Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. - - Страница 5

Келечекке умтулуу
ТОО КОЙНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА МАДАНИЙ КАЙРА КУРУУЛАР

Оглавление

Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши, адамдарга чыныгы эркиндикти берүү менен ошол эле убакта коомдук мамилелердин бардык системаларын түп-тамырынан бери өзгөртүүнүн башталышы болду.

Революцияга чейинки Кыргызстандын социалдык түзүлүшү жагынан көп укладдуулугу революциячыл кайра түзүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар татаал проблемаларды койду жана аларды чечүү айыгышкан тап күрөштөрдүн кырдаалында өттү. Кыргызстандагы эксплуататордук таптын басымдуу бөлүгүн түзгөн феодалдар жердин Октябрдын алдында, өндүрүш каражаттарынын дээрлик бут баарын ээлешип, дыйкандар массасы аөосуз эзилип келген. Бул коомдук-социалдык мезгилдеги феодалдык-патриархалдык, структура ар түрдүү урук-туугандык сыяктуу татаал, ар кандай чиелешкен мамилелер революциячыл кайра түзүүлөрдүн өзгөчө кырдаалда өтүшүн шарттаган.

Совет бийлигинин биринчи жылдары Кыргызстанда турмуш-тиричилик укладынын өзгөчөлүгү, революциячыл кайра куруулардын тереңдеши, экономикалык, социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик проблемаларын чечүүнүн жүрүшүндө таптык күчтөрдү терең дифференциялоо жана поляризациялоо зарылдыгын талап кылды.

Социалисттик кайра куруулардын темпи жана революциянын андан аркы салтанаттары кыргыз элинин экономикалык жана маданий жактан артта калуучулугун тарыхый кыска мөөнөттүн ичинде жоюуга алып келди.

Бул багытта В. И. Лениндин коомду маданий жактан кайра курууга арналган чыгармалары зор роль ойногон. Маданий революция жөнүндөгү лениндик окуу бүтүндөй идеялардын, акыл-ойдун, теориялык корутундулардын системасы болуп, массанын арасындагы агартуу иштеринин методдоруна жана принциптерине чейин камтыган.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын бул багыттагы революциялык кайра куруу иштеринин натыйжасы өнүккөн социалисттик коомдун толук ишке ашырылышы болду.

Советтик коом – бул бүгүн кубаттуу социалисттик индустриянын жана өнүккөн айыл чарбасынын, жумушчулардын, колхозчулардын, интеллигенциянын моралдык-саясий улуттар менен элдердин бир туугандык достугунун, биримдүүлүгүнүн, бардык эмгекчилерди жалпы элдик мамлекетти башкарууга катыштырган социалисттик демократиянын, советтик илимдин жана маданияттын, пролетардык жана социалисттик гуманизмдин идеяларынын салтанат курушу.

Ал эми бүгүнкү Кыргызстан жогорку өнүккөн өнөр жайлуу, ири механизацияланган айыл чарбасы бар, гүлдөгөн маданиятка ээ болгон Советтик социалисттик республика болуп эсептелет.

«Коммунисттик партиянын жана анын Лениндик Борбордук Комитетинин жетекчилиги астында, орус эли жана биздин өлкөнүн башка элдери менен бир туугандык биримдикте Кыргызстандын эмгекчилери бир муундун өмүрүнүн ичинде кылымдардан бери артта калуусун бирөтөло жойду, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишти, коммунисттик курулушка татыктуу салымын кошууда».

Революцияга чейин Тянь-Шань районунун территориясында, бирин-серин ылайдан согулган там үйлөрдү (жер кепелер) эсепке албаганда турмуш образы боюнча көчмөн болгон. Бул жерде жашагандар Кыргызстандын башка аймагындагыдай эле революцияга чейин жакырчылык, туташ сабатсыздык өкүм сүргөн, эмгекчи массалар ырайымсыздык эзүүгө дуушар болушкан.

Жергиликтүү эл көчмөндүү болгондуктан мал чарбасы менен кесип кылган. Ошол убакта көчүп жүрүүгө күч унаасы, саап ичүүгө колунда бирин-экин малы, баш калкалоого үйлөрү (боз үй) жок гана кедейлердин айрымдары отурукташкан. Көпчүлүк кедей-кембагалдар бай-манаптарга жалда нып, алардын малын багып, үй оокатын жасап, эптеп күнүмдүк тамак-аш үчүн алар менен бирге көчүп, малай болуп жүрүшкөн.

Отурукташкан кедейлер ыңгайлаштырылган орок, кетмен, айрымдары гана жыгач буурусундун жардамы менен жерди иштетишип, анча-мынча түшум алып турушкан. Алынган түшүм үй-бүлөсүн тамактандырууга, келерки жылдагы түшүмгө жетишчу эмес. Негизги айдоо жана сугат жерлер, жайлоолор жергиликтүү бай-манаптардын колунда болуп, чарба жүргүзүү артта калган.

Эл уруу-уруу болуп отурукташкан. Алсак, Он- Арча суусу менен Нарын суусунун ортосунда «ты- нымсейит», Нарын суусунун чыгыш тарабына «моңолдор ал эми Он-Арча суусунун батыш тарабы- на «сарбагыш» уруулары жайгашкан дешет карыялар. Азыркы областтын жана райондун борбору Нарын шаары да ал кезде өрөөндөрүн байланыштырып турган соодагерлердин Кашкар менен Чүй конуп өтүүчү бекети (жайы) болгон.

Архивдеги материалдарга караганда 1913-жылы Нарында бир жарым миң адам жашаган. Кол өнөрчүлөрдүн беш майда дүкөнү болгон. Бир орус-туземдик мектеп болуп, анда элүүгө жетпеген балдар окушкан. Ал кездеги жергиликтүү эл билим алуу дегенди билишкен эмес. Бул жөнүндө Карл Маркс атындагы колхоздогу карыя коммунист Сарымсаков Абдырай мындай деп эскерет: «1920-жыл. Кеч күз. Жан-Булак айылында бирин-экин саман кепелер Кара-Тоо коктусунун Нарынга чыга беришине жайгашкан. Кепелерге канатташ тигилген кара алачыктар. Алма-Атада окуган «илимпоз» келиптир деген кабар дүң дей түштү. Айылдын четинде бир топ тестиер балдар ойноп жүргөн маңдайдагы дөбөгө чуркадык. Ал дөбөнү «Кеңеш дөбө» деп коө турган эле. Эртең менен кечинде айылдагы «Ак сакалдардын баарысы өткөн-кеткенден кеп салышып ошол дөбөдө отурчу. Мүмкүн ошондон улам «Кеңеш дөбө» аталып калган болуу керек.

Биз ошол дөбөгө чогулган учурда айылдын четиндеги Жутаке деген аксакалдын боз алачыгынан бир киши дөбөнү карай жөнөдү. Жакын келгенде жашы отуздарга барган ак саргыл, орто бойлуу, биз мурда эч качан көрбөгөн кара кемсел кийген жигит экен.

– Балдар! – деди, ал бизге кайрылып: – Мен сиздердин жердешиңер Жутакенин баласы Абылкасым деген боломун. Алма-Атадагы мугалимдик курсту бүтүрүп келдим. Силерди окутамын.

Мына ошондон тартып айылдан обочороок жерде саман менен чопо аралаштыра салынган жалгыз бөлмө тамда 15 баланы чогултуп окуу өткөрө баштады. Абылкасымдын күн сайын биринчи сабагы улуу Ленин жөнүндө, ал түзгөн Большевиктер партиясы жөнүндө, жыргалдуу заман жана бактылуу келечек жөнүндө болор эле. Анын ошол кездеги жомок катарында айткандарын мына бүгүн биз өз көзүбүз менен көрүп олтурабыз. Ошондогу биринчи мугалимибиз Абылкасым Жутакеев кийин «Ленин кошогу», «Үч доор» поэмалары менен элге кеңири белгилүү болгон акын».

Мал чарбачылыгы дагы начар болгон. Тянь- Шандын каардуу суугу, жайкы кургакчылыгы малдын башын өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Тоюттун дээрлик жоктугунан малдын басымдуу бөлүгү жутта кырылууга учурап турган. Тянь-Шань өрөөнүндө аба ырайы улам бат алмашып, айрым учурда суук катуу болуп, жаз эрте келсе, экинчи бир жылы кар калың түшүп, жаз кеч келип, май, июнь айларында кар жааган мезгил болуп турат. Ошондуктан эл арасында «Нарын менен Жанызакка ишенбе» деген макал калган. Уламыштарга караганда бул макалдын пайда болушунун өзүнчө тарыхы болгон. «Нарынга ишенбе» дегени, мезгилдин кайсыл учуруна карабай аба ырайынын улам кескин өзгөрүп, кала берсе май, июнь айларында кар жаап малды жутка учурата тургандыгына байланыштуу болсо, ал эми «Жанызакка ишенбе» дегени илгери бир айылда Жанызак деген бай болуп, ал ары-бери өткөн жолоочуларды кеч курун үйүнө кондуруп, миңген аттарына уу чөп бердиртип коюучу. Ал чөптү жеген ат бир аз жүргөндөн кийин уугуп жатып калуучу. Аны байкап турган Жанызак: «Конокко кыйын болуптур, аты мурт өлүмгө дуушар болгон турбайбы! Кана балдар, тезирээк союп жибербесеңер бөөдө арам өлүм болот» – деп жигиттерине буйрук берип, ал жолоочуну жөө кетирүүчү экен деп айтылат. Демек мында ошол кездеги бай-манаптардын амалкөйлүгү, башкаларга жасаган ач көздүгү баяндалат.

Бардык жерде туташ кайра куруу бүткүл өлкедөгүдөй эле Тянь-Шань районунда да Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин башталды. Бай-манаптар, бийлер талкалангандан кийин райондун айыл-кыштактарында жаңы турмуштун курулушу кеңири кулач жайды. Колхоздук тузүлүш дыйкандардын турмушундагы кылымдардан берки келаткан патриархалдык укладды сүрүп чыгарып социалисттик укладдын орношун камсыз кылды. Ошонун натыйжасында көчмөндүү мал чарбачылыктан жана примитивдүү иштетүүдөн механизациялашкан, жогору өнүккөн чарбага секирик жасап, талаачылыктын жана мал чарбасынын маданияты көтөрүлдү. Социалдык турмуш образы туп тамырынан бери өзгөрүшүнөн улам социалисттик коомдун бардык мүчөлөрү толук эмансипацияга ээ болду.

Социалисттик кайра куруу мезгилинде айылдык турмуштун бүткүл уклады түп-тамырынан бери өз- гөрдү, көп кылымдан бери дыйкандардын майда жеке менчикчил нравалары жана адаттары сакталып калган турмуш-тиричилиги кулады.

Маданий революциянын жүрүшүндө социалисттик, чыныгы элдик маданият түзүлдү. Эмгекчилердин миллиондогон массасынын социалисттик аң-сезиминин түзүлүшү маданий революциянын эң улуу жетишкендиги болду.

Айыл-кыштактын маданиятын жогорулатуудагы жана айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилигин кайра куруудагы негизги факторлор болуп партия менен өкмөттүн акылман жетекчилиги жана күндөлүк камкордугу астында колхоз, совхоздордун экономикасынын тынымсыз өсүшү, коомдук байлыктын барган сайын көбөйүшү, ошонун негизинде эмгекчилердин өздүк доходдорунун кыйшаюусуз өсүшү болуп эсептелет.

Республиканын айыл чарбасын райондоштуруу боюнча Тянь-Шань району мал чарбачылык зонасына кирет. Бул зона өзүнүн климаттык шарты жагынан мал чарбасын, анын ичинен кой чарбасын өстүрүүгө, ал үчүн мол тоют топтоого ынгайлуу. Райондун чарбаларына 804424 гектар жер аянты бекитилген. Структуралык жагынан: 26780 гектары айдоо аянтка, 517256 гектары жайыттарга, 5713 гектары чөп чабындыларга тийиштүү.

Мал чарбачылыгынын ичинен, жогоруда белги ленгендей кой чарбасына басымдуу экономикалык орун таандык. Партиялык, советтик органдардын, коммунисттердин, комсомолдордун, колхозчулардын, совхоздордун жумушчуларынын зор демилгеси менен жетишилген ийгиликтер райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө мүмкүндүк түздү.

Азыркы этаптагы айыл чарбасынын өсүшү, партиянын ХХѴ съездинин, КПСС Борбордук Комитетинин андан кийинки Пленумдарынын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн жүргүзүлгөн уюштуруучулук жана саясий иштер, ири экономикалык иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, коомдук өндүрүштүн өсүшү учун чарбалардын, айыл-кыштак эмгекчилеринин кызыкчылыгын, демилгелерин арттырууга көмекчу болду.

Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жыл сайын капиталдык салым- дар көп жумшалып жатат. Колхоз-совхоздор тракторлор жана транспорт каражаттары, жер семирткичтер, уу химикаттар, гербидциттер менен талап кылынган өлчөмдө камсыз кылынып жатат.

Район Нарын дарыясынын боюна жайланышканына карабастан суу баскан аянт өтө аз болуп, жаратылыштын «ырайымын» гана күтүүгө туура келген. Жерди сугаруу боюнча кеңири кулач жай ган иштер жүргүзүлүп, боз топурак болуп жаткан жерлер өздөштүрүлүүдө.

Куйбышев атындагы колхоздун ветераны 1921-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 83 жаштагы карыя Борсунбаев Жунус мындайча эскерет: «1930-жылдары колхоздоштуруунун алгачкы мезгили баш- талды. Алды менен ТОЗго биригиштик. Анда биздеги болгон байлык 150гө жакын теше жер, 50 куч ат, 15—20 тѳѳ, миңге чукул кой-эчки болгон. Буурусун менен айдап, ага кол менен үрөн сээп, маласын чычырканак менен тартучубуз. Ырас, ал кезде жерди жөндөп иштетүүнү билбеген, жаратылыштан гана «ырайым» күткөн дыйкандарыбыз азыркы учурда мол түшүм өстүрүүнүн устаттары болуп чыга келишти. Эзели суу көрбөй бозоруп жаткан миңдеген гектар жер аянттары кулпурган бакчага айланат деп ким ойлоптур. Колхоздоштуруунун алгачкы мезгилинде жаан-чачындуу жылдары ар гектар аянттан 3—4 центнерден түшүм алганга сүйүнсөк, эми 40—50 центнерден түшүм алып жатышкан дыйкандарыбыз ондоп саналат.

Бүгүнкү күндө райондун айыл чарбасы көп тармактуу, жогорку өндүрүмдүү, азыркы замандагы техника менен жабдылган чарбалардан болуп калды.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин март (1965-жыл) Плену- мунун жана КПССтин ХХII, XXIV, XXV съезддеринин, партиянын Борбордук Комитетинин кийинки Пленумдарынын чечимдеринде белгиленген иш-чараларды, б. а. айыл чарба өндүрүшүн механизациялоонун, электрлештирүүнүн, химиялаштыруунун жана мелиорациялоонун негизинде айыл чарба өндүргүч күчтөрүн андан ары өнүктүрүүнү ишке ашыруу алда канча олуттуу түрдөгү сапаттык жылыштарга алып келди. Бул мезгилдин ичинде райондун чарбасын өнүктүрүүгө каралган капиталдык салымдардын көлөмү да бир кыйлага өстү.

Орто Азияда жер сугартуу: «баарынан көп керек жана крайды баарынан көп кайра түзөт, аны кайра жаралтат, өткөндөгүсүн бирөтөло орду тобу менен жок кылат» деген В. И. Лениндин көрсөт- мөлөрү бүгүнкү күндө да биздин тоолуу край үчүн өзгөчө маанилүү. Улуу көсөмдүн бул көрсөтмөсүнө ылайык суу чарба курулушу районубуздун аймагында тынымсыз кеңейтилип жатат.

Республиканын бардык райондорундай эле Тянь-Шань районунда да сугат аянты көбөйүүдө. Райондун айдоого жарактуу аянттары улуу Нарын дарыясынын боюна жайгашкандыгына карабастан, буга чейин суудан өтө эле кемчил болуп келген. Миң жылдар бою не бир жайык талаа-түзөңдөр шор басып жаткандыктан, азыркы гүлдөп жаткан Куланактын талаасын «Туздун талаасы» деп ата-бабаларыбыз өксүү менен айтып келишкен.

Райондун сугат жерлерин көбөйтүү 1941-жылы чоң Нарын каналын куруу менен башталды. Шаар- ды аралап зоока-таш, жар бойлоп кеткен бул каналдын сыйымдуулугу 2,5 куб. м/сек. суудан ашпагандыгына карабастан, аны куруу өтө татаал болгон. Каналдын курулушуна көпчүлүк эл катышып, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн. Натыйжада азыркы Карл Маркс атындагы колхоздун 1595 гектар аянтын сугарууга мүмкүнчүлүк түздү. Муну менен катар Каптал-Арык, Топон-Арык, Байдулу, Кажырты, Жаңы-Арык, Алыш, Узун-Арык, Он-Арча каналдары биринин артынан бири жалпы элдик кыймылдын негизинде бүткөрүлүп, сугат аянттары көбөйө баштады.

Айрыкча сугат системасындагы бурулуш «Куланак» насостук станциясы менен «Он-Арча» насостук станциясынын биринчи жана экинчи кезектерин бүтүрүүдөн кийин болду. 15 млн. сомдон ашык капиталдык салымдардын жумшалуусу менен бул эки насостук станция райондун «Куланак», Куйбышев атындагы, «Коммунизм», «Эмгекчил» кол хоздорунун бозоруп жаткан талааларын көк жашыл өрөөндөргө айландырды.

Азыркы багыт Соң-Көлдүн суусун пайдаланууга жумшалууда. Ошентип миңдеген жылдар бою какырап жаткан Кара-Талааны өздөштүрүү үчүн 4,664 млн. сомдук каражат жумшалуу менен Кажырты насостук станциясы курулуп жатат. Бул насостук станция миң гектар кара топурактуу Кара-Талааны өздөштүрүп, тажрыйба станциясына Тянь-Шань мал чарба жана «Жаңы-Талап» колхозуна жаны сугат жерлерди кошот.


Кийинки кездерде майда ирригацияны пайдалануу, көчмө насостук станцияларды куруу, табигый булактарды пайдалануу иши кызуу жүргүзүлүп жатат. Азыркы кезде 28 көчмө насостук станция иштеп, «Ленинчил жаш» жана «Тешик» деген суу сактоочу көлмөлөр курулууда.


Райондун сугат аймактарынын кеңейиши менен бирге айыл чарбасынын дүн продукциясы өсүүдө.

Көрүлгөн бардык чаралар колхоздордун жана совхоздордун жумушчуларынын, адистердин берилип иштешкен зор жумуштары, партиялык, советтик уюмдардын уюштуруучулук иштери, партия менен өкмөттүн күн сайын берген жардамы дыйканчылыктын маданиятын көтөрүүгө мүмкүнчүлүкту түзүп, мурда көчмөн болуп келген тоо айылында жерди агротехникалык жетишкендиктердин негизинде иштөөгө, б. а. илимий дыйканчылыкка багыт алынды.


Жогорку таблицадан көрүнүп тургандай айдоо аянтты көбөйтүү менен дандын дүн түшуму жогорулай баштады.

Тармактык жалпы территориялык бөлүштүрүүде Тянь-Шань району республикада мал чарбачылыгын өстүрүү жана анын продукциясын өндүрүүгө багытталган ири район болуп эсептелет. «Ак-Сай», «Арпа», «Соң-Көл», «Кара-Кужур», «Солтон-Сары» сыяктуу атактуу жайыттарга ээ болгон Тянь-Шань районунда 500 миңге жакын койлор, 12 миңден ашык бодо мал, 10 миңден ашык жылкылар өстүрүлөт. Мамлекетке эт, жүн сатуу боюнча республиканын ири райондорунун бири.

Айыл чарбасынын тармактарын адистештирүүну туура айкалыштыруу айыл чарбасынын бардык системасын өнүктүрүүнү күчөтүүнүн негизин түзөт. Райондо айыл чарба өндүрүшүнүн туура адистештирилиши коомдук эмгекти үнөмдүү пайдаланууга, өндүрүлгөн продукциянын бирдигине аз чыгым жумшоого жана продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мунун өзү, эмгек чыгымдарын жүк ташуудан үнөмдөөнүн, айрыкча айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбасынын тармактарын туура жайгаштыруунун, райондо бул маселелер үчүн ыңгайлуу жаратылыш жана экономикалык шарттардын болушунун натыйжасында жетишилет. Биздин райондун шартында адистештирүү маселелерин үйрөнүү жана киргизүү бардык чарбалардан мал чарбасын, айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө адистештирүүнү туруктуулук менен талап кылды.



Тянь-Шань районунда 1930-40-жылдарга чейин кылчык жүндүү кыргыз кара койлор өстүрүлгөн. Ошол жылдарда азыркы Октябрь революциясы ордендүү «Жаңы-Талап» колхозуна (беш колхоздон ирилештирилген «Тогуз-Булак» колхозуна) бир короо меринос тукумундагы ак койлор алынып келинген. Аны Чөкүтаев Исакка (азыр пенсионер, коммунист) өткөрүп беришкен. Жаңыдан келген койлор жаңы жерден жакшы конуш алды. Кыргыздын кылчык жүндүү койлоруна караганда төлду жана жүндү арбын берди. Исак жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, Москвадагы айыл чарбасынын алдынкыларынын Көргөзмөсүнө катышты. Анын өз аты калып, айылдаштары Чөкүтаевди «Ак-койчу» деп аташкан.


Бүгүнкү күндө ал кездеги биринчи келип конуш алган ак койлордун саны 500 минден ашты. Эгерде республикада ар бир колхозго 26 миң баш кой туура келсе, биздин чарбаларга 47 миң баш кой туура келет.

Мал чарбасын асыл тукумдаштырууга, малдар ды тоюттандырууга жана кармоого карата багытталган иштер жогорку продукциялуу асыл тукумдагы малдардын санын кескин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 1977-жылы колхоз-совхоздордогу уян жүндүү койлордун саны 19,6 процентке, жарым уян жүндүү койлордун саны 80,4 процентке жетти.


Райондо Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы иштеп, ал малдардын породалык составын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөт. Малдарды жасалма уруктандыруу методу колхоз-совхоздордо кеңири колдонулат.

Бийик тоолуу жайыттарды эффективдүү пайдалануу менен кой чарбасынын продуктуулугун андан ары жогорулатуу жана Борбордук Тянь-Шандын колхоздорунун, совхоздорунун экономикасын көтөрүү максатында Кыргызстандын мал чарба жана ветеринардык илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станция-ынын адистери менен бирдикте 1938—1966-жылдарда койдун жаъы «Тянь-Шань» жарым уян жундүү эт, жүн багытындагы түрүн табышкан.

Бул кой өзүнүн тез өсүп жетилүүсү, бийик тоолуу климатка жана жайыттагы тоютка ыңгайлашкан эт-жүн берүү багытындагы кой болуп эсептелет. Жергиликтүү куйруктуу

койлор Новокавказье меринос жана Вюргенберский, ал эми кийинчерээк Линкольнами тибиндеги кочкорлор менен аргындаштырылып алынган. Кочкорлордун салмагы 100—110 килограммды түзүп, тубар койлор 60—70 килограммга жетет. Жайытта багылган соъ союлгандан кийинки салмагы («убойный выход») 54—60 процентти түзөт. Бул койлор жалтылдаган ак жүнү, бышыктыгы жана чыъдыгы менен айырмаланат. Аларды жыл бою жайытта кармоого ылайык келгендиктен, айрыкча тоолуу шарттарда өтө жакшы өсөт.

«Тянь-Шань» жарым уяң жүндүү эт жана жүн багытындагы койлордун породасын чыгаргандыгына байланыштуу анын авторлору Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун илимий кызматкерлери Т. Э. Друженьков, В. С. Друженькова, Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын мурдагы директору К. Жангабылов, чабандар С. Абакиров, К. Жамгырчиев 1974-жылы Кыргызстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Койлордун «Тянь-Шань» породасынын пайда болушу Кыргыз ССРде таптакыр жаны, өтө баалуу эт, жүн берген кроссбреддүү койлордун чыгышын камсыз кылды.

Породалуу мал өстүрүүчү чарба Ленин ордендүү эксперименталдуу Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы Борбордук Тянь-Шань тоолорунун 2500—3000 метр бийиктигинде жайланышкан, анын Кара-Кужур өрөөнүнө караган бети дениз деңгээлинен 3000—4000 метрге бийик туруп, түбөлүк кар катмары менен капталган.

Жогоруда белгиленгендей «Тянь-Шань» тукумундагы койлору, өзүнүн жогорку эттүүлугу жана тоолуу жайыттын карлуу шартында кармоого ылайыкташтырылгандыгы бул тармакты кирешелуу чарбага айландырууга зор өбөлгө түзөт.

Ордендуу Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары ар бир кочкордов 9,7 килограммга чейин жүн кыркып алышкаан Академик А. И. Николаевдин айтуусу боюнча «Тянь- Шань» тукумундагы койлорун кроссбред жуну, дуйнолук эталон болуп эсептелген Жаңы Зелландиялык койлордун жунунөн кем эмес. Ал дүйнөдөгү бийик тоолуу шартка ынгайлашкан эт-жүн багытындагы тукум болу саналат.

Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын айрым чабандары мисалы, 1978-жылы Усубалиев Асан, Туюкбаев Тынчтык ар жүз тубар койдон 130—140дан козу алышкан.

«Тянь-Шань» тукумундагы жүн берүүчү койлордун райондо өстүрүлүш- жана Тянь-Шань району үчүн эмес, республиканын бийик тоолуу райондорунун колкоздорунун жолдорунун экономикасын көтөрүүгө кеңири жол ачат.

Коомдук малдарды чыктуу, кесек, концентраттык тоюттар менен толук кылуу проблемасы жылдан-жылга жакшырууда. Кесек топтоо 1978-жылы 1970-жылга салыштырганда 21 процентке өстү, же 61,6 миң тоннадан 90 миң тоннага жеткирилди. Көп жылдык чөтүн түшүмдүүлүгү 38,7 центнерден 55 центнерге жогорулады.


Колкоз, совкоздор малдарды багуу үчүн тийиш туу шарттары бар темир бетондуу кашарларды, типтуу короо сарайларды курушту. Койлор 100 процент электромеханикалык жол менен кыркылып, механикалаштырылган купкадан өткөрүлөт.


Партиянын агрардык саясатынын көрөгөчтүгү жана акылмандуулугу бардык райондордой эле биздин райондун мисалынан да өзгөчө күч менен көрүндү. Партия менен өкмөт айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн орчундуу чараларды көрдү. Жыл сайын жаңы тракторлор, автомашиналар, айыл чарба техникалары, минералдык жер семирткичтер берилүүдө. Электр энергиясын пайдалануу толук чечилди. Мына ушунун бардыгы айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө жана жаратылыштын стихиялык күчтөрүнөн анын көз карандылыгын азайтууга толук шарт тузду.

Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 25 центнерге, коп жылдык чөптөр 55 центнерге жетти. Ар бир уйдан сүт саап алуу 2 миң килограммга, жүн кыркуу ар бир койдон 3 килограммга жетти. 1965-жылдагы март Пленумунан кийинки өткөн 12 жыл ичинде Тянь-Шань районунун эмгекчилери мамлекетке эт, жүн сатууну кескин көбөйттү. Же болбосо 1965-жылы 3226 миң тонна эт, 1387 тонна жүн сатылса, 1977-жылы 8197 тонна эт, 2082 тонна жүн сатылды, же эт 2,5 эсе, жүн 1,5 эсе өстү.

Жүздөгөн алдыңкылар жана бүтүндөй чарбалар чынында эле эң сонун натыйжаларга жетишишти. өстүрүүдө, айыл чарба Айыл чарба өндүрүшүн продуктыларынын даярдоо пландарын орундатуу- да, мелиорациялык жумуштарды жүргүзүүдө же- тишкен ийгиликтери, өндүрүш процесси боюнча натыйжалуу илимий изилдөөлөрдү иштеп чыкканды- гы жана айыл чарба өндүрүшүндө колдонгондугу учун Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы 1967-жылы 25-майда Ленин ордени менен сыйлан- ган. Ал эми «Жаны-Талап» колхозу айыл чарба жана беш жылдык өндүрүшүн өркүндөткөндүгү планда белгиленген мамлекетке мал чарба жана талаачылык продукцияларын сатууну ашыра орундаткандыгы үчүн 1971-жылы 25-январда Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Тянь-Шань району 1974-жылы Кыргызстан Коммунисттик пар- тиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофтун жана Кыргызстан ЛКСМ БКнын Эстелик Туусун алуу- га татыктуу болду.

Атактуу дыйкандар «Куланак» колхозунан Со- циалисттик Эмгектин Баатыры Абдылдаева Расия, Жданов атындагы колхоздун механизатору Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин кавалери Мамырканов Асанакун, белгилүү данчылар Адөө- лөтөв Ниязбек, Имеров Бейшенбек, Арыкова Жума- бүбү, Мамбетисаева Сайраке, Садыков Абдыкапар лар жерди өздөштүрүү боюнча өз ишинин устатта ры болуп чыгышты.

Мал чарбасын өстүрүүдө Социалисттик Эмгек- тин Баатырлары чабан Исаев Шарше, жылкычы- лар Эликбаев Аалы, Кулумбаев Жусубалы, Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары Жангабылов Намазбек, Абакиров Сабыр, Жамгыр- чиев Качаган, Ленин ордендеринин кавалерлери Акматова Сонунбүбү, Мамбетаитов Жумагул, Курманов Каамыт, Октябрь революциясы орденинин кавалери, «Баатыр эне» Сулайманова Алтындар көп эмгектер сиңиришти. ВЛКСМ Борбордук Ко- митетинин мүчөсү, Карл Маркс атындагы колхоздун чабаны Ишеналиев Жолболду жаштарды тарбиялоодо, кой чарбасын өстүрүүгө жаштарды тар- тууда ченемсиз эмгек жасап жатат.

Ишеналиев Ж. 1972-жылы Жан-Булак орто мектебин ийгиликтүү бүтүрүп чыккандан кийин 75 жашка келип жана оорулуу болуп калган чоң атасы Турдакундан баш чабандыкты өткөрүп алат.

Колхоз түзүлүшүнүн биринчи күнүнөн бери кой багып мал четинде келген Турдакун абышка үчүн койду таштоо бир кыйла кыйын болгондугу ме нен өзүнүн небересинин «оор жүктү колдон алып, чабан боломун, ата кесибин улантамын» оюна ыраазы болуп, ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалап, чабандыкты өткөрүп берген. Алгачкы күндөрү Жолболдуга көбүнчө ишене

албай, кой четинде аны менен бирге болуп, иштин ал-жайын түшүндүрүп жүрдү. Кийинчерээк уулу нун бул кесипти чындап каалагандыгына көзү же тип, анын дилгирлик, берилгендик, тынымсыз аракет менен эмгектенип жаткандыгын көрүп: «эмге гим талаага кетпейт экен, Жолболду өз кесибин сүйгөн, иштерман малчы болот экен» – деп карыя санаасын тынчыткан эле.

Өткөн 6 жылдын ичинде Жолболду эң жөнөкөй жаш малчыдан тажрыйбалуу, районго гана эмес республикадагы эң мыкты чабандар менен ат салышкан азаматтын бири болуп чыкты.

Ушул жылдын ичинде ал өзүнө бекитилген койлордун ар жүз тубарынан жылына орточо 127ден козу, ар башынан 3,620 килограммдан жун кыркып алып турду, же болбосо колхозго 5 миъ козу, 14 тоннага жакын жүн берди. Бул көрсөткүчтөр айтууга арзан болгондугу менен бир кыйла оор жана күжүрмөн эмгек жумшоо аркылуу айрым гана ак ниет адамдар жарата тургандыгы талашсыз.

Азыркы күндө Жолболду чабандык кесипти Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетинин ІІІ курсунда сырттан окуу менен улантып жатат. Ал өзүнүн эң жөнөкөй, элпек жана кичи пейил мүнөзү, ишти терен билгендиги, өндүрүштук жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен райондун коомчулугунун алдында зор кадыр-баркка ээ.

Жолболду партиянын Тянь-Шань райкомунун, эл депутаттарынын райондук Советинин аткаруу комитетинин мүчөсү, ошондой эле комсомолдун Нарын обкомунун бюро мүчөсү. Жолболду ВЛКСМдын ХѴІІІ сңездинин делегаты жана анда ВЛКСМ БКга мүчөлүккө шайланды.

Айрым жолдоштор Жолболдунун коомдук иштеринин көп экендигин айтышат. Бирок аракетчил- диги, демилгеси эң башкысы жогорку аң-сезимдүүлүгү жана эмгекчилдиги аркылуу өндүрүштүк татаал ишти да, коомдук иштерди да жогорку ден гээлде аткарууга жетишип жатат.

Жолболдунун эмгеги өкмөтүбүз тарабынан жогору бааланып Ардак белгиси ордени менен сый- ланган. Ал Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн катышуучусу. Онунчу беш жылдыкты 4 жылда аткаруунун үстүндө иштеп жаткан демилгечилердин бири. Анын бүгүнкү күндөгү үзүрлүү иши эмгек жолун жаңыдан баштаган ондогон улан-кыздарга, районубуздагы бүткүл малчыларга сөзсүз өрнөк боло алат.

Райондогу даңазалуу чабандардын катарына «Куланак» колхозунан Сулайманова Алтынды ко- шууга болот. Алтын «Кыргыз ССРинин мал чар- басына эмгеги сиңген мастер», он бир баланы тар- биялап өстүргөн «Баатыр эне», Эмгек Кызыл Туу жана Октябрь революциясы ордендеринин кавалери. Партиянын Нарын обкомунун, Тянь-Шань райкомунун мүчөсү. Мына ушулардын өзү Алтындын эмгегин даңазалап, анын коомдук жана өндүрүштук иштердеги жүзүн көргөзүп олтурат.

Районубузда Алтындын жолун жолдогон бир канчалаган кыздар өз алдыларынча чабандык кесипке отуп көпчүлүгү үзүрлүү эмгектенип жатышат. Буларга Акматова Бурулду, Омушова Бурулсунду Султанова Светаны, Кытапова Жумагүлдү жана башкаларды кошууга болот.

Социалисттик мал чарбасынын мастери, Эмгек Кызыл Туу ордендүү Куйбышев атындагы колхоздун жылкычысы Бакасов Шоңко он эки жыл бою ар жүз тубар бээден 100ден кулун алуу менен областтын жылкычыларынын ичинде алдынкы орунду бербей келе жатат. Эң алыскы кыштоолордун бири болгон Оорук-Тамда Жданов атындагы колхоздун кой фермасынын башчысы Алсеитов Абышка, Ак-Сай өрөөнүн мекендеген Жданов атындагы колхоздун ферма башчысы Такырбашов Дүйшөнакундар жөнүндө жылуу сөз айтуу кубанычтуу.

Колхоздук өндүрүштүн областтын аймагынан тышкары таанымал жетекчилери: 20 жыл башкармалык постуда келе жаткан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты, «Жаңы-Талап» колхозунун председатели Дайракунов Эсенаалы, областтык Советтин депутаты, «Куланак» колхозунун председатели Калназаров Кайып, ветеринардык илимдердин кандидаты Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын директору Касымбеков Бейшебай, Он-Арча селолук Советинин председатели Суранова Күмүш, Чет-Нура селолук Советинин председатели Бекжанов Бейшенаалы, «Коммунизм» колхозунун председатели Усупбеков Садык, Жданов атындагы колхоздун партиялык комитетинин секретары Мамытов Акимша жана колхоздун башкармасынын председатели Какематов Зайдин колхоздук өндүрүштү жогорулатуунун, массаны мобилизациялоонун таланттуу уюштуруучулары болуп эсептелишет.


Айыл чарбасын көтөрүүдө адистерге зор роль таандык. Ондогон айыл чарба адистер ондуруштун чыныгы уюштуруучулары, иш билги кеңешчилери, оз ишинин билермандары болуп калышты. Алардын катарына инженерлер: Абдыкеримов Токтосун, Мусалиев Кутпидин, зоотехниктер: Шамырканов Абыласан, Айдарканов Керимбек, Мырзабаев Калыбек, ветврачтар: Абдыраимакунов Тургунбек, Куленбеков Кырманчы, Кыдырмаев Канатбек, агрономдор: Жумабаев Сыдыкбай, Азыкбаев Мукаш, Кудашов Жумаалы, экономисттер: Нурмуханбетов Курманбек, Өмүракунов Айнике, Мамбетаитов Турсуналы, Жумагулов Барыктабас жана башка ондогон адистерди кошууга болот.

Онунчу беш жылдыкты 4 жылда орундатуу үчүн күрөшүп жаткан чабандар: Мамыров Чаки, Ибраев Раимкул, Торубаев Сокубаш, Кытапова Жумагүл, Бейшеева Зинагүл, Жаанбаев Чокубай, Усубалиев Асан, саанчылар: Дуйшеев Жапар, Барктабасова Жаңыл, Айткулиева Шарипа, жылкычы: Баймөңкөев Мукаш, бадачылар: Шаменов Торегелди, Маатканов Керимдердин эмгеги мактоо- го татырлык.

Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг.

Подняться наверх