Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - - Страница 5
ИНСАНДЫК ЖАКШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
Оглавление«Саясат – адамдын инсандыгынын уландысы». Сиз татыктуу адам болуп, мамлекеттик кызматта боло албасаңыз болот, бирок мамлекеттик кызматта туруп, ошол эле учурда моралдык нормалардан четтөө туура эмес. Мамлекеттик кызматта болуу биринчи кезекте татыктуу адам болуу дегендик. Татыктуу адам болуу үчүн жекече өркүндөш керек, бул принцип эзелтен бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. «Адегенде жеке сапаттарды өркүндөтүү керек, анан үй-бүлөдө ынтымакты орнотуу; үйдө гармонияга жеткенде, мамлекетте тартипти калыбына келтириңиз; мамлекетте тартип орногондон кийин, Асман асты падышалыкта тынчтык орнойт». Бул принцип жеке жакшыртууга негизги орунду ачык-айкын берет. «Үч катаал, үч намыс» принцибинде жеке сапаттарды өркүндөтүүдөгү катуу талап да негизги орунду ээлейт. Башкы катчы Си Цзиньпин бир нече жолу жетекчи партиялык кизматкерлерден өз ишин катуу талап кылып, «пайдага азгырганда да жүрөк тайбасын, дүнүйө жыргалчылыгынын кымындай азгырыгында да көз тайбасын» деп талап кылган.
Жашоо – бул моралдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү жолу дешет. Кадрдык партиялык кызматкерлер үчүн жеке сапаттарды жогорулатуу – бул дагы турмуштук милдет. Си Цзиньпин белгилегендей, партиялык билимди, идеологиялык аң-сезимди жана жетекчи партиялык кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин партиялык тажрыйбанын топтолушу жана кызматтык абалынын өсүшүнөн улам көтөрүлүү үмүтү менен кокустан калтырбоо керек. Адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо жана өнүктүрүү өмүр бою тынымсыз аракетти талап кылат. Баштапкы этапта бул «ишенимге берилгендик, элге кызмат кылуу, мамлекеттик милдетти аркалоо, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган эрдик, кристаллдык чынчылдык».
Андан ары «Төрттө «бар» деген талаптарды аткаруу керек: «Жүрөктө партия бар, жүрөктө эл бар, жүрөктө жоопкерчилик бар, жүрөктө тыюу бар» деген талаптарга жооп беришиң керек. Жана акырында «берилгендик, моралдык тазалык, жоопкерчилик» сапаттарын калыптандыруу керек, анткени партиялык мыкты кызматкер болуу үчүн адамдын ички дүйнөсүн талыкпастан өзгөртүү, партиялык ан-сезимди чыңдоо, моралдык сапаттарды чыңдоо, адамдан дайыма партиянын Уставын жана партиялык нормаларды сактоону талап кылуу керек. Ар бир ирмемде өзүндүн жүрүш-турушуңа контролдук кылып, өзүн-өзү түшүнүп, өзүнө сергек мамиле жасап, жетишүүгө шыктандыруу керек. «Түз жана ак ниет адам, жоопкерчиликтүү кызматкер, чынчыл жана бузулбас мамлекеттик кызматкер болуу» зарыл.
2013-жылы Си Цзиньпин өзүнүн студенттик дооруна токтолуп, мындай деген: «Мен айылдагы жумушчу күчкө кошулуп, өзүмө: «Жеке сапаттарды жакшыртуудан башта» деген ураан тандадым.
2014-жылы Пекин университетинин окутуучулары жана студенттери менен болгон биргелешкен жолугушуусунда Си Цзиньпин дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: «Адамда адеп-ахлак болот, коомдо болот жана бардык учурда жеке сапаттарда жана эмгекте принципиалдуу мааниге ээ адеп-ахлак мыйзамдарын урматтоо жана өзүн адептүүлүккө тарбиялоо зарыл» Башында «элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, ошондо эл сага кайрымдуулук көрсөтөт, элге айкөлдүк көрсөтсөң, ошондо эл сага айкөлдүк көрсөтөт». Андан кийин, сен «эл мени тааныбайт деп кабатыр болбошуң керек, бирок мен адамдарды тааныбайм деп тынчсыздануум керек» деп түшүнүшүң керек. Акыр-аягы, «асыл сапаттуу эркек киши дайыма милдет жана адилеттүүлүк сезиминен чыгып келет»… Си Цзиньпин инсандык өсүү жана калыптануу жолунун этаптарын – «Жеке сапаттарды өркүндөтүү, үйдөгү гармония, мамлекетте тартип, Асман асты империясында тынчтык» деген байыркы адамдардын классикалык накыл сөздөрүн келтирет жана мамлекеттик башкарууну баяндоо үчүн «Ийгилик мамлекеттин таянычы катары кызмат кылат» деп айтат.
Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн.
Цитата «Кытайдын кыялын ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү» Индиянын тышкы иштер боюнча советинин заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
«Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн» деген сөз конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн маанилүү турмуштук принципти билдирет. Бул принцип адамдарга болгон кең пейилдүүлүктү камтыйт, адам өзүн өзү ойлогон сыяктуу башка адамдарга камкордук кылуу жана эл менен ынтымакта жашай турган абалга жетишүүсүн көздөйт. Си Цзиньпин бул байыркы конфуцийдик накыл аркылуу Кытайдын башка өлкөлөр менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, прогресс жолу менен алга жылууга умтулуусун билдирген жана кытай элинин өз ара пайдалуу кызматташууга жалындуу умтулуусун ачыктаган.
Адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүдө, эң негизгиси, башка адамдарга өзүңдөй мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк кылуу. «Элге көрсөткүңүз келген талаптарды өзүңүзгө көрсөтүшүңүз керек. Өзүңүзгө каалаган жумшактыгыңыз элге көрсөтүлүшү керек». Башкача айтканда, өзүнүзгө көбүрөөк талап коюу жана адамдарга азыраак талап коюу, айланаңызга көбүрөөк адамдарды чогултууга мүмкүндүк берет. Адамдарга айкөлдүк көрсөтүүдө эң башкысы өзүн башка адамдардын ордуна коюу, адамдарга жакшылык тартуулоо. Өзүңүз жылуу болгондо, Асман асты империясында сууктан жапа чеккендер да бар экенин эстен чыгарбоо керек; өзүңүз молчулукта жашап жатканыңызда, Асман асты империясында да ачарчылыктан жапа чеккендер бар экенин эстен чыгарбоо керек. Эл жөнүндө дайыма чын ыкластуу ойлор – карапайым эл ысыкта же суукта жашабайбы, карапайым граждандардын үй-бүлөсү кубанычта же кайгыда жашабайбы – масса үчүн чындап камкордук көрүү, элге кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.
Философ Мэн-цзы мындай деген: «Ошондуктан, мээримдүүлүктүн жайылышы төрт деңиз чегиндеги ар бир адамды сүйүүгө жана коргоого жетиштүү. Мээримдүүлүктү жайылтпай туруп, өз аялын жана балдарын да сүйүп, коргоо мүмкүн эмес». Жетектөөчү партиялык кызматкер үчүн адамдарга өзүнө кылгандай мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк көрсөтүү жөндөмү партиялык кызматкердин коомдогу орду менен анын турмуштук максатынын ортосунда принципиалдуу байланышты түзүп, мамлекетти башкарууда жана өкмөттүк укуктарын колдонууда анын баалуулуктарын жана багыттарын калыптандырат.
ОРИГИНАЛ
Цзы Гун мындай деген: «Эгерде элге марттык менен белек берип, ар бир адамдын жыргалчылыкка жетишине жардам бере турган адам болсо, аны кандай адам деп атоого болот? Аны адамгерчиликтүү деп айтууга болобу? Мугалим: «Эмне үчүн адамгерчиликти сүйгөн деп гана? Сиз аны толугу менен акылман деп атай аласыз! Ал жада калса Яо менен Шундан да ашып түшмөк. Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге кең пейилдүүлүк көрсөтсөң, ошондо эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтөт. Мындай адам үлгү боло алат. Ал тууралуу кайрымдуулук өнөрүн үйрөнгөн деп айтууга болот».
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Юн е» бөлүмү («Юн жөнүндө»)
КОММЕНТАРИЙ
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар») трактатынын «Юн е» бөлүмүндө Цзы Гун Конфуцийден мындай деп сурайт: «Эгерде кайсы бир адам карапайым элге толук пайда алып келе алса, ошондой эле элдин жашоосун жакшырта алса, ушундай адамда филантропия бар деп эсептесе болобу? Буга Конфуций мындай деп жооп берген: «Мындай адамда адамгерчилик гана бар эмес, бул адам олуя! Мен улуу Яо менен Шун да муну кыла алган жок деп корком». Конфуций филантропияны аныктоонун төмөнкүдөй критерийин сунуш кылган: «Адамдар силерге кайрымдуулук көрсөтүшү үчүн, элге кең пейилдүүлүк көрсөтүш үчүн элге кайрымдуулук көрсөтүү керек». Бул сөз мааниси боюнча ошол эле трактаттын «Вэй лин гун» («Вэй Лин-гун») бөлүмүндөгү «Өзүңө каалабаган нерсени башкаларга да кылба» деген сөзгө окшош. Жогорудагы эки билдирүү тең бирдей «филантропия» түшүнүгүн түзөт – адамдарга өзүңдөй мамиле кылуу.
Чыгыш Хань филологу Сюй Шэнь өзүнүн «Шовень цзецзы» («Кытай тамгаларынын келип чыгышы») сөздүгүндө «Филантропия» түшүнүгүнүн маанисин мындайча түшүндүрөт: «Адамзаттын маңызы жакындык. «Адам» жана «эки» графемаларынан келип чыккан. Беш династия менен Сун доорунун кесилишинде жашаган Сюй Сюань аттуу дагы бир автор өз кезегинде төмөнкүдөй түшүндүрмө берет: «Адамзат – бул өз ара сүйүү, ошондуктан ал «эки» графемасын камтыган иероглиф менен көрсөтүлгөн. «Филантропия» иероглифинин түпкү мааниси адамдарга болгон руханий жакындыкты жана берешендикти билдирет.
Конфуций «филантропияны» сезим катары чечмелейт, анын негизин «адамдарга болгон сүйүү» сезими, ошондой эле абийирдүүлүк, ишенимдүүлүк, берилгендик, перзенттүүлүк жана башка бир катар түшүнүктөр түзөт. «Филантропияны» ишке ашыруунун критерийлери «Адамдар сага кайрымдуулук көрсөтүшү үчүн адамдарга кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага айкөлдүк көрсөтүш үчүн элге айкөлдүк көрсөтүү керек» жана «Өзүңө каалабагандарды башкаларга да жасаба» деген принциптер менен белгиленет.
Үч учурда дос болуу пайдалуу – дос түз, чынчыл жана изденүүчү болгондо.
Цитата ККПнын жетекчилигинин чет өлкөлүк саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуусунда «Биргелешип мындан да сонун дүйнөнү курабыз» деген тезисте жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Маданияттын гүлдөшү жана адамзаттын прогресси ар түрдүүлүктүн биримдигине умтулуудан ажырагыс. Бүткүл тарыхында Кытайдын Коммунисттик партиясы дүйнөлүк маданиятка көңүл буруунун, дүйнөлүк маданий мурастар менен активдүү аралашуунун жана аны кытайлык чындыктын шарттарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп келет. ККПнын жетекчилигинин жогорку деңгээлдеги чет өлкөлүк саясий партиялардын лидерлери менен жолугушууларында Си Цзиньпин Конфуцийдин достук жөнүндөгү атактуу сөзү аркылуу ойлордун улуулугун, масштабынын, Улуу партиянын масштабынын улуулугун көрсөттү.
Кытайдын Коммунисттик партиясы 160тан ашык өлкөлөрдүн жана территориялардын 400ден ашык саясий партиялары жана уюмдары менен эзелтен берки байланыштарды сактап, ошону менен бирге өзүнүн «досторун» тынымсыз кеңейтип жатат. Келечекте Кытайдын Коммунисттик партиясы бардык өлкөлөрдүн саясий партиялары менен байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, өз ара ишенимди чыңдоого, ого бетер кооз дүйнөнү биргелешип түзүүгө умтулуп жатат.
Си Цзиньпин өз сөзүндө төрт демилгени алдыга койду: коркунучсуз коопсуз дүйнөнү комплекстүү куруу; жакырчылыктан эркин гүлдөгөн дүйнөнү комплекстүү куруу; обочолонуудан эркин ачыктык жана толеранттуулук дүйнөсүн комплекстүү куруу; таза тоолору жана кооз суулары бар экологиялык жактан таза дүйнөнү комплекстүү куруу. Жаңы типтеги партиялар аралык байланыштар жана өз ара ишенимди терендетүү, өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, кызматташтыкты активдештирүү, ар түрдүүлүктүн, бири-бирин урматтоонун, өз ара үйрөнүүнун принцибин сактоонун негизинде партиялар аралык мамилелердин көп тармактуу структурасын түзүү жолу менен гана жана тажрыйба алмашуу жаңы жамааттын тагдырын түзүү үчүн адамзатты бириктирген алп күчтү топтоо мүмкүн болот.
ОРИГИНАЛ
Кун-цзы айткан: «Дос болуу үч учурда пайдалуу, үч учурда зыяндуу. Бул дос түз, чынчыл жана изденүүчү болгондо жардам берет. Достун арам ойлуу, уятсыз, алдамчы болгону зыяндуу.
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашулар»), «Цзи ши» бөлүмү («Цзи Мырза»)
КОММЕНТАРИЙ
Конфуций достук мамилелерди орнотуу жолуна өзгөчө маани берген. Ал айткан: «Достун үч түрү бар, анын достугу пайдалуу, үч түрдүү дос бар, анын достугу зыян. Ак ниет, чынчыл, илимдүү адамдар менен достук мамиледе болуу албетте пайда алып келет. Кара ниет, ыплас, алдамчы адамдар менен дос болуу албетте зыян алып келет».
Төмөндө Лю Сяндын «Шо юань» («Айтыштар бакчасы») аттуу трактатынан үзүндү келтирилген. Кун-цзы мындай деген: «Адептүү адам менен жашоо орхидеялар жана ирис гүлдөрү бар бөлмөгө киргендей эле, жыпар жыттуу жыттын табигый бөлүгүнө айланышы үчүн көп убакыттын ичинде жыпар жыттуу болосуң. Жаман адам менен жашоо кургатылган балык базарына баруу сыяктуу, көп убакыттын ичинде балыктын жытына каныккандыктан, сасык жыт сиздин табитыңызге айланат. Ошондуктан алар мындай дешет: бир нерседе кызыл боёк болсо, ал кызарат; Эгерде бир нерседе сыя болсо, ал кара түскө айланат, ошондуктан асыл адам айланасын кылдаттык менен тандайт». Күнүмдүк белгилүү «Ким кызыл боёк менен иш кылса, кызылга боёлот, сыя менен алектенген адам карага боёлот» деген сөз айкашы да ушундай мааниге ээ.
Эл мени тааныбайт деп кабатыр болбо, бирок сен элди тааныбайм деп тынчсызданышың керек.
Цитата Сингапур Улуттук университетинде «Кызматташтыкты жана өнөктөштүктү тереңдетүү, биргелешип Улуу Азия-Тынч океаны жалпы үйүн куруу» баяндамасында жана бир катар башка эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Адамдын табияты ар дайым адамдардан таанылууга умтулат. Бирок Конфуций өзүнүн караңгылыгы үчүн тынчсыздануунун кереги жок, тескерисинче, башка адамдарды өзү билбегендиги үчүн тынчсыздануу керек деген оюн билдирген. Жашоого болгон мындай мамиле инерциянын көрүнүшү катары кызмат кылбайт, тескерисинче, жигердүү турмуштук позицияны билдирет, өзүнөн себептерди издөөгө жана талап кылуучу мамилеге, биринчи кезекте өзүнө карата адамдар өзү сыяктуу мамиле жасоонун классикалык үлгүсү катары кызмат кылат. Маселен, өз ара ишеним мамилелерин өнүктүрүүдө эки тарап тең карама-каршы тараптын «биринчи кадамын» күтүшсө, акыры алар чечкинсиздиктен келип чыккан эс-учун жоготуп, психологиялык тузакка түшүп калышат. Бирок, сиз биринчилерден болуп чынчылдыкты жана адилеттүүлүктү көрсөтүп, өзүңүзгө болгон ишенимди актап алсаңыз, натыйжа сизди күттүрбөйт. Карама-каршы сөз да туура: адамдын башкаларга болгон ашыкча талаптары башкаларды анын жоопкерчиликти өзүнөн башкаларга оодарып жатат деп шектенүүгө мажбурлайт. Бирок, бул адам алгач өзүнө талап коюп, башкаларга берешендик көрсөтсө, мындай мамиле конфликттик кырдаалдардан чыгууга, татаал маселелерди чечүүгө жакшыраак таасир берет. Конфуций «Асыл адам көбүрөөк өзүнө талаптуу болот» деген принципти жарыялаган. Тышкы дүйнө менен гармония өзүн-өзү аңдап билүү жана субъективдүү аракеттер, ички өркүндөтүүнүн толуктугу аркылуу ишке ашат деп болжолдонууда.
Си Цзиньпин бул сөздү кытайлык жана сингапурдук жаштарды бири-бирин биринчи өзүнө талап кылуу, жашоо максаттарын так коюу, достук жана ишеним мамилелеринин эстафетасын алуу жана эки өлкөнүн тарыхы менен маданиятын билүү духунда кабыл алууга шыктандыруу үчүн колдонгон. Заманбап коомдун шартында шектенүүлөрдүн блокадасын жеңүү, бөтөнчүлүк эпидемиясын токтотуу, коомдо изгиликти кененирээк орнотуу үчүн ар бир адам мындан четте калбай аң-сезимди жана эң оболу, талап коюучулукту өзүнөн баштоосу зарыл.
ОРИГИНАЛ
Кун-цзы: «Эл сени билбейт деп кабатыр болбо, бирок сен адамдарды тааныбайм деп тынчсызданышың керек» деген.
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Сюэ эр» бөлүмү («Үйрөнүү жана…»)
КОММЕНТАРИЙ
«Сюэ эр» – он алты параграфтан турган «Лун юй» трактатынын биринчи бөлүмү. Биринчи параграфта Конфуций риторикалык суроолор түрүндө өзүнүн көз карашын айтат: «Аны эл тааныбайт, бирок таарынбайт – бул асыл адам эмеспи?», башкача айтканда, эл билбесе да. Мен жөнүндө бил, ачуум келбейт, бул асыл эр кишинин белгиси эмеспи? Он алтынчы параграфта Конфуций дагы мындай дейт: «Эл сени билбейт деп кабатыр болбо, сен өзүң элди тааныбайм деп кабатырлан. Сөздүн мааниси: эл сени тааныбайт деп кабатыр болбо, сен элди тааныбаганың үчүн гана тынчсызданышың керек. Бул кайталоонун аркасында бөлүмдүн баштапкы жана акыркы бөлүктөрү бири-бирин кайталагандай.
Башкалар мени тааныбаса дагы, мен өзүм бойдон калам жана эч нерсе жоготпойм. Ошондуктан, «Эл мени билбеши мүмкүн, бирок бул мени кейитпейт» жана тынчсызданууга эч кандай себеп жок. Тескерисинче, эгер мен адамдарды тааныбасам, анда мен жакшы адамдарга жакындай албайм жана алсыз адамдардан алыстай албайм, бул ансыз деле тынчсызданууга себеп болушу керек. «Лунь юй» трактатынын «Сянь вэнь» («Сянь сурады») бөлүмүндө Конфуцийдин ушундай эле сөзү келтирилген: «Элдер мени тааныбайт деп кабатыр болбогула, бирок мен элди билбейм деп чочулашыңар керек». Бул сиз өзүңүздүн белгисиздигиңиз жөнүндө кабатыр болбоңуз, бирок сизде көндүмдөр жок болушу мүмкүн дегенди билдирет.
Конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн «Асыл адам өзүнө баарынан жогору талапты коёт» деген принцип инсанды өркүндөтүү жана мүнөздү тарбиялоо процессинин маңызы болуп саналат». Конфуций айткан: «Асыл адам көбүрөөк өзүнөн талап кылат, начар адам көбүрөөк башкалардан талап кылат». Ошондуктан, Конфуций «эл сени тааныбайт деп кабатыр болбо» деп, «асманды күнөөлөп, адамдарды күнөөлөбөш керек» деп баса белгилеген. «Адегенде өзүңө талап кой» демекчи, өзүңүздүн кемчиликтериңизди, каталарыңызды аныктап, андан соң жетишпеген жерин толуктап, туура эмес жериңизди оңдоңуз деп баяндайт.
Адам ишенимге ылаайык болбосо, кантип чыныгы адам болоорун билбейм.
Цитата Пакистандын парламентиндеги «Кытай менен Пакистандын жалпы тагдырларын түзөлү, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жаңы жол ачкыла» деген сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Кытайдын интернет коомчулугунда Пакистанды «Ба те» деп аташат, бул «пакистандык достор жана бир туугандар болот сыяктуу ишенимдүү» деп которулат. Кытай менен Пакистандын ортосундагы достук – бул чын ыкластуу ишенимге жана чын ыкластуу берилгендикке негизделген мамиле, эки өлкө кыйынчылыкта жана сыноодо бири-бирине жардам берип, элдердин ортосундагы достук мамилелердин эталону болуп саналат. Си Цзиньпин 2015-жылдын 21-апрелинде Пакистан парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Кытай-Пакистан достугунун тарыхына жаңы олуттуу саптарды жазды. Баяндама бар болгону 35 мүнөткө созулду, бирок айрыкча кытай-пакистандык достук мамилелерге арналган баяндаманын үзүндүсүндө 50 жолудан ашык дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.
Адамдардын ортосундагы мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер алардын негизинде жаткан негизги принциптер, баалуулуктар жана түшүнүктөр жагынан окшош. Мамилелердеги ишенимдүүлүк жана ишенимге болгон муктаждыкты кандайдыр бир «милдеттүү минимум» деп атоого болот. «Ча Дао жол жээгиндеги дарактан курмага тоюп, дарактын белгисиз ээсине жакын жерге акча таштап кеткен» же «Юань Ши убадасында туруп, миң миль аралыкты басып өткөнү» жөнүндөгү аңгемелер чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн үлгүсү катары байыркы убактан бери буга чейин эле айтыла баштаган. Бирок кээ бир адамдар үчүн милдеттүү минимумду аткаруу өтө кыйын. Чыныгы турмушта кээ бир адамдар ар кандай азгырыктардын таасири астында чынчылдык, милдетке берилгендик сапаттарынан баш тартышат. Ишенимсиз адамдар башкалардын ишенимин жоготуп, жашоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, акыры өздөрүнө зыян келтиришет. Ишенимсиз адам иш-аракет кылууга жөндөмсүз, ишенимсиз эл өзүнүн ордун таба албайт, ишенимсиз мамлекет бийликти ишке ашыра албайт деп айтууга болот.
ОРИГИНАЛ
Мугалим айтат: «Адам ишеничке ээ болбосо, кантип чыныгы адам болоорун билбейм. Чоң арабада моюнтурукту кармай турган тарткычтын учу жок мезгилде, ал эми кичинекей арабада моюнтурукту кайчылаш тилкеге туташтыра турган киндиги жок болгондо, алар кыймылдай алабы?
«Лунь юй» трактаты («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Вэй чжэн» бөлүмү («Башкарууну ишке ашыруу»)
КОММЕНТАРИЙ
«Адам ишеничтүү болбосо, анын кантип чыныгы адам болоорун билбейм». Айтылган сөздүн мааниси мындай: эгер адам ишеничтүү болбосо, анда ал кантип татыктуу адамдык сапаттарга ээ болот? Конфуций риторикалык суроонун тонунда билдирүү жасап, саптардын ортосунда башка адамдардын ишенимисиз адам толук жашай албастыгын билдирет.
«Лун юй» текстинде «лоялдуулук» жана «ишеним» деген сөздөр кайра-кайра кездешет. Ошентип, «Янь Юань» бөлүмүндө Цзы Гундун мамлекетти башкаруу ыкмасы жөнүндөгү суроосуна жооп берип жатып, Конфуций үч шартты аткаруу зарылдыгын белгилеген: «Жетиштүү тамак-аш, жетиштүү курал-жарак жана элдин ишеними». Цзы Гун: «Эгер тандоо керек болсо, биринчи эмнени курмандыкка чалыш керек?» Конфуций: «Куралды курмандыкка чал» деп жооп берди. Цзы Гун дагы бир жолу: «Эгер калган экөөнүн ичинен тандоо керек болсо, биринчи эмнени курмандыкка чалууга болот?» Конфуций жооп берди: «Тамак-ашты курмандыкка чал. Эл ишенбей калса, мамлекет туруштук бере албайт». Албетте, Конфуцийдин көз карашында элдин ишеними баарынан маанилүү.
Конфуций окуусунун жолдоочулары «ишеним» түшүнүгүн иштеп чыгышкан, аны «чындык» түшүнүгү менен байланыштырып, бул кеңейтилген түшүнүктү «чындык жана милдетке берилгендик» деген сөз айкашы менен белгилешкен. Мэн-цзы мындай деп айткан: «Чынчылдык асмандын жолун түзөт; чынчылдыкка умтулуу адамдардын жолун түзөт». Чыгыш Хань филологу Сюй Шэнь өзүнүн «Кытай тамгаларынын келип чыгышы» деген сөздүгүндө: «Ишеним бул чынчылдык» деп жазат. Ошондой эле: «Чынчылдык – бул ишеним». Ишеним жана чынчылдык түшүнүктөрүн кайчылаш аныктоо менен ишенимдин негизги мааниси «чындык жана милдетке берилгендик» деп аныкталат.
Ыймандуу адам жалгыз боло албайт, албетте, анын пикирлештери пайда болот
Цитата «Кытай-япондук достук алмашуу боюнча конференцияда сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
«Адептүү адам жалгыз боло албайт, анын пикирлештери болот» деген сөз Конфуцийдин жакшылыкты өстүрүү процессине позитивдүү көз карашын жана анын изгиликтин жагымдуу күчүнө ишенгендигин билдирет. Си Цзиньпиндин сөзүнө так ылайык, Кытайдын көрүнүктүү салттуу маданиятынын бай философиялык ой-пикири, гуманизм духу, агартуучулук идеялары, жакшылык түшүнүгү жана башка көптөгөн аспектилери «изгиликти орнотуу үчүн коомдо жагымдуу башталыш катары кызмат кыла алат».
Бардык деңгээлдеги жетекчи партиялык кызматкерлер үчүн бийликти орнотууда, аброюн коргоодо, өзүнө болгон ишенимди чыңдоодо өзүнүн асыл сапаттарын, башкаларга үлгү боло алуу жөндөмүн өстүрүү жана өркүндөтүү негизги ролду ойнойт. Бул так ушундай деп айтылат: «Адамгерчиликти ырастоо аркылуу башкарууну ишке ашыруу – Түндүк Жылдызга окшош болуу. Ал ортодо калып, башка бардык жылдыздар анын айланасында кыймылдашат». Адептүүлүк жана жеке өркүндөтүү принциптерин бекем кармануунун негизинде, адам өзүнүн жакшылыгын элге кызмат кылууга багыттап, өз милдетине берилгендик аркылуу адамдарды жетектеп, «Асман асты империясында кайрымдуулукту орнотууга» умтулушу керек. Нерселер жалпы өзгөчөлүктөргө жараша биригет, адамдар өз түрүнө бөлүштүрүлөт, бирдей үндөр жаңырат, бирдей маанайлар бири-бирине тартылат, «ошондуктан адептүү адамдар өзүнө окшогондорду тартат». Жетекчи партиялык кызматкерлердин касиетинин жагымдуу күчү аларга бийликти элдик массанын акыл-ойдун багыты менен жалпы ишке ашырууга мүмкүндүк берет, аларга карапайым эл менен партия лидерлеринин ортосундагы катылган дубалды бузууга мүмкүндүк берет, элдин жан дүйнөсүндөгү партиялык кызматкерлерди коргоо жана колдоо каалоосун ойготот. Мына ушул факторлордун бардыгын бирге алып карасак, партиялык кызматкерлердин беделин чыңдоого, партиянын мүчөлөрүнө ишеним деңгээлин жогорулатууга, элдин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Мына ушул кепте айтылган: «Ошондуктан, башкаруучунун касиети жетилгенде, карапайым элдин баары жан дүйнөсүндө ага тартылып, төрт тараптын элдери ага кошулууну каалап, Асман асты империясы жалпы үй болуп калат».
ОРИГИНАЛ
Мугалим айткан: «Адептүү адам жалгыз болбойт, анын сөзсүз пикирлештери болот».
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Ли жэнь» бөлүмү («Коомчулук жана адемгерчилик»)
КОММЕНТАРИЙ
«Адептүү адам жалгыз боло албайт, албетте, анын пикирлештери бар». Конфуций жакшы адам жалгыз боло албайт деп эсептеген, ал ар дайым «тилдештери жана жолдору бир» болгон пикирлеш жолдошторуна жолугат. Бул сөздү түшүндүрүүдө ойчул Чжу Си «Лунь юй цзи чжу» («Лунь юй жөнүндө комментарийлер») эмгегинде мындай деп жазат: «Кошунасы туугандай. Изгилик жалгыз эмес, албетте, окшош нерселерди өзүнө тартат. Демек, жакшы адамдын жанында дайыма пикирлеш адамдар болот, анткени үйдүн жашоочусунун кошуналары сөзсүз болот».
Конфуций «өзүнүн касиети аркылуу башкаруунун» маанилүүлүгүн баса белгилеген. Анын көз карашында, изги адам өзүнүн айланасына массаны бириктире алат. Билимге суусаган адамдар жакшы сапаттарга ээ адамдардын айланасына биригет. Адамдар мүнөзү, адеп-ахлактык сапаттары жагынан өзүнө жакын адамдар менен достошот. Ошентип, «Ар кандай жолдор менен жүрүп, жалпы пландарды түзүү мүмкүн эмес». «И цзин» («Өзгөрүүлөр китеби») китебинин «Си цы» («Афоризмдердин салттары») бөлүмүнүн биринчи бөлүгүндө мындай деп айтылат: «Бардык нерсе жалпы мүнөздөмөгө жараша биригет, окшош мүнөздөмөлөрү бардыгына жараша бөлүштүрүлөт». «Өзгөрүүлөр китебинде» «Цянь» гексаграммасынын сүрөттөлүшү да мындай деп айтылат: «Бирдей эле үндөр жаңырат, бирдей маанайлар бири-бирин табат». Эки билдирүү тең бир ойду көрсөтүп турат. Демек, «Да дай Ли цзи» («Дай аксакалдын «Такыбалык жөнүндө жазуулар») китебинин «Цзэн-цзы ли ши» («Цзен-цзинин жекече өркүндөтүүсү жана ишинин аткарылышы») бөлүмүндө: «Адамга берилгендик, асыл эр кишинин милдети өзгөрүлбөйт, анын касиети шакирттерине жолугат».
Окумушту кишинин акыл-эси тар, руху күчсүз болбойт, анткени анын жүгү оор, жолу узун.
Цитата «Кытайдын Коммунисттик жаштар союзунун XX съездин жана Кытайдын студенттик жаштар лигасынын XXVI съездин куттуктоо катында» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Тапшырылган миссия үчүн жоопкерчиликти сезүү – бардык идеялык жана максаттуу инсандарга тарыхый мүнөздүү болгон эң сонун сапат. Жаштар мамлекеттин таянычы, өлкөнүн үмүтү, андыктан жаштарга элдин, мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн. Өлкөнүн өнүгүшү жана жеке тандоо жаштардын терең ой жүгүртүүсүнө, так жоопту талап кылган турмуштук суроолорго айлануусу керек.
Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик Жаштар Лигасынын съездине жолдогон куттуктоо катында жаштарга илимий билимди жогорулатууну жана Мекендин жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүнү тез арада каалагандыгын толук билдирет. Катта ошондой эле тымызын эскертүү жана мандат камтылган: кыял – жаркын, миссия – жаркын, жүк – жеңил эмес, жол узак, андыктан өзүңүздүн кыялдарыңызды жана идеалдарыңызды адекваттуу жана так аныктап, доор жана эл тарабынан тапшырылган жоопкерчиликти активдүү түрдө өз мойнуңузга алууңүз керек. Миссияны колго алуу кыялдын пайдубалын түзөт, ал эми күрөш ийгиликке өбөлгө түзөт. Жаш муун эл ишенип тапшырган тарыхый миссияны кыйшаюусуз кабыл алып, «жылдыздар менен океандарга» карай улуу жүрүшкө аттанууга кайраттуу болушу керек, ошол эле учурда чындыкка бекем таянышы, жерде бекем турушу жана өжөрлук менен күрөштү улантуусу керек. Убакыттын сыноосунан өтүп, практика аркылуу, тазалануу аркылуу гана азыркы жаштардын мууну Кытайдын келечегинин тиреги боло алат.
ОРИГИНАЛ
Цзэн-цзы айтат: «Акыл-эси кенен, руху күчтүү болбогон окумушту киши болбойт, анткени анын жүгү оор, жолу узун. Анын жүгү – адамгерчиликтин, адептүүлүктүн жайылуусу, ал оор эмеспи? Анын жолу анын өлүмү менен гана бүтөт – ал алыс эмеспи?»
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр жана баарлашуулар»), «Тай Бо» бөлүмү
КОММЕНТАРИЙ
«Рухтун улуулугу жана рухунун күчү жок илимдүү адам болбойт, анткени жүк оор, жолу узун» – Цзэн-цзынин «Лунь юй» трактатынын «Тай бо» бөлүмүндөгү репликасы. Цзэн-цзы – Конфуцийдин шакирти, ошондой эле Шен деген ат менен белгилүү, ал кийинчерээк «Цзуншен» – «Жогорку акылман» наамына ээ болгон. Цзен-цзы татыктуу киши акыл-эстин кеңдигине жана эрктүүлүгүнө ээ болбошу мүмкүн эмес деп эсептеген, анткени анын жоопкерчилиги чоң жана жолу узун. Философ жана энциклопедиячы Чжу Си өзүнүн «Сышу цзичжу» («Төрт китеп» боюнча комментарийлер жыйнагы) эмгегинде төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү берет: «Жандын улуулугу – эң сонун руханий сапаттар. Күч – бул күч жана чыдамкайлык. Жандын улуулугу болбосо, чоң жоопкерчиликти көтөрүү мүмкүн эмес, рухтун күчү болбосо, узак жолду басып өтүү мүмкүн эмес».
Андан ары Цзэн-цзы «жүк оор, бирок жолу узун» деген сөздү мындайча түшүндүрөт: «Илимдүү адамдын жүгү – кайрымдуулук менен жакшылыкты жайылтуу, бул оор эмеспи? Анын жолу анын өлүмү менен гана бүтөт – ал алыс эмеспи?» Бул эмнени билдирет: адамгерчиликти ырастоо үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуу чынында эле чоң эмеспи? Адамгерчиликти ырастоо үчүн өмүр бою күрөш кантип эле узак жол болбосун?
Конфуций кайрымдуулукту ырастоо үчүн «өзүнүн ынталуулугу менен тамакты унутат, кубанычта бардык кайгыларды унутат жана жакындап калган карылыкты байкабайт». Мэн-цзынин айтымында, «билимдүү адам жакырчылыкта адилеттүүлүгүн жана милдетине берилгендигин жоготпойт, ал эми байлыкта чындык жолунан тайбайт» жана «Асман асты империясы чындык жолуна түшкөндө, илимдүү адам өзүн ошол жол менен жүрүүгө арнайт; Асман асты империясы чындык жолуна түшпөгөндө, илимдүү адам чыныгы жол үчүн өзүн курман кылат». Конфуций, Мэн-цзы сыяктуу улуу инсандар кайрымдуулукту адам жашоосунун мааниси деп эсептеп, Асман асты империясынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан.
Асыл эр бардык нерседе милдет жана адилеттүүлүк сезимине таянат.
Цитата Корея Республикасынын Сеул университетинде «Кытай менен Корея Республикасынын ортосундагы келечектеги кызматташтыкты биргелешип куруу, Азиянын өнүгүүсү жана гүлдөшү жалпы күч-аракеттер аркылуу» баяндамасында жана башка бир катар эмгектерде берилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Милдетке берилгендиктин атынан жеңилдиктерден баш тартуу, милдетке берилгендик аркылуу пайда табуу, пайда көрүү жана милдетке берилгендикти эстеп калуу – пайда менен парз сезиминин байланышы жөнүндөгү бул көз караштар салттуу кытай философиялык ой жүгүртүүсүнүн түпкү маңызын камтыйт. Мындай көз караштар мамлекеттер ортосундагы мамилелердин нормаларын гана аныктабастан, ошондой эле адамдар жашоодо карманууга тийиш болгон баалуулуктардын жана ишенимдердин системасын түзөт. Милдетке берилгендик менен пайда алуу бири-биринен ажырагыс байланышта эмес, милдет пайдадан жогору турат, милдет пайдадан төмөн болот, адилеттик пайдадан жогору турат.
Си Цзиньпин «Асыл адам бардык нерседе милдетти жана адилеттүүлүк сезимин жетектейт» деген сөздү пайда жана милдетке жана адилеттүүлүккө берилгендик түшүнүгүнүн туура приоритеттерин так белгилөө үчүн колдонгон. Дүйнөлүк масштабда мамлекеттер аралык мамилелерди аныктай турган, ал эми кичине масштабда инсандын адеп-ахлактык жактан жакшыруусун аныктай турган бирдиктүү негизги принцип бар. Рыноктук экономиканын шартында жеңилдиктерди айтууда тартынуу кайра кайтарылгыс болуп өткөн, жөлөкпул алуу жалпы таанылган адамдын укугу болуп калган. Бирок, бир гана пайда таап, милдетти унутуп, пайданы милдеттен жогору коюп, ал турсун бардык нерсенин өлчөмүн пайда деп түшүнсө, жетекчи партиялык кызматкерлер, бийлик менен, пайданы суусап, коомдук жыргалчылыкты кайдыгер калтырбоосу кыйын жана жеке пайда издөөдө кызыл сызыктан өтүү оңой болуп калат. Мына ушундан улам курчап турган турмуш материалдык молчулуктун рынок экономикасына канчалык терең кирип кетсе, партиялык кызматкерлер милдет жана пайда жөнүндөгү туура көз караштарды ошончолук чечкиндүү түрдө ырастап, жанды материалдык байлыкка кул кылуудан, акыл-эсти сокур кылуудан алыс болууга тийиш, жеке кызыкчылык менен партиянын мүчөлөрү абийирге, адептүүлүккө жана тартипке карата артыкчылыктарга баш ийген кызматты ыйгарууга тийиш. Жетекчи партиялык кызматкерлер үчүн «милдетке берилгендиктин, өз каалоосун көзөмөлдөөнүн, жакшылыктын жана күчтүн артыкчылыгынын натыйжасы катары артыкчылыктарга жетишүү – чыныгы жолду түзөт».
ОРИГИНАЛ
Мугалим айткан: «Асыл эр бардык нерседе парз, адилеттүүлүктөн чыгат, иш-аракетинде такыбалыктын эрежелерин сактайт, сүйлөгөн сөзүндө жөнөкөйлүк көрсөтөт, жасаган иштеринде чынчылдыкка негизделет. Асыл эр киши дал ушундай болот!»
«Лунь юй» («Ой жүгүртүүлөр баарлашуулар китеби»), «Вэй лин гун» бөлүмү («Вэй Лин-гун»)
КОММЕНТАРИЙ
«Лунь юй» трактатынын «Вэй Лин-гун» бөлүмүндө Конфуцийдин «милдетке жана адилеттүүлүккө берилгендик» түшүнүгү жөнүндөгү ойлору баяндалат. Конфуций мындай дейт: «Асыл адам бардык нерседе милдет жана адилеттүүлүк сезиминен башталат, өзүнүн иш-аракетинде ал такыбалыктын эрежелерин сактайт, сөзүндө жөнөкөйлүк көрсөтөт, жетишкендиктеринде ал чынчылдыкка негизделген». Түп нускада «жөнөкөйлүк» деген сөз иероглиф менен жазылган, ал дагы «небере» дегенди билдирет, б.а. айтылган сөздүн мааниси: асыл эр киши өмүрүндө милдет жана адилеттүүлүк, иш-аракетинде адептүүлүк, сөзүндө жөнөкөйлүк, максатына жетүүдө чынчылдыкты сактайт. Асыл эр адам дал ушундай болот! Кошумчалай кетсек, «Янь хо» бөлүмүндө Конфуцийдин «Асыл эр адам үчүн милдет жана адилеттүүлүк баарынан жогору турат» деген ушул сыяктуу сөзү бар.
Конфуций «Бардык нерседе милдетке берилгендиктен жана адилеттүүлүктөн баштоо», «милдет баарынан жогору» деген принциптер асыл эрден милдетти жана адилеттүүлүктү урматтоону, иш жүзүндө милдетти жана адилеттүүлүктү сактоону, ошол эле учурда «иш-аракеттерде такыбалыктын эрежелерин сактоону» талап кылаарын өзгөчө белгилейт. «Ли цзи» («Такыбалык жөнүндө эскерүүлөр») трактатынын «Чжун юн» («Ортодогу окутуу») бөлүмүндө төмөнкүдөй түшүндүрмө берилген: «Милдет жана адилеттүүлүк бул керек болгон нерселер». Жогорудагы сөз айкашында «милдет жана адилеттүүлүк» «адам өзүнө алышы керек болгон жоопкерчилик жана анын бардык иш-аракеттерин көрсөтүүгө тийиш болгон адилеттүүлүк» маанисинде түшүнүлөт. Анан мындай дейт: «милдет» иероглифи «күчтүү курал» жана «жагымдуу жышаан» графемаларынан турат, бул тынчтыкты жана адилеттикти орнотуу үчүн салгылашуунун жагымдуу жыйынтыгын билдирет. Цин филологу Дуань Юцайдын комментарийинде мындай деп айтылат: «Коркунучтуу курал» жана «жакшы жышаан» графемасы айкалышып, мааниси жагынан жакшы жана жакшы түшүнүктөрүнө окшош». Демек, жакшылык менен жыргалчылык даражасын баалоо критерийи катары «милдет жана адилеттүүлүк» түшүнүгү колдонулат.
«Лунь юйдун» текстинде «милдет жана адилеттүүлүк» деген сөз айкашына көп жолу шилтемелер бар, алардын көбү асыл эр кишинин сапаттарын жана иш-аракеттерин сыпаттоо контекстинде орун ээлейт. Мисал катары «Асыл адам милдет жана адилеттүүлүк менен жүрөт, кичи пейилдикти ээрчийт», «Асыл адам Асман асты империясындагы иштерге, иш-аракеттерге баа берип, аша чаап кетпейт, ар дайым милдетке жана адилеттүүлүккө берилгендик аркылуу чыгат». «Милдети жана адилеттүүлүгү» асыл адамдын милдеттүү моралдык жетишкендигин түзөрү айдан ачык.
Адамдардын мамилелеринде рухий байланыш эң чоң баалуулукка ээ.
Цитата Бразилиянын Улуттук Конгрессинде (парламентинде) «Салттуу достук мамилелерди өнүктүрүү, кызматташтыктын тарыхынын жаңы барагын биргелешип жазуу» баяндамасында жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Адамдардын ортосундагы баарлашууда эң баалуу нерсе бири-бирин түшүнүү жана сезе билүү, а мамлекеттер ортосундагы мамилелерде башкачабы? Бразилия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Си Цзиньпин дал ушул тезисти түшүндүрүү катары байыркы сөздү келтирди. Кээ бирөөлөр өлкөлөр ортосундагы мамилелер пайданын негизинде гана түзүлөт деп эсептешет, бул кезде «туруктуу дос жана түбөлүк душман жок, туруктуу пайда гана болот». Бирок, кытайлык өз ара пайда жөнүндөгү идеялар пайда алуу үчүн милдеттүү шарт катары милдет жана адилеттүүлүк сезиминин артыкчылыктуулугуна негизделген адамдардын коомчулугун түзүүнү камтыйт, ошону менен мамлекеттер аралык мамилелерге жаңы жол ачат.
Чыныгы достук, рухий жакындык, сезимдердин чын ыкластуулугу. Пайдага негизделген мамилелер пайда түгөнгөндө эле бузулат; таасирге негизделген мамилелер таасири жоголгондо бузулат; чын пейилдикке негизделген мамилелер гана туруктуу боло алат. Өз ара пайдага жана таасирге негизделген мамилелер – бул сөзсүз түрдө пайданы суусап, жоготуудан коркуу, ошондой эле өз ара шектенүү менен коштолгон жөнөкөй кызмат алмашуу болуп калат. Мамилелер руханий байланышка негизделгенде, бири-биринин жан дүйнөсүн ачууга, бири-бирине ачык айтууга болот; рухий байланышка негизделген мамилелер оригиналдуулугун өзгөрүүсүз сактап, ар бир кадам сайын ишенимдүү болуп калат.
ОРИГИНАЛ
«Анда ук, Су У! Адамдардын мамилелеринде өз ара руханий байланыш эң чоң баалуулукка ээ. Акыркы кат шашылыш жазылгандыктан, өзүмдүн оюмду толук айтууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыктан, кийинки катымда кыскача оюмду баяндайын».
«Ли лин да су у шу» («Ли Линдин Су У нун ага жазган катына жооп катары жазган каты»)
КОММЕНТАРИЙ
Хань аскер башчысы Ли Лин атактуу «Учуучу генерал» Ли Гуандын небереси болгон. Хань императору У-динин башкаруусунун экинчи жылында «Тяньхань» («Асман асты империясындагы Хань династиясынын үстөмдүгү») деген ураандын астында б.з.а. 99-ж. Ли Лин беш миң кишилик жөө аскеринин башында хунндардын жерине басып кирген. Бирок, сан жагынан он эседен ашык, дээрлик элсиз, тамак-ашсыз калган хунндардын армиясы менен болгон оор салгылашуунун натыйжасында үмүтсүз абалда калган Ли Лин хунндардын колуна түшкөн. Император У-ди Ли Линдин хунн армиясында насаатчы катары кызмат кылганы тууралуу кептерге ишенип, Ли Линдин үй-бүлөсүнүн үч уруусун тең жок кылууга буйрук берип, акыры анын Хань династиясы менен болгон байланышын үзгөн. Уламыш боюнча Хань императору Чжао-динин башкаруусунун алтынчы жылында «Шиюань» («Негизги башталыш») деген ураандын астында биздин заманга чейинки 81-ж. чейин, хунндардын туткунунда 19 жыл жашагандан кийин, Хань элчиси Су У мекенине сый-урмат менен кайтып келген, андан кийин ал Ли Линге кат жазып, аны Хань империясына кайтып келүүгө көндүрүүгө аракет кылган. Ли Лин кат жөнөтөт, анын фрагменти жогоруда берилген.
Командир Ли Лин өзүнүн катында туткунга түшкөн жагдайларды ачык айтып берди: «Бирок мен өлгөн жокмун, бул менин күнөөм, бирок мен өз өмүрүмдү коргоп, өлүмдөн корктумбу? Ошондо падышаны жана ата-энемди, аялымды, балдарымды таштап кеткенден эмне пайда болгон эле? Мен курман болгонум жок, себеби аракет жасаганды каалаган элем». Каттын текстинде Су Унун дарегине айтылган кайгылуу үндөр да бар: «Адамдардын ортосундагы мамилелерде өз ара руханий байланыш эң чоң мааниге ээ». Ал адамдардын мамилелериндеги эң баалуу нерсе – бул руханий тартылуу деп эсептеген. Си Цзиньпин бул сөздү бир аз башкача кылып кайталады: «Адамдардын мамилесинде руханий байланыш эң чоң баалуулукка ээ».
«Хань шу» («Хань династиясынын тарыхы») хроникасынын «Ли Гуан чжуань» («Ли Гуандын өмүр баяны») бөлүмүндө Ли Линдин өмүр баянына арналган фрагмент берилген. Ли Лин душманга туткунга түшкөндөн кийин, ордо өкүлдөрү бир добуштан колбашчыны чыккынчылыкта айыптап, бир гана окумуштуу-тарыхчы Сыма Цянь шарттуу аскер башчыны жактап: «Ли Лин ата-энесин сыйлаган, кошундардын ишенимге ээ болгон, согуштарда жанын аябаган, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн курман болгон. Мына ушундай кадимки сапаттарынын аркасында ал ата-мекенди коргоочунун үлгүсү болуп калды. …жана ал курман болбогон болсо, мунун себеби, албетте, Хань династиясы үчүн өч алуу каалоосу болгон». Бирок, императордук чечимди сынга алган сөздөрү үчүн Сыма Цянь акыр-аягында бычуу жазасы менен жазаланган.
Күндүн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кызгылт көк түс менен жарыктандырат.
Цитата «Партиядагы пенсионер кадрлардын жана пенсия курагындагы алдынкы коомчулуктун өкөлдөрүнүн ичинен прогрессивдүү коллектив менен болгон жолугушууда» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮМДҮРМӨ
Кеңири таанылган ырдын саптары жолдош Си Цзиньпиндин чын ыкластуу камкордугу жана шашылыш каалоолору менен сугарылган боорукердиктин жана сулуулуктун образын жаратат. Карыя жолдоштордун мойнунда тарыхый өткөн мезгилдер жөнүндөгү эскерүүнү камтыган баа жеткис тажрыйба топтолгон жашап өткөн жылдардын оорчулугу жатат. «Кытай» деген алп кемени кечээки шамал менен жамгырдан ары-бери жылдырып, бүгүнкү нукка түшүүгө, эртеңки сууга кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, эң оор күрөштү бүгүнкү кары-картаңдар өздөрүн аябастан башташкан. Азыр да бул адамдардын баштары агарып турганда, алар жөнүндө байыркы накыл сөз менен айтууга болот – «карыган тайгак күркөдө жатат, бирок анын ойлору миңдеген чакырым алыска багытталган; эр жүрөктү жоокер жаш эмес, бирок анын жүрөгү кайраттуулукка толгон».
Саясий билим, жеке тажрыйба жана талашсыз авторитет түрүндөгү уникалдуу артыкчылыктарга ээ болгон эски муун жаңы муундарга тажрыйбаны, колдоону жана шыктанууну өткөрүп берүүгө катышууга мурдагыдай эле өзүнүн сарпталбаган күчүн жана рухий ынтасын толугу менен багыттай алат. Улгайган жолдоштор жаштардын арасында эскинин жакшы салттарын орнотууга, эмгек фронтунун алдыңкыларынын сапаттарын тереңдетүүгө, баалуу тажрыйбаларды үйрөтүүгө, жаштардын арасында активдүү турмуштук позицияны тарбиялоого, ошону менен өздөрүнүн куч-кубатын жана иштерин жыргалчылыкка кошууга, ушул сыяктуу «эки кылым» күрөшүнүн максаттарына жетүү үчүн, айланасындагыларды жүрөгүнүн ысыгы менен жарыктандырып, жылытууну улантууга жөндөмдүү. Демек, Си Цзиньпин партиянын отставкадагы кадрларын шыктандырат, алар формалдуу түрдө пенсияга чыкса да, сырткы көрүнүшүн жаш болбосо да, жан дүйнөсү жаш бойдон калууда, бирок жоокердик духун сактап, сарпталбаган күчүн жана духун элдин Кытай арзуусуна жетүү жолун жарыктандырууга багыттоодо.
ОРИГИНАЛ
Алдыда келе жаткан карылык, кимдин түйшүгү менен жашашы керек деген ойлор кимди тынчсыздандырбайт?
Эт арыктап барат, демек кемерди катураак тартуу керек болот, чач төгүлүп барганда, баш кийимди бир тарапка кыйшайтууга туура келет.
Көзүмдүн көрүүсү начарлап, китеп окууга мүмкүнчүлүгүм жок, болгону жыл өткөн сайын ооруларды эрмендин жалбырактарын күйгүзүү менен менен дарылайм.
Көп нерсени баштан кечирип, дарыя сууларынын алыстап баратканын көргөндөй жылдардын өтүп баратканын күзөтүп турам.
Ойлоп көрсөм, карылыктын да өзүнө жараша жагымдуулугу бар, андыктан муң басууну жеңип, жүрөк жеңилдик сезимине толот.
Күндүн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул оң менен жарыктандырат.
Лю Юйси, «Чоу ле тянь юн лао цзянь ши» («Ле Тянь жиберген «Карылык жөнүндө ыр» ыраазычылык билдирген жооп ыры»), Тан доору
КОММЕНТАРИЙ
«Ле Тянь тарабынан жиберилген «Карылык жөнүндөгү ыр» аттуу жооп ыры тан акыны Лю Юйси (псевдоними Мэн Дэ, «Арман табуу») тарабынан жазылган болуп, ал өзүнүн боорукер досу Бой Цзюйга ( псевдоними Лэ Тянь, «Асманда кубануу») ыраазычылык жообу катары жиберилген. Эки акын тең чыгармаларын «Карылык жөнүндөгү ыр» деп атаганы менен поэтикалык формада жашоого ар кандай көз караштарды билдиришкен».
Лю Юйси менен Бо Цзюйи бир эле жылда – биздин замандын 772-жылы туулган. Жылдар ичинде акындар бири-бирине чыгармаларын тартуулашып, атүгүл «Лю менен Бодун ырларынын альманахы» аттуу биргелешкен поэзия жыйнагын чыгарышкан. Тан императору Вэнь-цзундун (836-ж.) «Кайчэн» («Жетишкендиктердин башталышы») деген ураандын астында башкаруусунун биринчи жылынын күзүндө 64 жаштагы Лю Юйси такты мураскорунун коногу катары борбор шаар Лоянга келген, Бо Цзюй да ушул кезде ошол жерде болгон. Башында Бо Цзюй «Карылык жөнүндө Мэн Дэге белек ыр» деген ырды жараткан: «Мына биз экөөбүз карып калдык жана өзүбүзгө суроо берип жатабыз: кары болуу кандай деп? Көрүү начарлап, түндө эрте уктоого тартат, баш иретсиз, чач таралбайт. Кээде үйдөн чыгып кетем, анда да таякка таянып, бирок көбүнчө кечке чейин үйдө бекинип отуруп калам. Тунук күзгүгө кароого өтө жалкоомун, ал эми китептерден кичине тамгаларды окуу да азаптуу. Барган сайын эски досторумду эстейм, мурдагы жаштыгымдын калдыктары байкалбайт. Ал эми менде жалан курулай жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр үчүн гана энергия калды». Поэмада автор улгайган адамдардын физиологиялык жана психологиялык белгилерин кеңири сүрөттөп, өзүнүн пессимизмин ачык айткан.
Бо Цзюйнин көңүлү чөккөн жана пессимизминен айырмаланып, Лю Юйсинин поэтикалык жообу жашоону тастыктайт. Тактап айтканда, «Күн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул өң менен жарыктандырат» деген жакшы мүнөздү жана оптимизмди, ошондой эле автордун жашоого болгон активдүү жана позитивдүү көз карашын толук чагылдырган миң жылдык тарыхы бар атактуу сөзгө айланган.
Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.
Цитата «ККПнын XVIII съездинде ККП БКнын тартипти камсыз кылуу боюнча комиссиясынын 6-жалпы заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Келтирилген ырдын автору Цин акыны Гун Цзычжэнь. Өз сөзүндө Си Цзиньпин бул акындын дагы бир ырынан: «Жүрөк – дененин кожоюну жана акылмандыктын башкаруучусу» деген фразаны келтирет. Эки сөз тең бир ойду билдирет: жүрөк – ой булагы, рухтун негизи, жакшылыктын төрөсү, адамдын бардык ниетинин, иш-аракетинин башталышы. Адамдын ой жүгүртүүсү жана иш-аракетинин мүнөзү анын ички дүйнөсү менен аныкталат. Таза жүрөк, бийик ой адамды «жүз ууга кол тийбес» кылып, ага түгөнгүс күч-кубат берет. Ар кандай иш жан менен жасалууга тийиш, жан куч-кубаттын булагы болуп кызмат кылууга тийиш, жанды күрөшкө жумшоо керек, жан пландарды орундатуунун ачкычы болуп калууга тийиш.
Антикалык илимпоздор феодалдык доордун этикасына жана моралына таянып, «Жүрөк жөнүндө окуусун» – руханий-адептик жактан өзүн-өзү өркүндөтүү, чындыкка, ой тазалыгына тарбиялоо, максатты түшүнүү жана жашоодо өз ордун табуу жөнүндөгү окууну түзүшкөн. Өз кезегинде партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунда» идеологиялык тарбиялоого, марксизмдин принциптеринин негизинде инсанды калыптандырууга көңүл бурулган. Эгерде партиялык кызматкердин «Жүрөк жөнүндө окуусун» түшүнүүсү канааттандырарлык эмес болсо, ынанымдардын кебелбестигине доо кетирип, принциптерден чегинүү, натыйжада душмандын курчоосунда «багынуу» жолуна түшүү тандалып алынат. Мына ушундан улам партиялык башкаруунун ар тараптуу катаалдыгы тартипти катуу сактоону жана «кызыл сызыкты» сактоону гана эмес, нормаларга жана тыюу салууларга көңул бурууну да талап кылат. Партиялык катаалдуулук көбүрөөк даражада партиянын «Жүрөк жөнүндө окуусунун» негизинде жекече өркүндөтүүгө, партия мүчөлөрүнүн «адам» жөнүндөгү принципти негиз катары жана «жүрөктү» ачкыч катары түшүнүүсүнө, моралдык сапаттарды чыңдоого багытталган жана идеалдарга берилгендикке каратылган.
ОРИГИНАЛ
Чыныгы жолдун кудуретинин үнү табияттын бардык үндөрүнөн күчтүүрөөк, бирок адамдын жүрөгүндө жашап жаткан бул коркок нурлар күчтүн жаркыраган нурун ачуусу үчүн өжөрлүк жана аракет керек. Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.
Феникс менен оттуу куш өзү үчүн карагайдын кургак бутактарын тандабайт. Асмандык рух жан дүйнөсү таза жана асманга ачык болгондорго түшөт.
Жүрөгүмдүн үнүн угуп, укпай калам дүйнөнүн ызы-чуусун. Жоктукта мен жолдун чындыгына ишенимдүү бойдон калам, жашоодо менин рухум бекерчиликтен эркин.
Ушундай жол менен гана океандарды батышты көздөй агызууга жана күндү чыгыштан кайра чыгууга бурганга окшош күчкө толууга болот.
Гун Цзычжэнь, «Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» (биринчи ыр)
КОММЕНТАРИЙ
«Жаздан күзгө чейин ар түрдүү ойлорду камтыган 15 ырдын антологиясы» – Цин доорунун аягындагы прогрессивдүү ойчул Гун Цзычжэнь жараткан Тан акындарынын классикалык стилиндеги поэтикалык чыгарма. «Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз чыгарманын биринчи сабынан алынып, акындын «жүрөк күчү» түшүнүгүнө берилгендигин толук чагылдырат. Ырдын өзөгү сырткы дүйнөнүн кийлигишүүсүн жеңүүгө рухтун күчү жетет деген ойду ачык баяндайт.
«Жүрөгүң үстүнөн бийлик болбосо, чексиз асманды багынта албайсың» деген сөз, эгер адам өз жанын башкара албаса, объективдүү чындыкка баш ийе албайт дегенди билдирет. 1822—1823-жылдардагы башка ырлар жыйнагында «Жэнь жылынан Гуэй жылына чейин пайда болгон ойлор жана байкоолордун жыйнагы» деген ырлар жыйнагында Гун Цзычжендин төмөнкүдөй сөздөрү бар: «Жүрөк күчү жок адамдар карапайым адамдар. Чоң өч алуу, чоң оорудан айыгуу, чоң тоскоолдукту жеңүү, чоң планды аткаруу үчүн жүрөктүн күчү абдан керек». Дүйнөдө «жүрөктүн күчүн» талап кылбаган бир дагы нерсе жок. «Жүрөктүн күчү» болгондо гана адам ар кандай жоопкерчиликти ала алат, кандайдыр бир максатты көрсөтө алат. Чындыгында, Гун Цзычжендин укмуштуудай таланты жана адамдан тышкаркы эрки, зор умтулуулары, бай жана күчтүү поэтикалык образдары жана чексиз сулуулук үлгүлөрү да анын өзүнүн «жүрөк күчү» менен келип чыккан.
Адам нерселерди байкап жатканда анда түшүнбөстүк пайда болот, анын жүрөгү нерселердин маңызын туура аныктай албайт жана бул учурда тышкы дүйнөдөгү нерселердин билими даана боло албайт.
Цитата «Бүткүл кытайлык партиялык мектептин жумушчу заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Жүрөк нерселердин маңызын туура аныктай албаганда, б.а. пайдубал туруктуулугун жоготкондо сөзсүз баш аламандык жана олку-солкулук пайда болот; эгерде сизде күчтүү ички колдоо болгондо гана эмне туура, эмне туура эмес, эмне чын жана эмне бурмаланганын ишенимдүү баалай аласыз. Си Цзиньпин биринчи кезекте ишенимди бекемдөөгө, партиянын идеалдарына ишеним туусун бийик кармоого жана партиялык мектепти партия кылган принциптерди бекемдөөгө багытталган партиялык мектептин жакшы ишинин негизин көрсөтүү үчүн классикалык сөздөн пайдаланган. Коммунизмге ишенүү жана партиялык мектептердин алардын ысмына толук ылайык келиши эч кандай куру ураандар жана кыйкырыктар болбостон, партиялык мектептердин ишинин бардык жактарынан көрүнүшү керек. Маселен, партиялык мектептерде окууну уюштуруу негизинен теориялык жана партиялык окууга багытталууга, партиялык жетекчи кызматкерлердин духун чындоого, партиялык идеалдарга ишенимди чыңдоого кызмат кылууга тийиш.
Эгерде партиялык окууга зыян келтирип, жогорку адистештирилген техникалык ыктарга басым жасалса, туура саясий курстан четтөөлөр пайда болгонго чейин «ызы-чуулу коноктор үй ээсин сууга чөктүрөт» дегендей, орто билим берүү башкы нерсеге көлөкө түшүрө баштайт. Маселен, коомдук ой-пикирдин ар кандай агымдарынын алдында партия четте калбастан, «согуштун кыйкырыгын көтөрүп, кылычын жаркылдаткандай» тайманбастык менен өз позициясын билдирип, авторитетти көрсөтүүгө тийиш. Марксизмдин рухий чебин коргоп, илимий билимдер аркылуу шектенүүнү жана күмөндүүлүктү жок кыла билүүгө тийиш. Кандай гана жагдай болбосун, Си Цзиньпин белгилегендей, «партия туура саясий багытты бекем кармашы керек жана бул негиз».