Читать книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова - Страница 3
Ыраазычылык билдирем!
ОглавлениеМени жарык дүйнөгө жараткан атам Камчыбекке, апам Тажигүлгө, өзүнүн ар кандай мүнөзү менен жашоону түшүнүүгө тажрыйба берген эжем Жумаянга, бир туугандарыма, жолдошума, уулума, келиниме, небереме, кайын журтума, тууган уругума ыраазычылык билдирем! Ошондой эле, ар кандай шартта бирге окуган, иштеген, турмуш жолумда жолугуп оң жана терс тажрыйба алууга катышкан баардык адамдарга, андагы болуп өткөн ар кандай окуяларга, окурмандарыма, жаратылышка, Ааламга, ата – баба рухтарыма, жер – суу, от ээлерине, Планеталарга, Айга, Жерге, колдоп, коргоп жүргөн Улуу күчтөргө терең ыраазычылык билдирем!
“Өтүп кеткен турмуштук тажрыйбама”, секунда сайын жашап жаткан “учур чагыма”, алдыдагы “келечекте” боло турган жашоомо терең ыраазымын! Учур чакта кантип жашоо үчүн тажрыйба алып жаткандыгыма ыраазымын!
Мен – Аалам бөлүкчөсүмүн, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан. Биз Биргебиз! Биримдиктебиз!Бир бүтүндүкбүз! Кечиргиле! Кечиримдүүмүн! Ырахмат! Баардыгына – Ыраазымын! Биз ынтымактабыз! Дүйнө тынччылыкта! Аалам тең салмактуулукта! Мен тынч!Сен тынч! Ал тынч! Биз тынч! Дүйнө тынч! Аалам тынч! Кудай тынч!
–
[А] Дүйнө ден соолуктун толкунунда! Дүйнө өз жайында!