухрат колун созо:

– Кел уулум, апаны кыйнаба, ансыз дагы апаң зорго турат, кетели, келе гой, – деди эле таптакыр барбай качып туруп алганда Гүлбахар:

– Эми уктасын, отура тургула, уктагандан кийин алып кеткиле, – деп бооруна кысып үйгө кирип кетти, эне-бала бири-бирин кыялбай үйдө көпкө кармалды, Гүлбахар өз колу менен акыркы жолу тамак берип тойгузуп, андан кийин жаткырып алып таптап күндөгүсүндөй уктатты, катуу уктаган кезде өзү көтөрүп чыгып, – Тез алып кетип калгыла, – деди да бурулуп үйгө кирип кетти. Шухрат баланы этияттап бооруна кысып алып кетип жатты…

Гүлбахар кирип эле бүк түшүп жатып калды, сырттан кирген Карим унчукпай отуруп калды, ал ушул учурда гана сезгендей болду эне-баланын сүйүүсүн, аялына боору ооруду, күнөө өзүндө туруп чындыкты айтуудан тайсалдап куру намыска жеңдирип жүргөнүн: «Ачык айтсам бекен, мен муну эмнеге кармап жүрөм, жүрөк сүйгөн адамыма жетпей калганым үчүн бул күнөөлүү эмес го, мен адам эмесмин, бир адамды гүлдөй соолутуп жатам, кудай алдында мен өз күнөөмдү мойнума алышым керек», – деп ойлогону менен көөдөнүндө бир үн аны кайраттантып: «Жок, ал сыр өзүң менен кетүүгө тийиш, билбеген бойдон калганы жакшы», – деди да туруп кетти, ал өзүн алаксытуу үчүн, көңүлүн ачуу үчүн баягы келинге бармак болуп үйдөн чыкты. Гүлбахарды сооротуп бир жылуу сөз айтып жанында болууну ойлободу. Ал кетээри менен Бекзат келди, ыйлап жатып уктап калган Гүлбахар эшик ачылганда ойгонуп кетти:

– Оо жеңе, уктап жаттыңыз беле?

– Ооба, Карим кана?

– Билбейм, үйдө беле?

– Ооба, сыртта жок бекен?

– Жок.

– Кел-кел, – Гүлбахар сыртка күүгүм кирип калганын терезенин караңгылап калганынан билип жоолугун оңдой салынып ордунан турду.

– Ушу акем сизди чанып жүрөт го, жеңе.

– Ошентсе кана, мага уруксат бергени жакшы эле.

– Ийи?

– Деги тажап кеттим, айтпай этпей жоголуп кетет.

– Балаңар кана?

– Алып кетти.

– Туура кылыпсыңар, бир сартты бага бербей.

– Койсоңчу, сартпы башкабы, бала деген бала да.

– Ошентсе да…

Өч алуунун аягы

Подняться наверх