Читать книгу Бейиш-Эненин таман алды… - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 3
БЕЙИШ – ЭНЕНИН ТАМАН АЛДЫНДА
ОглавлениеБайыртан эле кыргыз элибиз көркөм сөз өнөрүнө бай келет эмеспи. Алар илим-билимден түшүнүгү жок, тунжураган караңгылыктан шоола издеп жүргөн мезгилде эле ырларды, обондорду жаратып, чексиз бай оозеки адабиятты түзүп келишкени белгилүү. Алардын ичинен макал-лакаптар элибиздин дүйнөгө болгон көз карашынын, кыял-жоруктарынын, салт-санаасынын, турмуш тиричилигинин «жазылбаган» тарыхы болуп эсептелет.
Кыргыз эли ар бир айтылган сөздү, ар бир аткарылган ишти өз орду менен, өз баркы менен баалап, кадырлап, сыйлап келишкен жана ага карата макалдарды, учкул сөздөрдү, накыл кептерди чыгарышкан. Мисалы, «Мекен» деген сөздү алып карай турган болсок, ал тууралуу канчалаган макал-лакаптар, учкул сөздөр бар. Алардын ар бирин окуп отурсаң өзүнөн-өзү мекенге болгон сүйүү сезими күчөп, патриоттук сезим ойгонот. Ал эми «тил» тууралуу макалдардан, тилдин баалуулугун, ыйыктыгын, улуулугун, урматтап-сыйлообуз керектигин, ал биздин көрөңгөбүз, казынабыз экендигин түшүнөсүң. Мындан тышкары ата-эне, сүйүү, жаратылыш, эмгек, ынтымак, достук, береке, үй-бүлө, өмүрлүк жар, жаныбарлар, кыздардын, уулдардын тарбиясы тууралуу, деги койчу ар биринин өз-өзүнчө сырын, маанисин, маңызын ачып, улуулугун даңктаган макалдар элибизде өтө арбын. Мына ушундай улуу макалдардын бири – «Бейиш – эненин таман алдында».
Бейиш деген эмне? Бейиш деген сөздү укканда эле ар бирибиздин көз алдыбызга жапжашыл түскө боелгон кооз жерлер, түркүн-түстүү дарактар, мына-мына өзү эле оозуңа келип түшүп калчудай болгон, мөлтүрөп бышкан мөмө-жемиштер, кооз үйлөр, арууланган, тазаланган адамдар жана башка эң бир керемет асылдыктар, түркүн-түрлүү тамактар кыскасы жомоктогудай жашоону элестетебиз. Бейиш – бул түбөлүк бактылуу жашоо, жалган жашоону артта калтырып, чыныгы жашоо. Мына ушул чыныгы бактылуу жашоо – энелерибиздин таман алдында. Албетте, «кантип ушундай болсун?» – деген ой бир кылт этип өтөт.
«Эне» – деген ким? «Эне» деген 3 тамгадан турган сөз өзүнө канчалаган кереметти камтып турат. Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык асыл зат.
Ал – үй-бүлөнүн куту, жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, айтор, бардык жакшылыкты өзүнө камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнөсү назик жан. Энени урматтап сыйлай билүү – биздин ыйык милдет.
Тогуз ай курсагында көтөрүп, тогуз толгонуп, бизди жарык дүйнөгө алып келген күндөн баштап жаныбыздан карыш жылбай, Кудайдан өмүрүбүздүн узун, ден-соолугубуздун чың, келечегибиздин кең, ыйманыбыздын бар болушун, акылыбызды, адамгерчилигибизди тилеп сураган жан – ошол биздин энебиз. Эне деген өтө сезимтал жан тура. Ал баарын көрбөсө да, жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат. Ал балдары үчүн бул жашоонун ысыгына да, суугуна да чыдап, тагдырдын ар кандай ташкынына каршы туруп, аны түшүнүп, балдарына таалим-тарбия берип, акыл-насаат айтып, ар дайым туура жолду тандоого аракет кылат. Анткени, баланын эң биринчи жол көрсөтүүчүсү, тарбиячысы – эне.
Улуу пайгамбарыбыз Мухаммедден (с.а.в.) бир адам: «Кимге жакшылык кылайын?» – деп сурайт экен. Анда пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Биринчи кезекте энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, андан кийин атаңа жакшылык кыл», – деп жооп кайтарат. Чындыгында эненин сүтүн эч качан актай албайбыз. Эненин сүтүн актоо үч жолу меккеге жөө көтөрүп барганга тете тура. Анткени, күнү-түнү уктабай, балдарын калкалап, эрезеге жеткирген ошол эмеспи.
Ырас, эне – ушунчалык мээримдүү, боорукер жан. Анын бүт ой-тилеги
баласында. Баласы үчүн жашап, өзү кийбегенди баласына кийгизип, өзү ичпегенди баласына ичирип, баласы ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруйт. Энелердин агарган чачынын ар бир талында балдарынын салымы бар. Алар балдары үчүн жанын кыюуга да даяр.
Чындыгында энелер балага болгон мээрими, жүрөгүнө толгон сүйүүсү, сезими менен өзгөчөлөнүп турушат. Адам баласы үчүн ата-эне айланасына жарык берип турган чырак сыяктуу. Ал чырак ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөсө, адамдык сапаты күндөн-күнгө өсөт.
Эне деген көзүнөн нур таамп турган мээримдүү инсанга бар күчүбүздү жумшап, аларды ыраазы кылып, бизди бул жарыкка алып келгендигине өкүнбөгүдөй кылып, тескерисинче биз менен сыймыктангыдай абалга жеткире алсак, аны ар дайым урматтап, кадырлап, сыйлап, кызмат көрсөтүп, бактылуу кыла алсак энелерибиз бизди бейиш жолуна алып барат, башкача айтканда, биз алардын ыраазычылыгы менен бейишке жолдомо алабыз.
Мен апамды эстеген, көргөн сайын бул макал да негедир эсиме түшүп, апакемди сыйлап жүрүшүм керек экенин эскертип турат. Анын көңүлүн алуунун жолун издеп, аны аз да болсо кубандырып, кубанычтуу нурун чачкан көздөрүн көргүм келет. Мына ушул көздөр, ушул жүздөр үчүн аны талыкпай бактылуу кылганга шашам. Анын кубанычтуу жүзүн көрүү дүйнөдөгү эң баалуу нерседей сезилет. Балким чын эле андан баалуу эч нерсе жоктур…
Энелер тууралуу макал-лакаптарды жүрөгүбүзгө сактап, көңүлүбүздөн чыгарбай, анын актуалдуулугун жоготпой өзүбүзгө девиз кылып, көкүрөккө бекем түйүп, дагы да көбөйтүп өркүндөтүү биздин милдет. Энелерибиз бул ааламда жайнап, нур чачып турганда аларга арналган жакшы сөздөр эч качан түгөнбөйт, айтыла берет.
Мен өзүмдүн башымдан өткөргөн бир окуяны айтып берейин. Бир күнү апам менен жарыбаган бир маселе боюнча тартыша кетип, таарынышып калдык. Мен акылсыздык кылып, өзүмдүн жасаган ишимди туура көрүп, бир күн кечке апама таарынып, сүйлөбөй жүрө бердим. Апам да үндөбөдү. Ошентип, эртеси күндөгүдөй сабакка жөнөп кете бердим. Эртең менен апама жакшы сөз айтмак түгүл саламдашпастан чыгып кеттим. Ошол күнү «сол капталымдан жаткансып», сабагымдан да жакшылыктуу баа ала албай, курбуларым менен да кер-мур айтыша кеттим. Бул болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баарына апамды күнөөлүү деп таап, ага нааразы болуп, сүйлөнүп кетип бара жатып кырсыкка учурадым. Бирок, Кудай сактап жараатым жеңил болду.
Бир убакта апкаарыган, шашылган, корккон абалда апам кирип келди да мени кучактап, Кудайга миң мерте шүгүрчүлүк айтып, жалынып жатты. Анын мени аяган мээримдүү жүзүн, жашка толгон нурдуу көздөрүн көрүп, жалынып-жалбарган сөздөрүн укканда уялганымдан, жасаган ишиме ушунчалык өкүнгөнүмдөн оозума сөз келип сүйлөй албай, көзүмдөн уяттын жашы токтоосуз куюлуп жатты. Байкуш апам кайра мага: «Балам, кайсы жериң ооруп жатат? Көп оорубадыбы? Апаң сенден айлансын, садага болоюн! Укканда жүрөгүм түшүп калбадыбы… Кудайга шүгүр, аман экенсиң…» – деп кайра-кайра жалынып жатты. Ошондо апама катуу сүйлөп, нааразы кылганым үчүн кудайдан эскертүү жазасын көргөнүмдү түшүндүм. Энебиз ыраазы болбой, нааразы болгон учурда бизге жакшылык болбосун, Кудайга жакпасын, андай кылган туура эмес экенин түшүндүм. Ошондон кийин апамды нааразы кылбаска, күчүмдүн баарын анын ыраазычылыгы үчүн жумшаганга өзүмө-өзүм сөз бердим. Демек, бардык бактылуулуктар, бакыт, сүйүү, ийгилик ж.б. толгон-токой жакшылыктар эненин ыраазычылыгынан башталат тура. А бул ыраазычылыкка жетүү үчүн энеге талбай кызмат көрсөтүүбүз зарыл экендигин билдим.