Читать книгу Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны - Группа авторов - Страница 7
Азирети Айып булагы
Оглавление– Ооба. Нан жегим келип жатат. Чоң энеси түйүнчөгүн ачып нандан сындырып берди. Көлөкөгө жеткиче чыдап барабыз аа, уулум. Аз эле калды. Оногу шаардын үстүндөгү адырларды көрдүңбү? Ошол жердеги жашыл болуп турган дарактарды көрдүңбү? Ошол жердин астынан булак чыгат. Булактын суусу ысык. Бардык кеселдерге дары экен суусу. Ошол жер Азирети Айып деп аталат. Илгери, илгери бир Айып деген пайгамбар жуунуп жатса, үстүнө алтын чегирткелер түшүптүр. Ошондо Азирети Айып аларды кармап, кийиминин ичине уучтап сала баштайт. Аны көргөн кудай, «эй, Айып! Сага жетишерлик байлык бердим го. Мал-мүлккө тойбодуңбу?» – деп сурайт. «Оо, жараткан кудуреттүү Кудайым! Сен мени мал-мүлккө, байлыкка тойгуздуң. Бирок сенин берип жаткан берекелериңе пенделериң эч тоё албайбыз», – дейт Азирети Айып. Кудай ага сыноолорду жөнөтүп, мал-мүлктөрүнөн, бала-чакасынан ажырайт. Жүрөгү менен тилинен башка бүт денесин жара басат. Денеси сасып кеткендиктен анын жанында адамдар чыдап тура албайт. Жаралары ириңдеп, курттап кетет. Даба болчу жер издеп ушул адырларга аялы экөө келип туруп калат. Жарасындагы курттар анын этин жеп тойгондо денесинен түшүп кетсе, ал курттарды жерден алып кайрадан мурдагы ордуна салып койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Азирети Айып ошол жердеги булактын жылуу суусуна жуунуп жатса, денесиндеги курттардын бардыгы тоголонуп түшүп жаралары карттанып, бир аздан кийин жаралары «сен көр, мен көр» болуп жок болуп кетет. Булактан бир уурттам суу ичет. Денеси мурдагы калыбына келип, эч качан оорубагандай болуп калат. Ал кайрадан бала-чакалуу, мал-мүлктүү болот. Ошол булак чыккан жер Азирети Айып деп аталат. Аердин атын уккан кеселмандар туш тараптан келишип, булактын суусуна ичип, жуунуп кеселдеринен айыгып кетишет.
– Мен ошол булакты көргүм келип жатат. Ошол жакка барбайлыбы?
– Биринчи тайатаңдардыкына баралы. Алар менен учурашып, аман-эсендигин билгенден кийин, ошол жакка жол болуп калса барып калабыз, уулум.
– Арыбаңыз эже. Алыс жолдон келе жатат окшойсуңар? Чарчаган түрүңөр бар. Каерге барасыңар?
Экөө аңгемеге алаксышып, атчан адамдын жанына келип калганын байкабай калышыптыр. Жадегенде аттын дүбүртүн да укпаптыр. Калпак кийген, муруту шаптай болгон жигит аларды күлүмсүрөп аттын үстүндө эңкейип карап туруптур.
– Ак-Башка, Таштак айылына айланайын. Акмандан келе жатабыз, – деди таенеси. Төркүндөрүмө баратам. Байжигит ажынын уулу Сайранбай акамдикина. Туугандар менен учурашып келели деп уулум экөөбүз эртең менен чыкканбыз. Жалал-Абаддан бери жөө келатабыз.
– Сайранбай акани тааныйм. Аябай кыйналганыңыздар жүзүңуздөрдөн көрүнүп турат. Эже, сиз атты миниңиз да бул азаматты учкаштырып алыңыз. Атым жоош, басыгы жакшы. Төркүндөрүңүзгө жеткенде ошол жерге байлап койсоңуз, мен барып андан ары минип кетем.
– Атыңды бизге берип, өзүң жөө кетесиңби? Андай болбойт, үка.
– Эже, мен жашмын. Бул жолдорду күндө басып жүрүп көнүп болуп калгам. Сиздер алыстан келе жатыпсыздар. Нары балаңыздын аябай чарчаганы көрүнүп турат. Сиздердин ушул абалыңызды көрүп туруп, мен кантип бастырып кетем? Көпчүктү оңдоп берейин. Эгэрге11 сиз миниңиз, балаңызды учкаштырып аласыз. Мен чылбырды чечип, балаңыздын белинен сизге байлап койойун. Чарчаган неме ат үстүндө уктап калбасын. Ал байбичени колтугунан сүйөп атка мингизди. Калдарбекти эки колтугунан көтөрүп учкаштырып койду да чылбырды Калдарбектин белинен байлап, чылбырдын эки учун байбичеге берди.
«Чылбырды белиңизге байлап алыңыз, эже. Жакшы жетип алыңыздар. Мен Таштакка барганда атты ошол жерден алып кетем.» Ал атты «чү, жаныбарым» деп сооруга алаканы менен чаап койду. Ат акырын ордунан жылды. Калдарбек чоң энесинин камзиринен12 бекем кармап анын далысын карап келе жатты.
– Апа, бул киши тууганыбызбы?
– Жакшы адамдардын баарысы тууган болот. Биздин кыйналганыбызды көрүп боору ооруп кетти да.
Калдарбек аттын басканына магдырап көздөрү жумулуп кетип жатты.
– Уулум уктап калба. Мени бекем карма. Аз калды тайатаңдын үйүнө. Тээтиги бийик өскөн теректерди көрдүңбү? Ошоерге жетсек, тайатаңдыкына жетебиз. Уктабай бас.
– Көздөрүм өзү эле жумулуп кетип атат.
– Айланаңды карасаң, дарактар жашыл, талаа сары. Дарактардын жашыл болгону алар дайыма суу ичип турат. Сары түс күздүн жакындап келе жатканынан кабар берет. Быйыл түшүмдөр жакшы. Эл дагы бир жакшы токчулукка жетет экен.
Чоң энеси бийик теректердин көлөкөсүн жамынган жалпак тамды көздөй аттын башын бурду. Эшиктин алдында беш алты бала ойноп жатыптыр. Аттын алардын үйүн көздөй бурулганын көрүшүп аттын алдына чуркап чыгышты.
– Чоң эжем келди, чоң эжем келди! – дешип балдар кубанганынан кыйкырып жатышты. Калдарбек дагы келиптир! Сени минеге байлап коюшкан? Сени эжем жыгылбасын деп байлап койдубу?
– Уктап калып аттан жыгылбасын деп байлап койду. Чоң энеси байланган чылбырды чечип, анын колтугунан кармады. Буттары чымырап жерге тийгенде ооруп кетти.
– Ой, бутум!
– Бутуңа мине болду? – Чоң энеси чочуп кетти. Бутуңду кайрып алдыңбы?
– Буттарым жерге тийгенде ооруп кетти.
– Аа, кокуй! Буттарың уктап калган турбайбы.
Калдарбек буттарын укалап туруп калды.
– Калдарбек, менин чозмом бар. Кел, чымчыктарды атып ойнойбуз. Мен кыйын атам.
– Жок. Мен ойнобойм.
– Оногу теректердин баштарында чымчыктардын уялары бар. Кел, анда балапан алып, куурутуп жейбиз.
– Балапандарды алсак апалары ыйлайт. Ал чоң энеси тарапты карап койду.
– Калдарбек туура айтат. Балапандарын жоготкон ата-энелери ыйлайт. Алардын деле жаны бар да, балдарым.
– Эже, алар кантип ыйлашат?
– Чымчыктын уяларына жыландардын жакындагандарын көрдүңөр беле? Балапандардын ата-энелери мине кылышат?
– Канаттары менен жыланды ургулашат, чырылдашат.
– Көрдүңөрбү?! Ата-энелер үчүн балдардын кандай кымбат экенин! Жыланга, өлүмгө өздөрүнүн жанын салып берип, балдарын сактап калганы жатышат. Силер ошол ата-энелерди кайгыга салып жатасыңар. Экинчи андай кылбагыла балдарым.
– Эже, оногу Кочкор тосток деген бала бар го. Биз чымчыктарды атпа, аларды өлтүрсөң убал болот десек деле болбой ата берет. Сиз «кой, атпа» деп коюңузчу. Эч кимди укпайт.
Жаш балдар чурулдашып, аларды үйгө киргизбей бир топко туруп калышты.
– Эй, мине эле чурулдап жатасыңар? Үйдөн чыга калган аял балдарды урушуп кирди. Апей, эжем келген турбайбы?! Мине эле чурулдашып жатат деп чыга калдым эле. Келиңиз эже. Үйгө кириңиз. Баргыла, ойной бергиле. Меймандарды үйгө киргизбей тургандарын кара. Үйгө киргиле. Жолдо кыйналып келгендирсиңер.
– Жолдо уулум экөөбүз чарчап, араң келе жатсак, бир боорукер жигит экөөбүздү айап, атынан түшүп, бизди мингизип, өзү жөө келе жатат. Силер барып атты жолдун боюна байлап койсоңор, андан ары минип кетем деп калды. Аты ким экенин деле сурабаптырбыз, – деди Айтолкун энеси.
– Бул ат тиги айылдагы Бөрүбай палвандын аты турбайбы, – деди үкасинин аялы терезеден карап. – Ал аябай март киши. Колундагы болгон нерсесин сураган адамга жөн эле кармата берет. Элдин баары аны жакшы көрөт. Улактан же эңиштен соорун алса колунда жокторго берип, мал кылып ал деп артын карабастан кете берген март киши. Жаш балдардын да көңүлүн калтырбайт. Келини меймандарга төшөк салып «Эже, төргө өтүң» деди.
– Оо, айнанайын Калдарбегим, чоң жигит болдуңбу? – деп Айтолкун энеси анын эки бетинен өптү. Былтыркыга караганда боюң өсүп кадырэсе жигит болуп калыпсың.
Чоң энеси төргө өтүп, орун алгандан кийин, – Оомийин, кудай жакшылыктарын берсин. Дайыма көрүшкөнгө насип кылсын, – деп чоң энеси бата кылды. – Өзүңөр кандай отурасыңар? Бала-чака, мал-жандарыңар аман-эсенби?»
– Кудайга шүгүр, эже. Бардыгыбыз тынчпыз. Бала-бакыра, мал жандар аман-эсен. Өзүңүздөр кыйналбай келдиңиздерби?
– Жолдон ошол жигит чыгып калып, ой-боюбузга койбой атына минип, өзү жөө келатса керек.
– Апа, мен балдар менен ойноп келейин? – Калдарбек чоң энесине карады.
– Чай ичип ал. Анан ойной бересиң.
– Курсагым ток. Ойной берейин.
– Курсагың ток болсо ойной бер. Балдар менен урушпай ойно. Чымчыктарды атпагыла. Эси жок балдар алсыз жаныбарларды кыйнайт. Балдарга да ошону айтып кой.
– Болуптур. Жакшы ойнойбуз.
– Эртең Осумбек чоң атамдын булагына Калдарбек менен барып келейин, – деди Айтолкун байбиче. – Акыркы учурларда Осумбек чоң атам түшүмө кире турган болду. Арбагына атап куран окуп койбосом болбойт.
– Анда, мен эртең менен туруп жети токоч кылып койойун.
– Кетменди алып алалы. Булактын тегерегин тазалап койолу.
Эртең менен короздордун кыйкыргандары менен чымчыктардын чырылдагандары Калдарбекти уйкудан тургузду. Төшөктөн башын чыгарып турганда эле майдын дакталган жыты келди. Көздөрүн ушалап ордунан турду.
– Аа, айнанайын Калдарбегим турдуңбу? – деди очоктун айланасында кепкир менен казанды көөлап жаткан таажеңеси.
– Апам кана?
– Апаң үйдө. Чай ичип жатат. Тур, турагой. Бети-колуңду жууп сен да чайга кир.
Ал арыкка барып бетине шапшып суу чачып жууду да үйгө кирди. Чоң энеси төрдө отуруп, чай ичип жаткан экен.
– Турдунбу айланайын. Чоң жигит болот деген ушу да. Бети-колуңду жууп келипсиң. Кел чайга отур. Чай ичкенден кийин атаңдын чоң тайатасынын булагына барабыз.
– Кечээги булакка барабызбы?
– Жок. Кечээги булак Жаллабадда калды. Бул Ак-Баштагы Осумбек-Булак деп атаңдын чоң тайатасынын булагы.
Тажеңеси токочторду дасторконго ороп, башына койду да, очоктун жанындагы оттон карайган чайнекти сол колуна алып, арыктын боюнда турган кетменди сабынан кармап желкесине салды. Эшикте ойноп жаткан балдар, «апа, каякка барасыңар?» – деп сурашты. – «Пахта чабышканы барасыңарбы? – деп аларга карады. «Жок бизде ушул жерде эле калабыз. Калдарбек да силерге пахта чабышабы?» – дешти. «Ооба. Үйдү жакшылап карагыла. Малдар кирип, бардыгын талкалабасын,» – деди апасы. «Болуптур апа, Айткандарыңызды так аткарабыз,» – деп жоокерлердей колун чекесине тийгизип койду.
Чаң жол. Бышкан топуракты кечип үчөө, алдында жоолугун ээгинен байлаган колдорун артына алган кемпир, артынан дасторконду башына коюп, сол колунда кара боор чайнекти кармаган, кетменди желкесине салган аял, алардын артынан беш-алты жашар бала бара жатты. Үчөө тең ойлуу. Ортодо сөз жок. Калдарбек чоң энеси менен таажеңесинин кадамдарын кадамдап келе жатып, таажеңесин карады. Дасторкондун анын башынан түшпөй келе жатканы ага кызык көрүндү. Дасторконду башына коюп, таажеңесине окшоп баскысы келди.
– Эже, – деди ал. – Мен дасторконду көтөрүп алайынбы? Сиз кетменди, чайнекти көтөрүп келе жатасыз.
– Оо, айнанайын. Боорукердигин кара. Мейли, ме, көтөрүп ал, – деди таажеңеси. Колундагыларды жерге койду.
– Башыма коюп бериңчи. Мен да сиз көтөргөндөй көтөрөйүн.
– Эки колуң менен кармап ал. Башыңан түшүп кетпесин.
– Мейли. Калдарбек табакты башына коюп, эки четинен кармап алды. Бир топ баскандан кийин колдору талып кетти. «Мен да эжеге окшоп башыма эле коюп көрөйүнчү» деп ойлоп колдорун түшүргөндө башындагы табак чаңга түшүп топурак «бурк» дей түштү.
– Аа, балам, жашсың да. Бул табакты башка коюшту үйрөнүш үчүн көп мээнетти талап кылат. Ушинтип үйрөнөсүң, – деп таажеңеси күлүп, дасторкондун чаңын күбүп, – дагы көтөрөсүңбү? – деди.
– Колдорум талып кетпедиби. Колдорумду эс алдырып алайын десем түшүп кетти. Көтөрөм. Ал эки колу менен табакты башына коюп катуу кармап алды.
– Оо, айланайын Ак-Терек аман-эсенсиңби? – деген чоң энесинин үнүн угуп чоң энесин таң кала карады. Чаң жолдо бет маңдайында дүпүйгөн, аппак болгон бака терек көрүндү. «Эмнеге, апам даракты айнанайын деп жатат?» – деп ойлоду.
– Апа, даракты минеге антип айтып жатасыз?
– Ээ, балам! Бул карт дарак минелерди башынан өткөрбөдү?! Канча замандарды, ар кандай адамдарды көрдү. Биздин жаштыгыбыз ушул ак теректин көлөкөсүндө калды. Ысыктан коргоду, жаан-чачын болгондо түбүнө бекинчүбүз. Аны чоңойгондо түшүнөсүң.
Чоң энесинин кадамдары тездей түштү. Таажеңеси да кадамын тездетти. Бака теректен беш кадам арыраакта булактын тунук суусунун төмөн карай акырын шылдырап аккан үнү угулду.
Чоң энеси бака теректи айланып, кыдырып, ар бир бутагын карап чыкты. Оор үшкүрүнө, «бака терек, сен да карыпсың. Биз жаш кезде сенин сөңгөгүңдөгү кабыктарың тегиз эле. Бырыштарың жок эле. Кабыгыңдын соо жери жок, бырыштарың көбөйүптүр. Эми мынтип шактарың чартайып, бутактарыңдын чирип сынгандары көбөйүптүр,» – деп сүйлөнүп, келинине «кел, табагыңдагылары алып чык. Дасторкон сал. Куран түшүрүп койолу. Бир кезде биз көргөн адамдардын көбү чын дүйнөгө кетишиптир. Нары апаат согуш канчалаган жигиттерибизди алып кетти». Келини дасторкон жайгыча булактын суусунан чайнекке алып, булактын четине чыгып, колдорун, бетин жууп, манжаларынан аккан сууну мойнуна тартты. Калдарбек чоң энесинин ар бир кыймылына бака теректин көлөкөсүндө отуруп көз салып турду. Чоң энеси ордунан турду да булактын суусунан кокучтап алды да акырын иче баштады. Ал ордунан ыргып турду да чоң энесинин жанына барып кокучуна суу толтуруп ичти. Суунун шириндиги жана муздактыгы анын чаңкоосун басып, экинчи кокучтап алган суунун жарымын ичти да ашканын булактын четине төктү.
Чоң энеси дасоромолу менен бети-башын аарчыды да дасторкондун четине келип отурду. Алакан жайып бата кылды да, куран окуй баштады. Бул жалган дүйнөдөн өткөндөрдүн бардыгынын аттарын атап, аларга бейиштен орун беришин тиледи. Бардыгы чогуу бата кылышты. Калдарбек, «адамдар мине үчүн бата кылышат?» – деп ойлоп ага түшүнбөдү.
– Илгери Осумбек чоң атамдын атасынын колунда бар киши болгон экен. Өлөргө жакын бардык балдарын чогултат экен да ар бирине мурастарын бөлүп берет экен. Ошондо Осумбек чоң атама мурастан эч нерсе тийбейт. Ал өзү да минеге мурастан ага тийбей калганына түшүнбөйт. Атамдын бир билгени болсо керек деп унчукпайт. Бир топтон кийин Осумбек чоң атама атасы айтат экен. «Эл башы болгуча суу башы бол» деп айткан элибизде. Бул сөз бекеринен эмес уулум. Сен аябай мээнеткечсиң, колуң тийген жер гүл бакчага айланат. Малдын душмандары көп. Карышкыр, жолборс кыскасын айтканда ит-куштун баары малга кас болот. Анын ичинде адам деген эки буттуу жырткычтар да бар. Сенин малга анча шыгың жок. Сага айылдын башындагы булакты мурас кылдым. Ошол жерден көгөрөсүң. Ошол жерди көгөртсөң ал жер сени да көгөртөт, сенин атыңды түбөлүк сактап калат. Кимдин булагы – Осумбектин булагы деп аталат. Ошентип Осумбек чоң атабыз энчиленген булактын айланасына бак-дарак эгип, ар жылы жазда эл чакырып, мал союп кудай өткөрүп, күзгө маал дагы кой союп элди «түшүм майрамына» чакырып, аты жок булак «Осумбектин булагы» деп атала баштайт. Андан бери канча замандар өттү. Дагы эле «Осумбектин булагы» деп аталат. Мээнет кылсаң акыбети кайтат экен. Канчалаган оор замандар өттү, элдин башына ачарчылык да түштү. Кар оор жаап, суук күндөр өттү. Ошол күндөрдө Осумбек чоң атабыз кап-кап кылып жыйган кактарды элге берип, ачарчылыктан сактаса, суук күндөрү дарактардын кургаган бутактарын жыйып, отунга берчү экен.
– Эже, мен чай кайната койойун, – деди келини. Ордунан туруп, кара чайнекке булактан суу алып.
– Калдарбек уулум, тур, турагой. Өзүңдөн чоң адамдар иш кылып жатканда ордуңдан туруп жардам бер. Кургак чырпыктардан жыйнап кел, от жакканы.
Калдарбек ордунан леп этип туруп, дарактардын кургаган бутактарынан чогултуп таажеңесинин жанына таштады.
– Ой азаматым десе! Чоң болуп ишке жарап калыпсың. Апаңа да жардам бересиңби?
– Ооба, апам иш кылганда алып кел деген нерселерин дароо алып келем.
– Акылдуу бала ушундай болот. Ата-энесине, өзүнөн чондорго дайым жардам берет.
Аңгыча нарыдагы бадалдардан куштун жагымдуу сайраганы угулду.
– Чымчык ырдап жатабы? – деп сурады ал таажеңесинен.
– Булбул деген боз чымчык. Ал бизди көргөнүнө сүйүнүп, сайрап жатат. Булбулдар сайрайт, каргалар каркылдайт, сагызгандар шакылыктайт. Ар бир куштун өзүнүн тили бар. Алар да адамдарга окшоп өз эне тилдеринде сүйлөшөт.
Чоң энеси, «Калдарбек, кетменди алып кел,» – деп калды.
– Азыр, апа.
Ал кетменди желкесине көтөрүп, «апа, алып келдим» деп үнүн бийик чыгара мактангансыды.
– Оо, азаматым! Ишке жарайсың. Менин кылган ишиме көз салып тур. Мен чарчаганда сен аткарасың. Үйрөнгөнүң өзүң үчүн, кылган ишиң мен үчүн.
Чоң энеси кетмен менен булактын четинде өсүп турган чөптөрдү чаап, жол жакка кеткен тарабына таштап жатты. Таажеңеси келип, – «эже, мага бериң кетменди. Аксакал башыңыз менен сизди иштетип койсом элдин бетин кантип карайм,» – деди.
– Бир аз тазалайын. Чарчаганда ансыз деле сага берем.
11
Эгэр-ээр деген сөздүн түштүк варианты.
12
Камзир-улгайган кишилер, кемпирлер кийген кемсел.