Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг.
Реклама. ООО «ЛитРес», ИНН: 7719571260.
Оглавление
Группа авторов. Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг.
Автордун эмгек жолу
Трудовая биография на фото
Келечекке умтулуу
КИРИШ СОЗ
ТОО КОЙНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА МАДАНИЙ КАЙРА КУРУУЛАР
ТАРБИЯНЫН ТААСИРДҮҮЛҮГҮ ҮЧҮН КҮРӨШ – ПАРТИЯЛЫК иштин МААНИЛҮҮ БӨЛҮГҮ
АйЫЛ-КЫШТАКТЫН МАДАНИЙ-ТИРИЧИЛИГИН АНДАН АРЫ ЖАКШЫРТУУНУН БАГЫТЫНДА
В кругу семьи
Отрывок из книги
Арзымбек Өсөров 1928-жылынын аягында Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин районундагы (азыр Дж-Абад обл. Ноокен р-ну) Ноокент сельсоветинин Бирке айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз. Кушчу уруусунан болот.
Эмгек жолун согуш мелгилинде 14-жашынан Ноокент сельсоветинде эсепчи, учетчик кызматынан баштайт.
.....
Куйбышев атындагы колхоздун ветераны 1921-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 83 жаштагы карыя Борсунбаев Жунус мындайча эскерет: «1930-жылдары колхоздоштуруунун алгачкы мезгили баш- талды. Алды менен ТОЗго биригиштик. Анда биздеги болгон байлык 150гө жакын теше жер, 50 куч ат, 15—20 тѳѳ, миңге чукул кой-эчки болгон. Буурусун менен айдап, ага кол менен үрөн сээп, маласын чычырканак менен тартучубуз. Ырас, ал кезде жерди жөндөп иштетүүнү билбеген, жаратылыштан гана «ырайым» күткөн дыйкандарыбыз азыркы учурда мол түшүм өстүрүүнүн устаттары болуп чыга келишти. Эзели суу көрбөй бозоруп жаткан миңдеген гектар жер аянттары кулпурган бакчага айланат деп ким ойлоптур. Колхоздоштуруунун алгачкы мезгилинде жаан-чачындуу жылдары ар гектар аянттан 3—4 центнерден түшүм алганга сүйүнсөк, эми 40—50 центнерден түшүм алып жатышкан дыйкандарыбыз ондоп саналат.
Бүгүнкү күндө райондун айыл чарбасы көп тармактуу, жогорку өндүрүмдүү, азыркы замандагы техника менен жабдылган чарбалардан болуп калды.
.....