Читать книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев - Страница 3
Кетменчиден элчиликке чейин
ОглавлениеЖалал-Абадда болгонумда көзгө тааныш жерлерди эсимде калганы боюнча мурдагы калыбына салам. Алар эскерүүлөрүм менен тыгыз байланыштуу.
Ошол көчөлөрдү, булуң-буйткаларды, сейил бактарды аралап жүрүп, жандай өтүп бараткандарга, ата-энем менен чогуу жашаган үйүмдүн каршысындагы кошуналарыма көз салам, бирок эч кимди тааныбайм, ошол өткөн күндөрдөн эч кимди таппайм. Өткөн мезгил дайыма азыркыбыз менен байланыштуу. Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн болбойт жана жөн эле биротоло жок болуп кетпейт. Жарым кылымдан кийин өзүмдүн короомо кирип, балалыгымдан кичинекей ка-бар болуп тапчанда отурган аксакалды көрдүм. Шаар бул дүйнөдөн бөлүнүп, жакыр, кайгылуу болуп калган жылдарды эскерип отурдук. Экөөбүз бирдей тааныган адамдарды, туугандарды эскердик.
Ал өзүнүн балдары тууралуу кеп салып берди, бирөө өзү менен турат экен. Мен тууралуу гезиттер аркылуу билерин айтты. Жубайы короону, үйдү, бак-шагын көрсөттү. Мурдагы үйдөн жарым кылымдан ашык мезгил мурун курулган короонун дубалдары гана калыптыр. Кебетеси суук, көрксүздүгү менен кайталангыс, ошентсе да, качанкы өткөн мезгилдерден эстелик катары артыкча эле. Жылдар… тагдыр ар бирибизге белгилүү бир жылдарды белгилейт. Атам тирүү, апам али жаш болгон ошол 60-жылдарга кайрыла ал-сам кана. Небактан бери эле жок нерсени издегеним үчүн, капыстан суук тартып, кусалык басат. Ал адамдар жок – кеткен, жоголгон, таанылгыс болуп өзгөргөн. Бирок бул эң не-гизгиси эмес. Бул көчөлөрдөн мен өзүмдү, жаштыгымды, балалык үмүт-кыялдарымды издейм. Ар бир көчө, ар бир кайрылыш жаштык курактагы сүйүүнү эскерүүдөн жаралган обондой мурдагы ой-санааларды эске салат. Балалылыгым калган жерлерге кусадар болом, жөн гана ал жерде жашагандыктан, жамандыр, жакшыдыр… Дайыма өткөнүң сонун, айтмакчы, келечек да сонун; азыркың гана жүрөк өйкөйт.
Шаар өз алдынча болгон өткөн кылымдын 50-жылдары эске келет. Байыркы мезгилдерде бул жер Улуу Жибек жолунун Бухара, Самаркандга бара турган жүлгөсү болгон.
Шаар дарылыгы бар булактардын жанындагы кыштак катары жаралган. Убакыттын өтүшү менен усталык: карапачылар, кол өнөрчүлөр; устаканалар пайда болгон. Жергиликтүү тургундар жер иштетип, түшүм жыйнашкан, минералдык сууларга келген зыяратчыларды кабыл алышкан. XIX кылымда кыштактын ордуна аз убакыттан кийин шаар аталып, Орусиянын бөлүгү болуп калган Кокон чеби орногон. Мына бүгүн борбор болуп калышы үчүн, XX кылымдын ортосунда четжакасы курулган. Үйүбүздүн терезеси мейкиндикке туташ жайылган колхоздун талаасы жакты карап турар эле. Бул үйдү бир эле убакта обочолонтуп да, кеңейтип да турчу.
Бизди шаар тургундары деп айтыш да кыйын эле. Анткени дээрлик ар бир үй уй, кой, каз-өрдөк ж. б. кармачу. Ар бир кожоюндун тыкан күтүлгөн чарбагы бар эле: сабизге жанаштырып кызылча, капустага жанаштырып картөшкө өстүрүшчү. Менин ата-энем уй, тоок жана башка жандыктарды кармашчу.
Ата-энебиздин айтканын угуп отуруп, биз – балдары, алардын өткөн жашоо-турмушу окуу китептеринде жазыл-гандан такыр эле башка экенин сезчүбүз. Алар башынан өткөргөн окуялардын анык чындыгын жакшы түшүнө алчу эмеспиз. Ар бир адамдын өмүрү – океандын тамчысы. Ал бир эле убакта бөтөнчө да, кадимкидей дагы, бири-бири менен кайчылашып турган өмүр баяндан жана коомдук окуялардан турат. Өтүп кеткен муун менен байланыш – саргайып үй-бүлөлүк альбомдордо сакталып жүргөн эски фотосүрөттөр өңдүү эстелик… Ата тегибиз бизге өз жашоолору тууралуу жазып калтырбаптыр, ошондуктан биз – балдары, неберелери, түпкү тегибизди жакшы билбей калдык, мезгилдердин үзүлгөн байланышын сактабастан, атайылап эле үрп-адаттарды талдайбыз. Мүмкүн адамдардын Тарыхтан сабак алуудагы кыйынчылыгы – «Мындай болуп кетерин ким билиптир?» деген ачуу суроодо жаткандыр?
Колумда сүрөт. Объективди жети адам тигилип тиктеп турат: атам, апам эки кенжеси менен отурушат, улуулары – үч уулу булардын артында турушат. Кийимдери дароо көзгө кадалбай тургандай ак-кара түстө. Сүрөттүн четтери кетикче болуп кесилген, азыр мындайлар жок. Тиги дүйнөгө узап кеткендер бизге тирүү көздөрү менен тиктеп турушат. Атаэнемдин жүздөрүнөн ой токтолгон, жөнөкөйлүктү жана ак ниеттикти көрүүгө болот. Биздин үй-бүлөнүн таржымалын атамдын айтуусунан билем: чоң атабыз Бикеев Чыналы 1855-жылы төрөлгөн, 1855-жылдан 1876-жылга чейинки эки он жылдыкка созулган Кыргызстандын Орусияга кошулуу доорунда жашаган.
Мамамдын алдында кичүү иним Сергей, жанында Олег атам экөөнүн ортосунда. Жогорку катарда солдон оңго: Улукбек, Тариэл, Автандил. Токтогул, 1959-жыл.
Кошулуу узакка эле созулбастан, татаал, карама-каршылыктуу, тынчтык менен да, күчкө салуу менен да, аскерий да болгон. Бул Кокон хандыгы, Цин империясы жана Орусиянын ортосунда жайгашкан Кыргызстандын стратегиялык жактан маанилүү болгон геосаясый абалынан улам болгон. Орусиялык (же империялык) бийлик кыргыздарды Орусия мамлекетинин курамына тынчык менен кийирүү үчүн жакшы эле күч жумшашкан. 1864-жылдын май айында Чүй аймагындагы отряддын башчысы полковник М.Черняев кыргыз манаптарына достук мамиле түзүү сунушу менен кат жөнөткөн. Ошол эле жылдын 24-декабрында кыргыздын саяк уруусу Орусиянын букаралыгын алууга өтүнүч жиберишкен:
Атам Чиналиев Кожомжардын өз колу менен жазылган ата-тегибиздин санжырасы.
«Манаптын саяктарды Орусиянын курамына кабыл алышын сураган өтүнүчү.
Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин өтүнүчү.
Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч.
Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына.
Таазим кылуума күбө өтүү менен суранам: «Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүпконуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм башкарга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.
Кат чындык экенин ырастоо менен обер-квартирмейстер полковник Бабков».
Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты. Кыргыздардын тагдырында кескин өзгөрүүлөр советтик бийлик орнотулгандан кийин болду.
Атам – Чиналиев Кожомжар азыркы Жалал-Абад областынын Токтогул районунун, мурдагы Кетмен-Төбө районунун Мазар-Суу айылында сарттар уруусунун бийи Бикеев Чыналынын он үч баласынын онунчусу болуп төрөлгөн. “Бий” даражасы кыргыздарда укумдан тукумга өткөнгө, сый катары ыйга-рылганга караганда, көбүрөк татыктуу эмгек өтөп ала турган титул. Бул даражага дайындоо же тандоо болгон эмес.
30-жылдары коомдогу агартуу мүнөзүндөгү мамиле класстык мамилеге жол бошотуп берди. Тарыхий процесс-тин жүрүшү ушундай багыт алды.
Ушул жылдары Чыналы репрессияланат. Ал анча чоң эмес жерге ээлик кылып келген. Жерге ээлик кылуу фамилиялык духту туудурган.
Уруулук сезим деген, чынында менменсинүү өңдөнгөн нерсе. Ар бир адам өзүнүн укум-тукумунда кайра жаралуу менен, кандайдыр бир мааниде өлбөстүккө жетүүгө умтулат. Уруу деген так, даана аныкталбаган, абдан эле чампаланып калган нерсе катары кабыл алынат, ар бир адам күнүмдүк жашоодо керт башынын жыргалын жана укумдап-тукумдоо жолун гана ойлонот.
Жүрөккө так салган барак
Атам 7 жашка толгондо ата-энеси тарбиялоо үчүн столыпиндик реформанын тушунда Орусиядан көчүп келген орус мугалимдин үйүнө беришет.
Келгиндер Тарас Шевченконун атынан аталган айылды түптөп, Кетмен-Төбө ойдуңундагы Нарын, Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларынын кошулган жерине жакын жайгашышкан. Төрт жыл окуп, баштапкы билимге ээ болгондон кийин, орус тилинде сүйлөй алган, окуганды, жазганды билген бала, ата-энесинин талабы менен, ошол кезде куттуу Фергана өрөөнүндөгү алдыңкы экономикалык жана маданий борбор болуп турган Намангандагы элдик билим берүү мектебине жөнөтүлөт. Атамдын айтып бергенине караганда, бул беш жыл туугандарыңан жана жакындарыңан алыстагы балалыктын, чымыркана окуп көнүгүүлөрдүн жылы болгон.
Окуучулар араб тилин, Куранды жана аны талдоону, исламдын баштапкы жоболорун жана алгебра окушкан. Араб жазуусун, адамдын психологиясын, анатомиясын өздөштүрүүгө жана эмгек тарбиясына өзгөчө көңүл бурулган. Мусулман интеллигенциясынын түптөлүшү XX кылымдын башында катуу тартиптин, улууларды ардактап, урмат көрсөтүүнүн жана дене эмгегинин шартында жүргөн. Мунун баары өзүн көп убакыт даярдап, беш маал намаз менен айкалышып, адамдын эрктүүлүгүн, өзүн тартипке көндүрүп, жоопкерчилик сезимин тарбиялоонун үлгүсү болгон.
Ал кезде медреседе чыбык менен тарбиялоо колдонулчу. Молдо узун сызгычы менен шалаакы, тынчы жок балдарды жазалап турган. Тестиер кезинде катаал ыкмалар көкөйүнө тийип калган атам өз балдарын эркелетип, мээрим, сүйүү менен тарбиялады. Он беш жашында айылган келгенинде айылдаштары жаңы гана мугалим болгон аны урматтап, Кожош Молдо дешчү экен. Советтик бийликтин бекемдеши менен диний ишмерлерге кысым күч алган. Алар артынан түшүп куугунтуктоолорго дуушар болушкан.
Атам Фрунзедеги 1928-жылы эл агартуу институтунун базасында түзүлгөн педагогикалык техникумда окуусун уланткан. Анын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев, Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев жана Алыкул Осмонов болгон. Булардын баарынын республиканын маданиятындагы ролу зор мааниге ээ.
Техникумда Татарстандан келген мугалимдер аз эмес эле. Кожомжар ата профессор Абзалов тууралуу өмүрүнүн акырына чейин көп эскерип жүрдү. Ал Орусия мамлекетинин тарыхын терең билген абдан кызыктуу лектор болгон экен. Окуунун башында эле студент Чиналиев кетментөбөлүк экенин билип, Абзалов алдын ала мындай деп айткан экен: Нарын, Узун-Акмат жана Чычкан дарыяларынын кошулушуна плотина, гидростанция курулуп, түшүмдүү өрөөндү бүт бойдон суу каптай турган мезгил келет.
Улуу агам Автандил биринчи жолу бул тууралуу атамдан 14 жашында, 1956-жылы, Токтогул ГЭСинун курулушу баш-тала электе уккандыгын эстечү. Кыргыз, орус, араб, өзбек тилин билгендиги, ак көңүл, тазапейилдиги менен атам Токтогулда болобу, Жалал-Абадда же Сузакта болобу, аны менен бир убакта жашап, бирге иштеген баарынын сыйурматына татычу. Меккеден араб тилинде кат алган жергиликтүү тургундар которуп берип, кайра жооп жазып бериши үчүн, айныбай туруп атама кайрылышчу, кол жазмасы да кынтыксыз сулуу болчу. Аны урматтоо менен Кожо аке деп аташканы кокусунан эмес эле.
Атам кайсы бир мезгилде Өзбекстанда окуп, иштеген. Кошуна элдин тилин эле эмес, маданиятын, каада-салтын да жакшы билчү. Өмүр бою аларга сый мамилесин сактап, алардын эмгекчилдигин, жерге болгон мамилесин, улуула-рын урматтап, кичүүлөрүнө ызат көрсөткөнүн сылыктыгын белгилеп айтар эле.
Бир нече тилди билген, бала күнүнөн кыргыз, өзбек, татар педагогдору менен чогуу окуп, тыгыз мамилелешкен адам болгондуктан, ар кандай этникалык топторго, башка ишенимдегилерге ак пейилден урмат менен мамиле кылууну жашынан эле өзүнө сиңире алган. Ушул себептен бол-со керек, жубайы кайтыш болгондон кийин, экинчи ирет орус кызы Мария Дятловага үйлөнгөн.
Мария Дятлованын чоң атасы Василий Иоаникович Москвада боёчу мануфактурага (өндүрүштүн бир түрү) ээлик кылчу. Бул тууралуу Москва шаарынын тургундарын 1905-жылга карата каттоого алуу китеби күбөлөндүрөт. Өзүнүн менчик үйү болгон. Уулдарынын бири, апамдын болочоктогу атасы 1904-1905-жылдардагы орус-япон согушуна катышкан, Порт-Артурду коргогон. Анын ысмы Ардак Китебине киргизилген. Согуштан кийин ал Москва жандармериясында (аскердик түзүлүш) кызмат кылган. 1913-жылга карата жазуулар китебинде мещан аймагындагы 3-полициялык чектин кызматкери Дятлов Никита Васильевич бир нече жолу акчалай сыйлык менен сыйлангандыгы тууралуу белгиленген.
Октябрь революциясынан кийин большевиктерден изин суутуу үчүн, Орусиянын кең мейкинине жигин билдирбей кеткен. Анастасия Ивановна менен Пенза губерниясындагы Керинск районунун Котел айылына отурукташып, 1922-жылдын февралында кыздуу болушат. Кызына чокунтуу жөрөлгөсү учурунда Мария деген ысым ыйгарышкан. Ал кезде алардын үч уулу болгон: Петр, Николай жана Михаил.
Күйөөсүнүн өмүрү үчүн кооптонуп, Анастасия Никита падышанын сыйлыктары менен, жандарм кийими менен түшкөн сүрөттөрүн бүт жок кылган. Үй-бүлө башчысы да жакын-дарынын өмүрү үчүн сактанып, терезесинен айылды уезддик борбор менен туташтырып турган жол жакшы көрүнгүдөй үй тандап алган. Камакка алуу үчүн кайсы убак болбосун келип калышарына ар качан даяр болуп, жолго байкоо салып турчу. Кичине эле шектүү бир нерсе көрүнсө, үйдүн арты менен чыгып кетчү. Колхоздор уюштурула баштаган кезде Дятловдун үй-бүлөсүн кабыл алышпай, алар өздөрүнчө калды. Мариянын агалары күжүрмөн, эмгекчил, башкага жемин жедирбеген кайраттуу жигиттер болуп чоңоюшту.
Ошол жылдарда жаштардын кеңири тараган эрмеги айыл-айыл болуп жаатташып мушташуу эле. Чымыр денелүү, абдан күчтүү Петрден көбү коркушчу. Эмгекте да бир туугандар алдына киши чыгарышчу эмес. Ошондуктан ынтымактуу, бекем үй-бүлөнүн оокаты башкалардыкынан тың болуп, бар-дар чарбачылыгы үчүн айылдаштары аларды Купцевдер деп атап коюшкан. Ушундай ат менен алар бүтүндөй аймакка таанымал болушкан. Анан да, айыл боюнча жалгыз гана алардын үйүндө Москвадан алып келинген “Зингер” тигүү машинкасы бар эле. Аны көздүн карегиндей сакташчу. Тинтүү учурларында ар кайсы жерге жашырышып, атургай көлмөнүн түбүнө салган учур да болгон. Америкалык «Zinger» компаниясынын өндүрүмү бүт дүйнөгө, анын ичинде Орусияга да белгилүү эле. Подольск механикалык заводу алардын өндүрүмүн революцияга чейин эле оңдошчу. Ал машинка биздин балалыгыбызга чейин сакталган. Кара, лакталган жалтырак тулкусундагы кандайдыр бир мааниге ээ оюларын, берекелүү шөкөттөлүп, металлы чебердик менен иштелген орнаментин кызыгуу менен карачу элек.
Бүткүл орусиялык аткаруу комитетинин (ВЦИК) жана Советтик элдик комитеттин (Совнарком) декрети менен түзүлгөн жакырдык комитетинин өкүлдөрү 1918-жылдын экинчи жарымында аскердик коммунизмдин саясатын ишке ашыруу максатында, колхозго кирбеген жек көрүндү үй-бүлөлөргө байма-бай каттап турушчу. Өлкөдө Сталин түзгөн кулактарды класс катары жок кылуу иш-чарасынын алкагында, кулакка тартуу жүрүп, мүлкүн, буюм-теримин тартып алуу башталган. Бир туугандар Совет бийлигине баш ийбей, алардын күч колдонгонуна айыгышкан каршылык көрсөтүшөт.
Пенза облусунда 20-жылдары дээрлик бардык үйлөр жерди жалпы колдонууну жактоочулар тарабынан жок кылынып, 1930-жылы айыл тургундарынын жапырт качуусу башталган.
Апамдын үй-бүлөсү Котел айылынан чыгып кетишип, агалары дээрлик Улуу Ата мекендик согуштун башталышына чейин жашырынып жүрүшкөн. Бир туугандардын улуусу Петр фин кампаниясын ала жүргөнгө үлгүрдү. Петрден кийинки Николай прибалтикалык фронтто, артиллериялык полкто кызмат кылып, эки жолу жарадар болгон. “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган. Эң кичүүсү Михаил экинчи беларус фронтунда согушуп, ал дагы сыйланган.
Фронттон катуу ооруп келип, карындашы Марияны Жалал-Абаддан тапкан. Анын жардамы менен белгилүү доктор Рейнгольд Бауэрдин диспансеринде 8 ай дарыланган. Дарыгер оорулууга зарыл болгон дарыларды берип, чоң апалар иттин майын алып келишип, бал менен кайнатылган алоэ ичиришип, кылбаганды кылышса да, эч нерсе жардам берген эмес. Көп өтпөй ал көз жумган.
Андан бир нече он жылдык өткөндөн кийин, Кожомжар менен Мариянын балдары эр жетип, жашоо кадимки нукка түшүп калган кезде, беш уулдун кенжеси Сергей апасынын мекенине жөнөйт. Туугандарынын бирөө-жарымдарды, жок дегенде аларды билип, эстегендерди тапсам деген ниети бар эле.
Уулун узатып жатып: “Эсиңен чыгарба, уулум, бизди айылда көбүнчө Купцевдер деп билишчү. 1938-жылы мен кеткенде колхоз башкармасы Шачников деген болчу. Анын Надя деген кызы менин курбум эле”, – деп жолдогон.
Ушундай маалыматтары менен Сергей «Пачелмага» туш келди. Бул Залес фермасы айылына эң жакын жайгашкан темир жол станцисы эле. Бирок качандыр бир айыл турган жерде мурдагы курулуш түтүктөрүнүн тулкулары, качандыр гүлдөп турган бакчалардын ордунда чириген дүмүрлөр, мүрзөлөрдүн үстүндөгү кыйшайып калган айкаштар гана калыптыр. Пенза облусунун аткаруу комитетинин чечими менен, 1988-жылдын май айынан баштап бардык тургундары чыгып кеткендиктен, калктуу конуш катары каттоодон чыгарылган экен.
Сергей апасын жана анын туугандарын тааныган мурдагы айылдаштарды табат. Бирок Надежда Шачникованы кайдан издесе болорун эч ким билбейт экен. Ошол жерден оңдой берди болот: жол тосуп, жолу бир машина менен кайра темир жол бекетине келаткан. Орто жаштардагы аял иштеп жаткан картөшкө талаасынын жанынан өтүп баратышканда, айдоочудан токтотуусун суранат. Аялдын жанына барып:
Мамамдын маңдайыбыздагы кези.
– Надежда Шачникова деген ысым тааныш эмеспи? – деп сурайт.
– Тааныш. Кантип тааныбайын, – деп жооп берген аял
– мен анын небереси болом да.
Надя Ломово деген айылда, ошондой эле аталган райондун борборунда жашайт экен. Михаилди акыркы сапарга так ушул Надя узаткан экен. Мейманды мүрзөгө алып барып, таякесинин жаткан жерин көрсөттү.
Коштошуп атып, уулу апасынын тапшырмасын аткарды, Надяга жетиштүү суммада акча берди. Ал так кесе каршы болду эле, Сергей апасынын оорулуу агасын багып, сөөгүн узатып, тажыясын өткөргөнү үчүн, жердешине ыраазычылыгын билдиргиси келгендигин түшүндүрөт.
Ал мезгилде чоң, бардар үй-бүлөдөн эч ким калган эмес экен.
Кайра кайтуучу убакыт келип, “Пачелма” кичи бекетинде “Пенза-Москва” поездин күтүп отурганда, бир карыя жанына келет. Жолоочунун азиялык жүзү көңүлүн буруптур. Өзү качандыр бир кезде Казакстанда жашаган экен. Ошондон улам бул жаш жигит ошол тараптанбы, билгиси келиптир. Апасынын аты-жөнүн айтып, анын туулуп өскөн жерин көрүп-билгенге келгенин билдирет.
– Негедир эстей албай атам, – деп бүшүркөйт карыя.
– А Купцевдер эсиңиздеби?
– Эсимде болбой анан! Петр экөөбүз фин согушунда чогуу болгонбуз. Башка бир туугандарын да жакшы таанычумун. Өрт жигиттер эле.
Капыстан жолуккан карыя апабыздын ата-энесинин кулакка тартылган трагедиялуу мезгили тууралуу сөз кылып берет.
Кызыгың түшкүр, бир туугандар “эл душманы” саналып, жылдар бою совет бийлигинен жашырынып жүрүшүп, убагы келгенде баатырларча курман болушкан эле да. Ата-энемди жана алардын жакындарын эскерүү ошол шум мезгилге, ошондогу белгисиздикке жоголгондорго кайра да кайрылууга мажбур кылды. Уулум Владимир жана жээндерим Алексей менен Рыскулбек аларды жоктон бар кылды. Дайынсыз жоголду делген Николайдын аскердик тагдырын документалдык түрдө калыбына келтириш үчүн, алар чоң күч жумшашты. Балдарыбыздын өжөрлүк менен жүргүзгөн эмгегинин натыйжасында алардын бабасы Бикеев Чыналынын тагдырынын азыноолак саптары да ордуна келди. Ал 1930-жылы камакка алынып, кийин кайра акталган.
Ата-энебиз бири-бирин кадырлап, ынтымакта кырк алты жыл жашашты. Беш уул өстүрүштү. Баарыбызга эң сонун билим беришти. Адамдын капиталы – канжыгасындагы били-ми деген бекем ынанымды атабыз өз атасынан мурастап алган экен. Балдардын билимине каражат жумшоодо тийиштүү пайданы да, чыгымды да таразалап, туура иш кылып аткандыгын көргөнү атамдын көздөгөнүнө ишенимдүү ка-дам таштоосуна жардам берчү. Болгондо да жогорку эл ара-лык стандарттагы билимге. Ошондуктан балдарынын кадырбарктуу жана сөзсүз түрдө техникалык жогорку окуу жайлардан билим алышы анын жашоосунун маңызы болгон.
Кыркынчы жылдардын башы. Атам Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун эки колхозунун башкы бухгалтери. Улуу Ата мекендик согуш учурунда башкалардай эле аны да фронтко жиберүүгө чакырышкан. Бирок брон боюнча мурдагы ордуна кайра жиберишкен. Фронтту жана тылды баккан да бирөө керек болгон экен. Бирок айыл чарба артелинде башкы адис болуп көпкө иштетишпеди. Эл душман-дарын таап чыгуу деген долу ээнбаштыктын капшабына атам да кабылган. Агрономдук билими болбосо да, дыйкандардын тажрыйбасынан, адабияттардан күздүк айдоонун артыкчылыктарын билчү экен. Жылуу жана нымдуу күздө колхозчулар сугарылчу айдоонун кеңири тилкесине үрөн сээп коюуга кам урушат. Себилген үрөндөн бекем, жыш өсүмдөр чыга келет. Алгачкы кар жааган кезде, жашыл өсүм 10–15 см көтөрүлүп калган эле. Кийин айылдыктар алган буудайдын түшүмү коюлган план боюнча фронтко жөнөткөнгө да, колхозчулардын нанына да жеткидей болот.
Бирок же ою жамандардын жеткирген бузук сөздөрүнөнбү, же райондук Ички иштер боюнча элдик комиссариат-тын (НКВД) жетекчилери кабардар болбогондонбу, кышында атамды зыян келтирди деп күнөөлөшөт. Ушул жерден баары үстөккө-босток алмашат. Тиешелүү органдардын сак кызматкерлери атамдын бай-манаптын тукуму экенин, медреседе окугандыгын, молдо кезиндеги агартуу ишмердигин, атасы Бикеев Чыналынын репрессияланганын – баарын эс-тешет.
Тергөө изоляторунда отурганын эстегиси келчү эмес, анткен менен ал тууралуу унута да алган жок. Ойдогудай көрсөтмө алыш үчүн мыкаачылык менен кыйноолор болгон. Бутка абыдан катуу урушкандыктан, тактары өмүр бою кеткен жок. Карцердеги өтө чебер мыкаачылык менен ойлоп табылган кыйноо мындай болгон эле: атама уйку беришпей, башына суу тамчылатып коюшкан. Адатта мындай кыйноонун 3 суткасынан кийин тергөөдөгүлөр кандай болбосун документке кол коюуга даяр болушкан. Өкүм, адатта, эң жогорку жаза болорун баары билишкен. Атам мындай кыйноого бир апта чыдап, зыян келтиргем деп кол койгон эмес.
Орус тилин мыкты билип, сабаттуу болгондуктан, өзүнө жана башкаларга карата мыйзам одоно бузулуп, кыйноолор болгондугу тууралуу Бүткүл союздук профессионалдар союзунун борбордук кеңешинин (ВЦСПС) төрагасы Н.М.Шверникке арызданган. Арыз ээсине жетип, анын көрсөтмөсү менен комиссия түзүлүп, жыйынтыгында көптөгөн адамдар бошотулган. Көп жылдардан кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп турганымда Жалал-Абад облусуна келип, губернатордун биринчи орун басары менен жолугуштум. Ал мага атамдын арты менен атасынын тирүү калганын айтып берди.
Тергөөдөн бошонгондон кийин облус борборунан алысыраак, Жаңы-Жол районуна кетүүгө туура келген. Анткен менен, ал жактан деле бай-манаптын тукуму деген ат калган жок. Дайыма бардык жерде эле ылайыктуу жумуш табылышы кыйын болду. Болуп аткан сандыракка, бийликтин ээнбаш өзүм билемдигине, өз тагдырын алдын ала болжоп болбостугуна, ага таасир этүүнүн мүмкүн эместигине атам өз көз карашы менен мамиле кылды. Ата-эненин өмүрүндөгү ошол таалайсыз мезгил тууралуу эр жеткен уулдары көп мезгил өткөндөн кийин апасынын үзүп-кесил айткандарынан билишти.
Элүүнчү жылдары ата-энем төрт балалуу болуп калышкан. Атам Жалал-Абаддан орун-очок алууну чечет. Албетте, бул чоң үй-бүлөнүн өздөрүнүн үйү жок эле. Ижарага үй алып жашоого туура келет. Төрт балалуу үй-бүлөнү кийире тургандар деле оңой менен чыга койбостугу, айтпаса да түшүнүктүү го. Эптеп башпаана кылганга болор жай тапкыча, алар абыдан кыйналышат. Өмүр бою көчүп-конуп жүргөн болбойт, өзүбүзгө үй курушубуз керек деп чечет үй-бүлө башчысы.
1950-жылдын жайында Жалал-Абаддын түндүк жагынан орун алган 5 сотик жер чегине ээ болушат. Кошуналары элге бир топ эмгеги сиңген, абдан кызыктуу адамдар болуп чыгат. Бир тарабынан Советтер Союзунун баатыры, учкучштурман Евдоким Мазков, экинчи тарабынан Львов көркөм академиясынын бүтүрүүчүсү, сүрөтчү, скульптор Василий Владимиров, үчүнчү жагынан шаардын архитектору Щербинин кошунасы болуп калды. Атам баары менен тез эле достошуп кетти. Азыраак бошой калганында алар менен чер жазыша маек курчу.
Айтмакчы, Щербинин чоң үй-бүлө үчүн үйдүн ылайыктуу проектин иштеп чыкканга, аймактын геологиялык шар-тын эске алуу менен, боло турган курулушту жер тилкесине ылайыктаганга жардам берди. Башында жер тилкеси Киров көчөсүнө эсептелчү. Ал убакта кошуналар короо-жай тургузуп алышкан эле. Жайдын кечтеринде үйлөрдүн бирине чогулуп алышып, бейкапар маек курушчу. Жашоо-турмуш оңолуп, көп үй курула баштаган. Жаңы конушту бойлото, панфиловчу, Советтер Союзунун баатыры Шопоковдун ысмынан көчө пайда болду. Биздин үйдү ошол жаңы жаралган көчөгө катташты. Жергиликтүү, аз кубаттуу заводдон чыгарылган кыш мамлекеттин өндүрүштүк, социалдык объекттерине да жетчү эмес. Анын үстүнө бышкан кыштан үй куруу өтө кымбатка турар эле. Көптөрдүн, анын ичинде биздин да ага чамабыз келмек эмес.
Чакан үй-бүлөлүк артель жалданып, жалдоочулар турган жеринде 3–4 бөлүктөн калыпка салып, ылай менен саман-дан чийки кыш куюшчу. Түштүктүн ысык абасына тоборсуган бул кыштар негизги курулуш материалы болуп саналчу. Самандан курулган үй кышкысын жылуулукту кармап, жайкы аптапта салкын болгону менен айырмаланат.
Суук түшкүчө үйдүн дубалдарын тургузуп, чатырын жапканга жетиштик. Мамлекеттен алынган пайызсыз ссуданын баары кетти. Кыш киргенде биз терезе-эшиктери, тактайы жок үйүбүзгө кирдик. Шашып-ушуп бир бөлмөнү жасай сал-дык. Эшик-терезелерди толь жана таарлар менен бүтөп, кичинекей темир меш койдук. Ошол мезгилде түштүктө кыш суук, кар калың болду. Ачкачылык убагы, азык-түлүк жетишсиз, акча андан бетер аз эле. Бир бөлкө нан алуу үчүн түнгө чейин кезекке турушчу. Ар бир эл жашаган аймак белгилүү бир соода түйүнүнө караштуу болчу, биз Совет көчөсүндө жайгашкан 10-дүкөндөн алчубуз. Апам күн сайын таңкы саат 3–4 болгондо эмчектеги баласы Олег менен кезекке турганга жөнөчү. Бөбөк да кезекте турган адам катары саналчу. Анткени катуу тартипте бир кишиге бир гана бөлкө берилчү.
Күтүп турушчу, саат 8де атка чегилген нан жүктөлгөн күркө келчү. Көпчүлүк кыймылга келип, бака-шака түшүп тыгылышканда бала ойгонуп, ыйлай баштачу.
Биздин үйдө үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү катары Шура апа жашачу. Согуштан кийинки кыйын кезеңде атаэнем аны үйгө кийирип алышкан. Түбү Запорожьядан бол-гон Кызыл Армиянын курман болгон офицеринин жесири Александра Дмитриевна Зинко ошол бойдон турмушка чыккан жок, бизге өз адамдай болуп калды. Ал бизди өз балдарындай жакшы көрчү. Ооруканада санитарка болуп иштеген ал түнкү нөөмөткө көп кетчү. Апам жок кезде биз кароосуз калып, ойгонорубуз менен жарым жылаңач короого чыгып алып, жылаңаяк карда жүгүрүп жүрчүбүз. Көк муштум болуп тоңгондо үйгө кирчүбүз да, апамдын нан алып келишин зарыгып күтүп отурчубуз. Жаңы бышкан бөлкө алып келип, от жагып чай кайнатчу да, балдары менен эртең мененки жупуну тамакка отурчу.
Ансыз да жетпеген акчаны болушунча үнөмдөчүбүз. Үй куруу – көп чыгашалуу иш, көп каражат керек болгонуна байланыштуу өтө жай жүрүп, көп жылдарга созулду. Өз үйүндө биринчи кышты кыйынчылык менен өткөргөн ата-энем жаз келгенде үйдүн жанына короо жай эптештирип, тоок, өрдөк, кийинчерээк уй да бага башташты. Тамак-ашыбыз кеңейип, түрлөнө түштү. Уулдарына спорт шаймандарын алып берүүгө ата-энемдин али чамасы келе элек эле. Өзү теңдүүлөрдүн жалтылдаган муз жолдордо коньки тээп зуулдап жүргөнүнө көздөрү акыйып, суктана караган балдарын көрүп, атам кечкисин өзү коньки жасоого киришти. Жыгачтан бычак менен жонуп, конькинин музда жүрчү таманына окшош таман кесип алды. Андан кийин кызара ысытылган мык менен бут кийим бекиткидей көзөнөк жасады. Жыгачтан жасалган кесимдин өлчөмүндөй темир тасманы алды да, аны жыгачка бекитип, ошону менен коньки даяр болду.
Азыркыга чейин жыгачты от менен иштетүүдө ошол бакытымдын даамы келет: мына азыр мен конькини кийип алып, дөңдөн ылдый сыза турган учур келет деп кудуңдап отурганым күнү бүгүнкүдөй сезилет.
Бала кезде биринчи карды чыдамсыздык менен күтөсүң, кээде түн ичинде ойгонуп алып, биринчи кар жаап койбодубу деп терезеге чуркайсың. Кар баарын жаап калат: кечээ эле боз ала болуп, томсоруп турган бактар кубулуп, жалбырактардын ордуна үлпүлдөгөн ак кар жамынып калган болот. Чана, коньки тепкенге ашыгып, карды күтөсүң. Шаар кубулуп, жасанып алгандай көрктөнө түшөт. Ылай тоңуп, жолдордогу кар тегизделип калат. Мен жашаган шаарлардын баарында кар тургундары күтпөгөн жерден карп-күрп келип калат. Кышкысын сайрагыч боз чымчыктар учуп келчү. Таранчыдай, тумшугу калың, тууралжын, төшү, мойну жана жаактары ачык кызыл, канаттары жана куйругу кара. Кыштын аязында да алар кар жамынган бактарда, дээрлик кыймылсыз конуп отурушчу. Чымчык ишенчээк анан мамилечил. Бакка чыгып, ага жакын барып алып, жакшылап кароонун эч кыйынчылыгы жок эле. Бирок кол тийгизсең эле чымчык топ этип карга кулап түшчү.
Атам коньки жасаганга киришкенде балдары тымтырс тегеректеп отуруп алып, кадимки жыгач менен металл тасманы эңсеткен конькиге айланышын карап отурушчу. Бычагы, кайчысы менен узанып, балка-чотун какканча, атам өзү көп бил-ген ар кандай окуяларды, жомокторду, уламыштарды айтып берер эле. Өзү кызыккан тарыхий окуялардан алынган аңгемелерди айтып атып, алар менен кошо өзүнүн бала чагын, уруусун жана бай-манаптардын адилетсиздиги тууралуу айтчу. Атургай белгилүү эле баянды же жомокту айтып атып, Кожомжар ата ар айткан сайын бир нерсе кошуп, өз ою менен өркүндөтүп көркөмдөп, балдарын тажатпай гана ишенимдүүлүккө, алпейимдикке, ак ниеттикке тарбиялачу.
Ушул унутулгус тарбия мектебинде кийин неберелери да окушту. Чоң ата болуп, аларга ар кандай кылыч, канжар жасап берчү. Жыгачтан жонуп тапанча, автомат жасап, атургай аларга аскер кийимин тигип берген. Улуу небереси менин уулум Владимир болду. Биз Москвадагы жогорку окуу жайларда окуп атканда, 9 айлык кезинен 4 жашына чейин чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойду. Ага баарынан чоң атасынын Сервантестин “Дон Кихотун” окуп бергени жакчу. Чоң атасынан ошол китепти окуп берүүсүн көп суранчу. Кожомжар ата текчеден китепти алып, шашылбай көз айнегин тагынып, ыңгайлашып отуруп алып, сөзүн баптап окуй баш-тачу. Бул кезде небереси сурачу: «Ата, Дон Кихот найзасы менен чоң жел тегирменге каршы кантип согушкан?» Чоң атасы небересине эринбестен согушта көп учурда эки жак тең күчтүү болбостугун майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берчү. Эгерде адамдын Дон Кихоттукундай чоң, кош көңүл болалбаган жүрөгү болсо, жамандык, адилетсиздик жанын кейитсе, алсыз болсо дагы тайманбай согуша алат дечү. Дагы бир аз убакыт өткөрүп, небереси кайра чоң атасынан китеп окуп берүүсүн суранчу.
Бир нече жылдан кийин гана үй-бүлөбүз кичине бардарчылыкка жетишкен кезде “почта аркылуу товар” деген кызматтын жардамы менен ата-энебиз улуу үч уулуна чыныгы Канаданын конькилерин сатып беришти. Алардын томпок түзүлүшүнөн улам, балдар аларды томпок дешчү. Алар азыркы жаштардын тили менен айтканда эң эле “крутой” конькилер болуп саналчу. Аларды биз өтүк же чокойлорго ичке жиптер менен байлап алчубуз. Чокойдун арты жыртылып, бутубуз өйкөлүп калчу. Кээде, белгисиз жолдор менен колубузга парашюттун аркандары тийип калчу. Алар коньки бекиткенге эң сонун жиптер эле.
Колхоз ишинде бир өнөктүктүн артынан дагы бир өнөктүк келип (кой куут, сакмал, эгин оруу, пахта чогултуу, мал кыштатуу), бир калыпка салынган жумуш күн болбойт. Ошондуктан атам балдарынын окуусун катуу көзөмөлдөй алчу эмес, бул милдет апамдын мойнунда эле. Үйдөгү чарбачылык да апамдын жүгү. Апам нак кыргыз аялы болду, кыргыз, өзбек тилдерин үйрөндү, кошуналар аны мээрим менен Мария апа дешчү. Ал, атам жана биздин туугандар жеп көнгөн тамактарды таптап, даамына келтирип жасаганды үйрөндү. Тегерек патыр нанды өзгөчө даамдуу жасачу. Тандырга нан жапканда биз апабыздын өз колунан нан алып жегенге качан кезегибиз келет деп, чыдамсыздык менен күтүп отурчубуз.
Күзүндө кышкыга капуста даярдачубуз. Апам Шура апа экөө туурап, челекке туздап салышчу. Бадыраң, помидор туздашчу. Сабиз, картөшкө камдачубуз. Алманы жазга чейин, а жүзүмдү Жаңы жылга чейин сактачубуз. Чоң апам борщту, вареники жана галушканы сонун жасачу. Ал украиналык эле, мекенин дайыма эсинен чыгарбай, өлөр өлгөнчө тилине бек болду. Бала кезибизден ал тилге көнүп өстүк.
Апам мектепке барган балдарына катуу мамиле кылчу. Төрт мектеп окуучусун кароо чоң берилгендикти талап кылды: аларды кийинтүү, тойгузуу, көчөнүн жаман таасиринен коргоо керек эле.
Шаарыбызда төрт жалпы билим берүү мектеби бар бол-чу. Алардын бирин бир туугандар 60-жылдары бүтүрүштү. 60 жыл мурда 10 эле жыл окушчу. Мен 11 жылдыкка туш келдим. 8-класстан кийин мектептен окугусу келбегендер кетип калышчу. Биздин класстын бир бөлүгү кесиптик техникалык курулуш окуу жайында окууну же дароо оңдоомеханика заводуна слесарга же токарга шакирт болуп иштөөнү тандашты. Айыл өңдөнгөн шаар маданият, билим борборлорунан алыс жайгашып, өзүнүн жай баракат нугунда жашоосун улап жатты. Кошуналар деле биз сыяктуу өз үй-бүлөсүнүн түйшүгү менен чектелишчү.
Аскерге чакыруу келгендер сүйүнгөн бойдон аскерге кетишчү. Көкүрөктү койгуламай жок эле, эч кандай көңүл толкуткан узатуусуз, текке кеткен 3–4 жыл дебей эле кетишчү. Аскерге кызмат өтөөдөн эч ким четтечү эмес, биринчиден, аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу катуу жолго коюлган. Экинчиден, бул жашоодогу жаңы нерселерге карай ачылган жол, эл-жер көрүүгө мүмкүнчүлүк эле. Түштүктөн чакырылгандарды түндүккө, түндүктөн чакырылгандарды түштүккө жөнөтүшчү.
Ата-эненин көзөмөлүнөн сыртта, көчөдө, түрмө романтикасы жайылтылчу. Адатта бул ырлар же отуруп келгендердин баяндары аркылуу жүрчү. Жаш уландар баңгичил бол-гон учурлар болчу. Билим алууну жогорку окуу жайда улантуунун келечегин ойлоодон көптөгөн себептер менен карманышчу: жетишпеген жашоо, орто мектепте алган билимдин начарлыгы, жакшы тажрыйбага ээ болгон жумушчунун айлык акысынын жогорулугу. Алардын айлыгы инженердин, дарыгердин же мугалимди айлыгынан ашып түшчү.
Эч бир жаңы нерсе жок, бир өңчөй жашоо адамды чөктүрүп ийчү. Жаш улан курагыбыз биз баамдай да албаган, бирок үрөй учурган ядролук согуштун болжолу менен туюлган муздак согуштун кайнап турган маалына туш келген. Кариб ракеталык кризиси жөнүндө бирдеме уктук, бирок эч ким эч нерсени майнаптуу түшүндүрүп бере алган жок. Маал-маалы менен граждандык коргонуу жөнүндө окуулар болуп, противогазды колдонууну үйрөтүшчү. Ядролук жарылуудан жана анын кесепеттеринен сактануу тууралуу ар кандай үгүт баракчалары чыгарылчу. Борбордон четте калганыбыз биздин үй-бүлөдө эч качан сөз кылынчу эмес, биз байланып калган бул көнүмүш жашоодон чыгарыбызга бекем ишеничибиз бар болчу.
Мелжегенибиз Москва эле. Бирок бул кыял кандайдыр бир саясый жана экономикалык бийликтин шаар-борбору жөнүндө эмес, кандайдыр бир жашоодо жок, биз китептерден гана окуган, төрт тарабы төп, бардык жагынан эң сонун бир жай жөнүндөгү кыял болчу. Мына ушул дүйнөнүн “маалыматтуу борборуна” жана “караңгылыкка басылып четте калган аймагына” так бөлүнүшү биздин абалыбызды көрсөтө турган түзүмдү биротоло аныктап койду.
Көп жылдан кийин, студент болуп калган кезибизде атабыздан эмне үчүн билим алууга чоң маани берип, ар бир ыңгайлуу учурду өткөрбөй тырышып, үзбөй окуу керектигин насааттап акылыбызга сиңирип, бирок өзү биздин мектептик жашообузга сыртын салып, ата-энелер чогулушун такыр жактырбаганын кызыгып сурадык. Балдарына берген жообу анын мүнөзүн жана башкаларга мамилесин жетишердик так да, ынанымдуу да мүнөздөп берет. “Ата-энелер чогулушуна биринчи жолу катышкандагыдай капалануу, ызаланууну башыман сейрек кечирдим. Эмнегедир мугалимдер ата-энелер чогулушун балдарды канткенде туура тарбиялайбыз деп кеңешүү эмес эле; бир максаттагы адамдардын чогулушу эмес, айыптоочулардын, сөз ташыгычтардын, күнөөлүүлөрдүн жыйналышы кылып алышыптыр. Чогулуш бүтөр-бүткөнчө балдарыңар андай, балдарыңар мындай деп, ата-энелерге балдарын жамандап, балдарыңарды тарбиялай албайсыңар деп айыптагандан башка тыңгылыктуу эч нерсе айтышкан жок. Балдар мугалимдердин көз алдында тил укпаган келесоо, баш бербес бейбаш болушту да. Ата-энелерин балдарына каршы күүлөшөт. Мугалимдин башкы максаты ушул беле? Кеп, балдарга илим үйрөтүүдө эмес, аларда илимбилимди сүйүүнү калыптандырып, окуганга себеп таап берүүдө эмеспи. Эч күмөнсүз, жакшы тарбия мына ушунда жатат”.
Улуу агам кичүүлөргө чоң таасир берди. Ал сүрөттү жакшы тартчу. Искусствого жана так илимдерге кызыкчу. Анан чыгармачылык дээрин көргөн сүрөтчү кошунабыз Василий Владимирович аны өзүнө жардамчы кылып алды. Уран рудасы алынгандыктан эркин кирип-чыгууга жабык жана өзгөчө шарттамдагы тамак-аш менен тейленген Майлуу-Суу шаарында иштеш керек болду. Байкем бир чемодан момпосуй сатып алыптыр. Үйдөн ал чемоданды ачканда, биз суктангандан дем албай туруп калдык. Ар түрдүү момпосуйлар экен. Ликерлүүсү, жылтырак кагазга оролгон шоколад-дары бар эле. Сонун даамы, көрүнүшү бизди сонуркатып, тамшандырды.
Анын эмгекчилдиги пахта тергенде да көрүнчү. Жетинчи класста окуп жүргөндө бир пахта терүү мезгилинде эки тонна жыйнаганы үчүн сыйлыкка татып, Москвага ВДНХга жолдонгон. Бирок саякатка кийип барганга кийим жок, сатып алганга каражат да жок болуп, барбай калган.
Пахта теримге катышкан күндөрүбүз.
5-класстан 11-класска чейинки окуучулар жылдын эки айында пахта теришчү. Ыңгайлуу шарт жөнүндө кыялдануу мүмкүн эмес эле. Бул алардын ден соолугуна таасирин тийгизбей койгон жок. Мектептеги билим берүү сапаты тууралуу эч ким ойлончу да эмес. Адатта колхоздун маданият үйүндө же мектептин маданий иш-чаралар өтүлүүчү залында, жерге жатчубуз. Бир дубалдын түбүндө балдар, бир дубалдын түбүндө кыздар, секиде болсо мугалимдер жатчу. Эртең мененки жана кечки тамакка үйдөн тамак-аш алып келчүбүз. Түшкү тамакты окуучулардын ичинен чыккан ашпозчулар даярдашчу.
Чоңураак балдар алы жок кичирээктеринин тамагын тартып алып, арыздангандарын уруп салышчу. Түнкүсүн абал жашы жете элек кылмышкерлер кармалган жайдын жашоо шартына окшочу. Мугалимдерди өспүрүмдөр тоготушчу эмес. Пахта терүү маалы келгенде, пахтанын бышып жетилгенине жараша өзгөрүп турар күндүк чен-өлчөм коюлчу. Айтылбаган эрежелер катуу сакталчу. Аларды расмий коюлбаган жетекчилер коюшчу. Мына ушундайча чоңдордун жашоосуна кошулдук.
Октябрдын жарымына жуук пахтанын кабыктары кургап, үстүңкү бөлүгү учтуу болуп калчу. Балдардын манжалары жабыркап, саргарып ириңдеп кеткенде лейкопластырь чаптап алышчу. Бул аларды жумуштан бошотчу эмес. Мунун азабын, өзгөчө денелик өзгөрүүлөрү жүрүп жаткан кыздар тартчу. Мындай учурда керектүү денелик камкордук көрүүгө санитардык шарттар туура келбей, түзүгүрөк даараткананын жоктугу да азапты көбөйтчү. Бөлүнүп чыккан заттардан бошонуу үчүн талаага барышчу. Он күндө бир жуунуп, тамакашын камдап келиш үчүн автобустар менен үйлөрүнө жеткиришчү.
Балдарды пахта тердирүү боюнча 60-жылдары биринчи жолу эл алдында Комсомолдун борбордук комитетинин секретары Лобусов сын айтты. Көп өтпөй ал башка жумушка которулду. Мындай “эмгек тарбиясынын” балдардын ден соолугуна да, билим алуусуна да кесепети тийди. Ошол мезгилде биз өңдүү өспүрүмдөргө окуучулардын арасында өкүм сүргөн маанай майдай жакчу: алгачкы жактыруу сезимдери, ыр-бийлер, кечкисин аккардеондун же граммофондун музыкасына бийлөө; кечки көңүл ачууларды чыдамсыздык менен күтчүбүз. Мектептеги катаал көзөмөл бошоп, анын ордун ата-эненин көзөмөлүнөн да, мугалимдердин көзөмөлүнөн да бошогон эркин жашоо ээлечү.
11-классымда Сузак районунун Коммунизм колхозунун пахта талаасында иштедик. Колхоз председатели тартипти катуу кармаган, күжүрмөн Юнусов Олимжан эле. Ал кымбат ноотудан, коргонуу түсүндөгү (айлана-чөйрөгө түспөлдөш) гимнастерка, галифе шым (багалеги тар, өйдө жагы кенен, өтүк менен кийилүүчү шым) жана хром өтүк кийип жүрчү. Өтүгүнө камчы кыстарып алаар эле. Таң эртеден кеч күүгүмгө чейин анын ат үстүндө пахта талааларын кыдырып жүргөнүн көрөр элек. Каардуу көрүнгөн жүзүнүн артында берешен кожоюндун ак ниет жүрөгү катылып турчу. Махаллада жашаган колхозчулардын арасында тартип бузгандар жок эле. Тынчтыкты бүлүнтүүчүлөргө колдонулган эң катаал жаза коомдук бирикменин аймагынан сыртка чыгарып салуу болгон. Андан көп убакыт өткөндөн кийин, республикалык парламенттин депутаты болгонубузда жыйындар залынан жолугуштук. Атам тууралуу көп нерсе айтып берди. Бир жолу толук бир сутка шахмат ойноп, бирок бири бирин жеңе алышкан эмес экен.
Ал ортодо үй-бүлөбүзгө кезектеги сыноо келди. Атам катуу ооруп, жергиликтүү дарыгерлер дартын аныктай алышпай, Ессентуки курортундагы минералдык заттары бар ылай менен дарылоо курсунан өтүүнү сунуш кылышты. Курортко 1956-жылы барганы менен, жылыш байкалган жок. Атамды айыктыруу үчүн үй-бүлөбүз менен анын кичи мекени Токтогулга бардык. Ал өзү көнгөн абаны дегдеди, бизди малчылардын оор эмгеги, айылдыктардын тиричилиги менен тааныштыргысы келди. Айылдыктар үчүн эң эле бакубатту жер байыртан бери Арым жайлоосундагы жай мезгили болучу. Бул бийик тоолуу жайытка колхоздун отор койлорун айдап келишчү. Катаал кыштоодон кийин бүт айыл эли кур-гак, ысык тоо этегин таштап, бийик тоонун салкын көк шиберине жайгашышчу.
Жайлоого чейин күндүк жол эле. Айылдан чыкканда эле жапайыланып кеткен өрүк бактары, ит мурун бадалдары жана жапайы жүзүм кезигет. Жалгыз аяк жол кооз капчыгайды аралап, хрусталдай мөлтүрөгөн тунук сууну бойлой кетчү. Кээ бир жерлерде бул жол тоонун аскалуу бооруна такалып, бир жагынан бир нече ондук метр бийиктиктеги жар менен жанашчу. Аттар мындай өтмөктөргө көнгөн, адат-та тоодогу жолдор аларды башкарышпайт. Чабандестер тизгинди бош таштап, аларга ишеним артышат. Аттардын жергиликтүү тоолук породасы кыргыздар 4000 жыл илгери өстүрүшкөн ат тукумунан алынгандар. Туяктары бек, такалоонун кереги жок.
Ат менен топозго (3–4 миң метр бийиктикте жашаган, жүк артылуучу алмаштыргыс жаныбар) ар кандай жүк өзгөчө аракет менен жүктөлчү. Жолдо кечип өтүү кыйынга турган тоо суусу агып өтчү. Бул күргүштөгөн агымга туруштук берүү үчүн болгон күчүбүз менен тырышчубуз. Эс оодарган узак жол туш тарабынан тоо кыркалары менен чектелген кең өрөөнгө алып келчү. Таң бул жерге кечигип атып, күүгүм маалынан эрте кирер эле.
Бет маңдайыңда каакымдардын сары баштары, чөптөрдүн бышып жетилген машактары. Жыш өскөн сабактарда түркүн майда жандыктар кыбырап тирлигин кылышат. А тиги тик жардан ары, алыс-алыс мунарыктап турган жакта аппак болуп жаркыраган тоо чокулары. Коркунучтуу саякатка кетип калышыбызды каалабай, улуулар озунуп бизге түркүн жемиштерден татканып жыргаган аюулар жөнүндө айтып беришчү. Бардык жерде жайылып жүргөн мал көрүнөт. Ал үпү гүлдөрү менен кооздолгон зымырыт түстүү килемде боз үйлөр ар кандай жайгашкан. Ошол боз үйлөрдүн бирине үй-бүлөбүз менен жайланыштык.
Эң эле кызыгы – жакын турган тоолорго чыгып, мылтык менен мергенчилик кылуу эле. Патрондор катуу тартипте чектелүү. Бир жолу иним Олег жолдуу болду. Ал улар атып алды, мергенчи үчүн бул сейрек кездешүүчү олжо. Жайлоодон Токтогул совхозунун улуу чабаны, Социалисттик эмгектин баатыры, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты Мамбет Абылдаевдин туугандары, атасы менен мамилелешип калдык. Мамбек өмүр бою чабан болгон. Аны билгендердин эсинде анын өзүн бактылуу сезип, жылмайып жүргөнү калыптыр. Анын жылкыларынын арасында оюн салып жүргөн тайлары бар эле, атамдан анын бирөөнү кармап минейинчи деп сурандым. Улуулар Кожомжарды мындай сааттуу ишти кой, мындай азоо айбан бала кезинен аттын кулагы менен тең ойногон чабандын балдары үчүн да кооптуу деп тыйышты.
Атамдын дарылануу мезгиси. Ессентук шаары, 1954-жыл.
Үйрөтүлбөгөн немелер минген баланы эмне кылышарын айтып болбойт. Ээри жок, жүгөнү да жок, үркүп кетсе ала качып, болгон күчү менен чуркай турган болсо, кармап жоошутуу кыйын болмок. Бирок атам менин көңүлүмдү кыйбады. Тайды кармап, мойнуна аркан салышты да, мени мингизип туруп коё беришти. Күлүктүн жер чапчып жүгүргөнү мени кең өрөөндүн мейкинине алып учту, кулагымда шамал шуулдайт, жан жагымда калың карагайлуу токой учуп өтүп атты. Аң-дөңү жок, чөптүү тегиз талаада тоскооло бол-гон эч нерсе жок, мен тай үстүндө ишенимдүү карманып бараттым. Ошентип, алгачкы тажрыйбам мени алга сүрөй турган жүрүш болду. Андан кийин аттарды чаптырып, чабандардын балдары, бир туугандарым менен аламан байге талашып, ар кандай мелдештерге катышып жүрдүм.
Улуу агама Мамбет улак тартыш учурунда жакшы атты ишенип тапшырды. Аттардан тышкары айылдыктар дайыма эшек кармашчу. Анын кубаттуу денеси өз салмагынан оор жүктү да ташый алат. Эшек минип алып, бир топ алыс жерлерге барчубуз. Көнгөн жерине акылдуу жаныбар текиреңтаскак салып жетип келчү. Эшектен жыгылганга караганда, аттан жыгылган оңой. Эшектен жыгылганда эт ооруп калмайы бар сөзсүз. Ажы деген жайдары, ак көңүл тууганыбыздын зоот, кара эшеги бар болчу. Азоо эшек эле, өз кожоюнунан башканы жанына жууткусу келчү эмес, мөңкүп, кажырлуу киши болсо да оодарып түшмөйүн жоошучу эмес.
Атамдын улуу агасы Шабдан чоң атаны терең урматтачубуз. Жайкалган ак сакалы, салмактуу басыгы сөөлөттүү эле. Кечкурун оокат-тиричилик тууралуу же өткөнкеткенден жай баракат кеп салып бергенин чоң кызыгуу менен укчубуз. Ал мага экрандагы Бухара эмиратын баяндаган кино тасмадан түшө калган жогорку даражалуу төрөнү элестетчү. Менин элестөөмдү анын өңү-түсү кубаттап турар эле. Уулу, апам менен жашташ Төлбашы райондун борборуна салган үйүн бизге узакка созулган үч жылга чейин, атам айыкканча берип турду. Кожомжар атанын кичүү иниси Ку-лаш аке жүк машина айдачу. Ал кезде Нарын аркылуу өткөн көпүрө жөнүндө кыялданчу да эмеспиз. Капчыгай аркылуу өткөн дарыяны бойлото жол салуудан башка айла жок эле. Айдоочулар Жалал-Абаддан Токтогулга ошол жол менен өтүшчү. Кулаш аке ошол жол тууралуу ар кандай коркунучтуу окуяларды айтып берчү. Дарыянын ар бир кайрылышы Нарынга кирип бараткан машиналар менен эсте калган.
Акем узун бойлуу, кадимкиден башкача күчтүү, шайдоот, тамашакөй адам эле. Эски жолдо каттаганда аман жүрүп, жаңы жолдогу жол кырсыгынан оңоло албай көз жумду.
Атамдын кичүү карындашы Мейлихан апа күйөөсү, эки баласы менен Ошко жакын Жапалак айылында жашачу. Бири-бирибиздикине конокко көп барар элек, туугандардын ичинен алар менен байланышыбыз тыгыз эле. Ал аябай сарамжал, ак көңүл аял болгон. Акча тартышта дайыма аларга кайрылчубуз. Ата-энебиздин мууну согуштан кийинки оор жылдарда, чарбачылыктын калыбына келүү жылдарында жашады. Жоготуулар жана каатчылык аларда сыймыктанганга татыган сапаттарды калыптандырды: кайраттуулук, өзүн курман кылууга даяр болууга, тилектештик. Ошол окуялардын күбөлөрүнүн көбү азыр арабызда жок. Согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки жылдардагы балдар алардын эскерүүлөрүн угуп үлгүрүп калышты. 50-жылдар-дын акырында Хруөевдин өкмөтү мөмөлүү бактарга салык салып, шаарларда жана жумушчулардын айылдарында мал, үй канаттууларын бакканга тыюу салганда каатчылык күчөдү. Бул иш-чаралар кайгылуу аяктады: бактар жапырт кыйылып, малдын баары союлду. Чакан чарбабыздын жардамысыз калдык. Сойгонго болбой турган мал айдап чыгарылды. Эшектердин үйүр-үйүр болуп көчөлөрдө, жакынкы талаалдарда каңгып жүргөнү көңүл чөгүү, жоготуу жана кайгыны туюнтуп турду. Башында алар ээлерин кайгыга салып, короолоруна кайтып келип жүрүштү. Алардын көнгөн орундарына кабыл алынбай, дарбазанын жанында мүңкүрөп тургандары жалпыга керексиздиктин, ташталгандыктын жана өкүнүчтүн күүсүн салып турду.
Айланабыздагы мал баккан туугандарыбыз менен мамилелешүүдө биз элибиздин улуттук салтын терең тааныдык. Аны менен бирге бийликтин терс тажрыйбасынын, эң жаман иштеринин элге таасирин көрүп-билдик. Күн кыскара баштады. Жайлоодогу күндөрүбүз соңуна жакындап, кете турган мезгил да жакындап келатты. Бат-баттан күн жашынып, тоо чокуларынан кара булуттар жылып келип, өрөөндө шамал удургуй баштады. Шамал аба ырайынын жаңы маалына жол ачты. Кар жаап салчу да, тоо кырларын ак мунарыкка чүмкөнүп калар эле. Жайлоодо өткөргөн күндөрдү эстесем, азыркыга чейин жүрөккө жылуулук уялайт. Денеге пайдалуу азыктар – кымыз, сүт, бешбармак, боорсок, каймак жана айран. Кол менен жасалгыс пейзажы менен көп жагынан бизге окшош Швейцариянын үрп-адаты, 400 жылдык тажрыйбасы боюнча сыр жасаганды үйрөнүүнү колго алсак кана. Бийик тоолордо биз эмгекчил, март жана чыдамдуу ата-бабабыз ээлеген жерди көрдүк.
60 жылдан ашуун убакыт өтсө да, арабыздан өтүп кеткен ондогон туугандарымдын бейнелери эсимде калды, көптөрүнүн мүнөзү эсимде.
Ата-энем – Кожомжар жана Мария (жаш кезин көргөндөрдүн айтуусуна караганда апам сулуулугу менен айырмаланган) тууралуу жазууга киришкенче көп убакыт өтүп кетти. Алардын мүнөздөрүн жазып калтыруум туура экенине бекем ынандым. Атамдын алысты көрө билгичтигин азыр ого бетер даана билдим, жашоонун улуттук түркүн түсүн көрбөсөк, ата-бабабыздын рухун боюбузга сиңирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калмак экенбиз. Дээрлик жарым бөлүгү бийик тоолордо жайгашканы менен мактана ала турган өлкө саналуу эле. Болгондо да анын 40%ы керемет жайлоо жана анын маанилүү бөлүгү бийик тоолуу жайыктар. Үй-бүлөсү менен, балалыгын эсине салган шарттарда, туугандарынын курчоосунда, таза абада жана дарылык касиети бар тамак-аш менен азыктанып өткөргөн убакыт атамдын күч-кубатын толук калыбына келтирди. Ал Карл Маркс атындагы колхоздун бухгалтеринин жардамчысы болуп ишке орношту. Ошол кездеги жакырчылыктан караганда да бул жарды чарба эле. Жарыбаган акча болсо да, айлык төлөшчү.
Эптеп-септеп жан сактоо үчүн атам колдонулбаган, колдонууга ыңгайсыз жер чегин ижарага алды. Тоо этегинде жайгашканына улам, талааны сугаруу кыйынга турду. Анын үстүнө таштак да жер экен, ташын да тазалоого туура келди. Мына ушундай жерде ижара келишими боюнча колхоз үчүн жүгөрү, өзүбүз үчүн күнкарама өстүрүү керек эле. Талааны жүгөрүнүн жаңы бышкан сүт кезиндегисин жакшы көргөндөрдөн (андайлар төрт аяктуулардын да, эки аяктуулардын да арасында аз эмес эле) коруу үчүн, четине алачык тигип кайтарып жашоого туура келди.
Атамдын Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын каармандарынын атынан атаган улуу балдары – он алты жаштагы Автандил менен он үч жаштагы Тариэл жакын жердеги адырларда эмгектенишчү. Июль-август айындагы күндүн куйкалаган ысык маалында, жыты аңкыган нан жапканда тандырга жагыш үчүн карашыбактын сабагын жыйнашчу. Бадалдарды кетмен менен кыйышчу, кээде аарынын уюгун байкап калышып, абайлап, айланып кеткенге аракет кылышчу. Бирок каракурт каптаганы жаман болчу. Аны байкоо оңой эмес эле, ал турагын кургак бутактардын арасына, жер кыртышынын үстүңкү катмарларына салат.
Чарчагандан талып турган бүткөн боюң менен болушунча керилип, жылдыздуу кара баркыт асмандын алдында, шырдактын үстүндө жаткан жылуу түндөр эсиң оогончо иштегенден кийинки эң сонун учур эле. Кой жүнүнөн жасалган шырдак жыландан жана уулуу курт-кумурскалардан жакшы коргочу. Бир жолу тоодон бир кой түшүндүрүп бере алгыс туюм менен анча чоң эмес ташты жылдырып, анын артында жашынып турган чаянды таап, ошол замат жеп алганына күбө болгом. Жылдыздарга карап жатып, балдар күмүш жолду байкашчу. Байыркы кезден аны Саманчынын жолу деп аташчу. Анда жыбыраган калың жылдыздардын ар бир чаңчасы көрүнүп турчу. Ошентсе да, Саманчынын жолунун түпсүз тереңдигине көз карашың чөгүп кетер эле.
Атамдын бай-дөөлөттүү Кетмен-Төбө өрөөнүнүн кылымдардан берки окуяларын, кыргыздын аңыз-кепке айланган жеңилбес баатыры Манастын жүрүштөрүн жана болгон окуяларды айтып бергендери бизди алдейлеп, кантип уктап калганыбызды билбей калар элек. Балдарын уйку жетелеп баратканын билгенден кийин атам сөзүн токтотчу беле, же атайылап кызыктуу жеринен токтоп калган кезде биздин “анан?” дегенибизди жоопсуз калтырбаш үчүн, канчага чейин сүйлөчү эле, азыркыга чейин билбейбиз. Мүмкүн ал бул окуяларды унутуп калбайын деп же дагы майда-чүйдөсүн толуктаганга, өзү үчүн кайталачу болуш керек. Ошондогу бизге жана биз курактуу балдардын баарына эле ата деген дүйнөдөгү акылмандыктын баарын өзүнө жыйып турган, баарын билген адамдай сезилерин айтуу деле ашыкча болор.
Таң заардан куштардын сайраганынан ойгонгонубузда атам жок болор эле, бизди ойготпой, талаага кетчү. Андан кийин биз анын артынан, дыйкандын мээнеттүү ишине жөнөчүбүз. Дээрлик адам чыдай алгыс шарттарда ата-энемдин жана улуу агаларымдын жардамы менен үй-бүлөбүз кыйынчылыкка туруштук берип, бул сыноолордон татыктуу өтүп, мурдагыдан да ынтымактуу, бекем болуп калдык.
Биртуугандар. Биринчи катар: Менин келинчегим Светлана кызыбыз Ирина, уулубуз Владимир, атам-апам жана Тариэлдин колуктусу Светлана уулу Марат менен. Экинчи катар: Улукбек, Автандил, Тариэл, Сергей.