Читать книгу Токол - Айгүл ШАРШЕН - Страница 1

Оглавление

Токол

Заман өзгөрүлгөнү адамдардын пейили, кулк мүнөзү башкача болуп эл дегендин арасында купуя сыр калбай эле баары ачыкка чыгып шардана болуп, жакшысы да жаманы да гезит бетине жарыяланып жатпайбы. Не деген калк элек? Кыргыз калкы илгертеден ар намысын бек тутуп, жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, аш тойлорду оюн күлкү менен кыз оюн, ат чабыштардан моокумдары кана байге алып, балбанын атагы обого чыгара мактап, эли сыйлап турган эл эле…

Эми гезит бетинен эмнелерди гана окубайбыз, эл башындагы төбөлдөр эл менен иши жок эле так талашып саясаттын сасык оюндарын ойноп, үй-бүлөөсүн чет өлкөлөргө көчүрүп коюп калдайган кыргыз журтунун ырыскысына кол салып ичип жеп качып кетип жатышпайбы. Чиновниктер сойкуларды жок кылуу керек, эки аял алуу менен сойкулук жоюлат дегени менен сойкулар ошол бойдон калууда, ач көздүк, байлыкка манчыркагандыктан ошол эле чиновниктер жаш кыздардын тагдырын талкалап, аларды колундагы жансыз буюмдай колдонуп жатканы кимди гана болсо өкүндүрбөй койбойт. Неге адам, анан дагы улуу журттун жараны катары элибиздин улуу салтын ар намысын сактоонун ордуна өз жерибизде, өз мекенибизде туруп өз кыздарыбызды чулгоочо оронуп, ал шыбоо сыяктуу кайра ыргытылып калганы кандай өкүнүч. Мен бул чыгармамда ошол тагдыры гүлдөгөн кезинде уйпаланып калган бир гана кыздын тагдырын жазгым келет. Бул эгерде колдоруна тийип жок дегенде көз жүгүртүп калса намысын ойготоор, аз да болсо атуулдук сезими козголуп өз карындашындай, кыздарындай кээде небересиндей кыздарды тепселеп таштап кеткенин токтотоор, эл үчүн кызмат кылаар деген ойдомун. Эмесе сөз башынан болсун, бул бир төрөлгөндө эле тагдыр аны башынан сылап койбогон, ата-эненин жүзүн көрбөй калып таежесинин колунда кордук көрүп өскөн Жаркынай деген көз жөнүндө болмокчу…

Жамийла менен Турат, мектепте окуп жүрүп эле бири-бирин сүйүп сүйлөшүп жүрүшкөн. Тураттын атасы Сагынбек совхоздо белдүү кызматкер болуп иштечү, апасы Турдукан мугалим эле, Турат жалгыз баласы болчу. Алар жалгыз баласын окутуп-чокутуп адам кылууну ойлошчу, оо алардын тилеги абдан ыйык анан бийик болчу, уулуна эч нерсени теңечү эмес… Жамийланын атасы Жолдош ичип алып үй-бүлөөсү менен иши жок жүрө берчү, апасы Тоту мээнеткеч аял, контордо шыпыргыч болуп иштечү, үч баласын тооктун жөжөсүндөй кылып алтымыш сом айлыгы менен багып жаткан. Жамийла менен Тураттын ортодогу мамилеси онунчу классты бүтүп жатканда баарына белгилүү болуп калды, бул шыбыш Турдуканга угулуп калып адегенде Жамийланы чакырып алды:

– Кел кызым отур, – деди кызды жаман көргөнүн билгизбегенге аракет кылып, – Мен уккан ушак чынбы?

– Эже…

– Түз, чындыгын айт!

– Эже… мен…

– Турат экөөңдүн мамилеңер мындан ары өтпөшү керек, сенин дагы тагдырың бар өзүңчө, кыскасы Тураттын жанына жолобо! – деди Турдукан ага катуу эскертип, ал үндөбөй контордон чыгып кетти. Ал классына кирип ызасын зорго токтотуп партада отуруп сабак бүткөнчө эптеп чыдады.

Түш ченде сабактан тараары менен Жамийла шашылыш үйүн көздөй жөнөдү, онунчу а класста окуган Турат анын артынан жете келди.

– Жамийла, эмнеге менин кыйкырганымды укпайсың?

– Турат, мен ооруп турам, – деп Жамийла басыгын токтотподу.

– Эмнеге, ооруп калдыңбы?

– Ооба.

– Эмнеге мени менен сүйлөшкүң келбей калган, мени карачы, – деп Турат анын алдын тосту, – Ооруп турсаң мен деле кармабайм, бирок сен капалуусуң го, айтчы ачыгын, эмне болду?

– Турат, жолумду тозбо, мен сага эсеп бере албайм! – деп аны кыз көкүрөккө аста түртө жолуна түштү.

– Жамийла, экөөбүздүн кечээги эле сүйлөшкөн сөздөрүбүз кана?

– Ал эми жок!

– Эмнеге?

– Ошого!

– Турат! – деди аларды сыртынан акмалап келе жаткан Турдукан, – Ал кызды жайына кой!

– Ма…

– Уят эмеспи, орто жолдо кызды уялтканың, элге кеп кыласың, – дегенде Турат саал ойлоно калды: “Чын эле уялып калса керек, ансыз деле бизди бүт мектеп “Олжобой менен Кишимжан”, – деп жүрүшпөйбү, башка балдар кат менен сүйлөшсө мен күндө жанындамын, кой уят кылбайын”, – деп ойлонуп апасын көздөй басып барды, – Экинчи ал кыздын жанынан көрбөйүн, – деди Турдукан кетип бара жатып:

– Эмнеге мама? – Ал кезде кээ бир чоңдордун, жетекчилердин балдары “мама, папа” дешчү.

– Ал кыз сага тең эмес экенин билип жүр!

– Мама…

– Болду, калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз, – деди Турдукан, ал чынында абдан катаал аял эле, жалгыз баласын канчалык жакшы көрсө ошончолук катуу кармачу. Көбү аны жеткен мерез аял дешчү, апасынын түрүн көргөн Турат унчукпай алдыга басып кетти, үйүнө келгенче ар кайсыны ойлонуп көңүлсүз кийимин алмаштырды: “Эмнеге Жамийла мага тең эмес, жакшынакай сулуу кыз, мен аны, ал мени сүйөт, эмнеси бар экен”, – деп ойлонуп өз бөлмөсүндө жатып алды.

Ошол бойдон уктап калган экен, Турдукан аны ойготпой тамак жасап андан кийин күйөөсү келген учурда гана кобур-собурдан ойгонуп кетти, туруп бөлмөсүнөн чыгып келе жатып токтоп калды.

– Балаңа акыл-насаат айтпайсыңбы, кайдагы бир ичкичтин кызы менен мектепте роман болуп кетти, – деген апасынын сөзүн угуп тыңшап калды.

– Ким экен ал? – деди Сагынбектин коңур үнү.

– Жолдош деген, аны ким тааныптыр.

– Бала да азыр, тоок сүйүүсүдүр, – Сагынбек кайдыгер үн катты.

– Баары ошол баладан башталаарын билбейсиң, сүйөм-күйөм деп ошол кызды алам деп туруп алса кантесиң?

– Андай болбойт, уулумду быйыл экономфакка киргизем, сүйлөшүп койдум, – деди Сагынбек камырабай.

– Сагынбек, сен кенебейсиң, кайдагы бир ичкичтин кызын биз кантип келин кылабыз айтчы? – Турдукан жиндене кый      кырды.

– Кыскасы кандай кыз экен өзү?

– Эмне аны көргүң келип жатабы?

– Бала деген бала да байбиче, аны дагы бирөө балам деп сен экөөбүз сыяктуу эле бапестеп багат, сүйөт эркелетет, кой байбиче, мынчалык зулум болуунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

– Мен эч качан аны келин катары кабыл албаймын, эгерде Турат менин тилимди албаса анда мен экөөңдү тең кечип коем! – деп Турдукан ашканага кирип кетти.

– Байбиче, азыр жаштарга эрегишүүгө болбойт, – деп Сагынбек отуруп калды. Буларды угуп турган Турат акырын келип атасынын жанына отурду:

– Ийи уулум, сабагың кандай?

– Жакшы, – деп жер карады Турат, эмелеги ата-энесинин сөздөрү анын кулагынан кетпей туруп алды: “Демек булар менин Жамийланы сүйгөнүмдү каалашпайт, анын атасынын ичкенине кандай тиешеси бар, ата-эненин күнөөсүн баласы тартышы мүмкүн эмес”, – деген ойду ойлоп отурганда:

– Турат, окууну бүтөөрүң менен Фрунзеге экономфакка тапшырасың, – деди Сагынбек уулун карап.

– Мен окубайм, аял алам.

– Эмне? – Сагынбек баласын каштарын жыйрып тикирээ, бүркүтчөсүнөн обдула карап калды, – Ой бала, эмне деп жатасың?

– Окубайм! – деп бурк этти Турат.

– Неге, апаң экөөбүздүн үмүт тилгебиз сенде экенин билесиң го?

– Мен окугум келбегенин айттым го, анын үстүнө окууну жакшы билбесем эле тапшыра бермек белем?

– Аны кой, киши бар, сүйлөшүп койдум.

– Кереги жок.

– Көрдүңбү? – деп Турдукан ашканасынан чыга келди, – Мунун башын алиги чарайнадан чыга элек ичкичтин кызы айлантып койгон.

– Мама, мен ал кызды өзүм сүйөм!

– Сүйүү-күйүү, мындайдын баары жомок, атаң экөөбүздү ата-энелерибиз эле үйлөндүрүп койгон, мына жакшынакай эле жашап жатабыз го?

– Сүйүп көрбөсөңөр айта бересиңер да, кардым ачты бирдеме ичиресиңерби деги? – Турат ордунан тура калды.

– Отур! – деди Сагынбек уулун жекире карап, – Сүйүү дейт тура, сен эмнени билипсиң, сүйүү деген жакшы иштеп мансаптуу болуу, кызматың болсо баары болот, апаңдын иши бар, менин кызматым бар, жашоо кудайга шүгүр, андан башка сүйүүнү көрө элекмин.

– Жүрөгүңөр жок, силер мени түшүнбөсөңөр бир күнү менден кутуласыңар! – деп Турат эчтеке ичпей туруп кетти, ата-эне унчукпай тиктешип отуруп калышты, бирок дал ошондогу Тураттын сөзүн электен өткөрүүгө алардын кудурети жетмек кайда, ички сезим, аздек туюмду алар сезбейт да болчу, себеби аларга бакыт деген кызмат менен гана жакшы жашоо чектелген эле. Ошол бойдон алар уулунун кандай абалда экенин байкашпады, Жамийла Туратка жолугуп сүйлөшкүсү келбей кача берди. Убакыт аккан суудай аркырап өтүп онунчу класстардын мектепти бүтчү убактысы дагы келди. Жамийла окууга бара турган чамасы жок болчу, аргасыз бир жыл совхоздо иштеп бир жылдык жолдомо менен барганга аракет кылып апасынын ордуна конторду жууп иштеп калды. Турат окууга ата-энеси канчалык сүрөп жакшы да жаман да айтып үндөсө дагы барбай койду. Бир күнү ал Жамийлага жолугуп:

– Жамийла, үйлөнүп алалы, мен сенсиз жашай албайм, – деди.

– Сен бул сөздү өзүң айтып жатасың, ата-энеңдин кааларын же каалабасын билбейсиңби, – деди кыз.

– Мен жалгыз баламын, мени алар угушат.

– Анда ошолордон уруксат алып кел, мен макулмун, эгерде алар каршы болушса мага калп айтып келбе, ансыз дагы менин өз жашоомдогу маселелер өзүмө жетиштүү, – деп кыз басып кетти, Турат үйүнө келип:

– Ата, мен үйлөнөм, – деди капалуу.

– Макул, окубай деги койдуң, кайсы кыз экен ал?

– Жамийла.

– Кимдин кызы? – деп Сагынбек сурап отурганда Турдукан: “Ошол ичкич менен бет маңдайлашып кантип чай ичебиз?” – деп туурадан чыкты:

– Эмне, алар адам эмес бекен?

– Адам деген адамдай жүрөт, Жамийланын атасы ичкич, ал адамдын же малдын айрымасын билбейт, адам деген аты бар гана макулук, – деди Турдукан жиндене.

– Мама, сиз энесиз, анан мугалимсиз, сизди билимдүү деп ким айтат, адамды кордоп жатпайсызбы, – деди Турат.

– Ооба, мен биринчиден энемин, сенин энеңмин, сени бактылуу болсун дейм, мугалиммин балдарга тарбия берем.

– Сиз тарбия бергенде адамды жаман жакшы деп бөлгөнгө үйрөтөсүзбү? – деди Турат апасын тикирээ карап.

– Жок, мен балдарды тартиптүү болсун, ата-энесин сыйласын, билимге умтулсун дейм, бирок өз баламды тарбиялай алган жокмун.

– Мен кылымда бир кайталанчу сүйүүгө кабылдым мама, мени силер түшүнбөсөңөр ким түшүнөт, анда мен өз сүйүүм үчүн календер болуп жеп кезүүм керекпи? – деди Турат жаны кашая, – Эгерде макул болсоңор мен Жамийлага үйлөнүп анан окууга тапшырам, болбосо менден үмүт үзгүлө? – деди да үйдөн чыгып кетти. Сагынбек менен Турдукан тиктешкен бойдон кала беришти. Турат ошол күнү Жамийлага жолукту, ал экөө сүйлөшүп көпкө чейин отурушту:

– Эмне болду, ата-энеңе сүйлөштүңбү? – деди Жамийла.

– Сүйлөштүм, кайда бармак эле акыры макул болушат да.

– Сен ошондой деп ойлойсуңбу?

– Анан кандай ойломок элем, алардын жападан жалгыз баласымын Жамиш айтканымды аткарбаска аргалары да жок, – деп Турат кызды белинен имере кармап өзүнө тартты, – Кел өбүшөбүз.

– Уят го?

– Эмнеси уят, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, же сен мени сүйбөйсүңбү?

– Сүйөм, сени сүйбөсөм жаныңда отурат белем? – Кыз наздуу жылмайды, – Корком Турат.

– Коркпо, атамдар билимдүү адамдар, баары бир бизди түшүнүшөт, – деп кызды ой боюна койбой кучактап өөп койнуна колун салды, өмүрү эркектин колу тийе элек тырсыйган эки алмасына колу тийгенде кыз ичиркенип алды:

– Турат болдучу…

– Койчу жаным, өзүңдү менден ала качпасаң.

– Качкан жокмун, – Кыз онтолоп ийди, анткени ага жигитинин назик кармалаганы жага түшкөн эле, балакатка жетип жигит кыздарды самап калган учурда кыздарда дагы бир туюк сезим пайда болуп эңсөө жаралат эмеспи, андан ары экөө тең эмне кылганын сезбей калышты, бул ыйык сезимге төбөдөгү гана жылдыздар күбө болуп, каалгыган ай кара булут астына жүзүн жашырды, анткени эчендеген адам тагдырын сиңирип дүйнө жүзүн түнкүсүн кыдырып чыккан ай дагы бул сүйүүнүн күбөсү болуп турганына өкүндүбү же кайгырдыбы ким билет? Бул дүйнөдө жылдыздар толгон айдын жарыгында миллиондогон пенделер ашыгы менен аймалашып канчалаган бей күнөө наристелердин жаралышына күбө болуп келе жатпайбы. Бирок пенделер эч качан анысын күнөө деп эсептешпейт, ортодо бир наристе жабыр тартат…

– Жамиш.

– Оов.

– Эми сен меникисиң, буйруса күркүрөгөн күздө тоюбуз болот.

– Чынбы?

– Сөз берем.

– Ишенем.

– Магабы?

– Сүйүүгө, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз да.

– Алтыным десе, мындан ары биз бир гана денебиз.

– Түшүндүм, – деди кыз үлдүрөй жигитин мойнуна колун орой, ага азыр эмелеги лаззат керек эле, канчалык ооруксунуп турса дагы жүрөгүнөн, чын дилинен сүйгөн адамы менен кошулуу бакыт экен деп түшүндү, бир топко чейин белден келген тулаң үстүндө оонап бири-бирине рахат тартуулап жатып араң бөлүнүштү. Жамийла мынча кеч калчы эмес, Тоту тынчсызданып конторго барып аердегилерден сурагандан тартынып кайра келип үйүндө күтүп жатты.

– Кайда жүрдүң? – деди ал кирээри менен эле.

– Кыздар жолугуп калды апа, – Жамийланын жүзү албыра жооп берди.

– Кайсы кыз, ушул убакка чейин эмне кылып жүрдүңөр?

– Назинин үйүнө бардым, анан кеч болуп калды деп…

– Экинчи кечикпей жүр, эгерде кыздарың менен кетсең айтып коюп кет, – деп Тоту жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Жамийла азыр абдан бактылуу эле, биринчи жолу эркек менен болгонго жаштыгы денесине сыйбай толуп ташып турган кыз эртеңи эмне болоорун аңдаган жок, тек өзү каалаган адамга этек ачтырып анын жыргалына батуу бакыт экенин сезди: “Турат экөөбүз үйлөнүп калсак бактылуу жашасак апам эмне демек эле, Турат деле ата-энем көнөт дебедиби, сүйүү бизди алдабайт, бактылуу болобуз”, – деп өз ордуна жатып ойлонуп жатып кеч уктады, эртеси бүткөн бою ооруксунуп тура албай жатканда апасынын кирип келе жатканын билип башын көтөрдү:

– Ойгондум апа.

– Тур кызым, конторду жууп шыпыруу керек.

– Мына азыр, – деп эптеп туруп жумушуна жөнөдү. Турат ата-энесине таарынып баягы бойдон сүйлөбөй кечке үйгө келбей кечинде кеч келип жатып алат. Турдукан ага ого бетер жини келип сүйлөгүсү келбей көрсө да унчукпайт, анысына ого бетер өчөшкөн Турат алар жокто тамак ичип алып кетип калат.

– Мен уулумду кантип тарбиялаганымды билбейм, – деп Турдукан курбусу менен сырдашып отурду.

– Эми жалгыз балаң болсо эмне кылмак элең? – деди Салкын жай гана.

– Жалгыз балама ошол ичкичтин кызын алып беремби анан?

– Өзүң билесиң курбум, балдарды тарбиялаган, билип берген аялсың, ар бир баланын ар башка кыял-жоругунун болоорун түшүнгөн кезиң, мен андай да мындай да айта албайм.

– Эч качан андай пас жерден келин албаймын.

– Ал өз каалооң.

– Сүйөм-күйөм дегени өтүп кетти, ушул дүнүйөнү, тапкан ташыганымды, бир канча мал бар, баарын бир жуксуздун кызына ушунча дүнүйөнү бергим келбей турганын билесиң да.

– Сен экөөбүз эчтекени чече албайбыз, бир алланын колундагы пендебиз, баарын алла чечет курбум.

– Мен кудай жок деп балдарга сабак берем, кызык экенсиң, баары адамдын колунда, жасайм дегенин жасаса болот, – Турдукан өз билгенин кое бербей жүрөгүндөгү нерсеге баш ийбей турду.

– Кой Турдукан, сени да, башканы да, жаныбарлар менен курт-кумурскаларды да жасаган жалгыз кудай экенин билип жүргөнүң жакшы, бул дүйнөдө улук кудай гана, жалгыз алла, менин атам жалаң намаз окуп жүрүп өттү дүйнөдөн, себеби мына бул замандын келиши ага өтө эле оор болду окшойт.

– Эмнеге?

– Себеби кудай дегендер жоголуп кетти.

– Кызык экенсиң, кудай барбы өзү? – Турдукан ага жаман көзү менен карады, – Кудайдын бар экенин мен дегеле көргөн жокмун.

– Турдукан, ошондо дагы кудай деп сүйлө, баарыбызды жараткан жыргаткан дагы кудай, ушул ааламды жалгыз гана кудай өзү тейлейт, жан-жаныбарларды дагы жашатып керек болсо алган ошо кудай, кээ адамдар кудай берген ырыскысын көтөрө албай ар кандай кадамдарга барат, бирок ушул жашоонун баркын билген ким бар экен? – деди салкын, анткени анын ата-энеси ошол кудай жок деген атеисттик заманда дагы балдарына ыйманды, экинчи дүйнө бар экенин үйрөтүп бир күнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө көчкөндө бул дүйнөдө кылган кылмышыңдын азабын чын дүйнөдө тартаарын айтып кетишкен адамдар эле. Салкын ичинен Турдукандын сөздөрүнө капа болгону менен баары бир курбусунун сөзүн кыя алмак эмес.

– Кызыксың Салкын, сен эскиче жашап жаткансың го?

– Жо-ок, кудайдын жолу менен жашаганым анык.

– Сен экөөбүз бир пикирге келе албайт экенбиз, – деп сөзүн бүтүрдү Турдукан, Салкын дагы унчукпай үйүнө кетти, Турдукан курбусуна жини келди, өзүн түшүнбөгөнгө ызаланды, акыры эмне менен бүтөөрү белгисиз дүйнөнүн табышмагын ким билиптир. Көпкө ойлонуп бир пикирге келе албай турганда Сагынбек келип калды:

– Турат үйдөбү? – деди ал келип эле.

– Жок, аны бүгүн көрбөдүм.

– Кайда жүрөт болду экен?

– Ким билсин, жанагы аракечтин кызы менен жүргөндүр?

– Көп эле ошенте бербесеңчи.

– Анда эмне кылайын, ошол кыздын алдына жыгылып кечирим сурайынбы? – деп айкырды Турдукан, аялынын бул кейпин көрбөгөн Сагынбек таңгала карады.

– Сен мындай эмес элең Туку.

– Ушундай болуп калдым.

– Мен дагы сени бир кезде кандай экениңе карабай үйлөнгөн элем, ата-энем каршы болгон жок, сенин мындай болооруңду кайдан билдим Туку, жалгызыбызды жабыркатып албайбызбы деги? – Сагынбек аялына ойлуу карады.

– Сен менин тегимди эми эсиңе келтирдиңби, ата-энем андай эле жаман эмес болчу, бирок ичкиликти оозуна алган эмес.

– Ооба, болгону жоро бозо кайнатамсыз өтчү эмес, керек болсо биз үйлөнгөндө дагы шеринени башкарып ичкиликтин тазасын ичип жүргөн эле…

– Ооба, алар өз мезгилинде болгон.

– Азыркынын дагы өз мезгили бар Туку.

– Ошондо дагы абайлашы керек, ал биздин жалгыз балабыз.

– Турат деле ойлонот да.

– Ойлонсо ал кызды эбак таштамак.

– Акыры баары ордуна келет.

– Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезип турат, балабыз тилибизди алат деп ойлобойм, – деп Турдукан аялдын адаты катары ыйлап басылды, – Тураттын тагдыры мени ойго салчу болду.

– Болбосо айтканын кылгандан башка чарабыз жок.

– Жок, андай болбойт, мен өлсөм дагы ага жол бербейм.

– Анда күтөбүз, акырындык менен унутуусун талап кылуу керек, – алар ошентип сүйлөшүп отурганда Турат кирди.

– Кайда жүрөсүң балам? – деди Турдукан ага ачуулу карап.

– Менин кайда жүргөнүм силерди кызыктырабы? – Турат ызалуу ата-энесин карады.

– Уулум, ошентпи апасына айтат бекен?

– Ошого өзүңөр жекирдиңер.

– Эмне кылайын деген оюң бар деги?

– Мен бир гана нерсени суранам, Жамийлага үйлөнүшүмө каршы болбогула, – деди Турат экөөнү алмак-салмак карап.

– Болбойт, андан көрө аны унут! – деди Турдукан мисирээ.

– Кое турчу, – деп Сагынбек аялын тыйды, – Баланын сөзүн угалыбы?

– Ата, мени сөзүнөн кайтат деп ойлобогула, мен сүйүүнү баалайм, кадырлайм ата, өз каалаганыма үйлөнөм же менден кутуласыңар.

– Токтой турчу, – деди Сагынбек ага көңүл бура карап, – Ал кызды ошончолук эле сүйөсүңбү?

– Ооба, ансыз мен бул дүйнөдө жашай албайм.

– Мм, – Сагынбек оор улутуна отуруп калды, араны саамга тынчтык өкүм сүрдү, ата-бала, эне өз-өздөрүнчө ойго батып тынчтыкты бузгусу келбе, сөз башталса дагы эмне деген сөздөр чыгат дегендей мелтирешет, – Демек сөзүмдөн кайтпайм дечи, – деп Сагынбек Туратты карады көптөн кийин.

– Ооба, мен айтканымдан кайтпайм, – деди Турат, анын оюнда ата-энеси акыры макул болот деген үмүт чоң эле, бирок ал жаңылышты, анын бул сүйүүсү акыры келип өлүмгө алып келээрин сезбеди, болгону ал ата-энесинен мээрим күттү, ал ойлогондой Турдукан көгөрө каршы болуп туруп алды. Аңгыча оңду-солду камчыланган мезгил өз кезеги менен өтүп убакыт күзгө таяды, Жамийланын боюна болуп калганда Турат экөө айласын таппай сүйлөшүп отурушту.

– Турат, мен эмне кылам эми, элге журтка уят болгонго өлгөнүм жакшы го, ата-энем менен эл биле электе мени алып кет.

– Атамдарга айтамын, көрөсүң го алар аябай кубанышат, күз келди эми экөөбүз бирге болобуз.

– Ошондой болсун, жүзүм карайбаса болду.

– Коркпо алтыным, сени жер каратпайм, – деп Жамийланы өз үйүнө узатып анан үйүнө келди, Турдукан кир жууп жаткан, Сагынбек жок болчу, өз бөлмөсүнө кирип атасы келгенче күтмөк болгон Туратты Турдукан токтотту:

– Ай бала кайда жүрөсүң ыя?

– Менин кайда жүргөнүм кимди кызыктырат?

– Мени менен акыйнек айтышпай жөн сүйлө.

– Атам келгиче жата турайын, – деп Турат кирип кетти, анын бул кылганы өзүн тоготпогондой сезген Турдукан артынан кирди:

– Бу сен качан адам болосуң ыя?

– Айбан болсом кечип таштагыла да.

– Оң сүйлөбөй калдың го, деги башыңды такыр айлантып койгон окшойт? – деп кыжыры келе жатып алган баласынын үстүндөгү одеалды сыйрып ыргытты, – Тур деп жатам, же мени угасың, же ошол аракечтин кызын угасың!

– Мама…

– Болду сүйлөбө, мен сенин энеңмин, мен айткандай болушу керек!

– Андан көрө бул үйдө сага орун жок дегениңиз оң болмок.

– Ооба, Жамийла дей берсең сага орун жок!

– Болуптур, – деп жиндене чыгып бара жатып атасы менен беттеше түштү, – Ата…

– Эмне болду уулум?

– Эчтеке, – Үйдөн чыгып эшиктин алдында басып жүрдү, ичтен ата-энесинин үндөрү угулуп турду:

– Туку, баланы тим койсоңчу.

– Болбойт, мен баламдын тагдырын кайдагы бирөөгө тапшыра албайм, андай эле үйлөнө турган болсо мен өзүм кыз таап алып берем, – Турдукан өз билгенин кое бербей жатты.

– Баланы кыйнап алган жокпузбу?

– Кыйналбайт, балалык кылып жатат, али бала эмеспи.

– Деги жакшылык менен бүтсө болду, – Сагынбек отуруп алып ойлонуп калды, Турат алардын сөзүн угуп ызалана дарбазадан чыгып кетти: “Мени бала дешет тура, көрсөтөм силерге, мен эми Жамийланы үйгө алып келем”, – деп жолугушчу жерине барса кыз келе элек экен, саамга күтүп турган соң келип калды.

– Көпкө күттүрүп койдумбу? – Кыз ажарлуу жылмайды.

– Эчтеке эмес, сени өмүр бою күтүүгө даярмын.

– Чынбы, ошончолук сүйөсүңбү? – Экөө кучакташып өбүшүп турду, айлананы караңгылык каптай баштаган, Турат дароо кызды кучактаган колдорун бошотуп жүзүнө тике карады.

– Менин кандай сүйгөнүмдү сен кайдан билесиң, жүрү азыр үйгө барабыз, – деп колдон алды:

– Турат, эмне деп жатасың?

– Мен айткан соң аный дебе, – Болбой колунан тартты.

– Турат, алар мени кабыл алышпасачы?

– Алат, эгерде кабыл алышпаса биз башка жакка кетебиз.

– Кайда барабыз?

– Сен мени сүйөсүңбү? – Турат ага кайра тигиле карап калды.

– Ооба, жанымдай сүйөм.

– Анда мендик болушуңду каалайм.

– Кеттик, кандай толкун сел болсо дагы кайылмын, – Жамийла Турат менен жетелешип жөнөдү.

– Мен сенсиз жашай албайм Жамийла, алар мени бала дешет, балалык кылып жатат, бул сүйүү эмес деп мени тоготушпайт, ошондуктан аларга сүйүү кандай күчтүү болоорун далилдейм, – деп кетип жатып сүйлөп бара жатты.

– Бекер кылып жаткан жокпузбу?

– Эч качан, акыры түшүнүшөт.

– Корком Турат, таптакыр терс айланышсачы?

– Андай болбойт, көрөсүң го, алардын менден башка алардын эч кимиси жок, баш ийбеске аргалары да калбайт, – Турат ишенимдүү сүйлөдү.

– Ата-энеңди оңтойсуз абалга калтырып коебуз го?

– Жок жаным, алар түшүнүшсүн, экөөбүздүн бири-бирибизсиз жашай албасыбызды, – Аңгыча алар көчө аралап үйүнө жакындап калышты.

– Акырын басчы Турат, күйүгүп кеттим.

– Мына жетип калдык, – Турат ачык турган дарбазадан кирип барып үйдөгү бака-шаканы угуп токтой калды, ал жалаң гана Жамийланы ойлой берип атасынын туулган күнүн унутуп коюптур, жылда ушул күнү Сагынбек жакшы санаалаш эки-үч гана достору менен чогуу белгилемей адаты бар, Турат ичинен кым деп алды: “Эң сонун болду, дал ушулардын көзүнчө алып кирем, унчуга албай калышат”, – деп ойлонду да Жамийланын колунан бекем кармап алып бака-шака түшкөн бөлмөнүн эшигин ачты, баары босогону карап үн катпай тунжурап калышканда:

– Ата, туулган күнүңүз менен, ушул күнү сизге атайын келин алып келдим! – дегенде Сагынбек аялын карады, Турдукандын өңү бузула ордунан тура калды:

– Турат, бул эмне кылганың?!

– Келин алып келдим апа.

– Чыккыла эшикке! – дегенде Жамийла артка карай тартынды эле Турат кое бербей туруп алды:

– Турдукан, Сагынбек уулуңар азамат тура, андан көрө башына жоолук салгыла, – деди Шайлоонун аялы Ырыс тура калып, – Келин дагы жакшылык болот, жалгыз балаң үйлөнүп жатса мунуң туура эмес.

– Туура-туура Саке, жакшылыкты артка кайтарган болбойт, башыңарга баш кошулду, – деди Шайлоо, баары жаалап ийгенде Турдукан ичкери кирип жоолук алып чыкты, болгондо дагы жуулган эски алып чыкты, анткени отургандардан уялды:

– Даярдыгым жок эле, келе гой эми бул да болсо сала турайын, таң атса дүкөндөн ала коебуз, – деп Жамийлага салып жатып эч ким байкабагыдай кылып ууртунан чымчый, – Сени мен уулумдан алыс жүр дебедим беле?! – деди да артына кайрылды, – Эми жүгүнүп кой кызым, сен эми бизге келин болдуң, – деп күлгөн болду, анын жүзүнөн кубанбаганын сезип эле турушту, бирок кызып калган немелер сүрөп жиберишти:

– Бай бол, бар бол айланайын бактылуу болгула! – Андан кийин Турдукан төркү үйүнө төшөк салып аларды киргизди, достору сыртка чыгып кеңешип туруп аялдарын үйүнө жүгүртүп көйнөк жоолук алдырып арак-шарап толтуруп түнү бою эки жашка бакыт таалай каалап жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан Сагынбек таң атпай короосундагы эчкисин алып келип уул келинине чаап эл чакырып ырым-жырымын жасап жатып калышты, Тураттын классташтары, Жамийланын курбу кыздары келишип оюн-күлкү менен бул эки жаш бактылуу болуп отурушту, андан соң Жолдоштун үйүнө киши жиберишти. Баары ойдогудай эле болуп жатканы менен Турдукан Жамийланы караган сайын көзү менен атып бечара кыздын оозундагысы тамагына тыгылып: “Бул мага жакшылык кылбайт го, бекер эле келипмин, Тураттын көңүлүн кантип кыям, анын үстүнө бузулуп да калдым, башка бирөө ала качып кетсе шерменде болмокмун”, – деп ойлонуп көңүлү сууп отурду. Мунусун достору менен улам кирип чыгып жүргөн Турат байкабады, ал чексиз бактылуу болчу, бирок ал бул бактысы көпкө узабасын сезген жок, болгону жүрөгү сүйгөн кыз жанында болуп, жаш жүрөгү толкунданып башка эч нерсени ойлогусу келбейт эле. Ошентип кечинде Жамийланын төркүндөрү кууп келишти, туугандары чогулуп тозуп алышты, Турдукан кудаларын анча жактыра бербей кийитти начар коюп жеңетайына бир кой менен беш жүз сом, кешикти эптеп салып берип узатып жиберди. Күн сайын келин көрүп келип кетип жаткан эл суюла баштаганда Сагынбек аялына карап мындай деди:

– Байбиче, келинди болсо алдык, азыр мал семиз убакта той берели.

– Той-пой бербейбиз, – деди Турдукан ачуулу.

– Дагы баштадыңбы, маңдайы жарык өңдүү-түстүү эле келин болду, анын күнөөсү кайсы байбиче?

– Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!

– Кой байбиче, мындай сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уулуңдун кандай бактылуу болуп жүргөнүн байкадыңбы, жалгызыбыздын шаабайын суутпай тоюн өткөрөлү, – деп Сагынбек акырын аялын көндүрмөк болду. Бирок Турдукандын угаар түрү жок, алар ошентип сүйлөшүп жатканда төркү бөлмөдөн чыгып келе жаткан Жамийла баарын укту, бирок бир дагы сөзүн Туратка айтпады.

– Жамиш, бактылуусуңбу жаным? – деди Турат он беш күндөй өтүп калганда.

– Ооба, абдан бактылуумун, – Ойлуу сүйлөдү.

– Сен чын дилиң менен айткан жоксуң, капасыңбы мага? – Үйрүлө өзүнө тартты.

– Жо-ок Турат, мен аябай капалуудай көрүнүп жатамбы?

– Ооба, жүзүңдө капа турат.

– Кабатыр болбо, балким үйдөгүлөрүмдү сагынып жаткандырмын.

– Андай болсо барып кел.

– Ошол болчу беле?

– Эмне болмок эле?

– Күйөөгө тийген кыз жөн эле барса уят.

– Анда кантиш керек?

– Төркүлөткөндө барат да, – Жамийла анын эчтекени билбегенине күлкүсү келди, – Сен такыр билбейсиңби?

– Жо-ок, түшүнбөйт экенмин.

– Мейли, акыры баарын билгенге дагы жетишесиң.

– Алтыным, мен сенин жүзүңдөн күлкү гана көргүм келет алтыным.

– Кой эми жаталы, мен өзүмдү бактылуу гана сезип жатамын, кабатыр болбо, – деп Жамийла күйөөсүн жубатып коюп жатып калды, бактылуу жаш жубайлар бири-бирине жеткенине жетине албай бактынын кучагында мемиреп уктап кетишти. Таң эртең менен Турат сыртка чыгып кеткенде аңдып тургансып Турдукан кирип келди:

– Сен биерге уктаганы келдиң беле? – деп үстүңдөгү төшөктү сыйрып алды, – Жыландай болуп баламды арбап кирип келдиң, эми менин ыдыгыма чыдай алсаң жашайсың, чыдабасаң кетесиң! – деди да кайра шарт эле чыгып кетти, – Ич кийимчен бүрүшүп отуруп калган Жамийланын өңү боппоз болуп нестейип туруп калды, көзүнөн жаш чыкпады, башына ой келбеди, же төшөктү кайра жамынып алуу эсине келбеди, Турат сыртка чыгып ажатканадан келе жатса классташы келиптир, ал таң атпай өзүн чакырып келген, анткени ал дагы үйлөнмөк болуп жаткан эле, аны менен сүйлөшүп ичке кирсе Жамийланын тырышкан бойдон отурганын көрүп чоочуп кетти.

– Жамиш, сага эмне болду, Жамиш дейм?! – деп жаагына жумшак ургулаганда гана зорго эсине келди, – Ө-өч, коркутуп жибердиңби, эмне болду жаным?

– Эчтеке, ооруп турат окшойм, – деп али денесинин калтырагы кетпей жооп берди.

– Бирдемеден чоочудуңбу?

– Жок, – Жамийла кийинип туруп сыртка чыгып бара жатып кайненесин көрүнүп калабы деп коркуп ажатканага кирип эки жагын каранып зорго кайра чыгып ашканага кирди, негедир жүрөгүнүн түккүлдөгөнү токтобой туруп алды, муздак суу ичип чай коеюн десе ал коюлуптур, эмне кылып жагынаарын билбей турганда Турат кирди, экөө турганда Турдукан кирди:

– Катын жандуу болдуң да балам, жаман эркек катын кул болот дегендей эркектей болсоң боло? – деди каарый.

– Апа, жаңы эле турдум, кардым ачканынан эле…

– Аны аялыңа айт, хан менен бектин аялындай түшкө чейин жата бербей эрте турсун, минтип жүрсө сени курутат го? – деди силкине.

– Апа, жаңы эле таң атты го?

– Катыныңа болушпай ишиңди кыл, мен буга билбегенин билдирип үйрөтөйүн, – Турдукан келинин акшыя караганда жүрөгү болк этти Жамийланын, муундары кайрадан калтырай баштады.

– Жамийла, сага эмне болду? – Турат аны кармай калды.

– Кое бер, өлмөк беле, эмнеге мынча үйрүлөсүң? – Апасынын заардуу карашы Тураттын ачуусун келтирди:

– Мени деги өзүң төрөдүң беле же багып алдың беле, эмнеге мынчалык өгөй энедей кыласың апа?

– Сага жакшылык каалаганымдан ушинтип жатам, – деди да Турдукан чыгып кетти.

– Жамиш, жүрү үйгө кирип эс алчы.

– Жок Турат, мен иш кылайын, – Жамийла эс ала суу жутуп анан жүрөк тушун басты, – Жүрөгүм бир кызыктай болуп жатат.

– Эс ал дедим го? – Турат келинчегин үйдү көздөй жетеледи.

– Апам урушат.

– Урушпайт, мен сага чайды киргизип берем, – деп бөлмөсүнө киргизип жаткырып кайра чыкты, Сагынбек эбак жумушуна кетип калган, күзгү мал-жан каттоо жүрүп жатканда тыным алышчу эмес, Турат чай менен нан көтөрүп өз бөлмөсүнө кирип кеткенде Турдукан ого бетер жини келип артынан барып каалганын сыртынан тыңшап калды.

– Турат, сен эч жакка кетпейсиңби?

– Сейит үйлөнгөнү жатыптыр, эрте келип чакырып кетти.

– Сен кетсең корком Турат.

– Коркпо, барып кайра эле келем.

– Мен үйүмө кете берейинчи…

– Эмнеге?

– Сен мен үчүн кыйналдың го?

– Антип ойлобо, мен сени менен баш кошконума бактылуу болуп жүрөм билсең, апам акыры баш ийет, ага таарынбай эле кой, – деп Турат көпкө жанында отурду, Жамийла уктап кетти, ал көзү илинсе эле чоочуп ыргып кетип жатты, Турат ал тынч уктап калганда акырын сыртка чыгып баратып: “Эмне кылсам экен, Жамийланы апам батырбайт го, эптеп эле бөлүнүп кетсем окшойт, атамдар али жаш, өздөрү жашай беришет”, – деп ойлонуп атасына кеңешмек болуп Сейиттин үйүн көздөй жөнөдү. Анын кеткенин көргөн Турдукан: “Сени бул үйдөн качып кеткидей кылайын”, – деп адам эмес эле жырткыч сымал түргө келип дагы келин-уулунун бөлмөсүнө кирип барды:

– Тур, кандай тоготпогон немесиң, бул кейпиң менен жакшылык деле кылбайсың го? – деп мемиреп уктап кеткен келиндин төшөгүн катуу булкуп тартып алды, – Эмнени кыйратып койдуң ыя?

– Апа!

– Апа дебей кал, мен сага апа эмесмин!

– Кечириңизчи апа, азыр турам.

– Тур, иш кыл кирлерди чогултуп койдум, эртерээк жууп жай! – деп чыгып бара жатып кайра кайрылды, – Эсиңде болсун, бул үйдө калам деп ойлобо!

– Макул, азыр эле кете берейин…

– Эмне, сен мени ушинтип коркуткуң келеби? – Акшыя караганда андан корккон келин жер карап колдорун ушалап калды, – Турганын кара шүмүрөйүп, дегеле адам жийиркенерлик, ушу сага арбалган баламдын баш-шы жок да, тур эшикке чык! – деди да чыгып кетип бара жатканда курбусу Салкын кирип келе жаткан.

– Эмнеге ачууланып жатасың?

– Тексиз жерден келин алсаң көрөт элем.

– Эмне болду, келиниңе ачууланып алгансыңбы?

– Келин эмес эле кетпес кезик болду го, жанагы баланын гана көңүлү да, – Турдукан кабк кашын тырыштыра карады, – Кир үйгө.

– Кирдим ай, өзүң ачууланып жатсаң кете берейин.

– Отур эми, чай-пай ич.

– Макул, өзүм дагы зериккенимден сага келдим эле, – Салкын веранданын секисине чыгып отура кетти, ошол убакта жүйүртө басып бүрүшкөн Жамийла чыкты:

– Келиңиз.

– Келдим айланайын, келин келген жерине көнгөнчө көп бар, кайненелердин кеп-сөзүн бир кулагыңдан чыгарып кой садага, силерге ата-эне жамандык кааламак беле.

– Ий-и, – деп ашканага чыгып бара жатканда:

– Сөлдүрөбөй чай алып кел! – деди Турдукан, – Дегеле ушуга ичим чыкпай койду, – САлкынга карады, – Пешенебизди карабайсыңбы жалгыз балама өзүм каалаган кызды алып берем деп жүрүп тилегиме жетпедим, жанагы апасы менен кантип бир дасторконго отурам ай?

– Ээ курбум, баары өтүп кетет, төрөп-түшүп берсе небере ширин болуп калат, ошондо көрөм, Жамийлага төрөгөн жериңден айланайын деп калбасаң эле болду, – деп Салкын күлүп калды.

– Төрөсө баласын энесине бактырсын!

– Кой Турдукан, анчалык кетпе, ооздон жаңылган турбайт деген, буттан жаңылсаң дагы оозуңдан жаңылба, – деп курбусунун сөзүн жактырбады Салкын.

– Койчу ай, ушунун тууган баласын итке салып берем, – деп айтып озун жыйгыча Жамийла чай көтөрүп кирди, ал укса дагы укмаксан болуп унчукпай үстөл үстүнө баарын жайгаштырып чыгып кетти.

– Кудайды карасаң боло, көз карегиңдей жалгыз балаң өзү каалап алган колуктусун көп эле анте бербе, – деди Салкын Жамийла чыгып кеткенден кийин.

– Жалгыз балама өзүм алып берет болчумун.

– Ошентсе дагы балдарды түшүнүшүң керек, – деп Салкын бир чыны чай ичип ордунан турду, – Мен кетейин.

– Отурбайсыңбы?

– Жо-ок барайынчы, – Салкын чыгып келе жатканда Жамийла кир жууп жатып көңүлү айнып, көзү караңгылап, кулагы тунуп отурган, алар ээрчише чыгып келе жатып анын отурган жеринен чалкасынын жыгылганын көрүп жетип барды Салкын, – Ой келин, сага эмне болду айланайын? – Башын көтөргөндө анын оозунан көбүк агып калыптыр, ал ачка турган бойдон болчу:

– Ой ал жөн эле сыр көрсөтүп жаткан го? – деп Турдукан кенебей туруп калды.

– Ботом, сен дагы адамсың го, колдорун карачы, тырышып калыптыр.

– Тим кой, өзү эс алат, жөн эле коркуткусу келип жатса керек, – деп дагы деле ийибеди Турдукан.

– Ай Турдукан, өлүп калса сен жооптуу болосуң, тур молдо чакыр, – деп Салкын айтканда гана кетти, ал үйгө келген Салкындын көзүнчө атайын жасап жатат деп ойлогон эле, экөө сүйлөшүп отургуча түш болгонун байкабай калган эле.

– Эмне деп жатасың, эмнеге өлмөк эле? – деп келип, келининин түрүн көрүп чындап коркуп кетти, – Эмне доктур чакырайынбы?

– Доктур эмес молдо чакыр, арууркаган го, бол эрте, – деп колун ушалап жаакка ургулады, – Жамийла, тур-тура гой, көзүңдү аччы айланайын, – дегенде тишин кычыратып көзүн аңтара чиренип булдуруктаганда Турдукан шашыла туруп кетип жатып босогодон Сагынбек менен беттеше түштү.

– Каякка? – деди ал аялына.

– Сагын, тиги молдону чакырып келе калчы.

– Эмне болду?

– Тиги-и, тиги Жамийла жыгылып калды аруусу бар окшойт.

– Эмне? – деп чоочуп эшиктин алдында келинин кучактап отурган Салкынды көрүп чоочуп кетип жетип келди, – Эмне болду буга?

– Кир жууп отуруп эле жыгылып калды, – деди Турдукан күнөөлүүдөй жер карап, – Оорусу бар го?

– Болду, Мамат молдого барып келейин, – деди да шашыла чыгып кетип көп өтпөй эле молдону алып келди, Жамийла алиге чейин көзү аңтарылып, колдору тырышып жаткан, аны үйгө киргизип жаткырып коюшкан болчу. Мамат молдо ага дем салып отуруп:

– Келиниңер катуу коркуп калган, деди, анан колун кармап тамырын көрдү, – Кой бойлуу да болсо керек, этият кылгыла.

– Кой бойлуу, келгенине он беш күн зорго болду го? – Турдукан молдону ишене бербей карап калды, ал молдону жактырбаса дагы аргасыз көнгөн болчу, атеисттик заманда далайлар молдо-кожого ишенбей “каапыр” боло баштаган эмеспи, Турдукан дагы мугалим болгондуктан ишенчү эмес.

– Кош бойлуу экенин анык, жүрөгү катуу түшкөн, бирдемеден чоочуп калган го, үч күн дем салайын, жакшы болуп кетет, – деди Мамат.

– Өзүнүн оорусу болсо керек дейм: – деди Турдукан.

– Инш-шалла, оорусу билинбейт, жаңы гана корккон түрү бар.

– Эмнеден коркот? – деп мурдун чүйрүп отуруп калды, ошол кезде Турат келип калды, суналып жаткан келинчегин, аны тегеректеп отурган ата-энеси менен Салкынды көрүп делдээ туруп калды, бир аздан кийин гана:

– Жамийлага эмне болду? – деп сурады.

– Ооруп калды, – деди Турдукан өзүн күнөөлүү сезип.

– Эмнеси ооруйт, жакшынакай эле жүрчү эмес беле?

– Кайдан билебиз балам, отур дем салып жатат, – деди Сагынбек.

– Доктурга алып барбай эмне кылып жатасыңар анан, молдого болчу беле? – деди суроолуу карап.

– Кой балам, тынч отур, коркуп калыптыр, – деди Салкын, – Мындайда доктур жардам бере албайт.

– Кызык, азыр молдого ишенип болобу? – дегенде Сагынбек аны тим отур дегендей белги берди эле унчукпай калды, мунун сөздөрүн уккан молдо терикпеди, анткени азыр молдого ишенгендер чанда гана болчу, көпкө дем салып анан кетти, Жамийла ал кеткенден кийин көзүн ачты, башын көтөрүп кайнатасын көрө тура калды:

– Мага эмне болду?

– Жат, жата бер балам, бизди коркутуп ийдиң.

– Жо-ок турайын, – деп өйдө болмок болгондо Турат кармай калды, башы тегеренип көзү караңгылап кетти дагы, – Башым айланып жатат да.

– Жүрү бөлмөгө кеттик, бирдеме ичтиң беле?

– Жо-ок…

– Апа, али эчтеке ичкен эмес тура, – деп Турдуканды карады.

– Азыр, мен чай даярдай коеюн, – деп шыпылдай ашканага кирди: “Кудай уруп эчтеке иче элек тура, бирдеме болсо, мен күнөөлүү болом, кой ал деле адам баласы эмеспи, баса бул кайдан кош бойлуу болуп калат, тийип тийе электе эле кантип болсун, мында бир сыр бар боюна болуп калып эптеп Туратка тийип абийирин жапкысы келген го, аңкоо балам ошону да билбегенин кар, жаш неме кыз жубанын билди дейсиңби”, – деп ойлонуп чай алып кирди, – Жакшы сезип калдыңбы өзүңдү? – дегенде Жамийла ылдый карап жооп берди:

– Ооба жакшы элемин.

– Жакшы болсоң угуп кой, боюңда бар экенин жашырып жапкың келип эле Туратка жармашыпсың, ал белгилүү болду оңолуп ал да акырын үйүңө кет! – дегенде келинчегине үйрүлүп жаткан Турат ыргып турду:

– Эмне деп жатасың апа?

– Ошо боюнда бар экен мунуңдун.

– Жамийла, ошондойбу мен билген эмесмин, – Турат келинчегин эки бетинен өөп, -ң Биз балалуу болот экенбиз да ээ? – деди кубана.

– Эй маң баш, кандай түшүнбөйсүң ыя, кеминде эки ай болуптур, мунун келгенине он беш эле күн болду го?

– Апа, бул менин балам, аны өзүм билем.

– – Калп, сени жөн гана куулук кылып алдап жатат! – деп заарын чача караганда бөлмөгө Сагынбек баш бакты:

– Эмне болуп жатасыңар?

– Ата, апам мындайын койбосо Жамишти алам да бул үйдөн чыгып кетем, – деди Турат.

– Жөн жүрсөң боло, балдардын тынчын албай, жүрү чай берчи, мен жумушка кетем, – деп Турдуканды бөлмөдөн алып чыгып кетти Сагынбек, – Тим кой, өздөрү билсин, жалгыз балаңа асылып эле калдың, – деди бөлмөдөн чыккандан кийин.

– Балаңды урушкандын ордуна мени тыясың да.

– Аларга мүмкүнчүлүк бер да, сени билимдүү мугалим деп ким айтат?

– Эми сен калдың эле, балаң тилимди албай жатканы аз келгенсип, – деп чай-тамагын булкулдай алып келди, түштөнүүгө келген Сагынбек кардын тойгузуп алып кайра кетти, Жамийла чай ичип алып жатып калды, анын жанында Турат үстүн кымтылап жатты:

– Эми түзүксүңбү жаным?

– Ооба, сен эч жакка кетпечи.

– Сени ээрчитип кел дегенинен сага келгенмин да.

– Ким?

– Сейит, келин ала качып келишти, улагын союп казанга салып коюп келгенмин да, – деди Турат.

– Анда дагы кетесиңби?

– Жо-ок, барбай эле коем го?

– Мен деле бара берейинчи.

– Өзүң дурус элесиңби?

– Азыр жакшымын, жыгылганымды өзүм билбей калыптырмын.

– Сен экөөбүз эми үчөө болобуз, уулубуз мага окшош болот ээ? – Турат эңкейип келинчегин өптү.

– Кыз эле болсунчу.

– Эмнеге?

– Мага кыз жагат, – Жамийла эркелей карады.

– Макул-макул, сен каалагандай эле болсун.

– Мен барайынбы?

– Өзүңдү жакшы сезсең кийин кеттик.

– Жакшы элемин, – Жамийла кайненеси менен бир үйдө калгысы келбей эртерээк кийинип, башына жоолук салынды да Туратты ээрчий кошо чыгып келе жатканда верандада отурган Турдукан:

– Эми эле өлө турган болуп жатпадың беле, кайда жөнөдүң? – деди.

– Апа, классташым үйлөндү, Жамийланы алып кел деген.

– Апей, кечээ келген келин айылчылайт деген эмнеси, деги бирдеме көргөн немесиңби ыя, келин көрө элек кайнагаларың көрүп калса уят эмеспи, кир үйгө, – деди ачуусу келе.

– Апа, эски салатты койгулачы, азыр эч ким андай дебейт, – Анан Жамийлага карады, – Жүрө бер кеттик, бизди күтүп калышты. Алар эшикке чыга бергенде Турдукан жулкуна жетип келди:

– Менин тилимди албасаңар кайрылып бул үйгө келбегиле!

– Чын айттыңбы апа? – деди Турат токтой калып.

– Турат унчукпа, мен кала берейин, – Жамийла эне баланы уруштургусу келбей колун бошотту, – Сен эле барып келчи.

– Болбойт, – деди Турат орой, – Эгерде айтканыңыз чын болсо артыман издебегиле, эми мендей балаңар жок! – деди да Жамийланы колунан ала ылдамдай басып кетти.

– Кайда барып баш калкалайсың* – деген Турдукандын сөзүн уккан дагы жок, абдан ызалуу: “Өз ата-энемдин жасаган мамилеси өттү деги, жер чукуп иштесем дагы үй-бүлөөмдү багам, эми мен жаш бала эмесмин, адамча жашоого кудуретим жетет”, – деп ойлонуп бара жатты. Ошол күнү классташтары менен бирге болуп ойноп-күлүп отуруп анан таңга маал тарашты, Турат Өмүрбек деген классташынан жыйырма беш сом сурап алды да Жамийла экөө шаарга кетип калышты.

– Байбиче, Тураттар көрүнбөйт да, – деди кечинде келген Сагынбек.

– Сейит үйлөнүптүр, ошонукуна кетишти.

– Аа-а мейли, жаштар эмеспи.

– Өздөрүн өздөрү билип калышты го?

– Кой тим кой, башкысы балам бактылуу болсо болду.

– Ким билет, жанагысы жакшылык кылбайт го?

– Анте бербе, ушул Туратты кандай гана тилек менен көрдүк эле, бактылуу болушсун, – деп Сагынбек жамбаштай кетти.

– Кой десе болбой алып алды, ким билет, – андан кийин Сагынбек аялынын сөзүнө жооп кылбады: “Жаш кезинде байкаган эмес экенмин, өз баласына дагы ушунчалык каршы чыгабы, өгөй болсо дагы бир жөн, балдарды өзүнчө бөлүп ийсем окшойт, азыр биз келиндин кызматына зар эмеспиз, Турдукан али жаш, өздөрүнчө жашаганы жакшы”, – деп ойлонуп жатты. Түнү бою келбегенинен эртең менен бөлмөсүн карады Сагынбек, кечээги бойдон экенин көрүп:

– Балдар келбептир го?

– Келип калаар…

– Ушунча жүрөбү, барып сурап келчи.

– Өздөрү келет да, мен алардын артынан жүрмөк белем?

– Анда мен барып келейин, – деп Сагынбек чыгып кетти.

– Деги кандай бүлөөгө жолуктук эле, баламдын башын айлантып келип тозокко салмай болду, – деп өзүнчө күбүрөнүп жатканда Салкын кирди, – Кел.

– Жамийла жакшыбы, ошону көрөйүн деп эле келдим.

– Ой өлбөйт ал, арамза болсо керек, кечээ Туратты ээрчип кеткен бойдон келише элек, – деди Турдукан жактырбагандай карап.

– Каякка кетишти?

– Тиги Эрмектин баласы Сейит үйлөнгөн тура.

– Теңтуш немелер барат да, жакшы болуп калса эле болду, бечара ал да бирөөнүн баласы эмеспи, менин эки кызым күйөөдө, алыс кетишпедиби, аларды ойлонуп жаным төрт чарчы болот, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай гана күндө жүрүшөт деп.

– Жакшы болсо барган жерине сый болот да.

– Капырай, мен сени тааный албай калдым, мен билген Турдукан эмессиң ай, жалгыз балаң сүйүп-күйүп алган келинди кантип жаман көрөсүң? – деди Салкын ага таңгала карап, – Ушул баланы көргөнчө эмне күндү көрбөдүң эле?

– Көңүлгө жакканын албаса кантем?

– Сага жакпаса Туратка жагат.

– Жакпаса койсун, – Сырттан Сагынбек кирди:

– Турдукан, Тураттар Фрунзеге кетип калыптыр!

– Качан?

– Азыр эле тигил Садык айтты, автобуска түшкөнүн көрүптүр.

– Жинди болушкан го, аны жанагы сөлдүрөгөн шүмшүгү азгырды да.

– Кой Турдукан, уул-келинге мындай кылба, өзүңдүн андан башка балаң болбосо, бир балаңды кыйнап койбо, – деп Салкын туруп кетмек болуп сыртка чыкты, Турдукан мисирээ турган ордунда катты. Ошентип ал күнү Сагынбек райондогу аэропорттон самолетко көтөрүлүп калганда уулу менен келинин алып калды, Турат болбой көгөрдү, бирок ага ата болбоду, кеч күүгүмдө аларды үйүнө алып келди. Балким ошондо шаарга кетип калышса тирчилик кылып, эптеп жашап жүрө беришмек беле ким билет, кайра келгенине кубанбай Турдукан эми көз көрүнөө эле асыла баштады.

– Сен менин баламды тентитип каякка азгырып жөнөдүң ыя, ал сен эмес тарбиялуу бала, сага ата-энең жакшыраак тарбия бербептир да!

– Турдукан болбодубу эми, – Сагынбек ачуулу карады.

– Ушу сен келгени үйүбүздөн ырк кетти, сен үчүн уруш болот.

– Апа, мени бала катары көрбөсөң ачыгыңды айт да, Жамийлада эмне күнөө? – деди Турат, Жамийла ыйлагандан башка үн катпады.

– Күнөөсүбү, анын күнөөсү ар кимден боозуп сенин башыңды айлантып отурганы, сен маң баш ошого ишенип келесоо болуп отурасың.

– Сен кандай аялсың деги, дагы бир жолу сүйлөсөң сени менен мен ажырашамын, – деди Сагынбек ачуулу.

– Мейли ажыраш, бир кызалактын айынан төркүнүмө кетир! – деп сөз бербей ажылдаганда Турат сыртка чыгып кетти, анын эмнеге чыкканын эч кимиси деле баамдаган жок, Жамийла өз бөлмөсүнө кирсе дагы артынан кирип сүйлөй берди эле ал дагы сыртка чыкты, ары карап, бери карап Туратты таппады, анын оюна жамандык келбеди, түн бир оокумда төшөгүнө кирип жатып алды. Туратты досторуна кеткен экен деп ойлоду ал, таң эрте катуу уктап калган экен:

– Тур, Турат кайда кетти? – деп Турдукан бир тепкенде чоочуп бакырып тура калды.

– Апа-а!

– Ападан айлан, – Турат кана?

– Билбейм, кечинде чыккан бойдон…

– Билмексен болбой таап кел!

– Кайдан табам? – Кийине ордунан турду, анын дагы муундары калтырап жыгылганы турду, ошол убакта сырттан Сагынбектин боздогон үнү угулду.

– Оо жаратка-ан, бул эмне деген шумдугуң эле, каралдым ай, жалгызым а-ай! – дегенин угуп Турдукан жүгүрүп чыкты, анын артынан Жамийла эптеп басып бара жатып босогого жеткенде Сагынбектин Тураттын жансыз денесин көтөрүп келе жатканын бир билет, ошол бойдон кечке маал эсине келди. Апасы Тоту маңдайында отуруптур. Ал көзүн ачып эле:

– Апа, Турат келдиби? – деди алсыз.

– Кызым, шоруң каткырым ай, аның куураптыр го? – дегенде чачтары саксая туруп алып сыртты көздөй жүгүрдү:

– Турат, Турат кайда жүрөт, менден качпачы Турат! – деп чыгып келе жатканда алда качан үй тигип өлүктү жайына алып жаткырып коюп боздоп ыйлап отурган Сагынбек менен башкалар жардана карап калышты, артынан чыккан Тоту кызын кучактап башына жоолук салды:

– Эсиңе кел кызым, Турат эми жок, ал муунуп алыптыр!

– Аа-ай! – деген Жамийла кайра эсин жоготуп койду, боз үйдөн чыга калып Турдукан:

– Көзүмө көрсөтпөй жоготкулачы, кара жолтойдун айынан баламдан айрылдым, – дегенде Сагынбек басып келди:

– Кир азыр, ал эмес сен өлтүрдүң баланы, кечээ алып келбей койсом болмок экен, аялы бар эркектин башында аялы турушу керек, боюнда барын дагы жарыя кылабыз, – деди акырын. Турдукан буркурап ыйлап кайра үйгө кирди, каргап шилеп жатты, эртеси эле Туратты жайына коюшту, андан соң Турдукандын каргап шилегенинен улам Жамийланы ата-энеси алып кетти.

– Балам, барсаң барып тур, уулумдан калган туяк кызбы, уулбу бизге аман-эсен төрөп берсең болду, тагдыр экен, айла жок, – деп Сагынбек көз жашын көлдөтө узатып кала берди. Жамийла көптө барып өзүнө келди, кыркын бергенде аны абысындары келип алып кетти, Сагынбек жөнөткөн эле. Турдукан баласынан кийин ар кайсыны сүйлөп өзүн билбей калды, Сагынбек кайгыдан төшөккө жатып калган, бул кыйын оор тагдырга туш келген адам ким болсо дагы көтөр алмак эмес эле…

Жети айдан кийин Жамийла кыз төрөдү, Сагынбекке сүйүнчү жиберишти, бирок төрөттөн кийин оңоло албай Жамийла дагы оо дүйнө кетти. Калың эл кайгылуу окуяны кеп кылып жатты, Турдукан эч ким менен иши жок эле өзүнчө сүйлөп, күлүп кээде басып кетип калганда төркүнү алып кетти, жалгыз сиңдиси бар болчу. Сагынбек сүйүнчүгө бир тай берип:

– Менин дагы көрөөр күнүм аз калды окшойт, уулум көрбөй кеткен перзентти мага алып келип көрсөтсүн, атын өзүм коеюн, – деди онтолоп.

– Макул аке, – деп келген бала барып айтты эле Жолдоштун кичүү кызы Замира көтөрүп келип көрсөткөндө наристени чекесинен өөп:

– Маңдайың жарык кыз бол айланайын, өмүрүң узун болсун, – деп Замиранын колуна кагаз карматты, – Бул документ кызым, артыбызда кыз болсо дагы туяк калды, ушунусуна шүгүр, бул үй-жай, короодогу малдын баары кызыма калсын деген кат, бекем катып ал дагы мага жибер, – деди.

– Макул, кете берелиби?

– Токтой тур, неберемдин кулагына атын айтайын, – деп Сагынбек небересин колуна алып шор-шор жыттап көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп, – Атың Жаркынай болсун каралдым, өмүрүң узун, бактылуу бол, – деди да ороодогу он-он беш күндүк наристени Замирага сунду, – Жаркынай деп койдум кызым, сен атаңды мага жибер, – деди да жатып калды. Өздөрү кайгы жутуп үч баласынын улуусу, тун кызынан айрылып отурган Жолдош менен Тотуга бул жаңылык таңгалыштуу болду. Эртеси Жолдош келгенде Сагынбектин жанында иниси менен келини, дагы башка туугандары бар болчу, ал аны жанына жакын отур дегендей белги берди.

– Айла жок экен куда, мен дагы кызымдын айрылып калдым, – деп эмшиңдеди Жолдош.

– Сабыр кылыңыз, мындай болот деп ким ойлоптур? – деди Азимбек кайрат айтып.

– Жолдош, – деди Сагынбек ага карай, – Бул Жаркынайдын күбөлүгү, атасы көрбөй кетти аттиң, – Муунуп-муунуп зорго сүйлөдү, – Мына, инимдин туугандарымдын көзүнчө уулумдан калган жалгызыма баарын бергенимди билишет, азыр короодогу малды толугу менен айдап кет, небереме менден берген мурасым болсун, бул үйдүн документин болсо бердим, – деп оор дем алып алды, – Азимбек, короодогу малды бүт чыгарып бер Жолдошко.

– Аке, кызды өзүбүз деле багат элек го? – деди Азимбек ичи ачыша, анткени он бештей кой эчки, эки музоолуу уй, бир жылкыны бүт бергин деп мурунураак дагы айтып отурган эле.

– Жок, таятасында чоңое берсин, – деп унутуп калгандай жаздыгынын алдын сыйпалап дагы бир кагаз алып чыкты, – Мында малды бердим деген акт бар, өз колум менен бүтүрдүм.

– Аа-ай аке, – деген Азимбек аргасыз агасынын аманатын аткарды, Жолдош малды айдап үйүнө келди.

– Кызымдын көзү болбогондон кийин бул малынын кимге кереги бар, алып барып бер, – деп Тоту ачууланды, бирок эл деген эл да Сагынбектин акыйкат чечимине ыраазы болуп аны тыйып койду. Тоту кичинекей наристени ичинен жек көрүп колуна албай жүрдү: “Туулбай жатып ата-энесин жуткан шүмшүк десе, кайдан да эрге тийе койду эле”, – деп жээрип туруп алды. Жамийла кайненесинин өзүнө каршы экенин, асылып жатканын ага айткан эмес. Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи, ал бат эле өтүп билинбей Жаркынай сегизге чыгып чекилдеген татынакай кыз болуп өсүп бара жатты. Сагынбек болсо эки-үч ай төшөктө жатып көз жумган. Турдуканды сиңдиси ооруканага жаткырып койгон, ал катуу айнып калган, жакын-алысын деле тааныбай күлүп каткырып, өзүнчө сүйлөп жүрө берет. Кырк беш жашында өзүнүн ким экенин билбей адам катарынан чыкты, сиңдиси ыйлап-сыктап врачтарга кайрылып дарылатып жатып акырындап өзүнө келе баштады, кийин үйүнө алып келди эле ар бир бөлмөгө кирип, өзү кармаган буюмдарды көрүп эсине бир нерсе түшкөндөй отура калып эчкирип жиберди:

– Эже, бир нерсе эсиңе түштүбү? – деди кубанып кеткен Урматкан.

– Ооба, баарын эстедим, – деп бакырып ыйлап жатты.

– Капаланбачы эже, андан көрө небереңди көрөсүңбү?

– Эмне? – деп делдээ карады Турдукан.

– Тураттын кызын айтат, ал окуп калбадыбы.

– Ыя, ошончо убакыт өтүп кеттиби, а-а Сагынбек кайда кеткен?

– Эже-е! – Урматкан эжесин кучактап ыйлап жатты, – Жездемден дагы айрылып калганбыз!

– Эмне-е…

– Өзүңдү карма эже, тагдырдын жазганына арга барбы?

– Жамийла мага кызын көрсөтөбү анан?

– Эже, ал төрөгөн соң өткөн, ал дагы жок…

– Менин кесиримден болду баары, неге мен тирүү калдым, мен кудайга жакпаган иш кылдым, кантип ушунча күнөөнү жүктөнүп өмүр сүрөм? – деп ыйлап жатты Турдукан, баары кеч болуп калган эле, адам ката кетирбөө үчүн миң ирээт ойлонуп, кабыргасы менен кеңешип анан иш кылса пенделер күнөөдөн алыс болмок. Бирок учурунда эч кандай ойлонбостон ката кетирип алып кеч болуп калганда өкүнүп калышат, оңдогус кемчиликтин арты адамды өлөр-өлгүчө убайымга салып өтөт. Турдукан өзүнүн каталыгын кеч түшүндү, жалгызынан калган небересинин жүзүн кароодон уялды: “Эми мен сенин чоң энеңмин деп кантип бармак элем, Сагынбек байкуш туура чечим кылган экен, бул үйдө эми мен тура албайм, уулумдун арбагы мени кечирбейт”, – деп ичинен сыздап жатты.

– Эже, Самат азыр кой алып келет, мен камыр жууруюн, Турат менен жездеме куран окуталы, – деди Урматкан.

– Мейли садага, өзүңөр билгиле.

– Көп чөгө бербе эже, өзүң жакында эле сакайдың.

– Ошо эсиме келбей эле кете бергеним жакшы эмес беле?

– Кой антпе, сен үчүн Самат экөөбүз кандай гана убара тартып, врачтар менен сүйлөшпөдүк эже, балдарды дагы карабай сенин жаныңда болдум, – деп Урматкан чыйпылыктап ийди, – Сегиз жыл бою эже, жетимиш тогузунчу жылдан бери ойлосоң, мага сенин амандыгың каниет, энеден экөөбүз эле болдук, кантип кыям?

– Айланайыным ай, мендей акмак эжени кечип койбойт белең, өзүмдүн кылганым көз алдымдан кетпей бул үйдө тура албайм эми, ошол уулумдан калган бир чырпыкка буйрусун, Сагынбек туура чечим кылыптыр…

– Ооба, биз дагы ошентип ойлодук.

– Эртең Жаркынайды көрүп келелиби?

– Жок бара албайм.

– Эмнеге эже?

– Аты Жаркынайбы? – деди Турдукан кайра.

– Ооба, жездем өзү коюптур.

– Байкуш, көрүп кеткен экен да.

– Ооба, көрүп анан атып коюп кыз болуп калганына өкүнгөнүн Азимбек айтты мага.

– Оолда-а байкушум ай! – деп ийди Турдукан.

– Көп кейибе эже, ооруп каласың.

– Кудай сактасын, – деп үшкүрүп алды, аңгыча Урматкандын күйөөсү Самамт кой алып келип калды, арыдан бери боорсок жасап, койду союп кирди, Турдукандын келгенин билгендер кирип куран окутуп жатышты, анын жакшы болуп калганын көрүп тамшанып да, таңгалып да, ушактап да жатышты.

Сагынбек менен Туратка куран окутушту, ал күнү ошол жерде болуп эртеси Урматкан менен Турдукан ээрчише мектеп жакка бара жатты. Ала шалбырт болгондуктан жер ылай эле, Урматкан эки-үч жолу барып Жаркынайды көргөн, аны тааныгандыктан келээр жолун карап күтүп турганда тыкылдап сумкасын асынып, барпырата вантик таккан кызды көрсөттү:

– Эже карасаң, Тураттын эле өзү.

– Кана, кана көрөйүнчү, – деген Турдукан көздөрүнө толгон жаш тозуп сүйлөй албай мукактанып бүткөн боюн калтырак басып кетти.

– Жаркынай! – деди утурлап Урматкан, – Кел, келе гой.

– Таеже! – деп кыз келип кучактап калды, колундагы конфетти карматып эки бетинен өөп, – Жакшы окуп жатасыңбы? – деди.

– Ооба, жакшы окуйм, – деп Турдуканды жал-жал карады.

– Кел садага, чоң кыз болгон турбайсыңбы? – деп кызды эңкейип өпкөндө анын көз жашы кыздын бетине тамып кетти.

– Сиз кимсиз, эмнеге ыйлап жатасыз? – деди Жаркынай такылдап анын тамган жашын сүртө, Урматкан эжесин карады, ал “айтпа” дегендей оозун кымтый басып кетти.

– Ал менин эжем болот садага, эми окууңа кире гой, бул акчага керектүүңдү алып ал ээ? – деп жүз сом берди.

– Сиздин эжеңиз болсо менин таежем тура ээ?

– Ооба, эми дагы келем, жакшы окугун ээ? – деп Урматкан кызды кучактап дагы бетинен өөп жөнөттү, Турдукан бул кезде жүрөгү сыздап, өзүн-өзү жектеп жер карап көз жашы жүзүн жууп кетип жаткан.

– Эже, ыйлай бербечи, – деди Урматкан жете келип.

– Ушундан көрө алардын артынан эле өлбөй неге тирүү калдым, менин күнөөм жер көтөргүс Урмат, көз көрүнөө өлтүрбөдүмбү, неге балдарыма каршыгып туруп алганымды билбейм, жалгызымдын туягынын жүзүнө кантип чоң энеңмин демек элем, мен анын туулушун да каалабаганмын, мендей жексурду тирүү жазалагысы келген экен да кудай таала, – деп шолоктоп ыйлап жатты. Урматкан улуу кызын кошуп берип Турдукан үйүндө калды, ага колу-коңшусу эртели кеч кирип чыгып жатты, баягы курбусу Салкын келди бир күнү:

– Сени келди деп эле уктум да келе бердим, Бишкектеги уулумдун үйүндө жүргөнмүн, – деди учурашкан соң.

Токол

Подняться наверх