Читать книгу Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны - Группа авторов - Страница 6
Жолборсту минип алган бала
Оглавление– Апа! Мен, мен жанагы жолборсту минип алдым! Ал мага карай секиргенде, кулагынан кармадым да минип алдым! Үстүнөн түшпөй койдум! Силер ойготуп ийдиңер да. Болбосо, аны минип алып аябай чабат элем.
– Көрдүңбү уулум, – деди тайэнеси, – жолборс минген адам эл керегине жараган адам болот. – Жолборс ар кимдин эле түшүнө кире бербейт! Кел эми уктайлы. Жакшы түштөрдөн көрүп жат, уулум, – деп тайэнеси анын төшөгүн кымтылап койду. —Түн да бир оокум болуп калыптыр, кудагый. Калганын кийинки бир келгениңерде айтып берем. Жакшы түш көрүп жатыңыз.
– Аябай жакшы айтасыз да өткөн-кеткендерди. Сиздин сөздөрүңүздү угуп эле отура бергиң келет. Калдарбегим экөөбүз дагы бир күн мейман болуп кетебиз. Азыркы айткандарыңызды улантып айтып бересиз, аа, кудагый, кызык жерине келдиңиз, – деди чоң энеси.
Саратандын чырылдаган үнүн угуп жатышып бардыгы уйкуга кетишти. Эртең мененки короздун кыйкырганы айлананы жаңыртып, жаңы күндүн башталганынан кабар берип, эки байбиче ордунан турушуп, даараттарын алышып, багымдат намазын окууга киришти. Жумагүл байбиче кара чөөгүнгө арыктан суу сузуп келип, очокко тезек калап, анын астына майда кургак бутактарды сындырып, күкүрт тамызды. Кургак бутактар чатырап күйүп, тезектер көктү карай түтүн булатты.
– Мен Калдарбекти ойготойун. Күн ысый электе жолго чыкпасак, бул саратандын ысыгында жол узатыш кыйын болуп калат, – деп Айтолкун байбиче супа тарапка басты. Калдарбек төшөктөн башын чыгарып, «апа, биз чоң тайатамдыкына барабызбы?» – деп сурады.
– Ооба, айланайын. Сен качан ойгондуң? Сени уктап жатат экен деп ойготкону келаттым эле.
– Мен, силер очокко от жага баштаганда эле ойгонгом.
– Оо, айнанайыным, сак кулагым. Тур, турагой. Бетиңди, колунду жуу. Чай ичип, жолго чыгабыз.
Чай ичип болушуп, алар жолго чыгышты. Каналды бойлой кеткен чаңы тизеге жеткен жолдо бала ээрчиткен байбиче менен күнгө күйгөн кичинекей кара тору келген бала чаңды буртулдата басышып, бала улам артын карап баскан издерине карап коёт.
– Апа, сенин буттарың меникине караганда чоң экен. Аа, балам. Сен да чоңойгондо буттарың чоң болот.
– Качан чоңойом?
– Аны өзүң да билбей каласың. Бир кезде биз да жаш кыздар элек.
– Силерби?! Жаш кыз болгонсуңарбы? Анан кантип чоңойуп кеттиңер?
– Сага окшоп чаң кечип, уй-кой кайтарып, топ таш ойночу элек.
– Жанагы, кыздар ойногон топ ташпы?
– Ооба. Аны бардык кыздар ойношчу. Азыр деле кыздар ойноп жүрүшөт. Апаларыбызга жүн тытып, отун терип келип жардам берчүбүз. Тандырга от коюп берчүбүз. Апаларыбыз кызарган сонун нандарды жабышчу. Нандын жыты ушундай жыттуу болчу! Алыстан эле буркурап, токчулук жыттанып турчу. Анан жыгач кесеге сары майдан куюп, жаңы жабылган нандан туурап, мыкчымай кылып берчү. Ушундай таттуу эле. Аны жеп алып кечке курсагыбыз ток жүрчү.
– Апа, мен мыкчымай жей элекмин. Качан мыкчымай кылып бересиң?
– Таятаңдыкынан келели. Үйгө келгенде жасап берем. Талканды каймакка көөлөп берчү. Аны жегенден кийин суу ичип жүрө берчүбүз. Кечке курсагыбыз аччуу эмес.
– Талкан жегим келип кетти! Мыкчы май да жегим келип жатат.
– Үйгө келели. Сен айткандын бардыгын жасап берем. Андан көрө тез-тез басалы, күн ысып кетсе, басышыбыз кыйындап калат. Чоң жолго аз калды. Сен эстүү баласың го.
Апа, чаңкадым. Суу ичким келип жатат.
– Тайэнең суу салып жаткандай болду эле. Карап көрөйүнчү. Чоң энеси түйүнчөгүн аңтарып жатып суу куюлган бөтөлкөнү алып чыкты. Бөтөлкөнүн оозуна тыгылган кагаздан жасалган тыгынды алып чыгып, – ме, тамагыңды суулап ал. Көп ичпе, – деп бөтөлкөнү ага сунду. Калдарбектин бөтөлкөдөгу сууну аптыгып жутканын көрүп, чоң энеси, – акырын ич, какап каласың. Автобуста дагы чаңкайсың, автобус токтогуча суу табыш кыйын болот. Шоопурга айтып түшүндүрө албайсың, орусча билгендер жок.
– Болуптур апа, мен аз эле ичем, – деди ал, бөтөлкөнү чоң энесине сунуп.
– Өх, жеттикпи?! Чоң энеси асфальт жолго чыгып, галошунун чаңдарын кетириш үчүн асфальтты буттары менен тээп койду. Аны көргөн Калдарбек да энесин кылгандарын туурап койду. Асфальтта калган издерин карап, чоң энесинин колунан кармап, жолдун аркы бетине өтүштү. Базар-Коргон тараптан келе турган автобустун жолун карап беш-алты адам турушуптур.
– Анаке, «маңка автобус» келе жатат, – деди чоң энеси. Бардыгы келе жаткан автобусту карап калышты. Бул автобус келгенге чейин мурдагы автобустар кичине болуп, моторлору алдында болчу. Алгач келгенде эле бул автобуска элдер «маңка автобус» деген атты коюп алышты. Алдында берки кичине автобустардай мотору алдында болбостон, анысы айдоочунун жанында болчу. Автобустун терезесинен адамдардын толтура экендиги көрүнүп турду.
Автобус аялдамага келип «быш» этип үн чыгарып токтоду. Шарактап ачылган эшиктеринен терлери маңдайларынан куюлуп, көйнөктөрү сыгып алма суу болгон адамдар түшө баштады. Ар бир түшкөн адам, «өх!» деп үшкүрүнө базардан алган коон-дарыбыздарын колтуктарына кысып түшүп жатса, аялдар алган помидорлорун баштарынан бийик көтөрүп алышкан.
– Бас бери Калдарбек! Автобуска батпай калбайлык. Энеси автобустун эшигинин алдында туруп аны алдына салып алды. Калдарбектин мурдуна автобустун ичиндеги адамдардын тер жыттанган жыты келди.
– Апа, автобус сасык экен. Көөнүм айланып кетти.
– Мындан калсак Ак-Башка жетпей калабыз. Терезенин жанына туруп аласың. Шамал киргенде көөнүң ачылат. Бол эми тезирээк. Адамдар күтүп калды, – деп чоң энеси анын колтугунан сүйөмөлөп автобуска алып кирди.
– Эне, бул жакка келиң. Небереңиз бар турбайбы. Оо, палван, айнекке жакын кел. Азыр автобус жүргөндө көңүлүң ачылып калат, – деп бир жигит аларга орун бошотту. Чоң энеси отургучтан жай алып, небересин алдына алып отурду.
– Апа, мен терезеге турайынчы. Чымчыктарды көргүм келип жатат. Чымчык-Жарга чейин бир топ бар. Буттарың чарчайт. Кел тиземе отуруп ал.
– Жок. Мен туруп барам. Чымчыктарды көргүм келип атат.
Автобус Турпак-Белге жармашып, мотордун күчүркөнө тартканы автобустун ичиндеги адамдардын сөздөрүн угузбай басып кетти.
– Апа, апа, анакей Чымчык-Жар көрүндү. Көк каргалар ооздоруна бирдемелерди тиштеп алыптыр. Уясына кирип кетти. Балапандарын багып жатат да.
– Ата-энелер да балдарын ушинтип багышат. Бардык жаныбарлар, куштар ооздоруна жемдерин тиштеп келишип балдарына беришет.
– Түшүндүм, апа. Аябай чырылдашат экен аа, чымчыктар.
– Ошон үчүн Чымчык-Жар деп аташат да бул жерди.
Калдарбек Чымчык-Жардан өткүчө чымчыктардын чырылдаганына таң кала карады. Автобус Турпак-Белден түшүп Созок4 тарапка бурулду. Созокко бурулганда сол тарапта калың камыш баскан талаа, жалпак тамдар көрүндү. Алар Жалал-Абадга кире бериштен түшүп калышты.
– Эми жөө кетебиз, уулум. Жолду баскан арбытат дейт элде. Кудайым бизге күч-кубат берсин. Сен палвандардын тукумунансың. Чарчабайсың! Мен сага жолдо жомокторду айтып берем. Сүйлөшсөк жолдун арбыганы билинбей калат.
– Чоң тайатамдыкына барабыз, аа, апа. Мен теректердеги чымчыктарды чозмо5 менен атам. Балапандарды балдар менен кармайбыз.
– Балапандар силер сыяктуу кичинекей да. Аларды кармабаш керек. Убал болот.
– Убал деген мине болот, апа?
– Силер чымчыктардын балапандарын алып, аларды өлтүрсөңөр алардын ата— энелери ыйлайт. Силер, бул кылыктарыңар менен аларды кыйнап жатасыңар. Балапандарга да алардын ата-энелерине убал кылып жатасыңар. Балапандарын кыйнап, алардын кыйналгандарын көргөн ата-энелери канаттарын каккылап, балапандарын бошотуп алгысы келгендерин көрүп жатсаңар керек. Экинчи балапандарына тийбегиле. • – Балапандардын апалары ыйлайбы?• Ыйлайт да. Балдарын жоготкон бардык апалар ыйлайт.
– Апа, мен балапандарга тийбейм! Балапандарын алсам апалары ыйлайт. Мен балапандарга тийбейм.
– Азаматсың, уулум. Сен акылдуу баласың. Экинчи балапандарга тийбей жүр. Экөө үнсүз бир топ жол басышты.
– Апа, суу ичким келип жатат.
– Ме. Бөтөлкөдөгү сууну ага берди.
– Апа, суу аз экен.
– Иче бер. Арыктагы суу тунук экен. Чаңкооң канбай калса арыктагы суудан ичип аласың. Калдарбек бөтөлкөдөгү сууну ичип бүтүп, арыкты карап койду.
– Чаңкооң канбай калдыбы? Азыр суу алып берем. Чоң энеси арыктагы суу менен колдорун чайкап, жоолугун түшүрө, чачтарына суу жүгүрттү. Алаканына кокучтап суудан алып, сууну акырын жутту. – Суу муздак экен. Азыр сага суу алып берем. Чоң энеси кокучуна суу алып анын оозуна тосту. Сууну шимире ичип дагы чоң энесине карады. Чоң энеси суудан дагы кокучуна толтуруп анын оозуна алып келди. Апа, сенин колуңдан бирөө мени карап турат. Ким экен ал, ботом? Чоң энеси кокучундагы сууну карады. —Бул сенин көлөкөң турбайбы?! Сууга чагылышып сенин жүзүң көрүнүп жатыптыр. – Өх, эмне болду деп чочуп кеткенимчи!
– Апа, ошол менби?! Калдарбек чоң энесинин алаканына кайрадан үңүлүп карады. Суудан чачы такыр алынган, топучан бала карап турду.
– Апа, машинанын гүрүлдөгөн үнү чыгып жатат. Каяктан чыгып жатат? Оногу айрипландын6 үнү окшойт. Тээтиги айрипландарды көрдүңбү? Асманга учат, адамдарды ташыйт экен. Мен көргөн эмесмин, элдер ошентип айтышканын укканмын. Асманга кантип учушат? Жерде чуркап барып учуп кетишет. Эки-үч жолу ошентип учканын көргөмүн. Жакшылап карап тургун. Жерде күүлөнүп жүгүрөт да анан асманга көтөрүлөт.
– Апа-а, апа, карасаң, айриплан жүгүрүп келе жатат. Катуу жүгүрөт экен. Учту-у, учту-у! Канаттары бар экен.
Калдарбек самолёттун учкан жагын карап көпкө турду.
– Апа, айриплан каякка учуп барат?
– Алыс жактарга.
– Айрипланды адам айдайбы? Ал адам кантип учат?
– Адам айдайт. Адамдын колунан бардыгы келет. Сенин атаң да учкуч болом деп окуганы жатканда мен ыйлап, окууга жөнөтпөй койгом. Согуш жаңы бүткөн, көптөгөн эр жигиттерди согушка алып кеткен. Көбү согуштан кайтпай калышты. Кээ биринин жалгыз баласын да алып кетип, согуштан келбей калган. Ата-энелердин көз жаштары агып, тез эле кайгынын айынан көптөгөн адамдар да кайтыш болуп кетишкен. Ошол согуштан жүрөктөрүбүз түшүп калбадыбы. Атаңды да аскерге алып кетеби деп жүрөгүм түшчү. Бир күнү келиптир, учкуч болом, дакүмүнттөрүмдү7 тапшырдым деп. Саратуп8 деген жерде окуйт экенбиз деп сүйүнүп алыптыр. Аскерге алып кетсе, жыйырма беш жыл кызмат кылса. Орус катын алып алса уругубуз бузулат. Же мен ал орус келиндин сөздөрүн түшүнсөм, же ал мени түшүнсө деп ойлоп коркуп кеттим. Атаңа катуу айттым, эгер ал жакка барып окусаң топурагымды түйүп берем дедим. Ошентип атаң окууга барбай калды. Атаңдын учкуч болуучу тилеги ишке ашпай калды. Эмдиги жылы сен мектепке барасың. Жакшы окусаң асманда учасың. Бардыгын үстүнөн көрөсүн. Асмандан бардыгы көрүнүп турат.
– Топурагымды түйүп берем деген мине?
– Мен өлүп калсам, атаң мага топурак сала албаса, өлгөнүмдү укса ошол жактан болсо да топурак салып коёт деген сөз да, уулум.
– Апа, сен өлбө. Мен жакшы окуйм. Мен учкуч болом! Жердин бардыгын көрөм! Апа, мен учкуч болом, аа?! – Калдарбек улам самолёттор турган жакты карап коёт.
– Оо, тилегиңден айланайын. Учкуч болосуң. Атаңдын тилегине сен жетесиң! Азаматым менин! Келчи бери! Маңдайыңдан өөп койойун. Маңдайың дайыма жарык болуп, элге кызмат кылган азаматтардан бол, ананайыным десе!
Күн ысып чыкты. Кемпир менен жаш бала тердеп-тепчип жолун улантты.
– Кел, эми жолду кыскарталы, уулум.
– Кантип кыскартабыз?
– Тээтиги үйлөрдү көрдүңбү? Чоң энеси дүпүйгөн бак оронгон жалпак тамдарды көрсөттү.
– Ооба.
– Ошол Жаллабад9 шаары. Бул жерлерде илгери камыш баскан жер болуп, камыштардын арасында жолборстор, арыстандар жашап, адамдардын малдарына кол салып турчу экен.
– Жолборстор азыр деле барбы?
– Адамдар бул жерлерге отурукташа баштаганда жолборстор тоо тарапка кетишкен дешчү илгерки аксакалдар. Илгери Жалалидин деген канзаада болгон экен. Күзгө маал жан-жөкөрлөрү, ашпозчулары менен аңчылыкка келишчү дешет. Камыштын ичинде чилдер, кыргоолдор, каз-өрдөктөр көп болчу экен. Жалалидин жан-жөкөрлөрү менен аларды атып келишсе, ашпоздор алардын атып келген илбээсиндеринен сонун тамактарды жасашып, кеч күзгө чейин ойношуп, аңчылыктан кылып чарчаганда үйлөрүнө кетишчү экен. Ошондо да кээ бир жан-жөкөрлөрүн «силер, ашка жүк, башка жүк болбой ушул жерде каласыңар» деп калтырып коюшкан экен. Ал кезде биерде эч ким жашаган эмес. Айланасы бүт камыш болуп, жапайы жаныбарлар жана камыштын ичи илбээсинге толо болчу экен. Кыш тез эле келип, кар жаап суук боло баштаганда калып калган адамдар жертөлөлөрдү казышып, кыштап чыгышат. Тамактарын болсо чилдерге, кыргоолдорго, каз-өрдөктөргө аңчылык кылышып, эттеринен сонун тамактарды жасашып жашап калышат. «Кой деген кожосу, айдаган эшени жок» эркин жашап, туулган жерлерине баргысы келбей ушул жерде жашай башташат.
– Жертөлө деген эмне?
– Жертөлө деген, ал кезде бул жерлерде тамдар болгон эмес. Кар жаап, айлана суук. Жашоо керек да. Жерди казышып, ичине камыштардан оруп келип, астыларына төшөп, анын үстүнө кургак жумшак чөптөрдөн салышып жашап калышат. Жертөлө аларды сууктан жана жолборстордон, карышкырлардан, арыстандардан коргогон.
– Арыстандар менен жолборстордон коркушчу эмеспи?
– Адамдардан бардык жаныбарлар коркушат. Илгери кудай бардык жаныбарларга айла-амалдарды бөлүштүрүп берет экен. Ташбака жолдо келе жатса алдынан сагызган жолугат. Ташбака сагызгандан сурайт, «илени10 кимге берди?» – деп. Сагызган шакылыктап, «илени адамга берди» —дейт. Анда ташбака, «адам асмандагы бүркүттү колго түшүргөн, суудагы балыкты кармап ала турган илеге ээ болуптур да. Адамдан эч нерсе качып кутулгус болуптур да деп үшкүрүнүптүр.» Ошондуктан бардык жаныбарлар, чоң-кичине дебей адамдардан коркушат.
– Жаныбарлар менден да коркушабы?
– Ооба, сен адамдын баласысың да. Азыр баласың, жашсың. Убагы келет, адамдардын керегине жараган азаматтардан болосуң.
– Апа-а, баскым келбей жатат. Бир аз дем алалы.
– Кел анда. Белиме көтөрүп алайын. Тээтиги дарактардын көлөкөсүнө барып эс алабыз. Күн да ысып кетти. Курсагың ачтыбы?
4
Созок-Сузактын илгерки айтылышы.
5
Чозмо-резинадан жасалган балдардын оюнчук куралы. Орусчасы-рогатка.
6
Айриплан-аэроплан деген сөз
7
Дакүмүнттөрүмдү- документтеримди
8
Саратуп- Саратов
9
Жаллабад- Жалал-Абад
10
Иле-айла-амал