Читать книгу Бабалардын баяны 2 - Кадыр Абакиров - Страница 7

ТАГАЙ БИЙ

Оглавление

Теңир Тоону жайлаган,

Далай ыр калды Тагайдан.

Жол көрсөтүп бий болуп,

Жорго үстүндө чайпалган.

Жолун калбай арбытып,

Аргымак чуркап өткөндө,

Артынан шаң таралып,

«Эр Тагай бий өттү»– деп,

Элдер калчу каранып,

Богорстон, Койлон, Кылжырдан,

Ар уруулар тараган,

Узун жолду арбытып,

Уулдар чыкты жараган.

Анын тондуу балдары,

Саяк, Азык, Чериктер,

Коңурат менен Чертике,

Жол улаган берендер,

Ырыска салып Теңир Тоону,

Ыр таратып кеткендер.


Атактуу биздин Тагай бий,

Түндүк, түштүк тарапты,

Кыргыз турган аймакты

Бир хандыкка бириктирип,

Манас туусун көтөргөн.

Элдин эрки көкөлөгөн

Моголстан ханы болгон,

Хан Саидге каршы барган,

Аларды жеңип ала алган.

Улуу тоонун арстаны,

Учурунда аты даңкталган..

Ал кезде кыргыз борбору,

Барскон болуп аталган.

Андан кийин күн өтүп,

Алда нечен түн өтүп.

Кыргыздар менен моголдор,

Каршы туруп кармашты.

Моңол ханы хан Саид,

Чоң кошуунду кураган,

Ысык Көлдү жеегинде,

Кан суудай агылган,

Болуп өткөн чоң майдан.

Кыргыз колу аз болуп,

Жеңилип аргасыздан.

Тагай бий колго кармалып,

Кашкарга алып барылган.

Туткун болуп кармалган.

Могол ханы хан Саид,

«Кыргыз оңой эл эмес,

Жок кылуучу мен эмес.

Балее болот башыма,

Асылбайын арстанга,

Жок кылгандан жазганган.

Хан ордоодо аны кармаган


Элге журтка таанылган.

Аралап журттун баардыгын,

Албан ишти аткарган.

Хан ордодо таанылып,

Атагы Моголстанга таралып,

Кыргыз журтун башкарып,

Аты аталып ал жерде,

Кабары кеткен элине

Зулайка кызга үйлөнүп.

Аны менен бирге жашаган,

Аз убакыт өттү арадан.

Ай айланып жыл жылган.


Султан Саид Тагай бийди,

Аргасыздан бошоткон.

Кетееринде сапар алып,

Зулайка менен коштошкон.

Ала жазгы көктөмдө,

Ала Тоого жөнөөрдө,

Аялына кайрылган,

Аманат кебин таштаган:

–Аркалап жүрөөр таалайды

Курсагыңда бала калды.

Төрөлгөн чүрпөң кыз болсо.

Аны өзүң билгиниң.

А эгерим уул болсо,

Ак санаага куш консо,

Карачоро кой деген

Карачоро деген сөз,

Карадан хан болот.

Чоро деген жигит да.

Тагай бий берди кестикти,

Маа көрсөтүп келүүчү,

Уулумдун ушул белгиси.

Жолдошу болуп жанында,

Жолун улап сапарлаар.

Жолунан көргөн баянды,

Жобуратып мага айтаар.

Аман болсо Карачором,

Он экиге толгондо

Кайрат күчтүү болгондо,

Эр Семетей бабасынча,

Турагы түшүп санаасына,

Аттанып чыгаар сапарга

Ала Тоого жол келеер.

Аркалаган кубанычын,

Аңгемелеп айтып береер.

Нени көрсө бу өмүрү,

Жомок болоор өткөнү.


Анан дагы күн өттү,

Ала-сала ай көчтү,

Жылдар жылып жөнөштү.

Төрөлгөн ошол баласы,

Эркек болду кыз болбой,

Энчиге таалай конгондой,

Теңирдин өзү коргоду,

Чынында мындай болорбу,

Оодарылып жыл өтүп,

Ошол бала акыры,

Үмүт басып ортону

Он экиге так толду,

«Атакем кайда энеке?»-деп,

Акмалап сураар кез болду.


Кең Кашкардын калаасында

Калың бакча арасында

Балдар менен жарышып,

Карачоро ойноп жүрдү.

Кээ бир кезде сүйүндү,

Оңдуу жакшы сөз укпай,

Оюу такыр ишке ашпай,

Кээ биринде күйүндү.

Балдар айтты балага:

– Атасы жок баласың,

Талаадагы таштандысың.

Айлар өттү, жыл өттү,

Атаңды качан табасың?


Ага качан барасың?

Хан ордонун баласы эмессиң,

Сен чоочун башка жерденсиң.


Үйгө келип Карачоро,

Үн катпай жатып алды.

Эркелетсе энеси,

Ага көңүл бурбады.

Такыр үнүн салбады.

– Кагылайын береке!

Атам кайда энеке?

Айткының баардыгын.

Андагы болгон иштерди,

Ачыкка гана чыгаргын.


Эне болсо жашырбай,

Кеп салып байма-бай.

– Сенин атаң Тагай бий,

Ала Тоолук жан эле,

Мындан көп жыл илгери,

Өз жерине кетти эле.

Сен курсакта жатканда,

Төрөлө элек чагыңда,

Сага кестик таштаган,

Аманат сөзүн баштаган.

Он экиге толгондо,

Эс акылдуу болгондо,

Бөтөн элге кор болбой,

Бөлөксүнөөр тең болбой,

Ата баба жердеген,

Ала Тоого жибер деген.

Албан-албан ой менен

Акыл айткан кеп менен

Бир кездеги аянды,

Мага ушундай баянды,

«Айткының»-деп тапшырган.

Абалкыны калтырбай,

Аңгемелеп кеп салам.

Аманат сөздү аткарам.


Ошол иш ошол болду,

Ошондой иш болмогу.

Бир күнү бала түш көрдү

Уламалуу ал түштү,

Удаасы менен үч көрдү.

Улуу тоонун асманында,

Шумкарлардын арасында.

Шукшурулуп жүрүптүр,

Ары-бери толгонду,

Ал кубанып ойгонду.

Энесинин жанына,

Карачоро жакын барды.

Эмне көрдү түшүндө,

Эбиреп айта баштады.


– Атаң деген бий болчу,

Ал тегин киши эмес.

Кыргыз деген элиң бар,

Ал жөнөкөй эл эмес.

Көп кылымды арыткан,

Көп тарыхты карыткан,

Далай менен кармашкан.

Кан чыгара тартышкан.

Намыс бербей башкага,

Айбаты күчтүү ааламга,

Аскасы асман тиреген,

Ала Тоо аттуу жериң бар,

Ак калпактуу элиң бар.

Ошол жакта жашаган,

Көп заманды арыткан,

Кылым жашап келаткан

Кыргыз деген элиң бир.

Өксүбөсүн тарыхың

Өчпөй турган демиң бар.


Бала болсо, кеп угуп,

Байыркыдан уланган

Башталманы бүт угуп,

Ушунчалык кубанган.

Аттанмак болду сапарга,

Атаар таңдын алдында,

Арбын иш бар алдыда.

Жолду улап токтобой,

Жолго чыкмак сапарга.


Аманат берген белегин,

Атасы берген кестигин,

Энеси берди балага,

«Ала Тоо жерим сен кайда?»

Даяданып чоң сапарга.

Көрө элек жактарда,

Көөдөндө көп санаа бар.

Аман болсо ал бала,

Анын баарын аткараар.

Алгалап анан канат жаяр


«Тааныш турак кайда?– деп,

Тайгай бийге жетем»,-деп,

Тору атты токуп минип,

Жол менен желдирип,

Жалгыз бала келатты,

Карап коёт тарапты.

Адыр ашат, суу кечет,

Аңыз бойлоп жол келет.

Тору атын теминет.


Тору аты баспады,

Алыс жолдо чарчады.

Кантип жетем элиме,

Ала Тоо деген жергеме.

Карап коёт айлананы,

Бул баспаган тору ат,

Кетирет го айламды.

Өзү болуп торгойдой,

Аты болуп ыргайдай.

Жалгыз бала келатты,

Жабыгып жолун арытты.


Мына ошол мезгилде

Бир кызык иш башталды.

Бала дагы таң калды

Кара тулпар жетелеп,

Балага жакшы тилек тилеп,

Келип калды бир карыя

– Ме минип алгының

Тизгинин берип балага.

Колдоочусу элем атаңын,

Атаң эмес кыргыздын

Алыс жолго чыгыпсың,

Бачым жет туулган жериңе,

Байсалдуу болсун сапарың.

Эмне керек болкп калса,

Жардам тиле кудайдан.

Жалгыз жолго чыктыңбы,

Жардам береер ал саган.

Бараар жериң алыс жак,

Бат бастырып жеткиниң,

Мен дагы сенин өзүңө,

Аянбай жардам беремин.

Сөзү адамга жарыя,

Заматта эле карыя,

Көздөн кайым жоголду.

Кайыппы же сыйкырбы,

Таң калып бала ойлонду.

Кара тулпар укмуш ат,

Капталында канат бар.

Алыс жолго тапталган,

Алкынып турат жаныбар.

Мындай атты көргөн эмес,

Ушундай жылкы болот,-деп

Ал ойлоп койгон эмес.

Минип алып тулпарды,

Алыс жолго аттанды.

Канаттары жазылып,

Асман менен кайкыды.

Улан болсо кубанып,

Улантып келет сапарды.

Адыр ашты, жер басты,

Канчалаган тоо ашты.

Кара тулпар жаныбар,

Чарчаар түрү көрүнбөйт.

«Баскының» – кайраттантып,

Алыста жол бүлбүлдөйт.

Муңдуу чөптүн үстүндө,

Булуттуу көктүн астында,

Сызып барат ал тулпар,

Сыйкырдуу укмуш жаныбар.


Сапар тартып келатты

Бир бала чыкты жолунан.

Арып-ачып ачка болгон,

Аш-тамактын жогунан.

Башынан өтүп көп азап,

Болгон өңдүү селсаяк.

Башынан өткөн окуяны,

Баардыгын тең кабарлады

Карачоро ал баланы,

Ушунчалык аяды.

Кара атка учкашып,

Экөө сапар келатты.

Адыр ашты, бел ашты,

Эчен-эчен жер басты.


Кара тулпар келатты,

Кээде жаят канатын.

Тоону ашат, бел басат

Токтотподу сапарын.

Жол арытып келатып,

Жолукту ага бир бала.

Өңү ушунча чарчаган.

Азыгы да жок калган.

Башынан эмне өткөнүн,

Карачорого кеп салган.

Жээр тамагы жок болуп

Ачка болуп, ток болуп,

Аябай жаны кыйналган.


Үч бала сапар келатты,

Адыр ашты бел басты.

Күркүрөгөн суу кечти,

Ашып өтүп белести.

Үчөө сапар келатса,

Жолукту ага бир бала.

Такыр эле алы жок,

Кан сөлү, дарман жок

Чертип койсо тоголонот.

Таштаса өлүп жок болот.

А береги үч бала,

Ал уланга боору ооруп,

Кошуп алды жанына.

Төрт жолочу биригип,

Бирге чыкты сапарга,

Кара тулпар алдында.


Мына кызык тамаша,

Ошол кезде пайда болду,

А баягы чал кайра.

Жетелеген бир атты,

Балдарга аны карматты.

Капталында, канат бар

Кем эмес кара тулпардан.

Алкынып турат жаныбар.

Эки атты минип алып,

Төрт бала сапар жөнөдү,

Барчу жери алыс жак,

Жонок менен өрдөдү,

Ашып өтүп чоң дөңдү.


Сапар жолду арбытып,

Аттамак чыкты кыядан,

Айланып өтүп аскадан,

Аттарында канат бар

Жол улап келет төрт бала,

Үмүтүм бар төрт гана,

Ачка- токту бүт көрүп,

Арып келет төрт бала.

Кабалаңдуу күндөргө,

Калып келет төрт бала.


Муңдуу чөптүн үстү менен

Булутту көктүн асты менен

Жолочулар келет сапарлап,

Асман менен баратып,

Алды жакты карашса.

Жайнаган боз үй көрүнөт.

Алкынып келип суу агат.

Адыр түзөң кайкыда,

Ар түркүн мал жайылат.


Балдарга жакындап,

Бүркүт учат куш учат.

Алар менен жарышып,

Төртөө кетип баратат.

Алдыда созулган,

Айыл калат агарган

Агын суу калып алкынган.

Өмүр өтүп жаткандай,

Баарысы калат бүт калат.

А балдар сапар токтобой,

Алар кетип баратат.


Айылга жетеер кезде

Кайып ата пайда болду.

Төрт баланы карап туруп,

Жылмыңдап күлүп койду.

– Өз жер жаңы конушка,

Жеттиңерби балдарым.

Өмүрүңөр бар болсо,

Көрөсүңөр баардыгын.

Аттарды кайра бергиле,

Тайгай бийге баргыла,

Не окуя болгонун,

Баарысын айткыла!

Эки атты жетелеп,

Кайып ата жоголду.

Жуумп көздү ачканча

Ошондой иш болду.

Балдар болсо токтобой,

Түзөң менен арылады.

Ары жакта жайнаган,

Боз үйлөргө бет алды.


***

Төртөө жүрүп отуруп,

Тагай бийге келишти.

Таазим кылып жүгүнө,

Ийлип салам беришти.

Тагай бий тосуп аларды,

Отургузду жанына:

– Кана балдар келиңдер,

Не окуя болгонун

Маа кобурап бериңдер.

Улуу бала кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

– Атым Ырай болуучу,

Түпкү уругум саяк,– дейт,

Атам болгон Байыш,-дейт.

Атам өлүп калган соң,

А дүйнөгө көчкөн соң,

Менин энем Маниса,

Сулуусу эле аялдын,

Жары болду башканын,

Чыгып алды турмушка,

А мен аны жактырбай,

Нааразы болдум ушунча,

Башыма каршы болду өгөй атам,

Каршылашып дүйнөдө кайда батам,

Бараар жакты биле албай,

Сизге келдим сапарлай,

Тагай бий анда ойлонуп,

Ары бери толгонуп,

Мындай деген кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

–Тукуму болот экенсиң,

Саяк журттун алыскы,

Уруусун жойбой баланын,

Каршы болуп өгөй атаң,

Көрбөгөндү көрүпсүң.

Жашоо деген азап болот,

Баарысынан өтүпсүң.


Саяк деп аны атады,

Сапар келген ал бала,

«Саяк» деген атты алды.

Даңктуу уулум болгун,-деп

Ата берди батаны,

Өз ичинен кубана,

Тагай бий сылап сакалды,

Дагы бир уулду болдум,-деп,

Жаны анын жай алды.

–Эми сен бала сүйлө,– деп

Экинчи уулга кайрылды.

Чердейген бала ашыгып,

Чекесин улам кашынып,

Башынан өткөн тарыхты,

Бапылдап айтып кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Менин атам Домо,-дейт,

Кашкардын жанындагы,

Кара Корун шаарын салган.

Уруусу анын кыпчактан,

Урумга кеткен аталып,

Узун элге кеп болгон,

Кыйла журтка даңкталып

Кылымдык шер болгон.

Атакем эл алдында,

Айдыңы чыгып көгөргөн,

Атамы сарт тукумдар,

Азгырык менен өлтүргөн.

Алтынымдан айрылып,

Ак шумкарым талпынып,

Арманданып шаңшыган.

Тигип койгон терегим,

Күү чыгарып зарланган.

Аянычтуу үнүн угуп,

Асыл жаным азаптанган.

Атакем менин дарыям,

Агыны күчтүү олуям,

Дарыям акпай солуду,

Асылыма не болду.

Канатым кайрылып,

Карааныман айрылып,

Азаптуу күнгө кабылгам,

Атаман кийин мени да,

Өлтүрүүгө камынган.

Түн жамынып билгизбей,

Туугандар мени качырган.

Ал тараптан качпасам,

Айрылмакмын бу баштан.

Ачка болуп калбайын,-деп,

Азык-түлүк артынгам.

Бал үмүттү бириктирип,

Балдар менен тең чыккам.

Ай чыкканын боолголоп,

Ала Тоого жол алдым.

Арманды да кубанычты,

Аркалады бу башым.

Өткөнүн эстеп ал улан,

Ыйлап ийди шолоктоп,

Балким эстеп жаткандыр,

Бала чагын ал жоктоп.

Тагай бий баланын,

Жообун угуп таңданды.

Жаны күйүп аяды.

Жанындагы баланын,

Кара чачын сылады.

Кайгылвнв кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

–Ай, балам ай, балам ай!

Асылым жанды кыйнаба.

Атаңын шейит болгону

А да болсо тагдыр да.

Ким эле алып жүрүптүр,

А дүйнөгө көчүрбөй,

Атакесин өлтүрбөй.

А да болсо жазуу да,

Баарысы тең өтчүдөй,

Ар нерсеге маш балам,

Алтын балам ыйлаба,

Кара башты кыйнаба!

Жаның аман барында,

Жакшы күнүң алдында.

Сени баккан атакең,

Жоо колунан мерт болсо,

Аркалап алыс качканда,

Азыгың жолдо бар болсо.

Кор болуп бир жаның,

Кордукту көрдүң кезинде

Арка кылаар тирегиң,

Атаңы бердиң ээсине.

Ардагыңан айрылып,

Азапты көрдүң жашыңда.

Ак жолго чыгыпсың,

Азыгың болуп жаныңда.

Анда атың «Азык» болсун,

Ак башыңа бакыт консун!

Ар дайыма көөнөрбөс,

Жакшылыкта гүлдөп өс.

Жайлоо болсун конушуң,

Жакшы болсун жолдошуң.

Ала Тоонун койнунда,

Аман-эсен болсун-деп,

Качып келген балама,

Каалар сөзүм ушул да.

Элиң сенин тирегиң,

Кана эмесе оомийин!

Бий сүйлөп токтолду,

Билгизбей көпкө ойлонду.


Үчүнчү бала кеп салды,

Кеп салганда деп салды.

Карачоро анын аты,

Энеси берген кестикти,

Тагай бийге карматты.

Энем мени жөнөткөн,

Ээн тоолор тарапка.

Элиңи тапкын,– деп айтты.

Атаң сенин Ала Тоодо,

Аттангын деди ошого.

Атам жакка ашыгып,

Кестигимди жашырып,

Иликтеп тоолор тарапты,

Издеп келем сиз жакты.

Тагдыр мага айттыбы,

Таалай жолун таптымбы.

Бий алып кестикти,

Кайта-кайта карады.

Кестикти алып эсептеп,

Кеткен жылды санады.

Толкундана тамылжып,

Таалайлуу жылмая,

Таамай айтты буларды:

– Сенин атың Карачором,

Бир кезекте мен койгом.

Уулум келип калабы,-деп

Узун сабак ойлонгом.

Кашгар шаарда болгонума,

Өткөнгө серп салсам,

Оорду менен тактасам.

Он эки жыл оошуптур,

Ошондон бери санасам.

Он эки кыш болуптур,

Он эки жаз оошуптур,

Ошондогу жаш бала,

Он экиге толуптур.

Аманат айткан балама,

Амандаштым кайта да.

Ушул дагы бактымбы,

Бир эмес үч баламды,

Аман-эсен таптымбы.

Бактысы ашкан Тагай бий,

Баарынын өөп бетинен,

Керемет жанган чоң бакыт,

Кетпей турду эсинен.


Төртүнчү бала кеп салды,

Баштан өткөн азабын

Кыскача жай баяндап,

Айтып берди баардыгын.

Ата-энем өлүп калган соң,

Аябай азап тарткамым

Бир өлүмдөн башканы.

Баарысын тең көргөмүн,

Сапар тартып көп жолдон

Көп жолу басып өткөмүн.

Бирөө эле чертип койсо,

Тоголоно кулап кетемин.

Такыр эле алым жок,

Таянычсыз з жашап келемин.


Уурутунан жылмайды,

Тагай бий анда кеп салды:

–Чертип эле койгондо,

Тоголоноор жайың бар.

Ал кетип, азап тартыпсың,

Айланайын каркыбар.

Мен сенин атыңды,

«Чертике» деп атайын,

Өзүңү такыр кор кылбай,

Бала кылып алайын.

Уруубуздун саны көбөйсүн,

Элибиз улам тез өссүн.

Каршы турган жоолорду,

Ылдам эле жоготсун.

Бүткүл элге таанылгын,

Бүт калкыбыз бар болсун.

Ал баланы башынан

Акырын гана сылады.

«Кагылайын берекем»

Жакшы көрүп жыттады,

«Төлгөм төп түштү,

Төртүнчү баламды,

Кудай берип таптымбы».


Дүңгүрөдү эл чакырып,

Энчи берип төртөөнө

«Төрт уулум төрт бутагым,

Ысымымды улаарым».

Үмүт кошуп күчүнө.

Жадырап жарпы жазыла

Тобу менен эл чакырып,

Адамдар такыр көрбөптүр,

Чоң салтанат мындайды.

Жылдыздуу төрт балага,

Төрт күлүктү мингизди.

Атанын ата экенин,

Ошондо бир билинди.

Урумга кетип атагы.

Уулдадан тукум уланды.

Саналуу атын чыгарып,

Санжыранын тарыхы,

Ошолордон куралган.

Бурулгус күндү элестеер

Бу баянды уккан адам.


Баяны бүттү төрт уулдун,

Башка улама башталат.

Көзгө элестеп башка жак,

Ким окуса аа жагат.

Анда эмесе пкугула,

Ата-баба санжырасын,


Көрүнбөс өткөн баяндар,

Көз алдыга жакындасын.

Жаралып башка уламалар,

Убакыт өтүп закымдасын.

***

Тагай бийдин үчүнчү уулу,

Кылжырдан баян баштайбыз.

Оролмо кепти таштайбыз,

Бий жылмайып эркелетип,

Кыңая баскан баласын,

«Кылжырым» деп койчу экен,

Кыйладан калган сөз экен.

Баштагыдан кеп айткан,

Бабадан калган сөз бекен.

Өз аты болгон Мамытбек

Өкүм жана каардуу болгон,

Көзүнөн жалын ойногон.

Ала-сала чаап уруп,

Алышканды койбогон.

Бир көгөрүп алганда,

Беттешкенге тик барган.

Кара аламан алдында,

Каалаганын аткарган.

Эрке эле башынан,

Ээленгенин кылам деп,

Эне, атасын кыйнаган.


Тоодо өскөн караган,

Карагандан тараган,

Анан ошол Кылжырдан,

Эки уруу эл жаралган.

Ошол Кылжыр атадан,

Орозбакты, Дөөлөсбакты,

Абийир топтоп башынан,

Орозбакты акылман,

Оройлонбой жини жок,

Өзүн токтоо кармаган.


Дөөлөсбакты шум болгон,

Митаам анан куу болгон.

Душманга намыз алдырбай,

Айланасы чеп болгон.


Биринчисин бугу дейт,

Көл тарапты мекендейт.

«Көлүбүз көркөм» экен дейт,

Экинчиси Сарбагыш,

Бийик тоолуу жерде дейт,

Нарын тоолор тарапта,

Кара Саз, Долон жакта,

Ал тарапты мекендеген,

Алыскы жерди жердеген,

Бийик тоону аралап,

Ачык жерде сабалап,

Ит агытып, куш салып,

Келатты шаң таратып.


Эээй…

Эзелки баба жомогу,

Эстесе келеер оролу,

Эчен-эчен жыл өттү,

Эстегинин баары өттү.

Эчакынын тарыхын,

Эстебеске чара жок,

Ой, эч деле амал калган жок.


Бугу менен Сарбагыш,

Бир атанын тукуму.

Биригишип бирге өскөн

Бир айгырдын кулуну.

Байыртадан айтылат,

Бабалардын жуп-жубу.

Дөөлөтү тайбай келаткан,

Дөөлөсбакты, Орозбакты,

Бийик тоодо жашаган,

Бир атанын кулуну,

Билимдүү адам аталып,

Биле жүрчү ушуну.

Орозбакты атанын,

Беш уулу болуптур.

Арыкмырза, Мырзакулмырза,

Асан, Кара, Токочмырзалар,

Алыс жакка аттангандар,

Бакыт каалап жалпыга,

Баары бирдей тең мырза.

Бабалардын баяны 2

Подняться наверх