Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров - Страница 5

Ноокат Билимканасы: Келечекке саякат
Экинчи этап

Оглавление

Кыргызстандын тоолу аймактарында 40 мектеп-

лицейлерди уюштуруп берүү.


Кыргыз элине жакын тууган болгон карачай элинин мыкты өкүлү Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев чындыгында өлкөбүздүн бакыты үчүн жаралган экен. Бул акылы терен инсан эми колунан өсүп жетилген шакирттеринен Ноокат билимканасы тибиндеги Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында 40 мектеп-лицейлерди уюштуруп бересинер деп талап коюп жатат. Ар-бир райондо жок дегенде бирден лицей сөссүз болушу керек, антпесек таланттарыбыз өсүп-өрчүбөй жок боло берет деп.


Кыргызды басмырлаган өнөкөт


Көпчүлүк ата-эненин

бизде калыптанган адаттагыдай,

өсуп жетилип бараткан балага,

анын баскан-турганына

көңүлүн чындап бөлүүгө,

анын жан дүйнөсүндө

эмне болуп жатканын,

кандай кыйынчылык, азаптарды

башынан өткөрүп жатканын —

мунун баарын ата-энелер этибарга албай,

жашап көнгөн мындай нерсеге кызыкпай,

баланын иши баланыкы деп,

тарбия иштерин баарын мектепке жумшап коюп,

өзүн өзүлөрү алдашып.

Ушинтип ата-энелер, улуулар

өз иши менен алпурушуп,

өз проблемаларынан баш көтөрө албай,

кызмат, карьера, байлык,

тууган менен катышка, аш-тойлорго баш-оту менен берилип,

жашоодогу эң негизги, эң кымбат, эң асыл байлыкты,

түбөлүктүн булагын, башатын,

эртең эле келечекке умтулуучу ракетаны 

өз баласынын тагдырын

унуткарып коюшат ата-энелер,

кудум кыргыз тилин, мектебин, маданятын унуткандай,

же баласын кара ишке жумшап,

андан башка эч нерсеге үйрөтпөй,

жаралган болот дагы бир Кыргызстанда

тачка түрткөн жигит базарда,

же мекенинен алыс кетип, таштап алтын жерин,

чочко багып бөтөн элде,

пол жууп, туалет казып,

эптеп күн көрүп өзүн таппаган адамдай,

кыдырып бүтсөң да ааламды,

чыга албай баягы эле абалдан.

Ошентип күндөн күнгө.

көр турмуш, тириликтен баш көтөрүлбөй

калат баланын тагдыры жер төлөөдо, көз жаздымда,

ачылбаган гүл, жазылбаган ыр, айтылбаган сыр оңдүү

уланып мындай чабалдык муундан муунга,

«ак сөөк» адамдын баласы учуп ааламга,

кедей-дыйкандын тагдыры өтүп эски арабада.


Бүгүнкү күндө ушинтип Азрет-Алий агайдын «наполеондук» стратегиясы аркылуу Кыргызстандын туш тарабында 15 физика-математикалык багытындагы лицей-мектептер түзүлүп, мыкты балдар менен мугалимдерди тандоо астында өз ишин баштады десек болот, дагы бир нечеси жаңы окуу жылдын башталышына чейин уюшулушат. Ал тургай республикабыздын сырт жагында да, Казакстандагы Кыргызстанга чектеш райондорунда бул үлгү кеңири тарап, ушул принципте айылдык казак лицейлер пайда болууда, Өзбекистандын кыргыздары да лицейдин идеясын жылуу колдоп, өз жерлеринде билимканаларды ачууга, Кыргызстандын Академиясынын математика институту менен тыгыз байланышта иштөөгө аракеттенүүдө.

Кыскасы, Азрет-Алий Боташев менен Өмүрзак Мамаюсупов кыялданган 40 лицей келерки эки-үч жылда эле түзүлүп, кудум Ноокат билимканасындай жандуу иштеп калышына терең ишеним бар.

Эгерде сиз дагы, окурман, педагогиканын азыркы оор абалына кайдигер эмес адам болсоңуз, эгерде сиз дагы өзүңүздүн туулган айыл-кыштагыныздын эртеңи жөнүндө бушайман болсоңуз, балким сиз дагы айылыңызга мындай лицей-мектепти ачып бергиңиз келээр? Балдарыңыздын келечегине, журтуңуздун бактына. Анда сиз менден сурашыңыз ыктымал: «Лицейди уюштуруу үчүн биринчи ирээтте эмнеден баштоо керек? Кимге кайрылабыз? Кантип окуучуларды, мугалимдерди тандайбыз? Кайсы жактан материалдык каражаттарды жана техниканы, илимий жардамды күтүүгө болот?»

Миң уккандан көрө бир көргөн жакшы дегендей, Ноокат билимканасына чыгымданып барып келгениңер эң жакшы болмок, ошондой эле Бишкектеги «ЭЖИАД» соопчулук фондунун офисине кайрылсаңар бул тууралуу кеңири маалымат ала аласыңар. Анын дареги жана телефондору бул китептин башында келтирилген. Мен дагы өзүм көрүп түшүнгөнүмдү силерге жеткирүүгө аракеттенемин.

Лицейди ачкандан мурда, аны колдоочу фонд сөссүз түзүлүшү ыктымал. Ноокатта бул фонд жогоруда айтканыбыздай «Талант фонду» деп, аталат. Кадамжай районундагы «Келечек» мектеп-лицейин «Исфайрам» фонду колдойт.

Фонд түзүлмейүн, ал турсун өзүнүн коммерциялык иштерин баштамайын лицейдин чындап түзүлүшү да күмөн. Жаш таланттарды өстүрүү үчүн далай мээнет жана каражат сарпталышы абзел. Балдарды жылуу тамак, жатакана, өзүнчө окуу кабинеттер менен камсыз кылуу, ошондой эле аларга терең билим берген мугалимдерге айлыгын көтөрүү, ар-түрдүү семинар, конференцияларды, олимпиадаларды материалдык жактан каржылоо – мунун баары, албетте, оңойго турбайт, мунун баары фондтун милдетине кирет. Кыскасы, фондтун ишин мыкты бизнесмен башкарса эң жакшы болот. А фонд ачылуу үчүн эмне кылуу керек? Фонд бул кадимки эле эч кимге көз каранды эмес кичи ишкана тибиндеги коммерциялык структура, өзүнүн мөөрү, бланкалары, жергиликтүү банкта эсеби ачылат. Ошондуктан биринчиден фондтун уставдык фонду чогултулуш керек. Маселен, «Исфайрам» фонду уюшулуп жатканда Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Майдан, Чавай айылдарынан 300 педагогикага кайдигер эмес адамдар чогулуп, ар бири 5—10 сомдон өз чөнтөгүнөн чыгарып, ортого салышкан, 2500 сом топтолгон, ушуну менен фонд мыйзамдуу түрдө негизделди. Демек, лицейди ачуу үчүн, фонд уюштуруш керек, а фондту уюштуруу жергиликтүү элдин макулдугуна байланыштуу болот.

Лицейлердин астындагы фондтордун коммерциялык иштерин координациялоо максатында, ошондой эле мүмкүнчүлүк болгондо техникалык жана финансалык жардам кылуу үчүн Бишкекте жогоруда бир нече жолу атап кеткен «ЭЖИАД» соопчулук фонду түзүлгөн. Мындан тышкары, лицей-мектептердин системасын өнүктүрүү үчүн «Мугалим-инвест» аттуу эл аралык холдинг корпорациясы да уюштурулууда. Ушул эки инициативдуу уюм аркылуу Бишкекте лицейлердин жана алардын астында түзүлгөн фондтордун ишин координациялоо максатында атайын борбор түзүлгөн. Ал борбор учун тиешелүү оргтехника (компьютер, факс жана башкалар) сатып алынып, бул аппаратураны иштете алган жогорку квалификациядагы персонал болунуп берилген.

Илимий жактан болсо лицейлердин ишин УИАнын астындагы математика институту жана жаңыдан уюшулган эл-аралык педагогикалык академия (МАПН) тейлейт. МАПН келечекте лицейлерде иштеген окутуучулардан илимдердин кандидат жана докторлорун даярдап берүүгө багыт алмакчы.

МАПНдын уюштуруучуларынын арасында ЭЖИАДтын жетекчилеринен тышкары Кыргызстандагы белгилүү илимпоздор жана педагогтор Д. Асанов, академик Измаилов, Р. Ачылова жана башкалар бар.

«Бул система күчүнө чындап киргенде 40 лицей-мектептер ар-ар жерлерде түзүлүп, аларга Өзбекстан, Казакстандагы лицейлер да кошулуп өзү аткарган грандиоздуу ишин жалаң гана айылдык таланттуу окуучуларды дүйнөлүк стандарттагы билим берүү, тарбиялоо менен чектелбей, өзүбүз көрүп жаткандай ошол эле алыскы тоолуу айыл-кыштактардын жашоочуларын чыныгы бизнеске акыл-эстүү, цивилизациялуу түрдө аралаштырууга көмөктөш болуп берет. Бул «тарбиялоо иштери» да ЭЖИАДтын пландарында бар. Анын глобалдуу системасы аркылуу алыскы тоолуу аймактардагы лицейлер бири-бири менен ар-түрдүү жактарынан тыгыз байланышып, Бишкектеги борбордон координацияланып чет элдик жаңылыктарга убагында бардыгы кабардар болуп, ошол тоолу аймактын ар-тараптуу өнүгүү жолуна мыкты мүмкүнчүлүк, шарт-жагдай түзүлүп жатпайбы. Окуучулар да, мугалимдер да, ата-энелер да бардыгы «дүйнөлүк стандарттагы» чоң ишке аралашууга, тынбай, үзгүлтүксүз ар-тараптуу, көп кырдуу билимге эгедер болууга, өзүнүн күнүмдүк турмушун кескин түрдө жакшыртууга ушул лицейлердин ажайып системасы аркылуу кеңири жол ачылып жатпайбы.

Качан, кайсы убакта, ким силерге дагы ушундай сунуштары менен кайрылып келген, урматтуу элеттик калын эл-журт? Эзелтен мектеп, лицей ачылса да сөссүз түрде ири шаарларда ачылып, аерде жалаң гана чоңдордун былтыйган балдары окуп жүрбөдүбү? Окуганда да орус тилинде окутуп, өз эне тилинен, маданиятынан улуттук үрп-адаттарынан биротоло айрылган адисттер, жетекчилер, илимпоздор козугарындай жайнап, элибизге пайдасынан зыяны кеп болуп жатпадыбы? ЭЖИАДтын силерге кайрылганы, урматтуу тоолуктар, бул өзү кыргыз элинин терең урматтонун белгиси. Анткени, улуттук маданиятыбыз да, илимибиз да, келечегибиз да силердин колуңарда эмеспи.


Кылымдын өзөктүк чындыгы


Орус тилди жоготсоң – Россияны жоготкон болосуң, англис тилинен айрылсаң – бул дүйнөнүн төрт тарабынан, Батыштан, анын технологияларынан айрыласын, арап, фарси, кытай тилдерин билбесең Чыгыш дүйнөдөн кабарсыз болосуң – ал эми кыргыз тилин жоготсоң – бүт баарын, Ааламды жоготосуң.

Бул жөн эле поэзиялык метафора эмес, бул – так илимдер тарабынан абдан кылдат далилденген улуу чындык болот.

Анткени эне тил акылдын төрүнүн, биздин подсознаниебизде сакталып жаткан чексиз ааламдын байлыктарынын, катылган сырларынын ачкычы, башаты, уюткусу, катализатору, эбегейсиз өзөктүк (ядролук) энергиянын кампасы болот.

С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат

Подняться наверх