Читать книгу Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны - Группа авторов - Страница 4
Атанын кыялдары, ишке аша баштаган ата-баланын кыялдары
ОглавлениеПайгамбарыбыз айтат: Байкагыла, байкагыла адам денесинде бир үзүм эт бар, ошол эт түзөлсө, бүт дене түзөлөт. Ал эт бузулса, бүт дене бузулат. Байкагыла, ал эт адамдын жүрөгү.
Жаздын ортолоп калган учуру. Айылдагы арыктардын боюнда катарынан жыш өскөн жийделердин гүлдөрү ачылып, айлананы буркураган жыты менен «мас» кылып, көңүлдү көтөрөт. Айланада чөптөр жашыл болуп, күндүн жагымдуу табы желкеден өтөт.
– Эне, чай ичели, – деди Жибек бир колуна жаңы жапкан нандарын көтөрүп, билегине дасторконду илип, суу себилип шыпырылган супага дасторконун жайып, үстүнө нандарын коюп кайненесин чайга чакырды. Дасторконду айланта төшөктөрдү кабаттай салып, үйдөн айран куюлган кардим1 менен пиалага куюлган каймакты койду. Демделген чайды алып келип, үч жолу кайтарып, «эне чайды үч жолу кайтарыш керек, биринчисинде деми чыгат, экинчи кайтарганда чайы чыгат, үчүнчү кайтарганда майы чыгат,» – дешип талаадагы келиндер айтып калышат.
– Нанга караңыз, быйыл кунаажыныбыз тууп берип, акка аралашып калдык. Балдар да сүт, айран ичишип өңдөрү да кызарып калышты. Өткөндө биргат ака, «айылда бала бакча ачылып жатат, ошого тарбиячы болуп иште. Мен күйөөң менен сүйлөштүм» деди. Балаңыз келгенде ишти айтсам иштей бер. Талаа-жумуштарынан бир аз да болсо эс алып каласың деди
– Экөөңө жакса иштей бер. Балдар менен болосүң. Мен болсо Калдарбегимди өзүм эле карайм. Экөөбүз айылчылап, тууган-уруктарды кыдырабыз. Менин жанымдан чыкпайт. Апоо, деп чулдураган тили менен көп нерсени айтып берет адамды зериктирбей, – деди кайэнеси.
– Анда, мен биргат акага, энем макул болду деп айтып койойун, – деди Жибек.
– Сенин иштей ала турганыңа көзү жеткенинен айтты да биргат. Согушту көрүп келди. Адамдардын кандай экенин билет. Иштей бер балам. Үй тирилигин өзүм деле жасап коём. Акыл-эс, ал-күч барында иштегенге эмне жетсин. Согуш болбосун. Тынчтык болуп, элдин курсагы ток болсо, заман оңолсо болду. Жаман күндөр да кетет. Ачка калган күндөр да кудай кааласа кетти. Эл кыйла тоюнуп калды. Ушул күндөрүбүздү кудай кут кылсын. Оомийин! – деп бата кылды. —Бүгүн тайенесиникине барып Калдарбегим экөөбүз конок болуп келели. Көптөн бери барып ал-ахыбалдарыбызды сураша элекпиз. Кудагый да небересин сагынып, жол карап жаткандыр.
– Качан кайтасыздар?
– Сагынычтарыбыз таркаганда кайтабыз. Эки кудагый расса2 сүйлөшүп черлерибизди жазып келели. Сен да иштериңди бизге алаксыбай жасап аласың. Жүр, Калдарбегим! Тайэнеңдикине барып конок болуп келели. Сагынычтарыбызды бир таркатып келели.
– Апа, тайэнемдикине барабызбы? Мен да барамынбы? – Кичинекей Калдарбек сүйүнгөндөн так секирип, – Кайсы көйнөгүмдү кийейин? – деп ичкериге чуркады. Кызыл чыттан тигилген көйнөгүн башына сала үйдөн чуркап чыкты. —Апа, көйнөгүм кийилбей жатат, кийгизип койчу? – деди чоң энесине. Шашкалактап алган. – Шипагим3 жок ко? Жыңайлак деле бара берем. Тайэнемдин үйүн билем. Жакын эле. Тез эле барабыз да, аа, апа? – Чоң энеси менен дайыма бирге жүрүп аны «апа» дейт.
– Ой, айнанайын шашкалагым. Кел көйнөгүңдү кийгизейин. Шипагиң каерде экен?
– Таппай койдум, издедим-м, издедим. Эч жерде жок.
Чоң энеси ичкери кирип кетти.
– Чын эле шипагиң көрүнбөйт ко, – деп бир топтон кийин үйдөн чыкты. Колуна көтөргөн түйүнчөгү бар.
– Апа мында эмне бар? – деп сөөмөйү менен түйүнчөктү сайгылап койду.
– Тайэнең үчөөбүз отуруп нават кошулган чайдан ичип, өткөн-кеткенден сүйлөшүп, черлерибизди бир жазып келели уулум, – деп түйүнчөгүн башына коюп, Калдарбекти колунан жетелеп чоң жолго чыкты.
Малдар, ат арабалар каттаган чаң жолдун бышкан топурагы кызыл ашыкты көмөт. Күндүн ысыгынан топурак майдаланып, адамдардын, малдардын издери даана көрүнүп турат.
– Апа, бутум ысып кетти. Жол ысык экен. Ысык болсо да баса берем. Ысык топуракка түшкөн артындагы издерин карап, менин буттарым кичине, сеники чоң экен ээ, апа, – деп божурап сүйлөп келе жатты.
– Айнанайын тилиңден. Тим эле чоң кишилердей сүйлөйсүң. Чоң кишилердин алдында антип көп сүйлөбө. Адамдар ар түрдүү болот. Кээ биринин көзү бар, кээ биринин тилинде мөөрү болот. «Алишердин кичинекей баласы укмуш сүйлөйт» экен деп көздөрү же сөздөрү тийип кетпесин.
– Адамдардын бардыгынын көздөрү бар го? – дейт таң кала Калдарбек.
– Кээ бир адамдар «паланчанын малы жакшы экен» деп карап койсо, малдары өлүп калат же ооруп калат. Андай адамдарды көздүү деп коюшат. Адамдарды да ошентсе алар да ооруп калышат. Сен да адамдардын арасында көп сүйлөбөй жүр, уулум.
– Болуптур апа. Сүйлөбөйм, – Калдарбек топурактын ысыгына чыдабай улам секирип коёт.
– Кел, менин артыма. Көтөрүп алайын, – деп чоң энеси жолдун четин чыгып отура калды.
– Апа, түйүнчөктү мен көтөрүп алайын. Сен мени көтөрүп ал, – деди кыткылыктап.
– Айнанайын, акылыңдан. Мага жардам берейин депсиң да. Бардыгын өзүм эле көтөрөм.
– Түйүнчөктү мен көтөрөм. Мени сен көтөрөсүң.
– Сен кыйналасың да.
– Кыйналбайм. Сенин артыңда кете берем да, апа-оов.
– Кел аркама, канчалык салмагың бар эле сенин, – Калдарбек чоң энесинин аркасына минди.
– Чо-о, деп кичинекей буттары менен чоң энесин теминип койду.
– Туйлабай, жөн отур. Мени кыйнасаң түшүрүп коём.
– Жөн кетем. Сен мени көтөрө аласың да, апа-оов.
Көлмө айылынан чыккан экөө Убакым деген айылга бет алышты. Анча бийик дөндөн чыккандан кийин чоң энеси:
– Кел эми бир аз дем алалы. Күн да ысып кетти. Өх, жаным ай! – деп жерге отуруп,
жонунан Калдарбекти түшүрдү.
– Апа-оов, чарчадыңбы? Мен оор бекемин? Мынабу түйүнчөк оор экен. Мен зорго көтөрүп келдим, – деп түйүнчөктү жанына койду.
– Аз калды, балам. Оногу көрүнгөн бак, таятаңдын үйү.
– Аз калыптыр. Мен өзүм эле басып барам. Кызыл ашыкка жеткен топуракты буту менен жирей Калдарбек чоң энесин ээрчип бара жатты.
Чоң жолдо эшек минген чал келе жатты.
– Арыбаңыз байбиче! Күн ысыкта жолго чыгыпсыңар го? Алыскабы?
– Бар болунуз. Жо-ок, мына бул жерге эле. Кудагыйымдыкына балам экөөбүз айылдап келели деп чыкканбыз.
– Жумагүл байбиченикине баратасыңарбы? Кемпирлер бүгүн сүйлөшүп бир чер жазат экенсиңер да? Эшекчен чал Калдарбекке көз салды.
– Уулум, кимдин баласысың? Атаңдын аты ким?
– Алишердин.
– Кайсы Алишер? Жанагы палвандын баласысыңбы? Бул кемпир сенин кимиң болот?
– Апам.
– Сенин апаң Жибек болот.
– Жибек апам, кичинекей апам. Айтолкун апам, чоң апам.
– Азаматсың уулум. Силерди жолдон кармап койдум окшойт. Хы-хы, – деп эшегин теминди.
– Оо, кудагый! Үйдө барсыңарбы? – деп чоң энеси добуш салды.
– Оо, азиз меймандар келгиле. Чыгыш жактан жагымдуу жел жүрүп жатканынан кымбат адамдардан келип калабы деп жаттым эле. Кымбаттарым келген турбайбы. Келиң, кудагый. Кандай, аман-эсен жатасыңарбы? Эки кудагый билектерин айкалыштыра амандашты.
– Апей, Калдарбегим чоңойуп калган турбайбы?! Келчи бери, бетиңден бир жыттап алайын. Көптөн бери көрүнбөй жаман сагынттың го берекем, – деп тайэненси чоң энесинин көйнөгүнүн этегин кармап эки кудагыйдын учурашкандарын көңүл коюп карап турган Калдарбекти кучактап, эки бетинен жыттап, пешенесинен өптү.
– Аман-эсенсиңерби, кудагый? Тирилик деп жүрүп ушул турган жерде да бири-бирибиз менен учураша албай жатабыз. Күйөө балам менен кызым дени сак жүрүшөбү? Неберелерим чоңойуп жатышабы? Айланайындар, аман-эсен болушсун бардыгы. Эл аман болсун, эл ичинде бардыгыбыз аман бололу. Оомийин, – деп тайэненси бата кылды.
– Бардыгыбыз аман-эсенбиз. Сизди сагынып кетип, Калдарбегим экөөбүз биякка жөнөдүк. Жибек да бала-бакчада иштеп жатат. Тынч иштеп алсын деп сизден кабар алганча, сагынычтарыбызды таркатып алалы деп келдик, – деди чоң энеси.
– Келгениңер жакшы болду. Эч ким жок сүйлөшкөнгө, аябай бук болуп кеттим эле. Апей, ботом силерге сүйлөп жатып, чай койгону эсимден көтөрүлүп кетиптир. Мен чай коёйун, – Дализде турган кара чайнекке челектен суу куюп, эшикке чыгып кетти. Анын артынан Калдарбек кошо чыкты.
– Зериге баштадыңбы? Бактын ичине кирип, өрүктөр аябай эзилип бышкан, алмалардын дагы шириндери, ачкылдары бар. Каалагандарыңды терип жей бер, айнанайын Калдарым. Сени аябай сагындым, балдардан эле башкачасың. Кудайым өмүрүңдү, бактыңды берсин. Силердин жакшылыгыңарды көргөнгө кудагыйым экөөбүзгө насип кылсын. Кел, дагы бир жыттап алайынчы? – тайэнеси аны кучактап, бооруна кысып, эки бетинен жыттап-жыттап алды.
Ал бактын ичине киргенде алма менен өрүктүн жыты өзүнө тартып, жерде эзилип бышкан сары өрүктү оозуна салды. Андан ары кыпкызыл болуп бышкан алмалардын түстөрү өзгөчө көрүнүп, алма үзгөнү дарактын бутагына асылды. Бышкан алмалар бутакка анын колу тиер замат бадырап жерге жайнап калды. Ал жерди карап, алманын сөңгөгүн кармап, жерге жылмышып түштү да көйнөгүнүн этектерин бири-бирине байлап, алмаларды койнуна сала баштады. Андан ары өрүктүн жанына барып, жердеги жайнаган өрүктөрдү салып, чай ичип отурушкан чоң энеси менен тайэнесинин жанына келип, «мен чоңойгондо силерди ширин өрүктөр жана алмалар менен багам. Магазинден нават алып келем, чайга салып ичесиңер», деп койнундагы алма, өрүктөрдү көйнөгүнүн этегин чечип жибергенде дасторкондун үстүнө жайнап калды.
– Ой, айнанайым ай, боорукерим ай. Караңчы кудагый, өрүктөрү кандай ширин, бизди ушул балабыз багат, – дешип эки кемпир анын айткандарына элжирешип, ооздоруна өрүктөн салышып, тамшанып жеп, аны алкыштап жатышты. Алардын мактоолоруна ал компоюп, алардын жанына жамбаштап жатып, ширин өрүктөрдөн оозуна салды.
– Өрүктөн кийин суу ичпегин. Чай ичкин, уулум, – деди чоң энеси.
– Мен чаңкадым, суу ичким келип жатат, – деди чоң энесинин айткандарын угуп.
– Өрүктүн артынан суу ичсең, ичиң өтүп кетет, ооруп каласың. Ооруп калсаң эртең чоң тайатаңдыкына барбай калабыз. Эртең чоң автобуска түшүп, Жалал-Абадга, андан ары Ак-Башка чоң тайатаңдыкына барабыз. Ме, бул набат кошулган чайдан ичип ал. Чаңкооң канат. Эшикке чыкканда арыктан жата калып суу ичип албагын. Ичиң ооруп калса сени таштап, өзүм кете берем. Сен үйдө жалгыз каласың, ичим ооруп атат деп үйдөгүлөрдү кыйнайсың.
– Мен суу ичпейм. Анда мени ала кетесиң да? Апа-оов, – деп чоң энесине жагалдана тигилди.
– Менин балам эстүү, кудагый көрдүнүзбү небереңиздин кандай акылдуу бала экенин, – деп кудагыйына карап койду.
– Эстүү бала да. Апасынын айтканын кылат, – деп тайэнеси аны мактап койду.
– Жүр уулум, чоң корозду кармайлы. Силер келип, кан чыгарбасам болбойт ко, – деп тайэнеси ордунан козголду.
Тайэнеси колуна жыгач табакка салынган жемди алып чыкты да, «тиги чоң кызыл корозду кармайсың» деп койкоңдогон корозду көрсөттү. «Мен жем чачайын, бардыгы келгенде акырын барасың да үстүнөн басып каласың. Бекем карма, колуңдан чыгарбай. Шек алып калса, качып келбей коёт».
– Түү-түү – деп тоокторду жемге чакыра баштады. Кызыл короз бир нерседен шекшигендей четтеги макалардан бирден чокуп, нары-бери басып, улам-улам айланасын карап коёт. Калдарбек короздон көзүн албай, демин ичине алып кыймылдабастан турат. Тайэнеси анын бутунун алдына макаларди чачты. Короз улам бирден чокулап ага карай жакындап келе жатты. Бутунун жанына келгенде ал короздун үстүнө боюн таштап жиберди. Короз кыкылыктаган боюнча анын буттарынын арасынан өтүп, эгилген маканин ичине кирди. Артынан Калдарбек чуркады, кууп жетпейт. Чарчаган короз чырмооктун ичине жашынды. Калдарбек анын үстүнө басып жыгылды. Тыбырчылаган корозду мойнунан кармап,
– Тайэене, корозду кармадым – деп бакырды.
– Кармадыңбы?! Алып кел бери, мергенчим, – тайэнеси сүйүнүп алган. —Азаматым, болор бала ушундай болот. Бекем карма, мен азыр бычакты алып чыгайын, – деп тайэнеси ичкериге жөнөдү. – Эми короздун башын кыбылага каратып, эки бутунан жана эки канатын буттарың менен катуу басып тур. Мурда тоок сойгон белең?
– Жок.
– Анда мен айткандай басып тур. Бычакты сабынан карма. Тайэнеси короздун башын кыбылага карап оңдоп, – биссимилла деп айт. Сол колуң менен башынан карма, оң колуң менен муузда.
– Тайэне, колум титиреп жатат.
– Азыр, уулум. Корозду, койду, малды эркектер гана соёт. Тайэнеси анын бычак кармаган колун кармап, короздун мойнуна бычак салды. Короздун мойнунан кан агып, Калдарбек корозду коюп жиберди. Башы шылкылдаган короз ары-бери урунуп, качып жөнөдү.
– Аа, айнанайыным. Колуң жеңил турбайбы. Башы жок, эч жакка качып бара албайт. Сен акырын барып кармап кел. Мен ысык суу алып келип, жүндөрүнөн тазалайын деп, тайэнеси очокто суусу кайнап жаткан кара чөөгүнгө жөнөдү. Ал арыктын жээгиндеги ачакай даракка тыгылып турган короздун денесин карап турду.
– Кармадыңбы? Алып кел, уулум. Тайэнеси кийизден жасалган туткуч менен кара чөөгүндү, тагараны алып келди.
– Коркуп жатам, тайэне, – деди ал дагы эле корозду карап.
– Эмнеге коркосуң? Сен деген короз сойгонго жарап калган жигит болуп калдың. Сен жигитсиң. Мындай иштерде кыздар коркот. Жигит адам баатыр болот. Сен корком десең аны уккан кыздар сени «коркок, коркок» деп шылдыңдашат. Алып келе бер.
Аңгыча үйдөн чоң энеси чыгып калды.
– Ой азаматым! Корозду Калдарбегим сойдубу? Ишке жарайт деген ушул. Жигит болуп калган турбайбы уулум, – деп чоң энеси анын кылган ишине ыраазы боло.
Калдарбек мууздалган корозду чарага салып, ага кайнаган сууну куюп жаткан тайэнесинин ар бир кыймылын карап турду. Короздун жылтылдаган жүндөрү суу тийгенде бири-бирине жабышып, сууга түшкөндөй болуп калды. Тайэнеси корозду экинчи капталына оодарды да калган сууну анын үстүнө чоргосунан чуурта куйду. Бармактары менен короздун жүндөрүн жула баштаганда Калдарбекке анча кызык көрүнбөй бакты карай басып кетти. Күн кечтеп, Ачы тараптан соккон сыдырым желге дарактардын баштары акырын ыргалып турганын кароо ал үчүн кызык болду. Бакка түркүн куштар келишип, ар бири өз тилдеринде чурулдашып, бүгүнкү көргөндөрү тууралуу сүйлөшүп жаткандай сезилди ага. Жерде жаткан алмалардан, өрүктөрдөн тандап, этеги байланган көйнөгүнө сала башталды. «Мен апам менен тайэнемди багам,» – деп ичинен кыңылдап, эңкейген сайын койнунан улам бир алмасы түшсө, бирде эзиле бышкан өрүктөр түшө берип жүдөп кетти.
– Калдарбек, каяктасың? – деген тайэнесинин үнү угулду.
– Азыр барам. Апам менен сизди багам деп алма, өрүк терип жүрөм, – деп көйнөгүнө толгон алма-өрүктөрдү араң көтөрүп бактан чыкты.
– Ой, айнананайым десе! Сен аябай берекелүү болот турбайсыңбы. Ушунчаны кантип көтөрүп жүрөсүң? Белиң ооруп калбасын. Жүр үйгө, тамак бышып калды, – деп тайэнеси анын көйнөгү толо алма-өрүккө көзү түштү.
Көйнөгүнүн байланган жерин чечип жиберип, дасторкондун үстүнө койнундагы алма-өрүктөрдүн бардыгын төгүп жиберди.
– Апа, силерди ушундай ширин өрүктөр менен багам, тайэнем экөөңөрдү, – деп мурдун «шуу» тартып койду.
– Ой, садагаң кетейиним десе. Сен гана бизди багасың. Тилегиңдей айланып, тегеренейин десе. Чоң энеси анын айтканына жетине албай, кызыл боордуу өрүктөн оозуна салды.
– Кудагый, мен супага жай кылайын. Кечки салкында, Ачы жактан келген шапатага бир сергип, тамак жейли. Короздун эти бышып калды. Нары кемпирлердин тамагы деп шавла кылдым, – деп тайэнеси, шыбак шыпыргыны алып эшикке чыкты.
Тайэнесинин артынан Калдарбек чыкты. Тайэнеси челекти алып, арыктагы суудан сузуп алып, челектеги сууга шыбак шыпыргыны малганда, шыбактын ачуу жыты буркурай түштү.
– Тайэне, чөптүн жыты жыттанып кетти, – деди ал мурдун «шуу» тарта.
– Мурдуңдан айланайын. Мунун жыт билгичтигин. Шыбак жыттанып жатпайбы. Азыр, мен сууну супага себейин. Ансайын сонун болуп жыттанат. Ушул жерге төшөк салам. Каалашыңча шыбактын жытынан жыттайсың. Шыбактын жыты өпкөнү тазалайт. Ушуерге жатабыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду, Кожо Насирдиндин жоруктарынан айтып беребиз. Бүгүн зерикпей, сүйлөшүп, жыргап уктайбыз.
Тайэнеси челекти илгичинен кармап, суу себе баштады. Күнгө какталган супадан жердин жагымдуу жыты чыга баштады. Тайэнесинин ар бир кыймылын карап, челектеги суу түгөнгөндө Калдарбек:
– Тайэне, челекти мага бериңчи. Мен суу алып келейин, – деп челектин илгичинен кармады.
– Кой, сен али жашсың. Белиңди оорутуп аласың.
– Мен деген чоңойуп калдым. Апама жардам берип, дасторконун көтөрүшүп келдим.
Анда, жарым челек эле суу алып кел. Ошо жетет.
– Майли. Ал арыкка барып, челекти сууга матырды. Суу челекке толуп чыкты. Челекти сабынан тартты. Суу толгон челекке алы жетпей жатканда тайэнеси келип, илгичинен тартып чыкты.
– Ух, оор экен ээ, тайэне?
– Азыраактан сузуп ал дебедим беле. Белиңди оорутуп албадыңбы? Мындан кийин аз-аздан сузуп ал. Көтөргөнгө жеңил болот.
– Майли, тайэне.
Тайэнеси челектеги сууну супанын айланасына дагы бир ирет сээп чыкты да, кайрадан шыбак шыпыргы менен супаны шыпырып чыкты. Үйдөгү колго токулган гүлдүү шалчаны алып чыкты да супага салды.
– Тайэне, биздин үйдө дагы ушундай сонун шалча бар. Апам конок келгенде гана салат.
– Шалчаны апаңдын себине өзүм согуп бергем.
– Себи деген эмне?
– Апаң турмушка чыкканда менден эстелик болсун деп сокком. Апасынын кызына берген белеги.
– Аа, түшүнүктүү.
Тайэнеси шалчанын үстүнө койдун терисинен жасалган постектерди салды, алардын үстүнө жаздыктарды койду.
– Тайэне, ушуерге уктайбызбы?
– Тамак ичкенден кийин ушуерге уктайбыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду айтып беребиз.
– Жомокпу?! «Чыпалак баланыбы?!»
– Манасты, сенин баатыр чоң аталарың тууралуу.
– Менин чоң аталарым баатыр болгонбу?
– Ооба. Сен баатырлардын тукумунансың.
– Атам дагы баатырбы?
– Ооба. Атаң дагы баатыр. Иш кылганын кара. Төрт-беш адамдын ишин кылат.
– Оо, менин атам баатыр! Мен баатырдын баласымын! Мен дагы баатыр болом.
– Тилегиңди кудай берсин. Сен да келечекте баатыр болосуң, чоң аталарыңды тартасың! Дасторконду шалчанын үстүнө жайып, үйдөн нандарды, пиалаларды, чайнекти көтөрүп келди.
– Кудагый, келиң тамакка, – жыгач табакка салынган бышкан короздун этинин жыты адамдын ичтейин ачып жиберди.
– Апа, менин көш жегим келип жатат, – деди Калдарбек.
– Азыр, балам. Биринчи апаң алсын. Тамакты жашы улуулар биринчи алышат, андан кийин кичинекейлер алат. Төштү алыңыз, сен дагы урматтуу меймандардансың уулум. Сен, санды ал. Сандарың жоон болуп, чоң аталарыңды тартып, баатыр бол.
– Саны кайсы болот?
– Короздун чуркагандагы буттарычы.
– Аа, мынабу буттары да? Ал кичинекей колдору менен санды кармады. – Ай-ий! Ыс-сык экен.
– Ээ, кудагый. Жаман күндөр да өтөт экен. Согуш болуп көрбөгөн күндөрүбүз калбады го, – деди Жумагүл байбиче. Нанга жетпей, талаада калган анча-мынча буудайдан, макадан калган машактарды терип, кышка деп сактап, жазда келемиштердин ийиндерин казып, алардын чогулткан буудайларын жеген күндөр да болду го. Бу келемиш деген дыйкандардай эле болот экен. Чогулткан буудайлары, макалари ийиндерде кургак сакталып, кыпкызыл тазалаганын айтпайсызбы. Ач курсак да тоюнат экен, барына шүгүр кылышыбыз керек тура.
– Туура айтасыз, кудагый. Эң негизгиси аманчылык болсун экен. Жаманчылыкты аманчылык жеңет деп элибиз бекер айтпайт экен.
Тайэнеси ордунан туруп, очокто чокто дем жеп жаткан чайнектин сабынан туткуч менен кармап, дасторконго алып келди. Чайнектеги кайнаган чайды пиалага куюп, кайра чайнекке кайтарып куйду. Чайнектин үстүнө чачыкты жаап койду. Калдарбек тайэнесинин ар бир кыймылына көңүл коюп карап отурду. Тайэнеси чайнектин үстүндө жабылган чачыкты акырын алып, пиалага наваттан салып үстүнө чай куюп, Айтолкун байбичеге сунду. Андан кийинки пиалага да наваттан салып чай куюп Калдарбекке сунду.
– Чай ысык, уулум. Этияттап ич, тилиң күйүп калбасын. Өзүнө да чайды куюп, пиланы акырын тегерете чайпай баштады. Чоң энеси да пиаланы акырын чайпап, экөө кеп-сөзгө киришишти. Алардын кыймылын көргөн Калдарбек да пиаланы алып тегерете баштады. – Ой! Ысык экен! Ал пиаланы дасторкондун үстүнө койгуча шашты. Эки кемпир чочуп кетишти.
– Колуң күйбөдүбү?!
– Жо-жок! Пиала ысык экен.
– Чай төгүлбөдүбү?
– Үф-үф! Калдарбек манжаларын үйлөп кирди. – Жок. Чай төгүлгөн жок. Пиала эле ысык экен.
– Өх, коркутуп ийбедиңби, садага кетейиним, – деди чоң энеси үшкүрө.
– Силер пиаланы тегереткениңерден, мен да тегеретейин дедим да. Чоң энеси менен тайэнеси күлүп жиберишти.
1
Кардим-чоң чыны
2
Расса-абдан
3
Шипак-балдардын жеңил бут кийими