Читать книгу Мезгил ажырымы - Алтын Иниятовна - Страница 1

Оглавление

…Кеч күүгүм. Кадимки кыйма чийме каттаган маршруттук таксилердин катары сээлдеп, аялдамаларда кишилердин карааны көбөйө түштү. Шаар сыртындагы чөлкөмдөрдө аялдама дээрлик жокко эсе. Ар бир ыңгайлуу жерлерди тургундар өздөрү ыңгайлаштырып, «аялдама» катары белгилеп алышкан. Бири жумушунан кеч чыгып, бири күнүмдүк түмөн түйшүктүн дагы бир милдетин аткарып үйүнө шашса, дагы бири кечки жумушуна бара жатышкан адамдардын арасында жүзүнө жылмайуу тарткан киши деле жоктой. Кабактарын бир аз чытый, келе турган маршрутун мойнун созо карап, жол жээгине ыктай басып, кайра артка тартып ар ким өз багытын күтүп турат.

Эл арасында колуна көтөргөн эки чоң баштыгын коерго таза жер таппай, улам бир ыптасына салмагын салып өз багытына кетүүчү маршрутук таксини күткөн Ырыс да бар. Жапалдаш бойлуу, жашы кырктарга келип калган бул келин компьютердик клубдардын биринде тазалоочу болуп иштейт. Иш берүүчү акчасын үнөмдөгүсү келгенби, айтор, эки кабат имаратка эки эле тазалоочу жалдап алган. Жумушчунун укугун коргой турган мыйзамдар жазылганы менен, аны сактап, жумушчу байкушка социалдык төлөмдөрүн төлөп турган жеке ишкер-жумуш берүүчү өтө сейрек. Өмүр бою Ырыс ушундай жалданма жумуштарда иштеп келе жатат. Күнүмдүк тирликке акча тапканы менен, келечекте пенсия деген чектөөлөр кандай болоорун Ырыс ойлогусу деле келбейт. Ойлогондо эмне. Жумушка алганына сүйүнөт. «Мен үчүн социалдык төлөмдөрдү төлөп турасыздарбы?»-деп сураса эле, жумуш берүүчү «бара бериңиз, сизди жумушка ала албайбыз»-дегени жатпайбы. Эсине түшкөндө – «Эээх десең, ушу жеке ишкерлерди мажбурлап, ар бир жумушчуну мыйзамга ылайык ишке алууну мамлекет көзөмөлдөсө кана?; Мамлекетке эле жакшы болот эле да»-деп Ырыс ойлоп, үшкүрүп коет.

Таалайына жараша, окууну бүткөн учур эл кыйналган өткөөл мезгилге туш келип, эч бир кесипке ээ болбой калган. Ал кезде эл кара ун жеп, перловка эбин тапкан адамдарга гана тийчү. Үй-бүлөнүн эң улуусу Ырыс апасына кол кабыш кылып эмне гана саткан жок. Базар аралап, колуна көтөрүп алып аркан, жип сатты. Лампочка сатты. Байпак сатты. Акиташ сатты. Деги койчу, сата турган эмне болсо баарын алып сатты…

Жумуштан бир чарчаса, тыгылышкан маршрутканын ичинде эки чарчап Ырыс илкий басып үйүнө жетти. Босогону аттаганда күйөөсүнүн бут кийими таманы эки эли ылай болуп бири ары жакта, бири бери жакта, көмкөрөсүнөн жатыптыр. Ырыс ичинен «Акмак, дагы ичип келген тура»-деп ачуусу келе түштү. Ушундай күндөрү андан ары үйгө кирбей эле артка бурулуп үйүнө, апасына кетип калгысы келчү. Апасынын жанында тээ бала кездегидей беймарал, капарсыз, жан дүйнөсү тынч болуп калаар эле. Ырыстын ичинде заары, таарынычы, ызасы кайнап чыгып аттап-буттап барып ортоңку бөлмөнүн эшигин жулуп ачты. Төрдө кирдегенинен майланышып, куралган курагы деле билинбей калган жер төшөктө аяшы Канат колун чекесине алып, чалкасынан жатыптыр. Столго өбөктөп үңкүйүп күйөөсү Нурик отурат. Бөлмөнүн ичи чылым, арак жыттанат.

Ырыс ошол кечте аяшы машинеси менен бирөөнү сүзүп алып, из жашырып Ырыстын үйүнө жаңы эле качып келип отурганын билди. Үйдүн ичи жагымсыз бир энергияга толгондой. Дубалдары саргарып, шыбы жапыз бөлмөнүн көрүнүшү ого бетер маанайды чөгөргөнсүйт. Аяшынын сунушу менен Нурик экөө кырсык болгон жерге кайра барып сыртынан байкап келмекке жөнөштү. Кетип баратып Нурик Ырыска– «Эй!..эч кимге айтпа! ..эй..!»-деп кетти…

***

Эркектерди сыртка узатып коюп, Ырыс үй тирлигин ирээтке келтирип тамак жасоого киришти. Бут чечмесин кошкондо үч бөлмөлүү болуп эсептелген бул ижара үйдө көп жылдардан бери жашайт. Иштейин десе үйү каралбай, иштебей коейун десе жашоо токтоп калган бул заманда аялдарга эле кыйын болгону чындык. Күйөөсүчү…күйөөсү…үстүндөгү жумушчу кир кийимин чечпей отурган жеринде кийими менен оонап, бутун чечпей төргө чейин тебелеп кире берип, бул үйдө бир таза килем-килче калбагандай. Бала чагынан кийимин өйдө коюп, этияттап кийүүгө үйрөнбөгөн бул эркекке миң жолу какшап айтса деле кулагына кирээр түрү жок. Баш кошкондоруна аз убакыт болсо да, «Муну сыйга киет экемин, таза киейинчи» деген бир оюу жок күйөөсүнүн аркасынан жыйнап, тазалап жүрүп Ырыс эбак эле чарчап бүткөн. Ана..тигине..баш кийими тиги бурчта будаланып жатат. Баятан бери баш кийимдин үстүнө жатып алып бироо оонаганбы, айтор баш кийим эмес эле батек болуп калгандай. Ал эми бут кийим өзүнчө бир маселе. Жанагы сыртта баткак болуп жаткан бут кийимин тазалап кийгендин ордуна, «сый конокко кийесин» деп Ырыс тазалап, жылтырак баштыка салып ары коюп койгон жаңы бут кийимин кийип кетиптир. Ырыс оор үшкүрүп алды.

Караңгылык эчак эле коюуланып, эл жатаар маал болду. Аяшы менен күйөөсүнөн дайын жок. Нурик менен Канат таң атканча үйгө келбесин Ырыс билген жок. Аңгыча оозгу бөлмөнүн терезеси акырын тыкылдады. Ырыс 3 жолу ыргак менен тыкылдаган дабыштан улам ким экенин сезип, ичтейи түйүлүп, жүрөгү ысып кетти. Эшикти ачып жиберди да маңдайында турган келишимдүү жигитке каргылданган үн менен «Эмне болду? Эмне келдиң?!»-деп жиберди.

***

Канат менен Нурик кырсык болгон жерге жете келишти. Жабыркаган адамды тез жардам алып кетиптир. Топтолгон эл тарап, 3-4 киши гана четте турган экен. Канат даап бара албай имерчиктей түштү. Бүткүл бойун майда калтырак басып, чыйрыгып чыкты. Бир орунга туралбай тыбырап чуркап кеткиси келет. Жүрөгүнүн соккону өзүнө угулуп, башы кеңгирейт. «шырп» эткен дабыш болсо эле мына азыр Канатты милиция кармап кетчүдөй болот. «Сен барып келсең тээтиги кишилерге»-деди Канат. Нурик «Барып эмне деп айтам?»-деди. «Тамеки сура, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына кулак сал»-деди Канат чыйрыккан үнү менен. Нурик кобурашып турган адамдардын жанына жай басып барды. Алар башка эле бир темада орус тилинде сүйлөшүп жатышыптыр. Нурик бир даана тамеки сурап алды, адамдардын бири өз күйгүзгүчүн жандырып Нурикке сунду. Нурик ыраазычылык билдирип адамдардан алыстап, обочодо турган дукөнчөгө «чылым күйгүзгүч алып алайынчы» деп ойлоп баш бакты. Көз айнегин мурдуна илип алып, калың дептерди оодарып, бирдемелерди жазып жаткан сулууча эже башын көтөрүп «Эмне аласыңар?»-деди. Нурик кырсык тууралуу сурап көрбөйүнбү деп ойлой калып «Эже, жана ушул жерлерден бирөөнү машине коюп кетти дейби?». Дүкөнчү эже: «ооба, ылдыйда жашаган орус чал бар эле. Ошол чалды сүзүп бир машине качып кетиптир»-деди. «А эмне болду. Сен ал кишини тааныйсыңбы?»-деп удаа эле суроо узатты дүкөнчү. Оозунда даяр жообу жок Нурик эмне дээрин билбей «А, жөн эле эшикте сүйлөшүп жатышат го, ошону эле сурадым.»-дей салды да «Эже, кандай машина экен»-деп сурап жиберди. Дүкөнчү-«Билбейт экемин анысын»-деди жактырбагандай…Чынында, дүкөнчү эже уулу кырсыкка күбө болуп, машиненин түсүн да номурун да жаттап калганын эч кимге билдиргиси келбеди…

***

«Эмне күткөн эмес белең?»-деп ыржая, жигит Ырысты жөөлөй үйгө кирүүгө умтулду. Бул жигиттин аты Руслан. Бойдок. Жашы Ырыстан 5-6 жашка кичүү. Ырыстын атуулдук никеде жашап көргөн үчүнчү күйөөсү. «Акча керек болуп атат. Акча бересиңби?»-деди Руслан Ырыска. Ырыс итатайы тутула түштү да, «Кайдагы акча?. Менде жок, болду». «Келбе экинчи,мен турмушка чыккам»-деп келин үнүн бек-бек чыгарды. «Мейли, өткөндө өзүң телефон чалып «акыл эсинен айныгандар баруучу ооруканага алып бар» деп ыйлап атпадың беле? Пивого тоюп алгансың го ээ ошондо. Догдурга барбай калдыңбы?»-деп каткырып жиберди жигит.

Ырыс ошол күндөгү окуяны эстеп кетип уяла түштү да «Тур, бар, кетчи!» деп жиберди. Руслан ылжыңдап «Бул «аэродром» да бошобой калган турбайбы» деп эки колун джинсы шымынын чөнтөгүно шыкай салып, ийиндерин куушура үңкүйө басып сыртка чыгып кетти.

Руслан иштесе ишке, аш десе ашка тойбой турган жигиттик доорунда, үй бүлөдөн же иштеген иштен жок колоктоп басып жүрүп, жашы отуздан ашыптыр. Ата-энеси кулагынын кужурун койбой сырттан окуу бөлүмүно тапшыртып акча-тыйын берип, эптеп экономист кесибинин дипломун алып беришкен. Бирок Руслан ал кесипте бир күн да иштеп көргөн жок. Руслан өзү техникага абдан кызыгаар эле. Өспүрүм кезинде машина куруу боюнча теле-берүү болобу, же журналдардан болобу, айтор машинага байланыштуу материал көрүп калса эле жантыгынан жата калчу. Бирок, ата-эне баласы үчүн чечим чыгарышкан. «Койчу кайдагыны айтпай, бизде машине чыгарган завод жок болсо, каяка барып иштемек элең?!» деген ата-эненин чолок акылы баланын кызыгуусун биротоло өчүрүп, бала умтулган таттуу кыялы жок жүрүп бой тартып, мына минтип тамаша-чынын аралаштырып сүйлөгөн ажыкыз жигитке айланган. Аттиң десең, ар бир үй бүлөдө ар бир баласынын кызыгуусун байкап, бала өзү тандаган багытына макул болуп, аз да болсо шыктандырган ата-энелер көп болсо кана. Жок, тескеричинче, баары эле балам кара папке көтөрүп, ак көйнөк кийип тез эле жетекчи боло калат деп кыялданышат окшойт.

Руслан Ырыстын үйүнөн чыкты да эч ойлонбостон эле Тулиева көчөсүндөгү эркектер үчүн өзүнөн өзү пайда болуп, уюшуп калган «эс алуу аймагын» көздөй жөнөдү. Аты менен даңкы чыккан бул көчөдө «түнкү көпөлөктөр» кызмат көрсөтүшөт. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи үйдүн дарбазасында «Мончо, Кыз жок» деп жазып коюшкан. Руслан бул жердин кардары. Кайсы мончодо кандай кызматтар бар экенин беш колундай билет. Совет мезгилинде кымбат бир импорттук товарга эл кезек күткөндөй, бул жерде Руслан да өз кезегин күтүп, чала-була жуунуп, жыланач шыйрактарын көрсөтүп оронуп алып, кезектеги кардарды кабыл алмакка жүгүргөн кыздарды шыкаалап далай ирээт туруп калган күндөр болгон. Русландын бул балиттик менен ыймансыздык уялаган жерге болгон ушул жолку сапары тагдырында чоң бурулуш жасаарын сезбей «чыйт» түкүрүп кете берди…

***

Канат үчүн жарытарлык эч нерсе биле албай Нурик кайтып келди. Канаттын өңү бозоруп, бүрүшүп такыр эле болбой калыптыр. «Эртең өзүм барбасам болбойт, мен минтип жүрө албайм…айй…ат-т-та-а-а» деп кыжалат болгон Канат бир орунга тура албайт. «Кырсык болгон жерди таштап кетүү да өзүнчө айыпталат да»-деп айласы түгөнүп Канат бетин эки алаканы менен жышып сүртүп алды. Канча жылдан бери досунун ойт бермесин жакшы билген Нурик анын өзү барып колго түшүп берээрине анча ишене албай турду…


***

Чылым күйгүзгүч сатып алган жигит сыртка чыгып кеткен сон, дүкөнчү эжени «Уулум күбө болгонун айтсынбы же айтпай эле койсунбу?»-деген суроо кайра жаңырып кыжалаат кылууда. Энелик жүрөгүндө уулун ар балээден коруп, ашыкча маселеси жок жүрүшүн каалаганы менен, бир үй-бүлөгө түн түшүп турганда, билип туруп, унчукпай коюуга да адамдык абийири жол бербей, эмне кылаарын билбейт. Жанатан, кырсык болуп эл чогулуп турганда милиция кызматкерине чуркап барып айткысы келген 15-16 жашар уулун тыйып «жөн отурчу, сенсиз деле таап алышат»-деп койгон. Эми жүрөгүн «жол тескөөчү кызматкерлер иштеп, издеп табышаар бекен, же…» деген суроо кыйнайт. Өткөн жылы дүкөнүнө кирүүгө болгон бирөөнүн кара өзгөй аракети, аймактык милиция кызматкеринин жалкоолугунан улам, ким тарабынан жасалганы билинбей калбады беле. Ошондо аймактык милиция кызматкери «Зыян болуп товарыңыз жоголбогондон кийин, арыз жазбай эле коюңуз»-деп койгон. Көрсө, арыз болбогон сон алар деле издебей, иштебей койсо болоорун бул сулууча эже кайдан билиптир. Дүкөнүн эртелеп бекиткен эже, үйүнө жетип эле керебетине кулады. Түшүнө ар нерселер кирип, эртең менен турса башы кеңгиреп калыптыр. Уулу мектепке кетиптир. Кечээки маселени дүкөнүнө жеткиче кайра жаңыртып ойлой берип, акыр аягы уулум менен милиция бөлүмүнө чогуу барып айталы деп чечти. Мектепке кеткен уулу ошол маалда спорт залдын айнегин сындырган баланы класс жетекчиге көрсөтүп берем деген классташын тыйып «Айтпай эле кой…эээ…айтып эмне кыласың»-деп жаткан эле. Апасы уулун тыйган үлгү тез эле уулуна сиңе түшкөнүн карасаң…

***

Баягы жерде имерчиктеп бир топ турган Канат менен Нурик, көздөн далда кылып бак-шак, бадалдын арасына житире айдап киргизип, токтотуп койгон жерден машинени алып чыгып, башка бекем жерге Нуриктин сунушу менен таң агара электе жашырып катмай болушту…

***

Ырыс жашаган аймактан бир топ жөө басып, Руслан чоң трассага чыкты. Шаар аралык каттаган экспресс машруттук таксилер да токтоп айлана терең уйкуга камынгандай. Чөнтөгүндө эс алууга деп катып койгон акчадан башка, ашык акчасы жок. Бирин серин өтүп жаткан машинелерге кол булгай баштады. Бир машине токтоду. Руслан: «Байке кайсыл жерге чейин барасыз?» деди машиненин эшигин ачып. Айдоочу шаардын кире беришинен бурулуп кетет экен. Баятан «Тулиева көчөсүнө 1-2 квартал болсо да жакындап барган машине болсо жакшы болмок. Шаардын ичине кирген сон кымбат таксиден башка айла жок болуп калат да, андан көрө, дагы ары барчу машине болсо багытташ болуп түшүп алайын да, андан ары жөө чыгайын»-деп ойлоп турган Руслан машиненин эшигин жаап «мейли, рахмат»-деп, ал машинеге отурбай узатып жиберди. 3-4 машинени тосуп оюндагыдай болбой жатты. Ангыча жылтылдаган аппак машине келип токтоду. Эңкейип терезесинен караса, 45 жаштардагы жакшынакай айым рульда экен. Автобекет кесилишине чейин барарын билип Руслан сүйүнүп кетти да, отурайын деп машиненин арткы эшигин ачса, эркектин узун буттары сороет. Айдоочу айым: «астына отуруңуз»-деди.

Магдыраткан музыка, жагымдуу атыр жыт каптап, жүрүп баратканы билинбей мелмилдеген салондо Руслан уйкусу келип кетти. Бой десе бойу, өң десе өңү бар бул жигит жанына отурганда эле айдоочу айым ага көз кырын салып койгон.

– Шаарда жашайсызбы-деди айым

–Ооба…

–Канча жаштасыз?

–Көп эле, эже…

– Эмне жумуш кыласыз?

–Эл катары…

– Автобекеттен дагы башка жакка кетесизби?

–Жок…

Кашы, көзү заманбап жасалгаланган бул айымдай аялзаттар Русландын табитинде эмес болчу. «Чачынын өңү бир башкача экен ээ.., фаранын жарыктарына чагылса өлгөн кишинин чачындай көрүнөт экен»-деп ичинен ойлоп койду Руслан. Айдоочу айымга бул келишимдүү жигиттин көп сүйлөбөй, атайын даярдалган тыңчыдай болгон турушу жагып кетти. Бир суроо сурасаң, бүткүл өмүр баянын төгүп баштаган, сүйлөөк эркектерди бул аял жек көрөөр эле. Бир жумадан бери бир чон ишти ишке ашырууга даярданып жүргөн айдоочу айымга, чоочун, көп сүйлөбөгөн, келбеттүү бир жигит керек болчу. Бул митаам аял үчүн Руслан чоң табылга болду. Эми бул жигитти имерүү керек деп айым ичинен кымындай баштады…

***

Руслан кеткенден кийин Ырыс телмирип жер тиктеп отуруп бир ыйлап алды. Улам эле күйөөнүн санын көбөйтүп, «турмушка чыктым, апа»-деп айылдагы апасына сүйүнчүлөй берип, өзү деле тажап бүткөн. Тээ илгери 19 жашында ак никелеп алган жарын «мажыкый экен, кулак мээни жейт экен, кызганчаак экен»-деп апасына айта берип ажырашып алгандан кийин, ичи жылып, өзүн анын жанында ишенимдүү сезгидей эркекке жолуга алган жок. Экинчи, үчүнчү, мына бул төртүнчү күйөө Нурик да Ырысты көкөлөтүп көтөрмөлөп той кылып үйлөнгөн эмес. Баары эле кудайдан жөө качкан күч күйөө болуп, Ырыстын үстүнө келип жашашып, акчасы болсо тең пайдаланып, акча жок болуп калган кезде жылып чыгып, келди-кетти болуп жүрүп, аягында Ырыс өзү эле жалгыз калган. Кыйынчылык, маселе пайда болуп калса жоопкерчилик албастан, жанынын тынчын самаган, оңой нерсеге умтулган эркектер кайдан чыгат болду экен деп, Ырыс жооп тапкысы келет. Эми бул Нурик менен чогуу түтүн булаткан тагдыры кандай болот, бир кудай өзү билээр. Ырыс эски жамынгычты жамынып бүрүшүп жатып уктап кетти…

***

Канат менен Нурик жол тосуп машине катылган жерге келишти. Бадал, талдын арасынан арты чыгып, бир аз көрүнүп калган машине оң жагына ооп калыптыр. Алдынкы оң дөңгөлөгү саздак жерге батып кеткен экен. Эки жигит айдап чыгара албай бир топ убара болушту. Трассада жарык пайда болуп калса, экөө кыймылдабай калышат. Кыймылдабай калышкан себеби, өтүп бара жаткандар «жардам берели»-деп келе калса, жабыркаган машинени көрүп калышып ашыкча «баш оору» болот дегени. Алар өтүп кетээри менен жанталашып аракет кылып жатышты. Жигиттер тизеге чейин суу баткак болушуп, таптакыр чарчап, акыр аягы трассага айдап чыгышты. Нурик «Мындан 20 км алыс тоок ферма бар. Жүрү, ошол жакка алып барып жашырып келебиз. Дачанын территориясы болгондуктан элдер эс алып жүргөн адамдар деп ойлоп, эч ким деле көңүл бурбайт»-деди. Айтылган жерге жетип, тоок ферма элдир-селдир көрүнүп турган алыстыкта, обочо жердеги бадалардын арасына токтотушту. Чынында эле машинени көргөн адам, жүрүштө эс алып жүргөн адамдардыкы деп ойлошу толук мүмкүн эле. Балдар бир аз машиненин ичинде эс алышты.

Тан супа сала баштады. Жигиттер кайра үйгө кайтмакка "жолго жөө баса берели, багытташ машине чыкса тосуп, түшүп алабыз" деп жолго чыгышты. Машиненин номерин чыгарып машинедеги чаң сүргүч чүпөрөккө ороп Канат колуна көтөрүп алган. Канат санаадан бир түндө эле жүдөй түшүптүр. Көздөрү чүңүрөйүп, нуру өчө түшкөн. Эми ага бул дүйнөнүн бардык бакыты баары бирдей сезилет.

Нурик досунун кейпин көрүп, сөзгө алаксыткысы келип, билгендерин айтып берүүгө киришти:. «Тээтиги тоок ферма кытайлардыкы. Бир кытай жараны кыргыз кызга үйлөнүптүр. Ортолорунда кытай кыздарына абдан окшош эки кызы бар. Дачада жашагандар ошол фермада иштешет. Ишенесиңби? бир күндө бир тоок сегиз жумуртка тууйт. Күнүгө 10 түрдүү таблеткалар берилет. Өндүрүмү жоголгон тоокторду семиртип, союп сатышат. Булардын тоокторун бышырсаң даамы жок, анан тез эле эзилип кетет». Канат Нуриктин айткандарын угуп баратканы менен, санаасы санга бөлүнүп, чийки май жеген немедей. Жай убакыт, санаасы жок болгондо «Э-э-эне.....-и-и….» деп эркектердин оозундагы көнүмүш сөздү айтып таң калмак. Ооба десең, урушса да, жаман көрсө да, ачууланса да айтылчу ар бир эркектин оозуна келчү бул сөзгө элдин кулагы деле көнүп бүткөн. Бирок, сырттан келген адамдардын арасында эмнеге минтип, ислам ишениминдеги өлкөдө, бири-бириңердин апаңарды терс жагдайда эске салып турасыңар деп таң калгандар бар экенин баары эле биле беришпейт.

Аңгыча ферма тараптан машине көрүндү. Нурик:– «Кытайлар экен…булар азыр токтобойт…эне…и… Мен азыр токтотом»-деп күтүп туруп калды…

***

Уулу сабактан келген сон, дүкөнчү эже «милиция бөлүмүнө барып келебиз»-деди. Кабагын чытып, үтүрөйгөн уулу «Апаааа.....мен азыр кайра кетем мектепке. Эки команда футболдо беттешебиз, бүгүн бошобойм мен…!»-деди. Ошентип, милиция бөлүмүнө болчу сапар эртеңкиге жылдырылды. Кырсыктан жабыркаган адам туугандары менен катташпаган адамбы, айтор кырсык тууралуу сурап ал күнү эч ким келген жок.

***

Шаарга кирип 500 метрдей жылган соң, айдоочу айым жол жээгине токтоп «Биз алыс жолдон келе жаттык эле. Бир аз шам-шум этип алсак каршы эмессизби?. Сизди чакырам, макулсузбу?»-деп Русланга жылмая карады. Руслан «Аа..эже…жо-о-ок..рахмат..мен анда кете берейин..сиздер шашпай отуруп чыгыңыздар»-деп эшикти ачмакка туткасын таппай сыйпалап калды. Руслан ийнине тийген шадылуу колдон «селт» эте түштү. «Ээ..дос…жүрү…чогуу эле…»-деди баятан бери арткы орундукка жатып алып бир коңурук тартып, бир жымырап калып келе жаткан адам.

Руслан макул болуп айымдын артынан басты. Тамак-аш столго жайнады. Айым: -«Менин атым Ася (Атыркүл), бул жигиттин аты Денис. Менин жээним болот. Тааныш болуп жүрөлү»-деди. Курсагы ачканын эми сезген Руслан атын айтып бир аз отурду да тамакка көнүл бурду. Жигит алдындагы тамакка кол сунган соң, айым «тоскоол болбойун, тамактанып алсын» деп ойлоду. Бир саамга ортодо жымжырттык пайда болду.

Жигиттин кыймыл аракетинен улам жаман эмес үй-бүлөдө чонойгон таза-тыкан жигит экен деген ой Асяда калыптанды. Айым өзү кызыккан суроолорду сурайын деп, бирок машинедеги чолок жооптордон улам «азыр туруп алып кетип калбасын жооп бергиси келбей» деп ойлоп кетти. Русландын ошол учурдагы сөзгө сараңдыгы, сыпаа жүрүш түрүшү анын баркын бул аялдын алдында бир топ эле көтөрүп салды. Чынында ажыкыс, тамашакөй, жеңил чечим менен жашаган жигит экенин бир көргөндө эле Ася биле алган жок.

Айым бир аз убакыттан сон тамагын кырып сөз баштады: «Руслан, сөздү ары чоюп бери чойгондо эмне. Ток этерин айтайын. Сизди макул болот деп абдан үмүттөнөм. Мен көрүнгөн кишиге эле жумуш сунуш кыла бербейм. Бул айтканым көңүлүнүзгө жакпаса кечиресиз. Бирок чындыгы ушундай…(ортодо мүнөткө жетпеген жымжырттык)… Биз офис ачып жаттык эле. Офиске сиздей бир жигит керек болуп жатат. Күнүгө 5 эле сааттан 5 күн иштейсиз. Айлыкты жакшы төлөп берем. Эгер жумуш жакпай калса, каалаган убактыңызда баш тартып, иштеген эмгек акыңызды алып кете берсеңиз болот. Убактыңыз болобу?»-деди айым.

– Офисте отуруп эмне жумуш кылам?-деди Руслан

– Кулактандыруу боюнча келген сулуу кыз-келиндерди бир дарекке жөнөтүп турасыз…

– Ошол элеби? – деди Руслан. Айымдын «сулуу кыз-келиндерди» деп баса айткан сөзүнө Руслан көңүл бурган жок.

– Ооба, 2 телефон, 4 номер берем. Телефон чалууларга жооп бересиз. Айлык акыңыз 20 миң сом болот. Сумманы уккан Денис ууртайын деп бараткан чайын кармаган тейде, Асяга кылчайып тан кала тиктеп калды. Себеби, айлык акы 12 миң сом деп белгиленген болчу. Ася бутунун учу менен Денисти акырын бутка тээп койду. Бул «сен унчукпа, азыр кийлигишпе» деген белги эле.

Руслан унчукпай отуруп, ойлоно түштү.

– Жообун азыр эле айтсаңыз сонун болот эле. Эртең саат 9дан баштап офисте иштеп баштайт элеңиз…– деди айым

Руслан «байкап көрбөйүнбү ээ… Жакпаса кетип калам да. Жөн эле телефонго жооп берип отурат турбайынбы. Жакшы жумуш окшойт. Айлык акысы жаман эмес»-деп ойлоп кетти.

– Мейли, иштеп көрөлү

Ася сүйүнүп кетти.

– «Абдан кубанычтамын. Келгиле анда таанышканыбыз үчүн, бир команда болгонубуз үчүн бир шампан алып белгилеп койбойлубу ээ» деп күлүп жиберди айым.

***

Нурик жолдун так ортосуна эки колун көтөрүп «токто» деген ишараат менен тура калды. Нуриктен алысыраак токтогон машинеден айдоочу кытай жигит башын чыгарып «Чо-о-о?» -деп кыйкырды. Нурик колу менен шаар тарапты көрсөтүп «Бишкек! Бишкек!» -деди. Машинеде бир эле орундук бар экен. Нурик, Канат бир орунга батышып отуруп алышты. Таң калып, чоочуркай тиктеген кытайлар жигиттерди башынан ылдый карашат. Жетээр жерине жеткенде Нурик машинени токтотсо «Бишкек?!!»-деп Бишкеке бармак эмес белең дегендей айдоочу алды жакты көрсөтөт. Нурик «аа… болду. жеттик»-деп трассадан түшүп калышты. Күндүн таңкы кызыл нурлары айлананы кооздукка бөлөйт. Экөө баштарын жерге салып ылдамдап басып келе жатышат. Нурик сөзүн улантып кобурап баштады: «Ушул кытайлар бир күнү чогулуп эшек союшат экен. Же майрамбы, же атайын эшек союп жемей күнбү, айтор баары чогулуп келип эшек союшчу. Майын сасытып сызгырышчу. Укмуш сасык болот экен эшектин майы. Бир эже бар болчу жаш балдары менен тирлик кылчу, ошол жерде фермада иштечү. Ошол эже эшектин этинен үйүнө алып кетчү. Бир жолу -«Ай, силер деле албайсыңарбы. Топоздун этине окшош болот экен. Чөп чар кошуп, кууруп-сууруп, тамак аш кылып жеп атабыз» – деп коет. Арам эшектин эти экенин көрүп билип туруп кантип кекиртектен өтөт. Негизи ошол жерде жашагандар, ферманын арты менен тирлик кылышчу, жумуртка, тооктун этин алышчу. Эмгек акысы эчтекеге жетчү эмес. Башка жумуш жок. Шаарга барып келип иштейин десең транспорттон кыйналасың. Шаарда деле айлык аз да. Тапканыңдын баары жолго эле кетет».

Баятан кулак төшөп келе жаткан Канат: «Аларды текшерип барышчу беле текшерүүчүлөр?»-деп сурады. «Текшерип барышчу. Бирок текшерүү келгенде кытайлар жок болуп кетчү да биздин кыргыз кыздар, балдар эле документтерди көрсөтүп жүрүшчү. Жакын аймакта жашаган айылдагы эл «тооктун кыгын талаага төгүп жатышат»-деп нааразы болуп «ферманы жаптырабыз» деп ызы-чуу болуп жүрүшкөн. Мен болсо кетип калдым. Азыр эмне болду билбейм..-деди.

Канат: «Азыр үйүнө жеткенде, бир аз жатып эс алып алайынчы ээ. Аябай башым ооруп жатат. Бул жакта дарыкана барбы. Үйдөгүлөргө да чалып айтып койбой. Издеп ызы-чуу болушат эми. Телефон заряды түндө эле түгөнүп калыптыр»-деди.

– «Үйгө жеткенде чалып айтып кой. Бизде дарыкана жок. Үйдө дары бар болсо табабыз. Сен кандай чечтиң? Менттерге барасыңбы?»

Оор үшкүрүнгөн Канат – «Билбейм…»– деди. Отуз жаштан ашканча мынчалык санаа тартып көрбөгөн жигит, бир күндө эле карып кеткендей болду. Нурик жашы улуулук кылып, бул ойт берме досу бат эле айнып каларын билгендей, машинени убагында каттырып «жардамы» тийгенине өзүнчө компоет…

Канат үйүнө түшкө маал келди. Апасы ашканада күйпөлөктөп бир нерсе кылып жүрүптүр. Чон энеси төрдөгү диванда телевизор карап отурат. Канат жуунуп жаңы эле чыкканда чон апасынын жанында зарядоодо турган телефон шыңгырады.

Телефондогу үн:

–Асоолом аллейкум.Жакшыбек байкеби?

–Аллейкума ассалам. Жок, бул мен уулу Канат.

–Канат, жакшы турасыңарбы?. Бул мен Акмат атаңдын кошунасы, Мээрбек атаңмын. Канат…Акмат чон атаңдын көзү өтүп кетти. Кайрат кылгыла. Сыйдагүл жеңеге угузуп койгула. Эртең коюлат. Болуптур жакшы тургула…

Канат телефонду койду да, төрдө жаткан чоң апасы Сыйдагүлгө барып, кулагы катуу киши укпай калбасын дегениби, үнүн көтөрүңкү чыгарып «Апа… Акмат чон атам каза болуптур» деди. Канат «угузуп койгула» деген сөздүн маанисин «айтып кой» дегендей эле кабыл алган. Чоң эненин көзү чонойуп «Катыгү-ү-үн!!! Эмне дейт! Ыяя….!!! Атыр! Атыркүл! Мобу бай болгур эмне деп атат ….ыыя!!!»-деп кыйкырып жиберди. Бабалактап көзүнөн жашы куюлуп, курган чоң эненин заманасы куурулуп кетти. Ашканадан чуркап келген Канаттын апасы Атыркүл, Канатты жекире карап «Ок!…жерге кир» деп алды. Кабар айтуу жөнүндө түшүнүгү да жок Канат, алгач эмне туура эмес болгонун түшүнбөй, апасы менен чоң энесин алмак салмак карайт. «Ай..басчы..бери…!!!» деп апасы Канатты аркы бөлмөгө ээрчитип барып «Ай..сен..эмне билбейсиңби?!! Мага айтпайсыңбы! Кабар угузуунун да өзүнчө бир тартиби бар. Килтейген киши болдуң!!! Ушуну билбейсиңби!!!». Атыркүл уулуна мындай нерселер тууралуу эч качан айтпаганын, күйөөсү экөө Канатты жандарына ныгыра отургузуп, укса да укпаса да «Жигитсиң, сен билишиң керек» деп үйрөтүшпөгөнүн өзү аңдай алган жок. Жамандык, жакшылыкта алдыга эт тартылган учурда, уулу Канат астына келген бир чара этти «устукандап бөлүштүр» десе «аа..мен билбейм…устуканды жакшы деле тааныбайм» деп, эт салынган чараны ары түртүп жүргөнүн Атыркүл апасы билчү эмес. Бул Атыркүлдүн уулундагы эле кемчилик эмес, бул дээрлик ар бир кыргыз үй бүлөсүндөгү акыркы жылдардагы мезгил ажырымындагы кемчилик эле…

Кайниси каза болуптур деп уккан жеңе ордуна отура алган жок. 80ден ашып калган бул чоң эненин күйөөсү тараптан эң жакын тууганы ушул кайниси эле калган эле. Башкалары эртелеп эле 50-60жаштан ашып ашпай, тиги жайдын кишиси болушкан. Бара тургандар чогулуп жолго чыкмай болушту. Ал ортодо ортончу келини шыпылдап «Алыс жолдо кайра барыш деле кыйын да. Биротоло дасторкон даярдап чыкпайлыбы. Куран окута келебиз да»-деп жүгүрүп жүрөт. Чоң эне: «Салтта жок жосунду баштабачы! Сөөгү муздай электе, куран окуй калат элем деп жөөлөшүп жүрөйүнбү! Койчу! кайдагыны айтпай!»деп кагып койду. Курган чоң эне, акыркы мезгилде мындай көрүнүш эрен-терөөнү жок эле салтка айланып, сөөгүн жерге берип, жоготкон адамы эми кантип муздак жерди жазданаарына ишене албай, боздоп турган жакындарынын жанына таттуу-табыр баштыктарын колтуктап барып алып: «Куран окуй кетели, жолго чыга берели»-деп азалуу жандарды жеңинен тартып кыпчылып жүргөндөр көбөйгөнүн билбейт эле…

Акыркы он жылда жакшылыктарда жалаң кафе, ресторанда гана өткөрүлүп, баягыдай бутту чоюп кенен төргө отуруп, бала бакыра менен ал жай сурашып, алардын турмушунан аз да болсо кабардар болуп туруу деле калып бараткандай. Карылыктан уламбы, андай тойлорго деле чон эңе дайыма эле келе алчу эмес. Кайнисинин 2 кыз, бир эркек баласы үй жай күтүп, очор бачар болушканын чоң эне билчү.

Жамандык чыккан үйгө жете келишти. Эркектер машинеден түшүшүп өкүрүк салып алдыга жөнөштү. Аялдар аярлай басып артынан ээрчишти. Үй тараптан үн чыкпады. Кадимки боз үй да жок. Чон энени сөөк жаткан бөлмөгө киргизишти. Аялы каза болгон соң, 18 жыл бойдок өмүр сүргөн кайнисинин башында эки кызынан башка жан киши жок. Көздөрүнө бир тоголок жаш албай отурган эки кыздын бетинен өптү. Мелтиреп моло таштай катышат. Чоң эне таң кала түштү. Тунжураган, бир ыйлаган киши жок үрөй учурган бул көрүнүштү Сыйдагүл апа өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат. «Капырай, ай, кутула тажаган немедей ушундай да болобу. Ыйлаган бир киши жок. Ушунчалык жек көрүндү өмүр сүрдү беле?. Бар тапканын балдарына чаптап, айрымдарга окшоп кайра төшөк жаңыртам деп чамынбай, зыңкыя басып, зымырайып жашоо кечирген, билимдүү, журтуна кадыры бар кайнисинин акыркы сапары ушундай болот беле? Жакшы көргөн итиң өлүп калса деле жүрөгүндө мээрими бар адамдын көзүнө бир тоголок жаш келет эмеспи. Балдарына итче да кадыры өткөн эмеспи?» -деп көзүнөн аккан жашын улам бет аарчысын менен сүртүп эне ызалуу. Алыс-жакындан келген кишилер улам көбөйө берди. Сырттан бышактап келген аялдарды бат эле бас-бас кылышып бөлмөдө өлүү жымжырттык.

Аңгыча бөлмөгө кирип, кабагын чытып, колдорун силкилдетип сөөк башында отурган эки кызга бирдемелерди айтып жаткан өзүнүн улуу келининин оозу эле кыбырайт, эмне деп сүйлөп жатканын дааналап чоң эне уга албады.

Кайнисинин баласы да, кыздары да дин ишениминде экенинен Сыйдагүл кабары жок эле. Мал сойууга, боорсок бышырууга, ыйлоого катуу тыйуу салынган экен. Аркы кичине үйдө эки сааттан бери эненин улуу баласы сөөк ээсине кыргызда канга сиңген адат бар экенин түшүндүрө албай, короо толтура элди кайда батырып, эмне кылганы жатканын өзү түшүнө албай талаш-тартыш болуп жатканын эч ким билген жок. «Эмне…эт жегени келдиңер беле?» – деген үй ээсинин айтуусу боюнча сөөк коюлгандан 3 күн өткөн сон кафеге куран окулат экен. Кафеге кетчү чыгым менен сөөк башындагы чыгымдын айырмасын түшүнө албай эненин уул келини бушайман. Үй ээсинин чечими кандайдыр бир деңгээлде туура экенин, эл арасында калыптанып калган жамандыкта мал соймой деген көрүнүшкө көнгөн бул улуу муундун кабыл алышы, макул болушу күмөн эле.

Айтор, ары-бери кетип жатышып бир жылкы союлду. Жылкыны 5000 сомго сойуп, чучук, казы, картасын даярдап берген атайын кызмат да бар экен. Боорсок жасалып баарын көнүмүш үрп-адатка ылайыкташтырышты. Өмүрүнүн акырына чейин күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болгон кичи пейил кайнисин жерге берип, ичи туз куйгандай ачышып жеңе көз жашын тыя албайт…

***

Ася, Денис жана Руслан болуп кайра жолго чыгышты. Ортодо жымжырттык…Үчөө бири бири менен жылдызы келишкен, команда түзүлгөн жагдайды бойлоруна сиңирип ар ким өз ойлору менен алектей. Ася ичинен абдан кубанып маанайы көтөрүңкү. «Эртен сейфтин ачкычын Русланга таштоого туура келет. Бул жигит тууралуу дээрлик маалыматым жок. Жашаган жерин, кайсы даректе жашайт экен көрүп алайын. Сейф деген менен ичинде акча-тыйын деле жок, болгону кыздар тууралуу маалыматтар бар» – деп ойлогон Ася бул жагынан Русланга ишенбөөчүлүк кылып чочулаган жок. Русланга чайкалган магдыраган сезим кайра келип, ал жагымдуу абалды ичине кирген шампан күчөтүп, өзүнчө эле эңди-деңги.

Ася: – Үйүңүзгө чейин жеткирип коелу. Автобекеттен кайсыл тарапка бурулушум керек? – деди

Руслан: А..жоок…деп алды да «Үйгө эле кете берсемби. Даяр машине менен түшүп калбайынбы ээ…уйкум да аябай келип чыкты..» -деп ойлоп кетти да «Мейли. Автобекетке жетпей, кийинки чоң көчөдөн оңго бурулсаңыз»…

Эртең менен Руслан айтылган дарекке келди. Бийик имараттын 6-кабатындагы жаркыраган эки чоң бөлмө экен. Ася Русланды күтүп алды. Заманбап жасалгаланган кабинетке ээрчитип кирип, таза булгаары капталган креслону «сиздин ордуңуз» деп көрсөттү. Чоң стол, анын үстүндөгү компьютер, календар, визитка салгыч, күндөлүк дептер, ручка баары ирээтүү коюлуптур. Руслан баарын сыдыра карап креслого отуруп көрдү да, «сонун го» деп жылмайып койду.

Сырттан кирген татынакай кызды Ася «сиздин жардамчыңыз, аты Жибек»-деп тааныштырды. Бул жаңы ачылган чакан офисте азырынча Руслан менен Жибек эле иштеп турушат экен. Ася сейфтен калыңдыгы бир кучак болгудай көп папкаларды алып чыгып, ар бир папкада келбети келишкен сулуу кыздардын сүрөтү, өмүр баяны жана башка маалыматтар бар экенин айтты. Русландын бүгүнкү жумушу ушул папкалардагы маалыматтардын баары менен деталдуу таанышып, жаш курагына карата бөлүштүрүп, өзүнүн табитине жараша эң сулуу деп эсептегендерди, өзүнчө кызыл папкаларга ирээттеп чыгат экен. Акылы тетик Ася өзүнүн кыздарды тандоо табити, эми эркектин көз карашы менен да бир сыйра каралсын дегени окшойт.

Ася Русланга ийгилик каалап жумушум бар эле деп кетип калды. Руслан дагы эле жаңы жагдайга көнө албай, бөлмөнү айланта карап жатты. Жылтылдаган мебелдер, таптаза кабинет, заманбап желдеткич, суу чыпкалагыч, кофе кайнаткыч, түрү менен тизилип турган чет элдик белгилүү маркадагы кофе кутулары, идиште салынган таттуу-табыр, салфеткаларды көзү менен сыдырып өтүп, баары өзүнө майдай жагып көңүлү көтөрүлө түштү. Креслосунда керилип, оңго солго термелип ырахаттанат…

***

Досу Канатты үйүнө узаткан Нурик бешимге чейин уктады. Жапалдаш бойлуу бул жигит 3 бир туугандын ортончусу. Биринчи никесинен 3 баласы бар. Балдары ата-энесинин колунда. Ушинтип, улам бир башы бош келиндин үстүнө күч күйөө болуп кирип жашап келе жатканына бир нече жыл болду. Нурик баятан келгенде туш келди ыргыткан кийимин таап, силкип-силкип кайра кийди да, денесин чоюп керилип сыртка чыкты. Ары бери басып, тамеки чегейин десе эч нерсе калбаптыр. Чөнтөгүндө да бир тыйын жок экен. «Жумуш караштырыш керек эле»-деп ойлоп койгону менен, дилинде жанын кыйнап иштегиси деле келбегендей. Ырыс таап сүйлөшүп койгон мөөнөттүк жумуштарды «Ооой..ат-т-та..аз төлөйт турбайбы»-деп коет, эртеңки күнү эмне жеп, эмне ичип, тирлик кылары тууралуу эч качан алдын ала ойлоп көргөн эмес. Күн өтүп курсак тойсо, ошого эле ыраазы болгондой. Эртеси кайра эле шашкеге чейин уктамай. Ырыс менен баш кошуп ушинтип жашап келе жаткан жашоосуна көнө түштү. Сыртта ар бери басты да, үйгө кирип шкафтын суурмаларын оодара баштады. Демейде Ырыс майда тыйындарды салып койчу эле. Оодарып жатып, Ырыстын күмүш шакек, сөйкөлөрүнө көзү түштү. «Өткөрүп жиберсем канча акча болот болду экен?»-деп ойлой калып, кайра ал ойунан кайтып, ойлонуп отура кетти. Ушунчалык тамеки чекиси келди дейсиң, кандай акча берем десе да макул болуп шакек сөйкөлөрдү кармата бергиси келип кетет. Телефонун чукулап отуруп классташы Азаттын номерин терди.

– Алло, Саллом аллейкум, Азат, кандай ээй…? Эмне чалбайсың? Чалсам же албайсың? – деди күлкү аралаш

– Аллекума ассалам. Жакшы. өзүң кандайсың?

– Эээ..жүрөм…

–Иштеп жатасыңбы? Эмне жаңылык?

–«Жаңылык деле жок. Жумуш жок ээ…Отурам үйдө…Аяшың багып жатат» деди Нурик калп каткырып.

– Бир чон мейманкананын ичин бүтүргөнгө бригада керек болуп жатат, кошулбайсыңбы?

– Эээ…прораб менен иштешким келбейт. Жүрөмбү акчамды ала албай…

– Эмнеге ала албай калмак элең. Иштегениңди аласың да…

–Жо-о-ок…эээ…Андан көрө карызга акча берип турчу. Иштегенде кайра берем…

– Акча жок..дос таарынба…Мейли анда…чалышабыз да…(Азат трубканы коюп койду)

Нурик телефонун карап өзүнчө сөгүнүп алды да. үйгө кирип тартмадагы сөйкө, шакекти төш чөнтөгүнө салып койду. Эми эптеп 20 сом таап алып, Ош базарына жетиши керек. Анан сөйкөлөрдү, шакекти өткөрсө акчалуу болуп калам деп ойлоп сүйүнө түшөт. Эскирген жыгач дарбазаны жаап сыртка чыкты.

***

Сөөк коюу зыйнатынан чон эне келин, уулдары менен үйлөрүнө кайтып келе жатышты. Кечээ көргөн бүгүн жок болуп, адам өмүрү тез эле жылт этип өтүп кетерине бир ишенип, бир ишенбей «Капырай десең, кечээ эле төрөлүп бирок, жылдар өтүп жашабагандай, тез эле убакыт сааты чыгып адам бул дүйнөдөн кетет экенбиз. Алдыга умтулуп, алдыдан жакшы бир нерсе үмүт этип жашай берет турбайбызбы. Көрсө ушул мүнөттөрүн, ушул сааттарың маанилүү да, маныздуу да турбайбы» – деп чон эне ойлуу…

Терезени тиктеген улуу келини кызмат кылчу бала-бакыра, келин-кесек табылбай бышырган эт чала бышып, колго суу убагында куюлбай, баш аламан өткөн бул сөөк коюу зыйнаты тууралуу ойлонуп келе жаткан. Улуу келиндин жүрөгүн өйүгөнү «Эгер кайненемдин көзү өтүп кетсе, шаарда жүрүп, шаарда өскөн бала-бакыра, келин кесек деле шыпылдап тейлеп жибербейт турбайбы. Баары эле дубалга жөлөнүп жалдырап туруп беришет экен да. Тыңыраак чай куюп, дасторкон тейлей алышпайт экен да…»-деген маселе болчу. Ортончу келинин оюнда атасына арнап, эки ооз сөз айтып ыйлоого жарабаган эки кыз бар эле. «4 сап кошок ыр жаттап алышса болмок экен. Секелек кыздай бышмыңдабай…» деп ойлоп коет да «Баса…ыйлоого, кошок айтып үн чыгарууга тыйуу салынган да…» деп өз оюуна өзү жооп табуу менен алек. Машинедеги эркектер сөөк жууганы киргенде сөөктүн жупжумшак болуп катыбай калганы тууралуу сөз кылып жатышкан.

Эненин улуу баласы:

– «Сөөктүн капкатуу болуп катып, анан кабырга түшкөнү жакшы. Сөөк катыбай калса жаман белги деп апам айткан. Тактап сурап көрөйүнчү»-деп апасына кайрылып үнүн бийик чыгарып «Ие..апа..сөөк катыбай калыптыр. Молдо ырым жырым жасаш керек болчу да ээ…?» – деди

Бул сөздү уккан апа чочуп кетти. «Караңгүн!!!, молдо ырымдаган жокпу кабыр башында…иия…??!!»-деп жиберди.Эркектер – «эмне ырым жырым болуш керек эле» дегендей бири бирин суроолуу карап коюшту. Азыркы орто жана жаш муундагы адамдар бул тууралуу билбей турганынан эненин кабары жок эле.

Бул нерсени уккан чоң эне чийки май жегендей абалда калды. «ээ..Жараткан жакшылыгын эле берсе экен. Арты кайырлуу болуп, калган өмүр жашын балдарына берип, балдары, тууган уругу аман эсен карылыкка жетишсе экен…Эээ..кудай жамандыктан сактай көр…»-деп ичинен миң мертебе тилене берди. Машинеде эркектер – «Көп дарыланып, дары-дармекке чыланган дене, жан чыккан соң катыбай былпылдап калат экен. Эч кандай ырым-жырымдын кереги жок, Алла-таала ажал жазса, ар бир пенде ичээр суусу түгөнгөн күнү, тиги жайга узайт»-деп бакылдап талкуулап келе жатышат.

***

Креслодо чайпалган Руслан папкалардагы анкета, документтердин баары менен таанышып чыкты. Эмне деген керемет сулуулар! Айрымдары ар түрдүү конкурстун жеңүүчүлөрү экен. Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулап жүргөндөрү да бар экен. Деги, ар бир аялзат бул бир керемет аалам экенин дилинде туюп Руслан ойлуу отурат. Бирок жеке Руслан үчүн бир да аялзат өзгөчө эмес эле. Келбетине таянып кандай гана аялзат болбосун көңүлүнө жакса имерип алып, кол жоолук кылып каалагандай пайдаланып, аягында ортолорунда эч нерсе болбогондой басып кетүү, бул сулуу жигит үчүн кадимки эле эркектик көнүмүш жүрүш туруш катары сезилчү. Аялзаттын Русланга ишенген таза сезими, аруу махабаты бул жигит үчүн маанилүү деле эмес. Арзуусун айтып боздогон Гүкү, сүйүп калганын колко кылгандай айласын алты кетирген чатак кыял Наргиз, миң түрлүү айла амал ойлоп тапканга маш Тахмина…деги кандай гана түрлүү аялзат менен мамиле курбады. Акыр аягы көксөөсү канып, кызыгы тараганда эки колун чөнтөгүнө салып ышкырып кетип калчу. Бир да жолу аялзаттын арзуусуна татыш үчүн акактап аракет кылып көргөн эмес. Дегеле, Руслан өзү жоопкерчиликсиз, милдетсиз, эркин, жеңил мамиле курууга ыктачу…

Эшикти кыңайта ачкан жардамчы кыз «Руслан байке, мен үйгө кеттим.Сиз эртең саат канчада келесиз?»-деди. Ийкемдүү иш графиги Русландын көңүлүңө майдай жагып, бир аз ойлонуп «эртең саат он бирде келем»-деп койду.

Бир аз убакыт өткөн соң сырттан Ася кирип келди. Столго документтерин, компьютерин жайгаштырган Ася, алгач өзүнө, анан Руслан үчүн кофе куюп жигитти башынан аяк жылмайа карап, көзү менен сыдырып өттү. Оюнда сапарга чыгууда Руслан бир сыйра сырткы кийимин, стилин өзгөртүшү керек экен деп ойлой калды.

Жумуштун маани маңызын түшүндүрүү үчүн келген Ася орундукка отуруп кеп баштады: «Руслан, эми мындай, өзүңүз деле билсеңиз керек, акыркы жылдарда бардык эле жерде реклама, пиар өнүгүп, моделдик бизнеске карата суроо талап күчөп бара жатат. Бирок биздин кичинекей мамлекетибизде бул тармак анча деле өнүгө элек. Мына эми гана сулуулук индустриясы башын көтөрүп, анча мынча адамдардын аты чыгып келе жатат. Мен өзүбүздө моделдик мектеп жана өкүлчүлүк ачсам деген максатым бар. Убакытты утуп, моделдик мектептин өнүгүп кетиши үчүн алгач мыкты моделдерди алып чыгуу керек. Мына ушул өтө татаал иш. Мунун баары өтө чоң акча жумшала турган эбегейсиз тобокелчилик. Ошондуктан буга чейин тандалган модель кыздардан 10 кызды тандап алып, коншу мамлекеттеги сулуулуу индустриясында өтүп жаткан ар кандай көргөзмө, иш чараларга сунуштоо аркылуу катышып көрүү тобокелчилигине барганы турам. Биздин иште байланыштар да өтө чон роль ойнойт. Ал жактагы тайпалашымдын колдоосуна ишеничим чон. Азыр сизге баары түшүнүксүз болушу мүмкүн, анык өз көзүңүз менен көрүүңүз үчүн, алгач сиз экөөбүз чогуу барып келели. Сапарды кайсы күнгө койсок сизге ынгайлуу болот?»

Мезгил ажырымы

Подняться наверх