Читать книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 14

КАМЫР БАЛБАН

Оглавление

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка, чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл «жоо келе жатабы» деп качат экен.

Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сурайт.

– Балбандыгым бар, – деп жооп берет.

– Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу, – деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сурашат.

– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.

Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:

– Эмне өнөрүң бар? – деп сураса:

– Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, – дейт.

Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет

Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.

Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:

– Эт берчи! – деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:

– Эт жебей, чок же! – дейт.

Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.

Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.

Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. «Үч кызды үчөөбүзгө бербейт», – деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.

Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Подняться наверх