Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп

Реклама. ООО «ЛитРес», ИНН: 7719571260.
Оглавление
Группа авторов. Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп
ЭЛДИ СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
1 БӨЛҮМ
БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
ИНСАНДЫК ЖАКШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
ПРАКТИКАЛЫК АРАКЕТТЕРДИН МААНИЛҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
БИЛИМДИ АДИЛЕТТҮҮ ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
ОКУУГА ҮГҮТ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
АСМАН АСТЫ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
МАМЛЕКЕТТИ АКЫЙКАТ БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
МАМЛЕКЕТТИ УКУКТУК НЕГИЗДЕ БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨ БӨЛҮМ
ДИАЛЕКТИКА БОЮНЧА БӨЛҮМ
ТАРЫХ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
АДАБИЯТ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
НЕГИЗГИ АДАБИЙ БУЛАКТАР
КИЙИНКИ СӨЗ
Отрывок из книги
Эл менен кандуу байланышты сактоо – партиянын туруктуу милдети. ККПнын XIX съездинде жолдош Си Цзиньпин мындай деп баса белгиледи: «Баштапкы максатка ишенимдүү болгула жана бардык иште аягына чейин ээрчигиле. Кытайлык коммунисттердин түпкү максаты жана миссиясы – Кытайдын элинин бактылуу болушун камсыз кылуу жана Кытайдын улуттук кайра жаралышын ишке ашыруу». Жогоруда айтылгандар кытайлык коммунисттердин бүткүл ишин аныктоочу жана кытай кыялын турмушка ашыруунун кыймылдаткыч күчүнүн булагын көрсөткөн фундаменталдуу идеяны түшүнүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине жетүүнү камсыз кылат.
Кытайлык өзгөчөлүктөргө ээ социализм жаңы доорго кадам таштоодо, анда кытай коомунун негизги карама-каршылыгы элдик жыргалчылыктын тынымсыз өсүшүнө болгон муктаждыгы менен өнүгүү процессинин бирдей эмес мүнөзүнүн жана жетишсиз даражасынын ортосундагы карама-каршылыкка айланган. Билим берүүнүн сапатын, жумуштун туруктуулугун, кирешенин, социалдык кепилдиктердин ишенимдүүлүгүн, саламаттыкты сактоо жана медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, экологиялык эстетика… адамдардын жакшы жашоого умтулуусу жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көксөгөндүгү – бул биздин күрөшүбүздүн максаты.
.....
«Хань шу» («Хань династиясынын тарыхы») китебинде Кытай социализмдин тушунда андан таптакыр качышы керек болгон коомдун бай жана кедей болуп терең катмарланышы жөнүндө сөз барат. Си Цзиньпин бул билдирүүнү реформалоо жана өнүктүрүү саясатынын артыкчылыктарын жалпы коомчулукка бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү үчүн келтирген, бул социализмдин маанилүү талабын түзөт жана социалисттик системанын артыкчылыгын топтолгон формада камтыйт. Биз элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгүүнү чечкиндүү жүргүзүп, элге таянышыбыз керек, өнүгүү саясатынын жемишин элдин өзү тең бөлүшүүсүн камсыздап, элдин жалпы жыргалчылыкка бекем кадам таштоосуна шарт түзүшүбүз керек.
Борбордук Комитеттин 5-чакырылышынын XVIII пленумунда дагы жаңы өнүгүү идеологиясы алдыга коюлган, анда башка нерселер менен катар «Өнүгүүнүн артыкчылыктарын социалдаштыруу» концепциясы каралган. Өнүгүү жеңилдиктерин социалдаштыруу социалдык адилетсиздик проблемасын чечүүгө багытталган. Жалпыга бирдей орточо бакубаттуулукка жана социалдык адилеттүүлүккө жетишүү жолунда, бир жагынан, ар бир адамга жеке өнүгүү мүмкүнчүлүгү, өлкөнүн өнүгүшүнүн үзүрүн алуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек, анткени эл активдүүлүгүн, демилгесин жана аракетин көрсөткөндө гана чыгармачылык зор иштерди аткарууга толук мобилизацияланышы мүмкүн. Башка жагынан алып караганда, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары түрүндөгү «пирогтун» көлөмү чоңоюп баратат, бирок аны ар бир адамдын ортосунда кантип адилет бөлүштүрүү маселеси барган сайын айкын болуп баратат. Шаар менен айылдын ортосундагы кирешелердин жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлиндеги ажырым практикалык иштердеги жана өнүктүрүүгө жеңилдиктерди бөлүштүрүү системасындагы айрым кемчиликтердин натыйжасы кыйла чоң. Жогорудагы факторлордун бардыгы бизден карапайым калк арасында өнүгүүнүн жыргалчылыгын адилеттүү бөлүштүрүү аркылуу өнүгүү процессин көңүлдү жылуулук менен толтурууну, элдин бактылуулугун сезилерлик кылууну, адамдарга пайда көрүү сезимин, бакыт сезимин, коопсуздук сезимин тартуулоону талап кылат. Ошондо гана бул сезимдер толук болуп, ишенимдүү кепилдикке жана узак мөөнөткө ээ болот.
.....