Читать книгу Жаңы дүйнө келүү - Махабат Тагай - Страница 1

Оглавление

Мен бул дүйнөнү төрөлгөндөн тартып, өзүмө жат ынңгайсыз чөйрө катарында кабыл алдым. Анткени мага бейтааныш адаттар, көңүлкош мамиле, дүйнөдөгү сүйүүнүн аздыгы түйшүккө салат. Кала берсе жакыным деп эсептеген киши да, күндөрдүн биринде жырткычка айланышы мүмкүн. Ооба адамдар эки буттуу жырткычка айланышты. Алардын арасында саналуу гана абийирлүү  адамдар бар.

Менин жүрөгүм эңсеп күткөн абийирлүү адамды таап алып маектешким келет. Андай адамды кайдан табамын? Жер шарынын кай бир жерлеринде ушундай адамдар жашап жатышат. Аларды өз көзүм менен көрбөсөм да, жүрөгүм менен сезем.

Өмүр кыйырында, анын катаал жолдорунда бара жаткан мен жашоонун маңызын жоготтум. Көп жыл азап тарткан адамга окшоп калдым. Ошол азаптын айынан өңдөн аздым.

Мага кымбат деп эсептеген кишимди жоготтум. Ал менин атам. Ал мен кыйналганда кам көрчү. Ыйласам мени сооротчу. Мына эми батыштан суук шамал айдап келип ,менин чатырымды силкилдетти. Менин эмнем болсо ошонун баарынын   чаң  тозоңун сапырып асманга чачты. Талаада жалгыз сокойгон даракка   окшодум. Жашоом супс ак көнүлсүз нукка бурулду.

Тынч бурч издеп өзүм менен өзүм алектенип, делбеге окшодум. Айланамда жашоо уланып жатты. Күн батып, таң агарып, күн артынан күн өтүүдө. Кимдир бирөөлөр түйшүккө терең батып , акчанын артынан кууп кетти. Аны адамдар абдан кадырлап калышты. Бул менин акылыма түк сыйбайт. Мен үчүн бул жат нерсе.

Жок мен бул дүйнөдөн эмесмин дедим ичимден. Жок деп кыйкыргым келди. Бирок менин үнүмдү ким угат? Адамдар бирин бири өлтүрүп жатышат, тоноп жатышат. Муну айрым ыпылас ойго азгырылгандар кадыресе көрүнүш катарында кубатташат. Зөөкүрлөрдүн изи менен бара жаткандардын саны арбып баратат. Алар акча үчүн өз жакындарын сатышат. Амалкөй түлкү кейпин кийип алып, бирин бири азгырышат. Жок бул дүйнө мен үчүн эмес. Бул дүйнөдөгү ар бир адилетсиздик үчүн  жан дүйнөм эңшерилет. Калпычы жашоонун арабасы баарын жүктөп алып өлүмгө карай алып баратат. Анын ичинде карысы да, жашы да, бөбөктөр да бар. Алар жашоо кызыктуу, бул дүйнөнүн оош кыйышын жеңип өтөбүз дешет. Өздүрүн өздөрү  мына ушинтип алдашат. Амалкөйдүн анткор экенин алар унутуп калгандай.

Жаш чагым эсиме түштү. Мен жүгөрү талааны аралап жүгүрдүм. Ал анчейин бийик өсө  элек болгондуктан, мен жөөктөн  жөөкө өтүп чуркап жүрдүм. Эмнеликтен ошенткенимди азыр кылдат эстеп жатам.Мен ошондо бейпилдикти, сүйүүнү, чындыкты издедим. Атам дүйнөдөн өткөн соң, жашоом кескин өзгөрдү. Жалын жалп этип өчкөнсүп, караңгы дүйнөгө кирдим. Көлөкө болуп жоголуп бараттым.

Өз ичимден мен адаммын , менде сүйүү болушу керек дедим. Ал бийиктеп өсүп  бутак жайып кипарис  дарагындай болуп гүлдөшү керек. Мен бул жарыкта сүйүүсүз жашай алмак эмесмин. Бул дүйнө  канчалык боёгу менен мени мас кылбасын мен сүйүүсүз  мүрзөгө айланмакмын. Сүйүү тартуу эткен Жаратканга алкыш айтып турдум. Ага менин ыраазычылыгым чексиз эле….

Башкалар өңдөнүп иштеп көр оокаттын айынан алек болуп жүрсөм да, мени кызыктырган нерсе денелик муктаждыктарымдан жогору турду. Кызыктырган бир гана нерсе чексиз сүйүүнү таап аны башкаларга тартуу кылуу. Бул рак оорусун айыктырууга тете дабаа  эмеспи. Жарык дүйнөдө  азына да, көбүнө да топук кылып жашадым. Көп адамдар айыпсыз өлүмгө  дуушар болушат. Кээ бирөөлөр тегирмен ташындай оор күнөөсү болсо да аман жүрүшөт. Бул оомал төкмөл дүйнөнүн телегейи  кайда? О дүйнө эмнеге былк этпей турасың? Жакынына тузак жайгандарды телмирип карап турасың. Менимче сен мага караганда сабырлуусуң. Адилетсиздикти сүйүү аркылуу жеңгенге үндөп жатасың. Мыйзамсыз иш кылгандарды жазалаганга шашпай турасың. Алардын убактысын белгилеп мөөр басып койгонсуң. А менчи? Мен деле ошолордун биримин. Бир гана айырмам мени ар убак абийирим ашкерелеп турат. Мыйзамсыз иш жасаганга бөгөт коёсуң. Мына мага көрсөткөн сенин улуу сүйүүң. Ушунун өзү мага чоң дем берет.

Акыркы убакта менин жашагым келбей ,денемди муздак тер баса баштады. Адамзатынын шумдуктуу жашоосу көңүлүмдү кирдетип, өзүмдү  өзүм басынта баштадым. Негедир улам тереңдикке чөгө бердим. Көөдөнүм ыйга толуп кетти. Өзүмдү өзүм токтото албай ыйлап жаттым. Өпкөмдү  баса албай эчкирип ыйлачу болдум. Апам эшикти тыкылдатты.

– Боорум балам эмне мынча ыйлайсын? Сени мынчалык ким капа кылды? деди маңдайыма келип.

– Апа баары жакшы. Мен үчүн кам санаба. Апам мени төшөк менен кымтылап жаап чыгып кетти. Чындыкты айтайын дүйнөдө энелер аман болсун.  Алар ар дайым перзенти үчүн кам көрүшөт. Жаман болсо да, балдарын жакшы дешет. Өз балдары үчүн жанын бергенге да даяр байкуш энелер. Менин энем да ошондой энелерден.

Ошентип бул дүйнөнүн кубулма түсүнө көнө албай, өзүмдү  өгөй  уулдай сездим. Денемдин бүт жери жаракат алды. Соо жерим калган жок. Көзгө көрүнбөгөн жегичтер мени жеп жатышты. Түнкү үйкум качты. Кулагыма бир үн келип жаңырат.

– Сен кимсиң? Эмнеге уктабай жатасың? деген үндөр кулагыма шак дей түштү. Кулагымды бекем жаап алып аркы терки басып жүрдүм. Баары түнкү үйкуда сулк жатат. Жалгыз мен ушул коңулда белгисиздик менен алпурушуп жаткансыйм.

Кирпик какпай таңаттырдым. Таңга жуук ак көйнөүмдү  үтүктөп кийип, күзгүнүн жанына келдим. Арыктай түштүм көрүнөт, көйнөгүм бошоң тартып калыптыр. Жаагымды акырын сылап, күзгүдөн өзүмдү карап түнжурап кеттим. Ой күлүк эмеспи бүт ааламды канат жайып кыдырып чыктым. Күзгүнүн жанында көпкө кыймылсыз өзүмө өзүм тигилип карап турдум. Болор болбос бырыш көзүмдүн тегерегинде пайда болүптур. Бул сызыктар жашоодо көп азап тартканымдан кабар берип турду. Азаптуу дегеним кандай? Өлгөнгө  дейре ач калып көрө элекмин, түрмөгө отуруп көрө элекмин. Мени көзгө көрүнбөгөн душмандар кыйнап жатты. Бетиме түкүрүп, жаагыма чабышты. Кара чачымды бирден агартышты. Муну менин жакындарым түшүнгөн жок. Алар мени жинди болду деп ойлошту. Мени түшүнгөн бир да жан жок.

Мен бир нече жыл мурун  болгон окуяларды эсиме келтирдим. Ал мындайча болгон эле. Колунда шам чырагы бар ак сакалдуу киши түнкү саат үчтөр чамасында эшикти тыкылдатты.

– Билем мени келет деп күткөн жоксуң. Сага маанилүү иш менен келдим. Сен бул тапшырмага тандалган адамсың. Мен эшикти ачкан бойдон айран болуп карап турдум.

– Эмне силерде үйгө кир деп айтпайбы? Конокту босогодо кармап тура береби? деди.

– Кир. Мен эшикти ичинен жаптым. Ал мен жаткан жерге келип турду. Ал акырын мурутун сылады. Анын өңү адамдыкындай болгону менен сүйлөгөнү башкача эле. Анын көз карашы адамдыкындай эмес. Андан чыккан сөз жүрөгүмдү өрттөп жаткансыды. Мен абдан толкундандым. Ал мен жаткан жерди карап: – ушул жерде жатасыңбы? Эртең сага үч жылдыз келет. Маанилүү кабар алып келишет.

– Кандай кабар? мен чоочуп кеттим.

– Кадимки адамдар күткөн кабар. Ал көзүн жуумп кайра ачты да, мага карап жылмайды.

– Каралдым сен жаңыдан там туң баса баштаганда сага көз салгам. Он беш жыл өттү. Азыр сен чоңоюп калдың. Сага үчүнчү ирет келишим. Колумда кылыч бар мунун күчү   чындык  деди ал.

– Сен кимсиң?

– Убакыт келет баарын билип аласың. Биздин падышачылыгыбыз бул жерде эмес. Ал терезенин алдына келди.

– Эшик  бул жакта дедим.

– Мен үчүн эшик да, терезе да болбойт. Жараткан кайда  жиберсе, мен ошол жердемин деди да көздөн кайым болду.

Сакалдуу кишини үч ай көргөн жокмун. Уктасам да, ойгонсом да ошол жөнүндө ойлондум. Коркуу сезими жоголуп, сыйкырланган кишидей жаным ага кезигүүнү эңсей берди. Күндөрдн биринде мен жаткан бөлмөнүн терезесине шамал сокту. Барып карасам ошол киши туруптур.

– Мен келдим деди.

– Кир. Ал мен жаткан бөлмөгө кирди. Керебетке келип отурду. Негедир ал мага жакын кишидей сезилип кетти. Андан жакын киши жок өңдөндү. Менин ысымым Эбер.

–Айтсаң эмнеге мени аңдып жүрөсүң? Менден сага эмне керек?

– Сенин башкалардан өзгөчө касиетиң бар. Чаңкооң жер алдынан атырылып чыккан булактай.

– Азыр сен мага эмнени айтканы келдиң?

– Айта турган сөздөрүм абдан көп. Сен анын баарын сиңире албайсың. Анын баарын акырындык менен угасың.

– Арткы бөлмөдө эжем олтурат. Биздин сүйлөшкөнүбүздү угуп калышы ыктымал.

– Айтмакчы эртең эжең сумкасына сак болсун.

– Качан?

– Эртең дедми го. Аңгыча ичкери жактан эжемдин үнү угулду.

– Эй Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың? Анын бөлмөсүн ачып: – кабатыр болбо өзүммүн дедим.

– Көпкө сүйлөшүп жатканыңдан сыягы бирөө келген го дедим. Мен эшикти жаап Эберге карадым.

– Эми кетишиң керек. Ал адатынча көздөн кайым болду.

Эбер эртеси кечинде келди. Биз үйдө маектешип отурганда эжем менин бөлмөмө баш бакты.

– Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың?

– Эч ким менен көрүп турасың  го өзүм олтурам.

– Өзүңө окшобой турасың  ким менен эмнени сүйлөштүң?

– Сени мага ким сот кылып койду? дедим бурк этип. Ортодо Эбер сөзгө аралашып калды.

– Эжеңе айт акчасын эртең  уурдатат.

– Сен андан көрө эртең сумкаңа сак бол.

– Ии эмне болду?

– Сак бол деп алдын ала эскертип коймокчумун.

– Кайдан билесиң? Эжем бөлмөгө кирип алып, такып сурай баштады.

– Мээни айлантпай сабакты оку да, мектепке кечикпей бар. Анын үстүнө быйыл бүтөсүң. Эжем ашканага чыгып кетти. Айттым го адамдар оңой менен сөзгө ишенбейт. Аларга калп сүйлөсөң  ишенишет. А сен алардын тагдырын алдын ала айтуучу болбо. Жалпы адамзаттын тагдырынын өзгөрөөрү  жөнүндө билгизем ошону гана аларга айтасың. Эртең эмне болорун жалгыз Теңир билет.

– Сенчи? Эжеме азыр эмне болорун айттың го.

– Мен сенин арыгыңды чаптым. Анткени менин Кудайдан келгенимди ал билиши үчүн айттым. Мен сага келечекте жаңы заман жөнүндө билдирүү үчүн келгем.

– Теңирдин кабарын жеткирүү үчүн келдиңби?

– Ооба.

– Айтсаң эмнеге келечектеги жаңы заманды мага айтып жатасың? Бул тууралуу ыйык китепте жазылган эмеспи.

– Ооба баары алдын ала жазылган. Көпчүлүгү  болуп өттү. Айрым пайгамбарчылыктар эми аткарылат. Жер шарындагы бардык адамдар ага ишеним артпайт. Бул кабар бүткүл адамзатына арналат. Аны угууну каалагандар угушат. Көрүүүнү  каалагандар көрүшөт.

– Эбер эмнеге мени тандадың?

– Теңир бардык жандын чаңкоосун, тилегин билет. А сенин жүрөгүңдө издөө, чаңкоо күчтүү. Ар бир адамдын чаңкоосу ушундай болсо кана. Асмандагы жашоо үчүн сендейлер саналуу. Жашап жаткан чөйрөң сени кабыл албайт. Бул дүйнө  сага орой мамиле жасайт. Ал үчүн сен өгөй баласың.

– Мен көп азап чегемби?

– Азаптуу күндөрдү башыңан кечиресиң. Бирок акырында баарын жеңесиң. Жарык сени таштабайт. Ал сенин шамшарың  көтөрүп  алдыга жетелейт. Ал ушул сөздөрдү сүйлөп үбүткөн соң, үйдөн кетти. Ал мага олуттуу маселенин учугун баштагандай сезилди. Бир убакта эжем ашкана тараптан кыйкырып калды: – мендей жесирдин акчасын уурдаган адам жарыбайт. Өмүр бою андан жакырчылык кетпесин. Эжем Наарынын күйөөсү оорудан каза тапкан. Ал жети жашар уулу менен ата энемдин үйүндө жашайт. Карындашым  Алия биологияны жакшы көрөт. Ал өзүнүн сабагы менен убара. Атам геолог болуп иштеген. Азыр ал арабызда жок . Эжем Наары ашканада ары бери басып  жүрдү. Оюма Эбердин сөзү шак дей түштү.

– Эмне эле күңкүлдөйсүң?

– Эки күн мурун акчаң жоголот деген элең. Балким сен пландаштырган болсоңчу?

– Акчаңды мени алды дегени турасың  го? Мен ашканадан чыгып кеттим. Бөлмөмө кирип эшикти ичинен илип алдым. Наары эшикти тыкылдатты.

– Тоби кечир мени. Акчаң жоголот деп өзүң айтпадың беле? Аны сен кайдан билдиң? Же көзүң ачылдыбы? Эжем эшиктин сыртында кетпей сөйлөй бергендиктен, аны бөлмөгө киргиздим.

Мен акырында эжемден эч нерсе жашыра албай калдым. Ал мага эмне болуп жаткандыгын, өзгөчө  жакында өзгөрүлүп калганымды байкагандыктан ал мени аңдый баштаган болчу. Ал мага көп суроо берчү болду.

– Тоби мен сенин жалгыз эжеңмин. Менден эч нерсе жашырба.

Мен Наарыга Эбер жөнүндө айтып бердим. Ал мага ишенбегендей түр менен карады.

– Эмнеге мени минтип карайсың?

– Мен сени өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан го деп ойлодум. Көрсө ошол беле? Чын элеби? ал дагы кайра мага карады.

– Ишенгиң келбесе өзүң бил.

– Сенин жамандыкка дуушар болушуңду эжең каалабайт. Ал келип мени жеңил кучактады. Түн бою уктай албай кыйнала бердим. Бир убакта апам бөлмөгө баш бакты: – уулум дагеле уктабай жатасыңбы?

– Менден кам санаба. Зергер буюмдарды карап жаткам дедим. Апама «Караван» аттуу журналды көрсөттүм.

– Тоби уулум эс, ал эртең  мектепке барышын керек деди апам эшикти жаап жатып. А мен апамды аяйм. Тогуз жашымда денемдин ысыгы кайтпай, ооруканага жеткиргенде алигиче көз жаш төккөнү эсимден кетпейт. Ооруканадан чыгарыбызда дарыгердин апама шыбырай сүйлөгөнү эсимде.

– Уулуңузду психологко көрсөтүп көрбөйсүзбү? Апам селт эте түштү.

– Ойлоп көрүшүбүз керек деди да апам мени жетелеп чыгып кетти. Апамдан кийин сурасам ал мага жооп бергиси келбеди. Ал жөн ган “уулум дени сак адамдар деле психологко кайрылышат”деп койду.

Түн бир оокүм болду. Сыртта дагеле жамгыр дыбырап жаап жатты. Чагылган чарт этип, бөлмөнү жарык кылып кайра өчтү. Заматта Эбер бөлмөдө пайда болуп калды.

– Салам. Эмнеге уктабай жатасың?

– Уйкум келген жок.

– Тоби сени башка дүйнөгө алып кетем деди.

– Эгер ал дүйнөдө  ооруу, өлүм, кыйынчылык болбосо кетемин деп жибердим.

– Тоби мен сага жаңы дүйнөнү көрсөтөм. Анткени бүткүл адамзатты мына ушундай жашоо күтүп турат. Ал дүйнөдө эң картаң киши отуз жаштагыдай көрүнөт. Ал жерде өлүм, ооруу жок. Бирок бир миң жылдык жашоо сабагы бүткөн соң, чыныгы Жараткан тарабынан адамдарды чоң сыноо күтүп турат. Адамдар эмгектенсе да, ырахаттуу жашоо үчүн эмгектенишет. Уктаса да тынч укташат. Алтын идиштерден суу ичишет. Жер өз күчү менен даамдуу мөмөлөрдүн дарактарын өстүрөт. Ал жерде түйшүк болбойт. Жырткычтар жашабаган кооз дүйнөнү көрөсүңөр. Адамдар бирин бири чындап сүйгөн заман келе жатат. Адамдардын даражасы биринен бири жогору болбойт.

– Өзүм менен кошо апамды да алып кетким келет.

– Түшүнөм апаңды жакшы көрөсүң. Ал жер бетинде узак өмүр сүрөт. Келечекте орной турган заманды болорун бул өрөөндө сага гана көргөзөм. Анткени сен асмандагы жашоого тандалгансың. Ал эми сенин боорукер апакең жаңы дүйнөнү көрөт. Сегиз жылдан кийин сага келем.

– Сени такыр түшүнгөн жокмун дедим.

– Убагы менен баарын түшүнүп каласың деди да ал буу сыяктуу абага сиңип кетти. Көргөнүмдүн баарын апама айтып бердим.

– Жалган айтасың! апам кыйкырып жиберди. Анан басыңкы үн менен сени ооруканга алып барам деди. Эжем уулу менен сейилдеп келүү үчүн бакка чыккан болчу.

Көптүн бири катарында мектепти аяктадым. Жакындарым мени рухий оорулуу деп эсептегендиктен ооруканалардын эшигин көп жолу кактык. Мен аларга өзүмду кадимки акылы тетик алардан айырмам жок экендигин такыр далилдей албадым. Бир гана жакындарым үчүн мен

акылсыз, жин даарыган адам бойдон калдым. Башка адамдар үчүн мен өзгөчө элем. Алар менен мен абдан кенен сүйлөшүп,көп нерсени тартынбай талкуулай алчумун. Байыркы философ Сократтын сөзү эсиме түшүп кетти «адам өз үйүндө баркталбайт» деген эле.

Мен өз далаалатым менен жогорку медициналык окуу жайын ийгиликтүү аяктадым. Рухий оорулуу болосуң деген дарыгерлерге кошулуп, психолог дарыгер болуп эмгектене баштадым. Эжем уулун алып Дубайга эмгек тажрыйбасын арттыруу үчүн кетти. Карындашым Амалия мектепте окуп жатты. Эжем тамак аш өндүрүү тармагы боюнча технолог болуп ири компанияда эмгектенип жүрдү. Атамдын орду мага абдан билинди. Мен аны унуталбай койдум. Көкүрөгүмдө ага болгон кусалыгым өчпөй тура берди.

Эбер өзү убада кылган убакта келди. Сегиз жыл көз ачып жумгуча өтүп кетиптир.

– Сени жаңы дүйнө сапарына алып жөнөө үчүн келдим деди.

– Ооба билем.

– Сен жакындарыңды сүйөсүң. Бирок Кудайды көбүрөөк сүй. Анткени сен мындан ары Аны менен болосуң.

– Эмне өлөмүнбү?

– Жок кайрадан төрөлөсүң!

– Анда  апам менен коштошуп алайын.

– Сен кайра келесиң. Жерде аткарчу жумуштарың бар деди.

– Демек апам менден кабатыр албайт экен да?

– Тоби сен дагеле мени түшүнгөн жоксуң. Бирок эки күн өткөн соң, жүрөгүң тынчтанат деди.

– Эки күн үйдө апаң менен бол. Ал адаттагыдай көздөн кайым болду.

Эбер айткандай менин жүрөгүмө болуп көрбөгөндөй тынчтык орноду. Жүрөгүм алдыдагы сыноолорго, соккуга даярдана баштады. Түнү апам экөөбүз дасторкондо отурдук. Мен апама суроо узаттым.

– Эгер мени көпкө көрбөй калсаң санаа тартпа. Мен ар дайым жаныңдамын дедим.

– Ал эмне дегениң? Сен алыска кетчүүдөй болуп сүйлөп жатасың деди апам тынчсызданып.

– Апа мен эртең иш сапарым боюнча кетип жатам. Менден себепсиз кам санап жүрбө. Мен өз конушума кайтып келемин.

– Каралдым сөзүңө түшүнбөдүм. Кайда кеткени жатасың? Апам менин башымдан сылады.

– Түштүк Мексикага барам рухий ооруулулар жаткан табыпканага. Апам менин сөздөрүмдү тамаша катарында кабыл алды. Чындыгында мени ушул күндөрү Түштүк Мексикага жолдомо менен жиберишмек эле. Мен узак жолго камданып жүргөм.

Түнкүсүн катуу шамал болгондуктаң, бактагы бүт жалбырактарды учуруп келип босогого чогултуп коюптур. Мен короону ирээтке келтирип, бөлмөмө кирдим. Апамдын бөлмөсүндө мындай мезгилде чырак өчтү.

– Мен сага мындан он жыл мурун келем  деген элем. Ушул бөлмөдө дагы жолуктук деди Эбер.

– Эми мени алып кетесиңби? Эберге суроолуу карадым.

– Ооба убакыт келди. Эмнегедир башым тегеренип көзүм караңгылашып кетти. Бөлмө көз алдымда айлампа сыяктуу тегеренип жатты. Ал улам тегеренип айлана берди.

Арадан канча убакыт өттү билбейм, ойгонсом кайыкта уктап жатыпмын. Бул жерди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Жада калса бул жер Түштүк Палестина тургай, жер шарынын бир жерине окшобойт.

– Мына сен келе турган дүйнө, сен эңсеген дүйнө. Бул жерде өлүм, ооруу, кыйроо, кыйынчылык жок. Эң улуусу отуз жаштагыдай көрүнөт. Бал жешет,алтын чөйчөктөн суу ичишет. Чөйчөктү да, балды да сатып алышпайт. Жаратылыш менен ынак жашап, бул жерде бактылуу өмүр сүрүшөт деген үн кулагыма жаңырды.

Көк  мухит сыяктуу асманды көрдүм. Андагы апапак булуттар көздүн жоосун алат. Куштардын сайраганы кулагыма жагымдуу угулуп, суунун акканы жүрөгүмдү тынчтандырып балкып отурдум.

– Тур биздин шаарга кир. Ал жердин тургундары сени тосуп алышат. Шаар дарбазасына жакындап калдым. Дарбазанын эки канаты бар экен. Эки канатында экиден көгүчкөн конуп турат. Куштун көздөрү ушунчалык сулуу болгондуктан, аларды көргөндөн баштап жүрөгүм кубанычка толду.

Дарбазага жакындап калганда эшиктер ачылды. Аны кимдир бирөө ачкан жок. Өзүнөн өзү ачылып кандайдыр бир коңгуроонун жагымдуу үнү угулду. Коңгуроонун кыргагына көзүм түштү. Анда “Кош келиңиздер” деп жазылып туруптур. Арстан алдыман тосуп чыгып, мени күзөтүп алып баратты. Ал менин көзүмө жоокер өңдөнүп кетти. Тегерек үй көзүмө урунду, терезелери да тегерек экен. Терезесинде пушту кездемеден тигилген пардалар илинип турат. Ал үйдөн нан көтөрүп чыгып келе жаткан кыз көрүндү. Ал жылмайып: – келиңиз нандан жеңиз. Ушул үйгө конуп мейман болуңуз деп ийиле салам берди. Кыздын көгүш желбиреген жука көйнөгүнөн дене мүчөсү көрүнүп турду. Колдору назик,илеби кызыл келишимдүү, чийме каш жылдыздуу бийкечти көргөнүмдө ага тамшанып карап , дүйнөдө жашап жатканыма ыраазы болдум. Мындан бир күн мурда өлгүм келген болчу. Бүгүн мындай кереметүү дүйнөнү көргөнүмдө кайра – кайра жашагым келип, жан дүйнөм жашарды. Тегерек үй тараптан жыпар жыт аңкып, мени өзүнө тартты. Ары жакта жалпак бирок көрүнүшү кооз ар кандай үйлөр көрүндү. Жаш балдар ойноп жүрүшөт. Бак – дарак жапшашыл, кызыл – тазыл гүлдөр айлананы кулпунтуп, ушул жерден жашоо башталгандай….

Бийкечтин колундагы нандан ооз тийип бүткүчө, ары жактан узун бойлуу, чачын артка тараган, ак көйнөкчөн жигит келип калды.

– Салам биздин кадырлуу коногубуз. Киши да көзүмө ажарлуу көрүндү. Негедир бул жерде коркуу, тынчсыздануу жок. Кишиге колумду сундум. Саламдашкан соң, ал өзү менен тааныштырды.

– Менин ысмым Канафил. Мен үй бүлөм менен төртүнчү үйдө жашайм. Эки кызым бар. Аялымдын аты Бинаил.

– Кечиресиз бул жерде палестиналыктар, азиялыктар да жашайбы?

– Сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз ошондуктан ушинтип сүйлөп жатасыз. Биздин шаарда улуттар эмес элдер жашашат. Кайсы жерликтер эмес, тандалган элдер жашайт. Мен эч нерсеге түшүнбөй үйдүн ичине кирдим.

– Олтуруңуз деди мени биринчи тосуп алган бийкеч. Дасторкон жайып, даамдуу тамак – аш, мөмө-жемиштин түрлөрүн жайнатышты. Мен негедир өзүмө келе албай толкунданып турдум. Жүрөгүмө эбегейсиз тынчтык орноду. Ал жердин тургундары менен тил табыша баштадым. Алар мени даамдуу тамактар менен коноктоп жатышты.

– Мен сиздин атыңызды суроодон ийменип жатам. Жанагы бийкечке сүйлөгөндө сүрдөп , эки бетим чоктой кызарып чыкты.

– Эдеми деди кыз назик үн менен.

– Менин атым Тоби. Сиздин Тоби экениңизди уктум. Кыз менин жанымдан аркы-терки өткөн сайын, жыпар жыт аңкып турду.

– Мага дүкөн каерде экенин айтып коесузбу?

– Эмне муктаждыгыңыз бар?

– Мурут алуу үчүн устара сатып алсам болобу? дедим.

– Канафил мырзанын үйүндө жаңы иштетиле элек устаралар бар. Азыр сизге алып келип берем.

– Жок тим эле коюңуз, дүкөндөн сатып аламын.

– Бизде дүкөн болбойт, кампалар болот.

– Эмнеге? мен таңыркап сурадым.

– Биздин үйлөргө башка шаардан бизге керек болгон буюмдарды алып келип беришет.

– Анда мен тыйын берейин Канафил байкеге берип коёсуз дедим .

– Биздин жашоодо эч нерсе сатылбайт. Баарын бекер алабыз.

Мага берилген бөлмөдө эс алдым. Кандай дүйнөгө келип калганыма аң таң болдум. Бул жердеги жашоо менин мурунку жашоомдон абдан өзгөчөлөнүп турду. Жашоом заматта башка нукка бурулуп кеткенине ишеналбай жаттым. А бирок ошол эле учурда жаныма тынчтык келди. Бул дүйнөдө адамдар бирин – бири чындап сүйүшөрүн билдим. Мага дарбаза ачылганда сүйүү, адилет дүйнөсүнө кирдим.

Таң эртелеп чымчыктын сайраганы угулду. Ордуман ушунчалык жеңил турдум. Оң колум көптөн бери артриттен жабыркачу. Бүгүн колумдун жеңилдигинен оорунун бир да белгисин сезген жокмун. Айтор айыгып калдым. Көңүлум шат терезени ачканымда түркүн куштар учуп жүрүптүр. Алар ар кандай түстө экен. Кичинекей ала куш пырпырап терезенин жанына келип конду. Ал жагымдуу сайрагандыктан жүрөгүмө кубаныч кирди. Биз ушундай кооз кереметтүү дүйнөдө  жашайбыз. Ушул тынч бейкүнөө жашоону биз менен бирге даңкта дегенсип канаттарын кагып сайрап жатты.

Бактын ичинде бир нече отургучтар, ары жакта шөкүлө сыяктуу курулган үйчөлөр көрүнөт. Дарактар ушунчалык жапжашыл болуп көктөп,шамал айдаган жактан алардын жагымдуу жыты буркурады. Абадан кере-кере дем алып, жумшак отургучка келип отурдум. Мен Эдемини издедим . Кантсе да үйдүн ээси эмеспи. Анын уруксатысыз мен бир да буюмду кармамак эмесмин.

– Эдеми дедим акырын. Үйдүн эмеректери абдан таза тыкан тутулган. Өмүрүмдө көрбөгөн буюмдар да бар экен. Ал буюм асман менен жерди бириктирүүчу алтын шаты. Тепкичтери алтындан, эки устуну күмүштөн жасалыптыр. Бөлмөнүн ортосунда чай ичүүчү самоор көрүндү. Кесилген ак нан, кара жүзүмдүн шиңгили, тилке коон, бир нече шириндиктер үстөлгө жайната коюлуптур. Урматтуу мырзам жакшы уктап турдуңузбу? Эдеми жылмая эшик жактан кирип келди. Мен эмне дээримди билбей апкаарыдым.

– Келиңиз чайга. Ал үстөлгө кол жаңсады.

– Чай ичип болгон соң, Эдеми мага карады: – мырзам кечээ устара сураган элеңиз. Шаарыбыздын ушул иш боюнча алектенген адамы муну таштап кетти. Эдеми устараны мага берди.

– Оо жакшы тура. Мунуңуз канча турат?

– Канча турат дейсизби?

– Ооба буюмду бекер албайм го.

– Бизде бир да нерсе сатылбайт деди Эдеми.

– Түшүнбөдүм. Сатылбайт дегениң эмнеси?

– Мырза Тоби сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз. А бул жер түбөлүктүү өмүр дүйнөсү. Сиз билбегендиктен ушинтип сүйлөп жатасыз. Күн өткөн сайын, биздин дүйнө менен таанышып, анын кандай экенин билип каласыз.

– Кызык дедим мен. Өлүктөр дүйнөсү дейсиз, ошол кыйналгандардын баары ушул дүйнөгө келишпейби? Эмнеге ал жакта азап тартып жатышат? дедим. Эдеми мени адаттагыдай угуп отуруп, жагымдуу жылмайыңкы жүз менен суроомо жооп бере баштады.

– Тоби кымбаттум бул жерде көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар бул жерде түбөлүккө өмүр сүрүшөт. Сиз алардын баарын көргөн жоксуз.

– Эдеми мени эмнеге сиз дейсиң? Сен дечи мен мындай сүйлөшүүгө көнгөн эмесмин.

– Жарайт. Мындан ары уруксатыңыз менен сен дейин.

– Эки күндөн кийин жер иштетүүчүлөрдүн, жаныбарларды баккандардын жарманкеси болот. Сени ошого алып барам. Өз көзүң менен көрүп келесиң. Бул дүйнөдө бардык суроолордун жообу бар. Ал жооптор иш жүзүндө көрүнүп турат. А бүгүн сага  эгин талааларыбызды көрсөтөм. Эдеми менин колумдан кармап сыртка жетелеп жөнөдү. Мен да кубанып кеттим. Биз дөңсөөдөн ылдый көздөй чуркап түштүк.

Айлана айтып бүткүс кооздукка бөлөнүп турат. Кулпурган гүлдөр, тегиз дарактар, туптунук аккан суулар көз жоосун алып, андагы жандыктар тагдырга терең ыраазы болгондой коопсуз жүрүшөт. Аларда эч кандай тынчсыздануу, коркуу жок. Ачык асман алдында эч нерседен кам санабай жыргап жашап жатышат. Жаратылыш койнунда мемиреп созулуп жаткан талаага көз жибердим.

Жаңы дүйнө келүү

Подняться наверх