Читать книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН - Страница 1
ОглавлениеЖаш кезинде ала качуу деген эски салттын курмандыгы болуп, ашыгына жетпей калган Кумарбүнүн оош-кыйыш тагдыры баяндалат. Өмүрбек экөө бөлө, бирок бир үйдө бир туугандай болуп чоңоюшкан. Ошондон уламбы, өз сезимдерин ачык айта албай тагдыр аларды эки бөлүп салган. Ошентсе дагы аруу сезимдери таптаза бойдон калган эки жүрөк акыры элүүдөн ашканда бир болууга бел байлашат.
Айгүл ШАРШЕН
СЕЗИМДЕР КАРЫБАЙТ
Кумарбү эшикте басып жүрдү. Алтымышка чыгайын деп калса дагы али жаш көрүнөт. Куу турмуштун азабын тартып, саамай чачтары агарып калганы болбосо жүзүндө анда-санда түшкөн бырышы анча байкалбайт. Бала-чакасы чоңоюп, өз-өзүнчө турат, кенже уулу өзүнө күйүмдүү, келини Аселкан кайненесине өз кызындай. Кадимки кыргыздын карапайым кызы, эки небереси чоң апалап жанынан чыкпайт.
– Аттиң, – деп алды Кумарбү, – өмүр чиркин күүгүмдөп баратат ээ, жашоом өтө жакшырып кетпесе да эл катары жашадым, бир гана өкүнүчүм…
– Апа, үйгө кирип, тамак ичиңиз, – деген Аселкандын үнү аны селт эттирди.
– Кирем, балам, иче бергиле, – деди Кумарбү. Ойлору албууттанган дайра сымал алда кайда кетип, негедир бүгүн бала кездеги сүйгөнү көз алдына тартыла улам-улам эсине түшүп туруп алды. «Балдар күтүп калышты го, менсиз тамак ичишпейт», – деп жанатан бери чырмаган ой-санаасынан суурулуп чыга үйгө кирди.
– Чоң апам келди.
– Чоң апа, кайда бардың? – дешип эки небереси сырттан кирип орун алган Кумарбүнүн этегине жармашышты.
– Эч жакка барганым жок, кагылайындар, эшикте эле жүрдүм.
– Апа, сен бүгүн ойлонуп калыптырсың да, башка балдарыңа баргың келип жатабы? – деди уулу Уланбек.
– Барып келсем жакшы болот эле, бул жамандарды ким карайт?
– Бир жумадай кыдырып келиңиз, апа, мен үйдө болом, Улан иштей турсун, үйдөгү көп иштерди жасап алайын, – деди Аселкан жаркылдай.
– Анда мейли, эртең барып келейин, – деп Кумарбү алдындагы ашка колун сунду.
Турмуштун соккусу Кумарбүнү жакшы эле аркы-терки калчап, ысык-суугуна кактады. Турмушта көп азапка туруштук берип, жеңилбей жеңе билсе жашоо эртеби-кечпи өз жемишин берээри бышык эмеспи. Анын сыңары Кумарбү ийилбеди, ноюбады өзүнүн көтөрүмдүүлүгү менен балдарын бойго жеткирип, өтө кыйын болбосо дагы өз-өзүнчө түтүн булатып койду. Үч уул, бир кызы бар.
Эми өз ордуна жатып алып, өткөн балалыгы жөнүндө ойлоду…
Кумарбү көп балалуу үй-бөлөдө чоңойгону менен баары ынтымактуу турушчу, эң улуусу эле Кумарбү, андан кийинкилери жаш. Атасы Сарыбай, апасы Уларкан, алар учурунда жай гана турмуш өткөргөн адамдар эле. Уларкандын ата-энеси жок, жалгыз сиңдиси Чынаркан оорудан каза болгондон кийин анын эркек баласын өз балдарына кошуп багып алган, атасы бага албайм деп, кээ-кээде келип-кетип турчу. Өмүрбек кичинесинен эле тентегирээк болуп өсүп келе жатты, Кумарбүдөн бир жаш кичүү. Бир күнү экөө эшикте жүрүп, уруша кетишти.
– Сен эмнеге менин дептеримди уурдап аласың, сурабайт белең? – деп жини келген Кумарбү аны жонго бир муштады.
– Сурабаса эмне болмок эле?
– Сурашың керек болчу, эгер дагы ушинтсең көрөсүң бирди, – деп дагы бир муштады.
– Эмне чабасың? – Өмүрбек Кумарбүнү түртүп ийди.
– Сени тарбиялаш керек, болбосо жанда жок тентек болуп кеттиң!
– Сен тарбиялайт белең мени, оозуңду жаап калчы!
– Ата-энең болбосо биз тарбиялайбыз да, апамды болсо укпай баратасың, анан кимди угасың ыя? – деп Кумарбү аны карысынан чымчып алды. – Көзүңдү ачып жүр!
– Эй, эмне чымчыйчың, таежеме айтам, – деп Өмүрбек бир койду. Алардын чукулдашып кирип келе жатканын уккан Уларкан сыртка чыга калды:
– Эмне болуп кетти?
– Мени ата-энеси жок жетимсиң деп жатат, – деп Өмүрбек бырылдап ыйлай мурдун жанып алды.
– Жинди болдуңбу? – Уларкан кызын жекире карап, жемелеп кирди. – Экинчи антпей жүргүн.
– Өзү эмнеге менин дептеримди уурдап алат, желмогуз, бейбаш!
– Бас үнүңдү, экинчи ушуну жетим деп көр, тилиңди жулуп алам, жетим эмес, атасы келип жүрбөйбү?
– Ошол багып коюптурбу, биз багып жаткандан кийин ээнбаштык кылбай жүрбөйбү, атам экөөңөрдү болсо угуп да койбойт.
– Сен эмне болуп калгансың, акылыңдан аздыңбы ыя, Өмүрбекти Узактан кем көрбөгүн, – деген Уларкан кызын бир муштап, Өмүрбекти үйгө жетелеп кирип кетти. Кумарбү тултуңдап алардын артынан кирди.
– Өз балаңардан дагы ашык көрүп бакканыңарды баалайт бекен көрөм, эмитен тил албайт, мектепте ээнбаштык кылат, мугалимдеринен бир күнү угаарсыңар.
– Сен эмне болуп калгансың, Өмүрбекти жоготоюнбу эми?
– Өзүңөр билгилечи! – деп коюп Кумарбү ичкери кирип кетти.
– Садага болоюн десе, бейбаштык кылбай жүрбөйсүңбү, апаңдын арбагы үчүн сен адам болушуң керек, жакшы адам болгун, – деп Уларкан жашын аарчып, өз ишине киришти. Кумарбү төртүнчү класс, Өмүрбек үчүнчүдө окуйт. Эртең менен Кумарбү сабакка кеткенде Өмүрбек анын карандаштарын алып, дептерлерин барагынан айрып, самолет жасап кескилеп ойной берчү, эми андайын коюп калды. Ошентип балалыктын тааттуу да, ачуу да күндөрү акырындык менен өтүп эсейе башташты. Өмүрбек сегизинчи, Кумарбү тогузга окуп калганда Уларкан катуу ооруп калды. Ал ооруканага жаткандан бери Кумарбү инилерин өзү карап, атасынын таап келгенин үнөмдөп, кадимкидей бир үйдү өзү тейлеп калган. Өмүрбек өтө ээнбаш, күндөп-түндөп үйгө жолобой жүрүп, мектепти бүткөн жылы уурулук кыла коюп соттолуп кетти. Анда мыйзамдын күчтүү убагы, эки жылдан кийин жазасын өтөп, бошонуп келди. Бул убакта атасы Тейитбек көп ичип, үй-бүлөсүнөн да айрылып, жалгыз жашап калган. Ошондуктан Өмүрбек кайра эле Сарыбайдын үйүнө келген. Уларкан төшөк тартып жатат. Кумарбү же окуудан жок, үйдө. Өзүнөн кийинки иниси да чоңоюп, эң кичүүсү биринчи класска окуп калган. Төрт иниси, бир сиңдиси бар. Тумарбү чоңойгондон бери эжесине жардам бергенге жарап калды. Сарыбайдын таап келгени бой жеткен балдардын ичкен-жегенине менен кийимине, же Уларкандын дары-дармегине жетпей абдан каржалып баратты. Акыры ал совхоздун директоруна кирип, иш сурады. Кароолчулукка орношуп, жөлөкпул алып, бир аз оңоло түшүштү. Өмүрбек дале үйгө токтобойт, ал абдан келишимдүү, узун бойлуу, кер мурут жигит болгон. Кийинки кездери Кумарбү ага кантип имериле түшкөнүн өзү дагы байкабай калды. Өмүрбек үйдө болгондо кызга тамашалап тийишмей адаты бар.
– Кумарбү, сени качан күйөө алат ыя? – деди бир күнү колундагы алманы ыргытып ойноп, кайра карсылдата чайнап.
– Сенин эмнең кетип жатат?
– Кара далы болуп кеттиң го дейм?
– Мени алчу эмес, мен тийчү эркек азырынча жок.
– Ох-хо кыздар, текеберлигиңерден баарынан куру калып, кийин гана өкүнөсүңөр, – деди жылмая.
– Өзүңчү?
– А мен сен айтмакчы жетиммин, ким үйлөнтмөк эле…
– Иште, анан баары болот да, атам байкушка деле кыйын болду, апам оорубаганда мен дагы иштеп жардам кылмакмын, – деди Кумарбү муңая.
– Таежем жакшы болуп кетсе мага дагы жакшы болмок, жездем келгенде мага иш таап бер дебесем, – деп Өмүрбек тамашасын унута бөлөсүнөн уяла түшкөндөй болду.
– Азыр совхоздо жаштарды жумушка алат, кирем деп барсаң болот да.
– Билбейм, түрмөдөн келгенимди укса иш бербейт го?
– Анда атамдан сурап көр, колоктоп бош жүрбөй иштесең кыздарды дагы жолуктурасың, адам болуш аста-аста дегендей.
– Чоң энемдей болбой жөнчү, – деп жылмая сыртка чыгып кетти, кайра эле кирип келип, – сени бирөө чакырып жатат, – деди.
– Ким экен?
– Билбейм, өзүң көрсөң тааныйсың да.
– Азыр, – деген Кумарбү адегенде терезеден карады, мектепте жүргөндө бир-эки жолу кат жазган Аскат деген бала экен. Ага жооп бербей койгон, андан кийин аскерге кетип калган, ошол бойдон көрө элек болчу. «Чыкпай эле койсомбу», – деп турганда анын жанына Өмүрбек барып сүйлөшүп калды. Аларды көпкө карап турду. «Эмнени сүйлөшүп жатат болду экен, Аскат эмнеге келди? Эмнеси болсо дагы сүйлөшпөй эле койойунчу, апам төшөктө жатса, мен эркектер менен туруп алганым болбойт», – деген чечимге келди да, өз ишин улантып кирди.
– Кума-аш! – деген Уларкандын үнү угулганда ички бөлмөгө кирди.
– Апа, эмне болду?
– Тузу жок ашың барбы, кызым?
– Ооба, катыгы жок болуп жатат.
– Катыгы жок эле бере берчи.
– Макул.
– Атаң келе элекпи?
– Жок.
– Өмүрбекчи?
– Эшикте жүрөт.
– Чакырчы, Узак менен Кубатчы?
– Алар мектепке кеткен, апа, экөө тең экзамен беришет да.
– Тумаш кайда жүрөт?
– Ал кир жууп жатат, мен тамак жасадым, атам ачка келет чыгаар.
– Турат менен Мурат ойноп жүрөбү?
– Аларыңдын оюндан башка жумушу жок.
– Мейли, ойносо ойной берсин, бүгүнчө катыгы жок эле ичип турам, уй дагы байып баратат окшойт, сүт аз чыгып калдыбы?
– Ооба.
– Садага болоюн сербейген, мени карайм деп кыйналдың го, же ары, же бери болбой мен дагы силерди кыйнадым ээ?
– Апа, анте көрбө, сен сакайып кетесиң, мен кыйналбайм, апке! – деп Уларкандын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап ийди. – Антип айтпачы, апа, мен тамак алып келейин.
– Алып келе гой, – деп Уларкан улутуна жатып калды. Кумарбү чоң чыныга тамак алып келип, жупкадан туурап берди.
– Кумаш! – деген сырттан Өмүрбектин үнү угулду, ага улай эле Тумарбү кирди.
– Кумаш эже, сизди бир бала чакырып жатат.
– Колу бошобойт деп койчу.
– Ал ким экен? – Уларкан Тумарбүнү карады.
– Тааныбайм.
– Ким? – деп кайра Кумарбүдөн сурады.
– Көргөн жокмун, классташтарым го…
– Жолуксаң жолугуп кой, кызым.
– Кереги жок, апа.
– Мени багам деп багыңды байлаба, кызым, эптеп жакшы болуп кетээрмин. Өзүңдү дагы ойлон, убакыт деген аркыраган дайра, кантип өтүп кеткенин байкабай кийин өкүнүп каласың. Кудайга шүгүр, баягыдан жылыш бар, табитим жакшы…
– Жакшы болуп кеткениң керек, апа, балдарың эми чоңойгондо жакшылыгын көрсөң, жаманды ойлобочу, макулбу?
– Секет кетейиндерим десе, оорунун азабын үч жылдан бери тартып келе жатам, сен болбосоң балдар эмне болот эле, жаштайыңдан түйшүк тартып калдың, – деп Уларкан оор үшкүрүнүп алды. – Өмүрбекти кир дечи бери.
– Макул, – деп Тумарбү чыгып кетти.
– Таеже, чакырдыңбы?
– Отурчу мындай.
– Угуп жатам.
– Сүйлөшкөн кызың барбы, балам?
– Кайдан, түрмөдөн келген кишини ким карайт, таеже, – деди Өмүрбек башын жерге салып. – Аны эмнеге сурадың? – Уларканды көңүл бура карап, кулак түрүп калды.
– Ылайыктуу кыз тапсаң үйлөнтөлү дедик эле.
– Таеже, ал жөнүндө ойлоно элекмин.
– Мени көрүп турасың, Кумаш болсо мени багып кыйналды, же бир сыртка чыкпаса, багы байланып отурат, күйөөгө чыгып өз бактысын тапса болот эле. Сени үйлөнтсөк анан ага да жол ачылат. Бир жаш кичүү болсоң дагы сен деген эркексиң, ошондуктан Кумарбү сенден кийин деле турмушка чыгат.
– Кабатыр болбо, таеже, баары жакшы болот, таажездеме айтып иш болсо иштеш керек эле…
– Тааныштарына айтып көрсүн анда.
– Ооба, адегенде иштейин.
– Ошент, садага, иштеп эл катары оокатыңды өткөр, апаң байкуш жашында ооруп өлбөгөндө сен дагы бир туугандуу болуп, ата-энеңдин маңдайында болот элең. Эми Узак менен Кубаттарга бир туугандай бол, садага, беркилер го жаш, – деп Уларкан көкүрөк өйүгөн санаасын чыгара оор дем алып алды.
– Балалык кылып, силердин сөзүңөрдү укпай жаман жолго түштүм, эми кеч болсо да силердин эмгегиңерди ойлоп уялып жүрөм. Таеже, өз ата-энем болсо да силердей карамак, – деди Өмүрбек улутуна. Алар сүйлөшүп отурганда Сарыбай кирди, артынан балдарынын баары кирип, чогуу дасторкондо отурушту.
– Өмүрбек, – деди Сарыбай анын ички сырын туюп тургандай, – жакында жер айдоодо малага киши керек экен, иштейсиңби же?..
– Иштейм, таажезде, ага чейин деле жумуш болсо иштеш керек эле.
– Анда мен эртең эле сүйлөшөм, мени менен бар, макулбу?
– Макул, өзүм дагы иш издейин деп турдум эле.
– Бош жүргөнүң болбойт, балам.
– Ата, мектепти бүтөөрүм менен мен дагы иштейинби? – деди Узак.
– Өмүрбек экөөңө бир трактор алып берип койойун анда.
– Макул, иштей беребиз, – деп көпкө кобурашып отуруп, анан жатууга кам урушту.
Кумарбү уйкусу келбей ооналактап көпкө жатты. Анан Өмүрбекти ойлоду: «Менден бир эле жашка кичүү да, эмне болмок эле? Аны өзүм жакшы көрүп баратат окшойм, бөлөгө жол бар деп уккам. Балким башка жигиттер менен сүйлөшпөй, бир эле Өмүрбекти көрүп жүргөнгө ушундай сезилип жаткандыр. Аскат мени башынан эле жакшы көрөт, менчи, мен аны сүйөмбү? Чынында сүйүү дегенди түшүнбөйт дагы болсом керек», – деп ары-бери оонап жатып, кеч уктады. Эртеси Өмүрбекти Сарыбай ээрчитип барып, жумушка киргизди. Совхоздун майда-барат жумуштарына адам керек болуп жаткан, жазгы эгин-тегин айдоого тракторлорду даярдаганга механиктин жардамчысы болуп орношту. Уларкан күндөн-күнгө сакайып, өз алдынча кирип чыга баштады. Кумарбү кубанып жүрдү, балдары менен бабырашып, үй-бүлөгө бакыт жылмайгансыды. Сарыбай дагы жумуштан келгенде көңүлү жайдары:
– Оо, байбиче, ал-акыбал кандай? – деп аялынын акыбалын сурап кирет. Бүгүн дагы ошентти.
– Жакшы, жумуш бүттүбү?
– Бүттү, биздин маңдайыбызга сен аман болсоң эле баары жакшы болот, санаам тына баштады, балдарымдын да көңүлү ачык, – деп бабырай төргө өттү.
– Кудайга шүгүр, мурункудан дурусмун, Кумашты деректирге сүйлөшүп иштетип койсоң боло, үйдөн чыкпай чүнчүп кете турган болду?
– Эчтеке болбойт, кыздын үйдөн чыкпаганы жакшы, андан көрө Кумашты күйөөгө беребиз, – деп атасы бакылдаганда сырттан кирип келаткан Өмүрбек менен Кумарбү бири-бирин карап калышты. Аларды байкабай эле Сарыбай сүйлөй берди. – Менин баягы досум Болсунбек бар го, ошол шаарда жашайт эмеспи. Көп жылдан бери көрүшпөй калдык эле, мурдагүнү агасы Толкунбектикине келиптир, жолугуп калдык. Бала кезден эле дос болчубуз, балалуу болсок дос кылабыз, бирибиздики кыз болсо куда болобуз деген сөзүбүз бар эле, ошону айтып бир топ сүйлөштүк. Эмки айда аялын, баласын ээрчитип келмек болду.
– Койсоңчу, балдар бири-бирин көрбөсө кандай болот?
– Ошондо көрөт да, байкашат бири-бирин. Иши кылса кызым бактылуу болот. – Ошол кезде Өмүрбектин тамагы кычышып, жөтөлүп жибере жаздап эшикти көздөй жөнөдү. Дабышты кулагы чалганбы, – Кумаш, сенсиңби? – деди Сарыбай. – Кел, жаныма отурчу, кызым.
– Ооба, ата, – деп Кумарбү оозгу үйдөн чыга келди.
– Ийи, кызымды кудай буйруса жакшы жерге беремин, баланын бактылуу болушун ата-эне тилейт экен да. Буйруса апаң жакшы болуп калды, туугандарымды чакырып, берген малдарын чогултуп албасам болбойт.
– Ата, эмне деп эле жатасыз?
– Куда түшөбүз дегендер болуп жатат, кызым.
– Коюңузчу, ата, кереги жок, – деп Кумарбү ордунан туруп кетти.
– Сени бактылуу болсо экен дейм да, кызым, сенден кийинкилер да бойго жетип калды, Өмүрбекти үйлөш керек.
– Андан көрө Өмүрбекти үйлөнтө бергиле.
– Эжеси турса иниси кандай үйлөнөт, Өмүрбек үйлөнсө күйөөң менен келип турсаң жакшы эмеспи. Бүгүн бир койдун этин алып келдим, он үч сом дейт, айлыктан кармай турган болду. Өмүрбекке айтчы, бузуп тамак жасагыла.
– Макул, – деп Кумарбү эшикке чыгып кетти.
Өмүрбек кире бериште турган, аны көрүп, атайын чычалатмакка тийише сүйлөдү:
– Күйөө балалуу болот экенбиз да?
– Сага күйөө бала болмок беле? – Кумарбү жактыра бербей карады.
– Ой жезде-жезде, адашып калган турбаймынбы.
– Жинге тийбечи, атам этти бузсун деп жатат.
– Жарайт, бөлөм, кол жууп алайын, – деп шыпылдай колун жууп келди да, оозгу бөлмөдөгү чыпта капта турган этти кленкага салып, бузуп-бузуп бере салып, эшикке чыкты. «Демек, Кумашты күйөөгө бермек болушту, анан мени үйлөнтүшөт. Менин Кумашты жакшы көрөөрүмдү билсе каршы болушат го, бактылуу кыла алаарыма ишенишпейт, ишенген күндө да ал экөөбүздү үйлөнтүүнү ойлоп коюшпайт. Өз жолум менен болгонум эле оң болоор», – деп ойлонуп жатты.
– Ээ, Өмүрбек, быйыл күздө үйлөнбөсөң болбойт, – деди жанына келген Сарыбай.
– Таажезде, мен али ойлоно элекмин…
– Эмнеге, эми сен жигит болдуң, жыйырмага чыгып калдың, үйлөнөөр маалың келди. Таежең да оорукчан болуп калды, жардам берип келин жумшатсаң жакшы болот эле, балам.
– Байкаштырып көрөйүн, таажезде.
– Ошент, эми сен чоң жигитсиң, атаңа да бир барып койсоң жакшы болмок, оңолбогон адам болбойт, жакшы сөз, жакшы мамиле керек. Тейит Чынарканды жакшы көрчү, кийинки аялдары ошондой болбосо керек, ойго алдырып койгон экен. Бир барып, учурашып кел ээ, айлыгың тийгенде.
– Макул.
– Кандай күндө болсо дагы, кандай адам болбосун ал сенин атаң, сен анын канысың, аны ошол азаптан сууруп чыгып адам катарына кошушуң керек. Ата-энени жээриген ата-бабабыздын салтында жок, орусташып кетип, элдин пейили өзгөрүп, салтты-динди бузуп эле карыларыбыз карылар үйүнө түшүп жатпайбы, – деп Сарыбай бир топко чейин акыл айтты.
– Мейли, атамдын акыбалы тигил экен, бир туугандары кабар алып койбоду. Сиздерге ыраазымын, мени багып чоңойтуп эми үйлөнтөбүз деп жатасыздар, атаңды кара деп акыл-насаат айтасыз.
– Эми алардын да шарты болбой жаткандыр, таарыныч-кекти каапырга бер деп коюшат бизде, сен көтөрүмдүү бол, балам.
– Айтканыңызга ыраазымын, иштейин, анан барып келем.
– Ошондой кыл, быйыл Кумаш экөөңдү өз-өз жайыңарга орундатып койсом, бир-эки жылда Узагым чоңойот. Мектебин бүтүп алса совхозго эле трактирис кылам аны. Кой, тамак бышса ичип алып, эс алалы.
Үйгө киришсе Кумарбү баарын даярдап жаткан экен. Бала-чакасы болуп тамактанып, күнүмдүк оокат-тиричилиги жөнүндө сүйлөшүп жатышты.
– Сен балдарга энчилеген козуну айтасыңбы? – деди Уларкан жаткандан кийин.
– Ооба, мага бергиле деп барганым жок, эми балдар чоңойду, беш кой, бир торпокту алалы доолап, – деп Сарыбай күлүп калды. – Эмдигиче кайнага берген торпок беш торпок тууп койгондур, козулар кой болмоктон болду да.
– Ооба, ошолорду башында неге ойлонбодук экен? Алып алгыла деген былтыр.
– Атасынын гөрү, дегеле жутунбаптырбыз да, байбиче?
– Кудай берет.
Ошентип мамыр-жумур үй-бүлөдө кайрадан күлкү чыгып, бактылуу балалыктын жылмаюусу менен ата-эненин сүйүүсү бири-бирин толуктап, өмүрдүн кызыкчылыгына батып, ар бир күн майрамдай сезиле баштады. Сарыбай айткандай эле кайнагасы Болотбекке барып, андан музоолуу уй алып келди. Туугандарынан улак, кой-козусун алып, Текебай деген койчуга кошуп койду.
Досу Болсунбек жай ортосунда үй-бүлөсү менен келип калды. Аларды козу союп, колунан келишинче коноктошту. Уулун көргөн Кумарбү негедир толкунданып алды. «Ата-энем эмне десе ошомун да, Жакин жакшынакай бала экен, чанып кайда бармак элем. Маңдайыма жазып койсо кайда качмакмын», – деп ойлоп, кайра-кайра күзгүгө каранып, бою-башын түзөндү. Илбериңки кыймылдап, тамак-ашты ирээти менен киргизип берип жатты. Болсунбектин аялы Фарида шакылдаган неме экен, Кумарбүнү карап:
– Кызым, кел отур, биз менен тамактанчы, – деди.
– Жо-ок, отура бериңиздер, – деп кыз ыйбаа кыла сыртка чыгып кетти.
Болсунбек баласына башын ийкей: «Бар, тааныш», – дегендей белги берди эле, Кумарбүнүн артынан ал дагы чыкты. Өмүрбек шорпо куюп, эт туурап отурган, ичинен кызганып араң чыдап отурду.
– Кудай буйруса, балдардын насиптери биригип, мамилеси жакшы болуп кетсе бат эле үйлөнтөлү, убакытты созгондо эмне, – деди Болсунбек бапылдап.
– Адегенде эки бала бири-бирин жакшылап таанып, жактырышып калса калганы биздин колдо эмеспи, досум, бала кездеги кыялдарыбыз ишке ашса кандай кубаныч.
– Ашыкпагыла эми, балдар бири-бирин жактырабы-жокпу, убакыт көрсөтөт. Андан көрө тамактан алгыла, канча жылдан бери бири-бириңерди көрбөй сагынышып калгандырсыңар? – деп Уларкан күлүп калды.
– Ай, ошону айтсаң, биз кыз экенбиз да, кандай гана ынак курбуларыбыз менен көрүшпөй да калдык, силер болсо досум бар, катышпасам болбойт деп эле айдап жөнөйсүңөр, – деп Фарида аны сүрөп калды.
– Ооба десең, эгерде сен экөөбүз бир кездеги курбума кудалашалы десек, ушулар макул болмок беле?
– Кайдан, бизди уккусу да келмек эмес.
– Эркекти кудай бир сүйүп жаратып койгон тура, – деди Уларкан каткырып.
– Эркектер чынында бала жаратып, бак-бак сүйлөгөндөн башка дегеле эмнеге жарайт ыя? – Фарида Уларканды коштоп каткырганда Болсунбек аларды карап ормойду.
– Ой-оой, бу катындар эмне дейт ыя, атаңдын көрү-ү ай!
– Булар сүйлөй берет, ырасында биздин сөз булар үчүн закон да, эми кээде өз ойлорун айтып алышсын, – деп Сарыбай карс-карс күлдү.
Ошол убакта сыртта Кумарбү менен Жакин сүйлөшүп турушту.
– Кумарбү, сени менен таанышканыма абдан кубанычтуумун, – деп Жакин кызды жылмая карады.
– Мен дагы, – деди Кумарбү уялыңкы жер карап.
– Жигитиң барбы, Кумарбү?
– Болушу мүмкүн, өзүңүздүкүчү?
– Мен ата-энемдин каалаганына үйлөнөм го.
– Эмнеге?
– Анткени мен ата-энемдин сөзүн кайтаргым келбейт, алар да мага жакшылыктан башка каалабасын билем.
– Жүрөктү кантесиз?
– Жүрөктө бир кезде бирөө жашаган, – деп Жакин ойлуу аны карады.
Ушул кезде анын көздөрүнөн кыз жалтанып кетти.
– Эмне болду эле?
– Анын өмүрү кыска экен…
– Жаман болуптур.
– Айла жок, башка салганды көтөрбөскө бир арга барбы.
– Андан кийин башканы сүйгөн жоксузбу?
– Жүрөгүм бош, мүмкүн болсо сүйлөшүп туралы.
– Убакыт болсо.
– Ата-энелерибиз биз үчүн кам көрүп жатышат, алардын үмүтүн акташыбыз керек го дейм…
– Ким билет, балким тагдырыбыз таптакыр башкачадыр…
– Билбейм.
– Кыскасы, жүрөгүң бош болсо болду, эртең биз кетебиз, сен биз менен шаарга барып келбейсиңби? Шаарды көрсөтөм, кең-кесири сүйлөшөбүз.
– Жо-ок, мен баралбайм, үйгө кириңиз, мен чай алып киришим керек, – деп Кумарбү үйдү карай кирип кеткенде Жакин өзүнчө көкүрөк кере жылмайып алды.
«Демек, сен меники болосуң, мен сени сүйүп өтүүгө сөз берем. Арууке менин жүрөгүмдө жашай берет, а сен анын көчүрмөсү болуп, өмүрүмдү аруулукка бөлөйсүң. Мен сени бактылуу кылууга аракет кылам, Кумарбү», – деп өзүнчө таттуу кыялдарга бериле көпкө басып жүрүп, анан кирди. Бул кезде ата-энелери орто кызуу болуп, ырдай башташкан эле.
– Оо, кел, уулум, кандай, аяш атаңдын жери жактыбы? – деп бакылдаган Болсунбек уулуна колун созду.
– Ата, бул жер менин дагы жерим эмеспи.
– Туура, сен акылдуу баласың да, менин айтканымды түзүк түшүнө албай калдыңбы? – деп аялына көз кысып койду.
– Обуң менен болсоң боло, баланы уялтпай, – деп Фарида күйөөсүн тыя сүйлөдү. – Кел, балам, отур мындай.
– Силер отура бергиле, мен тиги бөлмөгө эс ала берейинчи.
– Эмне болду? – Болсунбек баласын делдейе карады. «Кудай уу-ур, буга кыз жакпай калган го», – деп да ойлоп ийди.
– Эчтеке болгон жок, – деп Жакин эшикти көздөй басканда:
– Уулум, бул бөлмөгө кирип, эс ала бер, Кумаш азыр орун салып берсин, – деп Уларкан төркү бөлмөнү көрсөттү, анан кирип келе жаткан Кумарбүнү көрүп, – Кумаш, Жакинге орун салып берип койчу, – деди ага.
– Макул, – деп Кумарбү Жакин кирген бөлмөгө кирип, төшөктөн калыңдап салып, кайра чыкты.
– Чарчаса керек, жаштар да, – деп койду Сарыбай. Андан кийин отуруш түн бир оокумга чейин уланып, бака-шака болуп отуруп, анан жатып калышты. Эне деген эне эмеспи, түнү бою кызынын камын ойлоп чыкты. «Кумаш жактырабы же жактырбай койоор бекен, жыйырма бирге чыгып калды, мен мындайымда эки балалуу болуп калдым эле. Бактылуу эле болсо экен, каралдым, өз каалаганына барса кандай жакшы. Өзү дагы ички сырын жан адамга айтпаган бир сырдуу кыз болду, садага, кудай багын ачса экен, жаратканым, тилегимди берип, кызымды бактылуу кыла гөр», – деп улутуна ары карап кеткенде Сарыбай:
– Сага эмне болду, байбиче? – деди акырын.
– Эчтеке.
– Кабатыр болбо, кызыбыз аларга жакты.
– Аларга го жакты дейли, Кумашты ойлодуңбу? Кызым бир мүнөз кыз, жакса-жакпаса да билдирбейт, негизгиси ал биздин өзүнө жамандык каалабасыбызды билет.
– Аның туура, эми көрө жатаарбыз, күмөнсүбөй уктап эс ал, байбиче.
– Макул, үйдө конок бар, эрте турабыз, уктайлы анда.
– Ооба, уктайлы, байбиче.
Экөө эки жакты карап унчукпай калышты.
Адам канчалык өткөн өмүрүндөгү жаман-жакшы окуяны жокко чыгарып, жашырып өткүсү келгени менен тагдыр дегениң сууга салсаң чөкпөй жээкке чыгып калган дөңгөч сымал бир күнү ачыкка чыгарып койоору чындык эмеспи. Өмүрбектин андан бетер уйкусу качып: «Кумашты эч кимге бербейм, мен аны сүйөөрүмдү таежеме ачык айтам», – деп ойлонуп жатты. Кумарбү болсо: «Менин Өмүрбекти сүйүшүм туура эмес, аны атамдар өз балдарынан кем көрбөйт. Ал эми Өмүрбек менин сүйүүмдү билбеген бойдон калсынчы, айтор кудайым бакыт берсинчи, ата-энем аман болсо болду», – деп ооналактап жатып, кеч уктады. Эртеси уктап калган экен, Уларкан аны тим койду. Болсунбектер тургуча кызыл шорпо жасап, дасторконун даярдап күтүп калды. Сарыбай болсо баш жазганга русский арагынан экини көтөрүп келатканда эшиктин алдында турган Болсунбек аны көрүп күлө:
– Азандан кайда барып келе калдың? – деп калды.
– Кемпир укпасын, баш жазганга бирдеке алып келе калдым, – деп култуңдай досун үйгө ээрчитип кирди. – Кудай уруп, сенин келгениңе кубанып, көп ичип коюптурмун, баштын ооруганын айтпа.
– Баш жазса жазалы, дос, аяш эмне кылмак эле, биздин ысык-суугубузга баары бир ошолор күйөт да. Кыскасы, энесин көрүп кызын ал дегендей аяш бизге жакты, бактың бар экен, досум, Уларканга жолугупсуң.
– Ой, мен Уларканды сүйүп алгамын да, ооруп калганда санаадан өлө жаздадым, – деп экөө кобурашып кирип баратканда дааратканадан келе жаткан эки аял алардын сөзүн угуп, бири-бирин карай жылмайып коюшту. Алар жуунуп үйгө киргенде эрлери бирден алып ийип, билмексен болуп отуруп калышкан эле.
– Ий, кайрандар, баш жазып жатасыңар? – деди Фарида күлө.
– Эми-и, байбиче, силер бар биздин багыбыз бар да, отуз жылдап көрүшпөй кеткен дос болсок, бир жолукканда жакшылап чардап алалы.
– Ошону айтсаң, баары бир экөөңөрсүз биздин күнүбүз жок да, – деп Болсунбек Сарыбайды коштогондо эки аял ого бетер күлүп, ыраазы боло унчукпай калышты. Түшкө чейин бакылдашып отуруп, бир убакта Болсунбек аялына кайрылды:
– Ой, биздин жаштар алиге уктап жатабы, Жакинди тур де, байбиче, жолго чыгалы.
– Ал турган, азыр жуунуп келет, – деди Уларкан.
– Аа-а, мейли анда, кетпесек болбойт биз дагы.
– Кетээрсиңер, ботом, шашпагыла бүгүн, эртең деле кетээрсиңер, – деп Уларкан Болсунбек менен Фариданы карады.
– Кетпейт, бул жайдын толуп турган убагы, өзөнгө барып кечке отуруп келели. Этиңден ал, Улаш, шишкебек бышырып жеп, артынан ак моюндан ичип бир жыргайлы, – деген Сарыбай досун карады. – Сени бүгүн бошото койот деп турасыңбы? Сайраган куштун үнү, суунун шары, ар түрдүү жыпар жытын чачкан кооз гүлдөрдү аралап, жаштык кезди бир эске салып көпөлөк кубалап ойноп келели, балык салабыз.
– Досум, сенин али жаштык менен коштошо албай жүргөн кезиң го, баягы кыз жандап гүл терген кезди кырктан ашканда элестетелиби? – Болсунбек Сарыбайга карап, санын чаап, каткырып калды.
– Ой, аяшыңды мен сүйгөндөй эч ким аялын сүйгөн эместир.
– Акырын эми, бакылдабай, балдар укса уят.
– Укса эмне экен, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, керек болсо сүйүүнү ызааттап-сыйлаганды бизден үйрөнүшсүн, – деп Сарыбай кеп жебейт. – Эчтекени түшүнбөй туруп эле «сүйөм, күйөм» деген менен сүйүү эмне экенин билбейт азыркы жаштар.
– Туура, Саке, чыныгы сүйүү деген уламыштарда, дастандарда гана болот десе, менин досум өзү сүйүүнүн символу тура, – деди Болсунбек.
– Кемпир, тез даярдан, ат-таасынын гөрү, бир ойноп келели.
– Макул эми, биз Уларкан экөөбүз даярдай койолу, – деди Фарида күлө ордунан туруп. Арыдан-бери алчусун алып, Болсунбектин машинасына казан-табагын жүктөштү да, өзөн бойлой кеткен жолго түшүп, төртөө капчыгай жакка жөнөштү. Кумарбү туруп, үйлөрүн жыйнап, инилерине чай берип, кайра жыйнап, колу бошогон жок. Өмүрбек менен Жакин сыртта сүйлөшүп турушкан, бир кезде Өмүрбек жумушуна кетти. Үйүн жыйнаштырып бүткөн Кумарбү инилери ойноп кеткенден кийин Тумарбүгө:
– Сен суу жылытчы, кир жууй койолу, – деди үйгө кирип баратып.
– Макул, – деп Тумарбү элпектене казанга суу куюп, от жагып жатканда Жакин Кумарбүнүн артынан кирди.
– Кумарбү, кандай?
– Жакшы, өзүңүз кандай эс алдыңыз?
– Эң сонун, сени көрүп көңүл жайланып, уктап калыпмын.
– Жомоктогудай сүйлөйсүз.
– Сени көргөнү жомоктогудай жашоону элестете баштадым.
– Кызык экен.
– Мен кызыкты деле сезбедим, чыныгы жашоону гана сезип турам.
– Кайда экен?
– Сенин көздөрүңдө.
– Кантип билдиңиз? – Кыз саал жылмая карады.
– Көрүнүп турат.
– Көздөн окуй турган аппаратыңыз барбы?
– Айрыкча сенин көздөрүң мага көп нерсени айтып турат, бирок сенин оюңду билүүм керек.
– Табышмак… – деп бырс этип күлгөн кыз сыртка карай жүгүрүп кетти.
Жакин сыртка чыкса ал шатыга чыгып, жаагын таянып отуруптур.
– Эмнени ойлонуп калдың? – Жакин кыздын жанына келип, жылмая карады.
– Эчтеке.
– Жо-ок, бир нерсени ойлонуп жатасың.
– Атыңыз Жакинби?
– Ооба, эркелетип Жакин дешет.
– Чыныгы атыңыз ким?
– Жакыпбек.
– Мен Жаныбек болсо керек деп ойлогомун.
– Эмнеге?
– Билбейм, негизи Жакин деп кыздарды айтышат го?
– Балким, мени атамдар ошентишет.
– Кайсыл окууда окуйсуз?
– Тарыхчы болот го.
– Жакшы экен.
– Сенин окугуң келбедиби?
– Менин шартым болбой калды, бирок эми деле убакыт бар деп ойлойм.
– Албетте.
– Жакшы эс алыңыз, мен жумушумду жасайын, – деп Кумарбү жылмая туруп кетти.
Жакин да аны жылмая карап калды. Күнү кечке жумуш менен алышып, жаңы гана бүтүп калганда Өмүрбек жумуштан келип калды. Жанын койоорго жер таппай, жан дүйнөсүн эзген санаадан жабыркап, үйгө келсе Кумарбү менен Жакин дасторкондо чай ичип отурган экен. Кабак бүркөй отуруп калды, Кумарбү ага чай сунду.
– Кел, Өмүрбек, иш кандай? – деди Жакин.
– Жакшы.
– Эмнеге кабагың бүркөө? – Кумарбү сурап койду.
– Жайынча эле, – деп чыныны кармап, жооп берди Өмүрбек.
– Ишиңде бирдеме болдубу?
– Жо-ок, өзүмдүн көңүлүм жок.
– Сүйгөн кызың менен таарынышып калган жоксуңбу? – деди Жакин күлө карап.
– Сүйгөн кызга сүйөм деп айтуу оор болуп жатпайбы?
– Эмне, мококсуңбу?
– Андай эмес, бирок мүмкүн да эмес.
– Кандайча?
– Ошондойчо, аны ата-энеси күйөөгө бергени жатат!
– Эмнеге? – Кумарбү аны жалт карады. – Эбак эле атамдарга айтпайт белең?
– Эмне деп айтам? – Өмүрбек ага кыжырлуу жылмайды.
– Сүйгөн кызым бар деп, атам сага айтты эле го?
– Болбойт, болбойт, такыр болбойт! – деп тура калган Өмүрбек ичип аткан чайын таштап, эшикти көздөй чыгып кетти.
Жакин менен Кумарбү бири-бирин карап отуруп калышты.
– Жинди, атам алда качан эле үйлөн деп жүргөн, ошондо эле айтса болмок экен.
– Айталбаса керек да.
– Эмнеге айталбайт, атамдар муну тырмактайынан багып келе жатат, Узактан кем көрүшпөйт, кызынын ата-энеси менен атамдар сүйлөшөт эле го.
– Тартынса керек, аа-а, баса, ал өз иниң эмеспи?
– Мен чыгайынчы, – деп Кумарбү дагы тура жөнөдү, ал сыртка чыкканда Өмүрбек дарбазанын жанындагы жүзүмдүн түбүндө турган. Жакиндин суроосу жоопсуз калды, Өмүрбектин айтканынан улам Кумарбүнүн жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип кеткен эле. – Өмүрбек, ал кайсы кыз эле, мен тааныймбы? – деди жанына келип.
– Эмне, табалагың келип турабы, эжекеси? – Өмүрбек ызалуу бурк этти.
– Сени табалачу мен белем?
– Күлкүң келээр, табалаарсың, Кумаш, бирок мен бала кезден бир гана кызды сүйөм. Ал мени сүйөбү же сүйбөйбү билбейм, уктуңбу, билбейм!.. – деп жакшы эле оюндагыны айтып келатып, Өмүрбек Жакинди көргөндө кыжырлана ары басып кетти.
Жакин Кумарбүнүн артынан чыгып келаткан.
– Эмне болду?
– Эчтеке, – деп машина келип токтогондо Кумарбү жол жакка басты.
Сарыбайлар бакылдаша түшүп жаткан. Өмүрбек аларды карап коюп, короодон чыгып кетти. Уларкан менен Фарида орто кызуу, бири-бирин колтукташып, көңүлдөрү куунак. Кумарбү менен Жакин аларды утурлай чыкканда ата-энелер кубанып кетишти. Турат менен Мурат аларга чуркап жетип, машинадагы жүктөрдү тыпылдап үйгө ташып жатышкан эле.
– Окшошкон садагаң кетейиндер, сүйлөшүштү бекен ыя? – деп акырын Уларканды нукуп койду Фарида.
– Ким билет, шартты болсо түзүп бердик, – деп Уларкан дагы шыбырай күлүп калды.
– Уулум, кандай эс алдың? – деди Фарида Жакинге карап.
– Жакшы, апа, өзүңөр жакшы эс алып келдиңерби?
– Айтпа, укмуш эс алдык, суунун жээги, арча-кайыңдын арасында жайкалган көпкөк шибер, өзүнчө эле ажайып. Атаң ушундай сулуу жерди көрсөтпөй, бизди түтүнгө ышталган шаарда камап жүргөнүн карасаң, уулум, – деп жадырай күлүп, ээрчише үйгө киришти. Алар киргенде дасторкон даяр эле, кайрадан бака-шака түшүп, отуруп калышты. Ал күнү дагы түн ортосунан оогончо эстен кеткистей конок болушуп, эртеси эрте коштошуп, жолго чыгышты. Конокту узатып коюп, Сарыбай менен Уларкан эс алганы жаңы гана кыңкайганда Болотбектин тойго чакырып жатканын айтып, бир жигит келип калды. Аргасыз колдорунан келгенин айтып, тойго кетишти. Дал ошол күнү Өмүрбек сырттан кирип келе жаткан Кумарбүнү колунан кармап калды.
– Сага эмне болду?
– Сен Жакинге күйөөгө чыгасыңбы?
– Бешенеге буйруганын көрөм, а сен жинди болдуңбу?
– Ооба, жинди болуп баратам!
– Эсиңе келчи, түшүндүрүп айтчы деги.
– Сен мен айтканда түшүнөөр белең? – Өмүрбек Кумарбүнү карыдан кармаган бойдон койо бербей каректерине тигилди. – Түшүнөсүңбү, ыя?!
– Өмүрбек, эмне деп жатканыңды түшүнсөм өлөйүн…
– Түшүнбөсөң түшүн, билбегениңди бил, угуп ал жакшылап, мен сени сүйөм! – деди силкилдетип.
– Эмне-е?! – Кыз көздөрүн бакырайта оозунан сөзү түшүп туруп калды.
– Ооба! – Өмүрбек айласы кеткендей эки колдоп башын мыкчый тегеренип барып, кайра маңдайына келди. – Мен сени башынан сүйөм, сен мени түрмөчүк деп чанаарсың, теңиңе албайт чыгарсың, мени сүйүү көңүлүңө келбейт дагы, туурабы?
– Өмүрбек, биз деген бир туугандай болуп калдык, атамдар сени өз баласындай көрөт, биз бири-бирибизди сүйүүгө акыбыз жок экенин сен билип кой! – деп Кумарбү үйгө кирип кетти.
Өмүрбек үнсүз туруп калды. Ал күнү өзүнөн-өзү кыжаалат болгон Кумарбү майда-барат ишти Тумарбүгө түртө салып, эч нерсеге көңүлү келбей төркү бөлмөгө кирип отуруп алды. «Кызык, мен эле жакшы көрөм десем, Өмүрбек дагы мени сүйөт тура. Бирок биз эч качан бири-бирибизге жете албайбыз, атамдар бул жөнүндө эч качан билбеши керек. Эртелеп Жакинге тийип кетем, ошондо унутат, мен дагы унутам, менин эрким күчтүү, унутуп коюуга алым жетет», – деп өзүн-өзү кайраттандыра ордунан турду. Кеч кире баштаган экен, инилерин көчөдө ойноп жүргөн жеринен чакырып келип, кечки тамагын берди.
– Узак, трактор айдаганды үйрөндүңбү? – деп сурады Кумарбү Узак сырттан кирип, дасторконго отурганда.
– Ооба, буйруса жакында өз алдымча айдап калам.
– Азамат, эң чоңу сен болгондон кийин атамдарга сен карашың керек, окугандар кыйратып жатышыптырбы?
– Окууну окуйм десем атам кой дебейт, эже, бирок мен өзүм таптакыр окугум келбейт, иштесем да жашайм.
– Тракторист дагы кесип да, ар бир нерсенин эле акырына чейин ардактап алып жүрсөң берекесин берет, акыл менен иш кыл, иним.
– Макул, эже, иш буйруса жакшы, азыр жаштарды жумушка тарталбай жатышкан тура, атама баары рахмат айтып жатышат, – деп Узак кудуңдап койду. – Өмүрбек акем дагы мактоого алынып калды, буйруса ага дагы жакында өз алдынча трактор бергени жатат ээ, аке? – деп Узак баятан бери унчукпай отурган Өмүрбекти карады.
– Ооба, беребиз деп жатышат, – деди ал үңкүйгөн калыбында.
– Экөөлөп иштеп, атама жеңилдик кылгыла, – деп Кумарбү да жер карай унчукту.
– Биз дагы чоңойсок иштейбиз да, – деп Кубат эдиреңдеп калды.
– Сөзсүз иштейсиңер, атамдарды чогуу багабыз.
– Мен окуйм, колхозчу болбойм, – деди Мурат мурдун шуу тарта.
– Мейли, бир үйдөн бирөө окумуштуу болсо ажеп эмес, – деп Кумарбү күлүп койду. Андан кийин орун салып баарын жаткырышкан соң Тумарбү экөө өз бөлмөлөрүнө кирди.
– Эже.
– Ийи.
– Сизге Жакин аке жактыбы?
– Аны эмнеге сурадың?
– Атам аны күйөө бала кылам деди го?
– Айта берет, бир көргөн немени жакты же жакпады деп айтыш кыйын, анын сага эмне кереги бар, жатып укта.
– Атамдар эртең келеби?
– Той бүткөндө келет да.
– Тайкем аябай бай го, тойду бир жума береби?
– Бир жума той берген илгери болчу экен, азыр андай чоң той бергенди өкмөт жактырбайт, тайкем партия болгон соң ишинен алып коюшу да мүмкүн, – деп Кумарбү уккан-билгенин божурап берди. Бир убакта Тумарбү ары карап жаткан бойдон унчукпай калды, уктаса керек. Кумарбү көпкө ойлуу жатты, «Өмүрбек кызык, эми эмне болот? Атамдар укпаса экен, эси жок десе, биздин бири-бирибизге өмүрү кошула албасыбызды кандай түшүнбөйт? Эгерде таежем тирүү болуп, мени келин кылып алам десе, анда иш башкача болмок. Экөөбүз бир туугандай урушуп-талашып өссөк, атамдар өз баласындай карап багып отурса, анан кантип сүйүүнү кеп кылууга болсун. Эгер сүйүү ошондой эле ыйык болсо бизди кечирсин, чынында мен өзүм дагы Өмүрбекти жакшы көрчү эмес белем, бирок мен ал сырды өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө гана сактоого тийишмин. Сүйүү жөнүндө сурагандарга сүйүүнүн ыйыктыгын, назиктигин айта алам, жүрөк түбүндө аздектеген адамым бар экенин айтам», – деп, жаны жай албай түйшөлүп жата берди. Эртеси түшкө жуук Сарыбай менен Уларкан келишти. Балдары алар алып келген тойдун кешигин жеп, бапырап жатышканда:
– Ата, той кандай өттү? – деп Кумарбү атасына кайрылды.
– Сонун өттү, тайкең өзү сельсовет, партийный киши да, ашыкча каада-салтты жасатпай тынч өткөрдү.
– Антпесе дароо үстүнөн чагым түшөт, элдикин жеп жатат, кызматынан пайдаланып жатат деп эмеле чыгышар, – деп Уларкан сөзгө аралашты.
– Ии, иши кылса баары жакшы болсо болду, – деп койду Кумарбү.
– Сени сурады тагаң, ала келбейт белеңер, чоңоюп калды, жакшы жерге бербесек болбойт, кыздын эртеңкисин ойлогула деп катуу дайындады. Кыязы тагаң дагы сага күйөө таап койгон го? – деп Уларкан күлдү.
– Эмне эле мени күйөөгө бере албай жатасыңар, убактысы келсе көрөөрмүн, пешенеме жазганын, – деди Кумарбү тултуңдай.
– Сенин убактың келди, кызым, жакшы жерден куда күтүп, маңдай жарыла кубанып, сенин бактылуу болгонуңду көргүбүз келет да. Барган жериң жакшы болсо биздин дагы коңшу-колоңго сөзүбүз өйдө болуп, жүзүбүз жарык болбойбу, садагаң кетейин.
– Ии-ий, апа, жакшы же-ер, жакшы жер дейсиңер, жакшы жер казаныңарга аш салып бермек беле? – деп Кумарбү жинденип таарына кетти. – Экинчи антип айта бербегилечи!
– Кызым, – деди Сарыбай, – төбөсү көрүнгөн адамдар менен куда болсок бизге да жакшы эмеспи, үйүбүзгө андай адамдар келсе, кандай гана ырахат. Атаң абройлуу болуп калат, кимдин арты менен, сендей кызымдын арты менен, – деп ал бакылдап жатканда Өмүрбек чыгып кетти. Анын жан дүйнөсүндө бороондуу аяз уулуп, ыйлагысы келип: «Демек, буларга бай, колунда бар, кадыр-барктуу адамдар керек экен да. Андай болгон соң мага кызынын кылын карматпайт. Жүрөгүмдө арманым толуп-ташыса да, эчтеке дей албай кала беремби? Мендей жетимге ким кызын бермек эле. Жок, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүүм керек, Кумашты эч кимге бербейм, өлсөм да аны ажыратып алам», – деп сыртта басып жүрдү. Кумарбү анын чыгып кеткенинен улам эле кандай акыбалда экенин сезди, ички дүйнөсү будуң-чаң түшүп жатканын айттырбай билди. Өзү дагы ичинен азаптанып: «Жакин тез эле келсин, сүйбөсөм дагы сүйөм деп жооп айтып, кетип калбасам, бул бирдин ичинен чыгат», – деп ойлонуп жатты. Ошонун эртеси эле Болотбек келиптир. Сарыбай жетине албай калды:
– Кел, байке, оо сиздей кадырлуу кишинин үйүбүзгө келгени кандай кубаныч, кир үйгө, байке.
– Келип калдык, мен контордо чоңмун, мындайда силердин гана агаңармын, – деп Болотбек үйгө кирип орун алды. – Силер менен сүйлөшчү сөз бар.
– Айта бериңиз аке, кандай сөз экен? – деп Сарыбай кулак түрүп калды. Аңгыча Кумарбү тайкеси менен учураша дасторкон салып, чай алып келди.
– Кумаш бойго жетти, сөздүн негизгиси ошол. Менин райондо парторг досум бар, анын Фрунзедеги политехте окуган баласы бар, ошол уулуна кыз издештирип жатыптыр, – деди Болотбек түз эле.
– Шаарда окуса айылдык кызды…
– Доорон аялы экөө айылдык эле кыз алып беребиз деп жатышат, эки күндөн кийин келишет, мен ээрчитип келем, кызды көрөлү дейт.
– Эмне кылабыз, байбиче? – Сарыбай Уларканды карады.
Бул убакта Кумарбү чыгып кеткен.
– Келсе келсин, кыз буйругандыкы да.
– Негизгиси кыздын багын ойлогула, мен аларга өзүмдүн карындашымдын кызы дедим. Кыскасы эртең келише турган конокторду тосууга даярдык көрө бергиле, Кумашты жакшыраак кийинтип койгула, мен барайын, – деп Болотбек турмак болгондо Сарыбай:
– Байке, отуруп тамак ичип кеткиле, – деди ыңгайсыздана.
– Жок, убара болбогула, коноктор менен бирге келем, – деп Болотбек болбой кетип калды.
– Байбиче, эми таза кызык болду го, алар келсе эмне деп жооп айтабыз? – деди кайнагасын узатып кирген Сарыбай.
– Кыз буйругандыкы, насибинен көрөөрбүз.
– Кызык, Болсунбектерге эмне дейбиз? Кайнагага айталбай койдум, сыйлаганымдан каяша айтууга оозум барбады, анын үстүнө ал деле биздин кыздын келечек бактысын ойлоп жатпайбы.
– Кудай деп туралычы, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту…
– Ай, билбейм досум менен таарынышып калам го, – деген Сарыбайдын тынчы кетип, эмне кылаарын билбей жатты. Ошол убакта үйгө кирип келген Кумарбү ыйламсырай:
– Кыз байкуш чоңойгондон кийин үйгө батпай калат тура, деги бардык эле ата-эне кызы чоңойсо ушундай кылат болду бекен? – деди кабак бүркөп, үнү дирилдей.
– Ээ, сары кызым, ата-эне баласына бакыттан башканы кааламак беле, сени жакшы жерден орун-очок алсын деп жатканыбызда эмне жазык? – деди Сарыбай кызын чекесинен өбө. – Ким гана өз баласына жамандык кааласын?
– Ата, шашпасаңар деле акыры болот эле го?
– Ата, эжем күйөөгө кетеби? – деп сурап ийди Мурат сырттан кирип келип.
– Буйруса күйөө балалуу болобуз, силер жезделүү болосуңар, тиги Өмүрбек кайда жүрөт ыя, андан кийин аны үйлөнтөбүз.
– Өмүрбек акем эшикте жүрөт.
– Чакыр бери!
– Азыр, – деп Мурат жүгүрүп чыгып кетти.
– Балдар чоңойгондо ата-эненин мойнуна дагы бир чоң милдет тагылат, ал уул-кызын татыктуу жерге орун-очок алдыруу. Кокус жайсыз жерге барып калсаң, биздин жаныбыз ачып кейип-кепчип, жаман абалда калабыз, – деп Сарыбай жай түшүндүрүп жатканда Өмүрбек кирди. – Балам, эшикте эмне жүрөсүң? Кумаш эжең жакында башка үйдүн босогосун аттап кетсе сени үйлөнтөбүз. Кана, менин айтканымды ойлондуңбу? – деп Кумарбүнү койо берип, Өмүрбекти карады.
– Жезде, мендей жетимге ким тиймек эле?
– Эмне дейт, биз турбайбызбы? – Сарыбай аны ормойо карап калды. – Сени минтип айтууга ким мажбурлады?
– Эч ким, өзүңөр деле Кумашты жакшы жерге барсын деп айтып жатасыңар го, элдин баары эле ошондой ойлойт да?
– Өмүрбек, – деп Уларкан мээримдүү жылмая жанына келди, – сени менин баламсың деп баксам деле болот эле, бирок сиңдимдин арбагын сыйлап, ата-апа дедиртпей өстүрдүм, энесин билип өссүн дедим.
– Баары бир дечи, мендей жетимди эч ким күйөө бала кылгысы келбейт, мен өзүмчө үй-жай күтүп, адам болмоюнча үйлөнбөйм! – деп Өмүрбек ички бөлмөгө кирип баратканда Сарыбай адатынча бак-бак этти:
– Үйлөнөсүң, сени керек болсо Кумаш кете электе үйлөнтөм, өзүм табам сага кызды!
– Макул үйлөнөйүн, эгер Кумашты мага бергиле десем болоор белеңер?! – деди Өмүрбек токтой калып. Сарыбай менен Уларкан дел болгондой бири-бирин карап алды да, Кумарбүнү менен Өмүрбекти алмак-салмак карап, ооздоруна сөз кирбей тура беришти. – Жо-ок, силер ысык чай бере турган, ата-энеси, байлыгы бар адамга бересиңер, ушундан эле түшүнсөңөр, мендейди эч ким тоготпойт!
– Өмүрбек, сен эмне деп жатасың, балам? – Уларкан эки колун алдыга созо аны көздөй басты. –Сен… сен…
– Таеже, бөлөлөргө шариятта жол бар дешет, эмнеге силер кыйбайсыңар? Ооба-а, мен түрмөгө отурдум, силердин тилиңерди албадым, анан дагы томолок жетиммин да, ошондуктан силер мага кызыңарды бербейсиңер. Анан башка бирөө мендей аяксыз немеге кызын берет беле?! – деди да, Өмүрбек кайра артына кайрылып, сыртка чыгып кетти.
– Бул бала соо эмес, – деп аялын караган Сарыбайдын оозуна башка сөз келбей, төргө шалдая отуруп калды.
– Ой, кыз, Өмүрбектин бул эмне дегени? – деп Уларкан эми кызына кайрылды. «Бул балакет баскырлардын ортосунда бир сөз бар болуп жүрбөсүн», – деген ой келе түшкөн эле башына.
– Апа, мен дагы түшүнбөй калдым, ал жөн гана мисал кылып айтты окшойт, – деди Кумарбү апасын карай.
– Кумашта эмне күнөө, байбиче, ал биздин кызыбызга бардар адамдарды тандап жатканга эле айтты, бала неме ар кайсыны ойлонуп жатса керек, – деди Сарыбай ойлуу. Кумарбү атасына ыраазы болуп, өзүнөн күмөн санаган апасына таарына түштү: «Эмнеге апам менден күмөн санап жиберди, же өз кызына ишенбейби, мен кантип эле Өмүрбек менен сүйүү сөзүн сүйлөшөйүн, аны мен токтоттум го».
– Апа, ал өзүнө кыз тийбейт деп эле кыжаалат болуп жүрсө керек, ар ким эле өз баласын бактылуу болсун дешет, мен кимди бактылуу кыла алмак элем деп өзүнчө ойлонот да.
– Билбейм, кара көзүмдү каратып туруп, элге шерменде кылбасаңар болду, чырымталынан өз баламдай көрүп баккан бала мага ушул кепти кантип айтты десең…
– Кабатыр болбо, биз адегенде Өмүрбекке кыз издейли, ал жактырган кыздын ата-энесине астыртан сөз салалы.
– Ошентпесек Өмүрбектин арманы күч окшойт.
– Боло берет, али токтоло элек, жаш да.
Ошону менен эч кимиси үндөбөй калышты. Өмүрбек жана чыгып кеткен бойдон кайра кирбеди, кечки тамакка дагы келген жок. Сарыбайлар кабарын билбей кабатыр болуп, ойлонуп жатышты. Өмүрбек үйдөгүлөр уктагандан кийин келип, түн бир оокумда кирип жатып алды да, таң ата электе кийимин алып чыгып кетти. Эки-үч күндөн кийин Сарыбай Тейитбектин үйүнө барса, ал эшигинин алдында отуруптур.
– Ас-салоому алейкум, Тейит, ал-акыбал кандай?
– Келиңиз, жезде, отурам ушинтип, – деп Тейитбек тура калып, Сарыбай менен учурашты. – Келипсиз да акыры…
– Келдим, Өмүрбек келген жокпу?
– Келген, кечээ шаарга кетти.
– Эмнеге?
– Кайдан билдим, иштейм деди го.
– Айтып кетсе болмок экен, макул эми, аман болсо болду, анда мен кайтайын.
– Үйгө кириңиз дейин десем жашоом ушул, жезде, жалгыздык менен өмүр өтүп жатат, – деди башын жерге салган Тейитбек. – Чынаркан менен кошо менин бактым качкан окшойт.
– Ээ, бажа, сен өлгөндүн артынан өлгөн адамды көрдүң беле, өлгөндүн өзүнүн шору деп койот, тирүү адам жашоосун өзү улантууга тийиш. А сен жеңил экенсиң, андан көрө кеч болуп кала электе өзүңдү колго ал да, адам бол. Балаң болсо бой жетти, үмүтүңдү улаарың бар, ылайыктуу келин-кесек болсо үйлөнүп, Өмүрбекке арка-бел бол!
– Сиздерге чо-оң ыраазымын, баланы чоңойтуп койдуңар, арбак билет дегени чын болсо апасы дагы ыраазы болуп жаткандыр.
– Кой эми, менин айтканымды эсиңе ал, акыл үйрөтө тургандай жаш эмессиң, өзүңдүн эс-акылың деле кудайга шүгүр. Мен Өмүрбектин айтпай кетип калганынан улам келгемин. Баса, аны үйлөнтүп койсомбу дегем, ошону айтсам эле үндөбөй койгон, анан эрте туруп кетип калыптыр, – деп атка минди да, жөнөп кетти. Тейитбек аны узата карап туруп, уулунун айткандарын эстеди…
Өмүрбек мурунку келгенинде Тейитбек ичип алып мас болуп уктап жаткан, ал соолукканча күтүп отурду. Баш көтөрөөрү менен маңдайына келди.
– Бул эмне деген жатыш, менин атам тирүү туруп, жетимдей бирөөнүн колунда өсүп жатканымды ойлоп койбой жүргөнү бул болсо, мен эмнеге жашап жүрөм?
– Өмүш, сен… сен келип калдыңбы?
– Ооба, мени өз баласындай асырап, жетимдин кийимин кийгизбей багып жаткан адамдардын акылын укпай түрмө көрүп келдим, эмнеме эсирдим экен, кимге ишендим? – деп башын мыкчый жанына отуруп алып, көпкө ыйлады.
– Кечирип кой, уулум, мен мындан ары ичпейм, сен чоңойдуң эми, экөөбүз оокат кылабыз.
– Ата, сенин туугандарың барбы деги?
– Эмнеге?
– Эмнеге-эмнеге деп койосуң, сенин ушул абалыңды алар эч бир көрбөйбү, оңогонго аракет кылып, жардам бербейби? Менден болсо бириң кабар албадыңар, же менин тууганым жокпу? – деди Өмүрбек кыжырлана.
– Уулум, тууганың бар, менин апам деле бар, атам жок, алар көп эле аракет кылышты. Мен сенин апаңды унута албай ушул абалга түштүм, өлөйүн деп өлө албадым, сени барып көрүп келчү элем, аракка берилгенден кийин өзүмдү кармай албай калдым, – деп күңгүрөнө Тейитбек өйдө болду. – Уулум, мен мындан ары ичпейм, эми сен барсың, жашоону кайра баштайм, ишен мага.
– Ишенейин, дагы бир келгенимде ушундай акыбалда боло турган болсоң, анда дайнымды таптырбай кетем! – деп туруп, үйдөн чыгып кетип калды.
Тейитбек ушуларды ойлоно үйүнө кирди, көптөн бери жуулбаган кийимдерин жууп, идиштерин жууп, үйүн жыйнады. Андан кийин өзү жуунду, таза кийим кийип алайын десе бир да көйнөгү калбаптыр, жуулгандары кургаганча кечке күтүп, анан кийинип алып апасына барды. Көрүнүшү оңолуп калган уулун көргөн Жумабү кубанып кетти.
– Кел, балам, келгениң жакшы болбодубу.
– Эмне, менден түңүлүп калдыңар беле? Менин өз каалаганымды алып, адамча жашашымды каалаган эмес элеңер, тигине жетимчем таежесинин колунда өсүп бой жетти. Мени балам деп ойлосоңор, аясаңар барып, бир көрүп койот элеңер го? – деп бир тийди Тейитбек.
– Капырай, кичине отуруп, бирдеме ичип алып деле ачуулансаң боло, – деген Жумабү эне бөйпөңдөй калды. – Баланы жакшы өстүрсө уурулук кылбайт эле го, аның камалып да келген имиш, ошол сага жакшылык кылаар бекен?
– Ошонун баары силердин айыбыңар, бир барып койбодуңар, ошол бала меники, өлсөм артымда калчу бала! – деп бакырганда эжеси Бүбүкан кирип келди:
– Ой, эмне болуп кетти?
– Өлгөмүн, тирилип келдим, балам келип урук-тууганым барбы же өзүң жалгызсыңбы деп кетти. Ошол балам жыйырмага чыгып калды, бириңер мени кадыр кылып, Өмүрбекти көрүп койбодуңар.
– Ага өзүң күнөөлүүсүң, ичип жүрүп ал дедиби сени бирөө, алба дегенди алып өзүңдү-өзүң кордодуң. Ата-эненин кебин уккан бала жакшы болот, – деп Бүбүкан инисин жаман көзү менен карады.
– Силерге айткан кайран сөз, – деп Тейитбек колун шилтей кайра чыгып кетти. Жумабү алдастай артынан жөнөгөндө Бүбүкан:
– Ушунуң да адамбы, кайдагы бирөөнүн баласын балам деп, акылы жок десе, бузулган немени алып алат да, анан кайра бизге өктөө арткысы бар, – деп эшикке чыгарбай койду.
– Качанкыга сенин тилин менен баламды карабай койом, ыя? Сен дагы, ал дагы менин баламсыңар.
– Билем, ошондо ошол балаң билип жатабы?
– Билбесе да менин баламды капа кылганым жарабайт, сен болбогондо ошол аялын үйгө киргизип эле келин кылып алат элем, кайдагыны айтып жатып, сен жолдон чыгарбадыңбы? – деп эне кызына нааразы боло отуруп калды.
– Ооба, эми баарын менден көргүлө, анда мен күнөөлүүмүн, – деди Бүбүкан тултуңдай, элүүлөргө барып калса да апасына таарынган болду.
– Кызым, мен энемин, картайдым, Тейитбектин айтканын угуп, баласын алып келишибиз керек. Туура айтат, эч кимиси жоктой болуп барбай, кабар албай да койдук. Андан көрө Сейитбекти, Үзүрканды мага чакырып кел, – деди эне оор үшкүрүнө.
– Балдарды жиберип ийем, – деген бойдон Бүбүкан үйдөн чыгып кетти.
Бирок Сейитбектер ал күнү да, анын эртеси да келишпеди. Жумабү балдарынын ынтымагы жогуна, кайрымсыздыгына кейип кирип-чыгып жол карап кала берди. Арадан бир топ күн өтүп кетти.
Бүбүкан лакылдап агасы Сейитбекке барган, апасынын айтканын айтып келип, Сейитбекти көкүттү. Ошондо ал:
– Мен барып Тейитбекке жолугуп, адам болуп калганын көрүп келейин, – дейт.
– Ичип алып адам катарынан чыккан өзү, ошол кызды алба дегенибизге карабай алып алган дагы өзү, эми апам бизди күнөөлөйт. Ошондон көрө Тейитти биякка алып кел, аны үйлөнтөлү. Анан ага ал баласынын кереги эмне?
– Эми ал баласы экени ырас, аны эмне кылабыз, келсе унчукпай коюн-колтугубузга катабыз да.
– Ой, мен дегеле ошонусун уккум келбейт, аке. Андан көрө үйлөнсө балалуу болуп, алаксып калат беле дейм. Тилди албай сенден мурун үйлөнгөн, ушуну көрмөк, кайдагы бир кызга алданып, аны алып алган күнөө өзүндө эмеспи?
– Бара бер, мен азыр Тейитке барам, Үзүрканды деле дүрбөтпөй тим кой, апама балдар барат, – деп Сейитбек карындашын кетирип ийип, анан айылдын этек жагындагы жаңы көчөдө жашаган инисине жөнөдү. Ал келгенде Тейитбек эшик алдындагы тепкичте отурган. – Ийи, баатыр, түрүң оңолуп калган го? – деди короодон кирип эле.
– Ошо бойдон жок болгонум жакшы эле ушундан көрө, – деп Тейитбек түнөрө жер карады.
– Эмне кыл дейсиң эми?
– Эчтеке.
– Апама барыпсың го?
– Баргам, балам келиптир.
– Эмне дейт? Элиңди, тууган-уругуңду тап дегендир да таежеси. Аның уурулук кылып, камалып жүрсө кутулганча шашат да, – деди кекээрлүү үн ката. – Өзүңүн кебетеңди карачы, итче оонап, он беш жылдан бери кейпиң кетип бүттү. Эсиң болсо апамдын жанында болбойт белең, ал жалгыз жашап жатат.
– Балдарыңардан жөнөтүп койсоңор болбойт беле?
– Ой, уш-шу сен дагы түшүнбөйт экенсиң, жеңеңдин аркыраган кыялын билесиң го, балдарды ага жолотпос болду.
– Анда мен Өмүрбекти алып келип үйлөнтүп, апама караан кылып берейин, – деди Тейитбек кубана.
– Ой жинди, аны үйлөнтөм деп чабылтып-чачылтканы турасыңбы? Ансыз деле апам малды бизге ээ кылбай, энчиңерди бергемин деп, өзүнчө койчуга кошуп жүрөт. Сен малга тийишпе, ошончо баккан таежеси марттык кылып үйлөнтүп койоор, ошондон кийин алып кел, – деди Сейитбек апасынын бир аз малын кызганып.
– Көзүм тирүү туруп, эч кимим жоктой баламды бактырганым аз келгенсип, эми үйлөнтүшүн күтөт экенмин да. Кой, жолуң болсун, аке силерден акыл чыгат экен десе, кайра менин жалгыз баламды жээригениңер курусун, – деп Тейитбек ары карап кетти.
– Андай болсо тилди алып, ойлонуп иш кылбайт белең, ал өзү деле сенин балаң эмес деп жүрүшөт го?
– Ким айтты? – Тейитбек агасын чакчая карады.
– Эл да, кайдагы бир сойкуну алып алды деп жүрүшпөйбү. Эми жакшы эле өзүң каалагандай жашадың, мындан ары ойду-тоону сүйлөбөй, арагыңды коюп, адам бол, үйлөн. Жүрү апама баралы, кеңешип көрөлү, – деп Сейитбек жумшара сүйлөдү.
– Мен эми эч кимиңерге барып жалынбайм, силер үчүн өлгөндүн биримин, өз оокатыңарды кыла бергиле, – деп Тейитбек үйүнө кирип кетти. Сейитбек бир топко туруп, анан өз үйүнө жөнөдү.
Ошол бойдон Тейитбек эч жакка чыкпай үйүндө болчу. Бүгүн Өмүрбек келгенде кубанып, ата-бала кучакташып көрүштү.
– Кандай жатасың, ата?
– Жакшы, кудайга шүгүр, кир үйгө.
– Ушундай эле.
– Эмне биротоло келдиңби?
– Ооба, бир жолу чыктым, айткан жокмун, издеп калышы мүмкүн, мен кетишим керек, ата.
– Эмне болду, дагы бирдеме кылдыңбы?
– Жо-ок, атамдар үйлөн дейт, мага ким тиймек эле, туурабы, мен аяксыз бирөөмүн да, чынбы? Атам тирүү туруп, мага бир жылуу сөз айта албаса, же тууган дегенди билбесем, анан кайсы арыма үйлөнөм, кайсы кызга барып сүйлөйм?
– Уулум, детдомдо чоңойгондор деле үйлөнүп жатпайбы, сенин баккан ата-энең, мен турбайынбы. Тууган-урук дейсиң, сени азыр апама алып барам, ал сенин чоң энең, менде бир тууган деле бар, – деп ордунан тура калды. – Жүрү, балам, чоң энеңе алып барайын.
– Ата, мен азыр барбайм аларга. Шаарга кетем, ошо жакта иштеп, аман болсом бир беш-он жылдан кийин келээрмин. Сага жолугуп койойун деп эле келгем, – деп Өмүрбек жер карады.
– Шаарга барганда эмне иш кыласың, таанышың болбосо, же кесибиң жок, шаарга барбай эле кой.