Читать книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров - Страница 7

Ноокат Билимканасы: Келечекке саякат
Баштагандандын жолу азаптуу болот

Оглавление

Биз Ноокат билимканасы бүт бардык проблемаларды ийгиликтүү чечип элдин сый-урматына бөлөнүп беймарал отуруп калдык деген ойдон алыспыз. Кыйынчылыктар, оор адашуулдар, жоготуулар, оркойгон кемчиликтер бул жерде да жок эмес. Лицей эми гана бутуна бекем туруп келе жатат, анын материалдык базасы жагынан ушул сыяктуу чет элдик лицейлерге Ноокат билимканасын салыштырууга болбойт. Алар менен теңелиш үчүн дагы көптөгөн каражаттар, инвестициялар, эмгек жана убакыт сарпталыш керек. Биринчиден лицейдин имараты, окуу корпусу абдан тар, мындай окуу стандартына таптакыр төп келбейт, ылайыкталган эмес. Жатакана да ошол эле кейиштүү абалда. Ар-бир бөлмөдө беш-алты лицеист бирге жашаган болушат, бир тумбочка кээде эки адамга туура келет. Ошондой эле кысылуу шартында лицейдин окуу кабинеттери, лабораториялары, ашканасы жайгашууда. Ушул жагын эске алганда лицейде окугандардын жашоо шарты, образы кадимки «спартандардыкындай» десе болот.

Анын үстүнөн билимканада чын эле байыркы Грециядагы атлеттердикиндей, балдардын билим жаатында бири-бири менен конкуренция, таймашуу, эрегишүү өтө күчтүү болуп кошумча кыйынчылыктарды, интенсивдүү окуунуну азаптарын туудуруп жатпайбы. Лицейде эрте менен саат алтыдабы же түндөсү саат 11—12би кирип калсаң окуу залында кайсы бир китепти «кемирип» окуган же бир нерсени жазып иштеген «олимпиецти» көрөсүң.

Эрте менен сегизден тартып, кечки жети-сегизге чейин окуганы, кошумча сабактарга катышканы, эртеңки күнгө даярданганы аз келгенсип. Лицейде, ачык айтуу керек, илимге, окууга багышталган фанатизм жок эмес. Көпчүлүк балдардын сабакка мындай ашыкча берилип кеткенин лицейдин кемчили катары бааласа болот. Физкультура, дене-тарбия, эс алуу маданияты дегендер биерде унутулуп калгандай сыяктанат. Ошондой эле лицей алыскы тоолуу айылда жайгашкандыктан, анын окуучулары шардык балдарга салыштырганда жалпы маданий кругозору, дүйнө таануусу жагынан бир аз өксүп турганын, мектептен тышкары спорттук, чыгармачылык, өнөрчүлүк секцияларга катыша албаганын байкаса болот. Бул көп жагынан мыйзамченемдүү көрүнүштөр. Айылдын деңгээли өзү биздин өлкөбүздө башынан тартып шаардын деңгээлинен асман менен жердей айырмаланып турган эмеспи.

А бул типтеги лицейлерибиз, урматтуу мекендештер, биринчи кезекте биздин коомубуздун ушул бейнормалсыз карама-каршылыгын, оор дартын жойдуру үчүн ачылып жатпайбы. Келечекте, ошол 21-кылымда шаар менен айылга, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй бир эл болуп цивилизациялуу түрдө жашайлы деген ниетте, биздин бүгүнкү балдарыбыз ошондо дүйнөлүк аренага чыгып, аерде өзүнүн ордун таап, мекенибиздин сыймыгы жана тиреги болсун деген ийги тилекте.

Лицейдин материалдык базасы бара-бара чыңалган сайын, окутуучулардын тажрыйбасы артып, балдардын ата-энелеринин лицейге бар болгон түшүнүгү, мамилеси өзгөрүп, өзүлөрү да тарбияланышып тарбия иштерине активдүү катыша баштаганда, көп бугунку кемчиликтер өзүнөн өзү эле жоголушу бышык. Кантпегенде, системанын жакшы иштеп кетүүсүнө, стабилдүүлүккө жетүү үчүн бир катар жылдар, а балким ондогон жылдар керектир. Ага чейин кыйналып иштегеңден башка айла жоктой туюлат. Алгачкы баштагандын жолу татаал, азаптуу болот эмеспи. А бирок ошого жараша биринчилер элдин тарыхый элесинде, сый-урматында бекем калышат. Кийин Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында балким жүздөгөн эң сонун, эң мыкты лицейлер пайда болоор, ошондо да алардын баары Ноокат билимканасын өзүнүн чоң энесиндей таанып, терең урматташат.

Биз жогоруда лицейде иштеген мугалимдердин орточо айлыгы жөнөкөй орто мектептин мугалимдердин айлыгынан эки-үч эсе артат деп айткан элек.

– А бирок жалпы республикабыздын финансалык абалынын начардыгынан, – дейт Тургунбай Жунусов, – Ноокат билимканасынын окутуучулары убагында айлыкты толук алалбай кыйналышууда. – Менин айлыгым 300 сомдон ашуун, убагында бул суммадагы акчаны алып турганымда, эч кандай материалдык проблемам жок болот эле. Райондогу банкыбыздын нак акчасы жоктугунан, айлыгыбыз убагында тийбей, төрт-беш ай кечигип алабыз. Соңку мезгилде райондун жетекчилери атайын мугалимдердин камкордугун көздөө аракетинде, алар үчүн айлыктын ордуна ошол эле суммадагы талондорду бере баштады. Ал талон аркылуу райондун кээ бир мамлекеттик дүкөндөрүндө негизги азык-тулук товарларды: нанды, кантты, унду жана башканы сатып алсаң болот. Тилекке каршы, бул товарлардын талонго сатып алуу баасы эки эсе кымбат туруп, натыйжада менин алган айлыгым 150 сомго чейин кыскарап жатпайбы.

Өмүрзак Мамаюсупов:

– Айла жок болгондо, кээде өзүңдүн чөнтөгүңөн мугалимдердин айлыгына акча чыгарып бересин. Ишти баштагандан кийин, анын аягына чыгыш керек да. Лицей материалдык жактан биротоло бутуна турганда гана эс-жайыбызды алабыз окшойт.

– Албетте, ушул сыяктуу күнүмдүк проблемаларыбыз арбын, – дейт лицейдин директору Саадат Саттарова. – Аларды чечүү үчүн бүткүл өлкөбүздүн экономикасы оңолушу, реформаланышы ыктымал. Ошого карабай, ушундай кыйын кырдаалда мугалимдерибиздин да, окуучуларыбыздын да лицейдеги абалын, жашоо-шартын жеңилдетиш үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасап атабыз. Баса, балдарыбызга күнүнө үч маал жылуу, сапаттуу тамакты жасап берүү да (лицейдин мугалимдери да эки жолу ашканада тамактанышат) биз үчүн оңойго келбейт. Ат менен райцентрге түшүп нан ташыган, велосипедде базардан жамгыр шатырап жааганда пияз алып келген күндөрүбүз болгон. Өкмөтүбүзгө дайыма карап, өзүбүз камырабай жатканыбызда, балдарыбызды кээ бири күндөрү тамак жагынан кыйнап койбойт белек – техника сынып же, эгерде кайсы бир себептерден бензин түгөнүп продуктулар убагында лицейге жеткирилбей калган болсо. Кудая шүгүр, буга чейин биздин балдарыбыз бир күн да жылуу ашканабызда нан тамаксыз калган жок. Азыр нан жабуучу электроагрегатыбыз, «тандырыбыз» да бар. Аны биздин шефповарыбыз Насиба Усманова жана анын жардамчысы Буниса Матмуратова эң мыкты иштете алышат – нан, боорсок, каттаманы жасап. Тамакты бышырганда да, ар-түрдүү Чечме-Сайдын айланасындагы адырларында өскөн адамга пайдалуу, витаминдерге бай өсүмдүктөрдү кошконду билет. Жазында бир аптада жок дегенде бир жолу адырга чыгып кийик отун, ысмалакты, тоо сарымсагын жана башкаларын терип жыйнап келет.

Айтмакчы, буларга чейин лицейде иштеген ашпозчулар тамакты дайыма бирдей сапаттуу жасай албаганынан, кээ бир ашыкча чыгашааларды, ысырапкордукту кетиргендигинен иштен бошотулган. Күндүгө ашканага лицейдин медсестрасы келип тамактын сапатын, санитардык эрежелерине жооп бергендигин текшерип кетет. Бул жагынан көзөмөл абдан күчтүү, анткени мугалимдер ар-бир окуучунун ден соолугуна жооп беришет. Лицейдин мурдагы директору да, математика боюнча мыкты адис болгонуна карабай билимкананын ишинде кетирген кемчиликтерден кызматынан бошотулганын кыстарып айтып кетким келет.

Лицейде дили таза, чынчыл, коомдук мүлккө, байлыкка көз арттырбаган, тескерисинче жеке өзүнүкүн балдарга, келечекке бөлүп берүүгө жараган адамдар гана иштөөгө тийиш. Ошондо окуу процесси да, тарбиялоо маселелери да, лицейдин материалдык жактан калыптануусу да алдыга алгылыктуу кадам жасай алат.

Бул жагынан эске алганда, ушул сыяктуу лицейди өз айылында ачабыз деген адамдар иштин башынан эле абдан кылдат, жоопкерчиликтүү жана так болууга ыктымал. Эгерде чындап эле дүйнөнүн деңгээлиндеги мектепти уюштурууну максат кылышса. Бул тамаша эмес. Биздин психологиябызда калыптанган өзүбүзгө көрүнбөгөнү менен дүйнөлүк бийиктиктен дароо эле оркоюп көзгө урунган эгоисттик, өзүмчүлдүк, ач көздүк, кийинки муунду кодулоо, кемсинтүү жана башка терс, анти-педагогикалык касиеттерибизден, традицияларыбыздан акырын айрылышыбыз абзел. Албетте, пейилди оңдоо деген бир күндүк иш эмес – бул багытта бүгүндөн тартып жан талашып иштебесек эртең өзүбүз жалпы дүйнөлүк көп байлыктардан, жетишкендиктерден куру калабыз.

С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат

Подняться наверх