Читать книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев - Страница 2
Алгы сөз
ОглавлениеӨрнөктүү элдерде жазуучулар тургай, саясатчылар болсун, элчилер же артисттер болсун, аларда кат түрүндө, күндөлүк түрүндө – көп мурастарды тарых бетине калтырып кеткени арбын кезигерин көрүп, аттиң дейсиң. Арийне, илим, билим, тарых, саясат, адабият же искусствону изилдөөчүлөр үчүн кийин-кийин биз сөз кылып жаткан каттар, эскерүүлөр, мемуарлар сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылтып берер баалуу документ болуп берерин таназар албай келебиз.
Ал эми колуңуздардагы бул китеп ошол келемтени толуктабаса да, бирок башкаларыбызга эскерүү же мемуар жаза жүрүүнүн маани-маңызын туюнта турган эмгек болгонуна көңүлүбүз курсант. Китепте албетте, жеке бир үйбүлөнүн тагдыры туурасында гана кеп болбостон, "бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркыраган" өңдүү; жалпы улутту кыйгап өтпөгөн большевиктик бийликтин өкүмзордугу жана репрессия жылдарындагы адилетсиздиктин жел аргысы келечек муунга да кабар берер эскерүүлөр тарых таразасына салынат.
Өткөн доордогу коллективдештирүү жараяны күрдөөлдүү уланган мезгилдеги калкыбыздын башына түшкөн жапа жабыр кыйынчылыктар китептин автору Улукбек Чиналиевдин эскерүүсү аркылуу ата-энеси башынан кечиргени эң оор мезгилдер баяндалат. Ошондой эле чоң атасынын эскерүүсүндөгү орус оторчулугундагы Кыргызстандын Орусияга кошулуу доору кыскача камтылат жана атасы Чыналиев Кожомжардын репрессияланып кеткен жылдарындагы үйбүлөлүк кыйынчылыктар баяндалып, китептин автору өзүнүн киндик каны тамып, кири чайкалган түштүк жергесинде-ги балалык күндөрүндөгү чийедей кезинен тартып пахта терим мээнетине аралашып, колунан кетмен түшпөгөн кези сөз кылынат.
Китепке кирген эң кызыктуу жагдайлардын бири – Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч каты келтирилет. Катта: «Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына таазим кылуума күбө өтүү менен суранам, – деп башталат кат: – Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүп-конуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм баш-карга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.
Кат чындык экенин ырастоо менен оберквартирмейстер полковник Бабков».
Кат соңунда автор минтип белгилейт: "Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты".
Сөзүбүздүн башында каттар, эскерүүлөр, мемуарлар өз кезеги келгенде сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылдырган баалуу документ болуп берерин баса белгилегенибиздин себеби: кыргыз коомунда жазуу өнөрүн өздөштүргөн мамлекеттик ишмерлерибиз да, саясатчыларыбыз да саналуу. Ал тургай жазуучу, акындар арасында да күндөлүк же эскерүү жазуу жөрөлгөсү калыптанбай келет…
Ал эми Улукбек Чиналиев агабыз өзүнүн дипломатиялык өмүр жолу туурасында баяндап берген бул эмгеги – жеке анын үйбүлөсү же жакындары үчүн гана эмес, жалпы окурмандар арасында да кызыгуу жаратарынан күмөнүбүз жок.
Олжобай Шакир