Читать книгу Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны - Группа авторов - Страница 5

Акман айылдын аталышы. Аксакалдардын сөзү

Оглавление

– Кудагый, силердин айылыңардын аты эмнеге Акман аталып калган? Акман деген эмнени билдирет? – деп чайын чайпап Айтолкун байбиче сөздү баштады.

– Илгери биз ушу Калдарбектей болсок керек, Жолборс Казынын Катта-Арыгы деген арыкты бойлой отурукташкан биздин туугандар болот эле. Илгери Жолборс Казы деген абабыз акун тагаларына ушул катта арыкты каздырып анын боюна жалаң туугандарын отургузуп, «там салгыла, бак-дарак эккиле» деп айыл кылган экен. Убакым деген жерибиз башка жактарга караганда дөң болгондуктан туш тарап көрүнүп турат. Кыш кетип, күн жылып, айланага жан кирип, мал-жан көккө тоюп, эл да акка тоюп турган учуру.

Убакымдын үстүн көк чөп, түрдүү майда гүлдөр бажырайып каптап бүт адырлар жашылга оронуп жаратылыш адамдардын көңүлдөрүн көтөрүп, күндүн аптабынын алдында жондорун какташып, аңгемелешип отуруу адат болуп калган. Айылдын аксакалдары, сөзгө чечендери дөңгө жөнөшкөндө жигиттер, жаш келин-кыздар килемдерди, жумшак ийленген постектерди, төшөктөрдү алып чыгышып орун даярдашчу. Аксакалдар жаштарына, кадыр-барктарына жараша мандаш токуна отурушуп, узун кепке түшүшчү. Дасторкондор салынып, келин-кыздар жаңы боорсокторду сары майга бышырышып, дасторкондорго боорсокторду жайышып, жаш жигиттер койлордун семизинен кармап, бата тилешип, казандарда жаш токтулардын эттери кайнап, өзүнчө эле майрамга айланып кетчү. Аксакалдардын көбүнүн аттары эсимден чыгып кетти. Ошолор сөз кылышчу, – деп сөзүн баштады Жумагүл байбиче. – Балдарга деп аксакалдардан төмөнүрөөк жерге дасторкон салышчу. Аксакалдар сүйлөшүп жатышат, силер чурулдабай, аксакалдардын сөздөрүн тыңшап отургула дешип ата-энелерибиз, бизден улуулар, акаларибиз, эжелерибиз акырын айтышчу. Силер чурулдап жатсаңар, аксакалдардын сөздөрүн угузбай койсоңор ата-энелеринин тартиби начар экен деп биринчи сөз ата-энеңерге тийет, андан элинин тартиби жок экен деп элге сөз тийет. Улуу кишилердин алдында бизди уят кылбагыла деп эскертишет эле.

Ошондогу аксакалдардын узун сабак сөздөрүнө кулак салчубуз. Илгери Куу Уулдун үчүнчү уулу Мундуз болгон экен. Мундуз атабыздын үч байбичеси болуптур. Кыргыз байбичелеринен Зулум, Зуркай, Зултай, Шыгай, Лакай, Калдык деген уулдары болгон экен.

Ошол Зулумдан таркагандардан Каба баатыр болуптур. Кабанын Атакан, Акман, Дашман деген балдары болгон экен. Акман биздин чоң атабыз болот. Анын сөөгү Арстанбапка коюлуптур.

Акмандын тун уулу Абакан, экинчиси Алдозбай, үчүнчүсү Абышка деген аталарыбыз болгон экен. Абакан чоң атабыздын чоң байбичеси Шайдабүдөн Абык, Шыдыр, Кыйра, Дүрбөл, Көкайдар деген беш уулу болгон, алардын жылкылары көп болгондуктан бээлерин сааганда бээлерди байлабастан саашкандыктан «бээ байлабастын беш уулу» деген атка кондурушкан экен. Орунбү деген токолунан Көкчөгөз, Ожурай, Карагул деген уулдары болгон.

Биз аксакалдардын айтып жаткандарын анча түшүнчү эмеспиз. Бирок алардын айткандары эсте сакталаып калат экен. Калдарбек да биздин эмне сүйлөшүп жатканыбызды түшүнгөн жок. Бир кезде биздин айткандарыбызды эстейт. Ата-тегине көңүл бурса керек.

– Мен түшүндүм, – деди Калдарбек аларды карап.

– Сен минени түшүндүң? – деди чоң энеси аны кызыга карап.

– Баатырлардын тукумунанмын. Чон аталарым баатыр болгон. Мен да баатыр болом!

– Ой айланайын сөзүңдөн. Кудайым тилегиңе жеткизсин. Туура айтасыз, кудагый. Кыргызда заадине тартат деген сөз бар го. Алманын уругун эксең, өрүк өспөйт да.

– Сүйлөшүп отуруп, түн да бир оокум болуп кетиптир. Жылдыздардын жаадырап чыкканын карап жатып, Калдарбегиме жомоктордон айтып берип, анан уйкуга кетели, ээ кудагый, – деп тайэнеси Жумагүл кудагыйын карады.

– Дасторконго бата кылалы, – деди Айтолкун байбиче алакандарын жайып. —Оомийин кудайым! Дасторкондорубузду берекелүү кыл. Тапкан-туткандарыбызды адал эмгектен кыл. Бүгүн ата-бабаларыбыздын арбактары тууралуу сөз кылдык, алардын жаткан жерлерин жумшак жана жарык кыл. Аларга бейиштен орун бер. Ушул Калдарбегибизди калган бардык неберелерибиздин өмүрлөрүн берекелүү кыл. Тилеген тилектерине жеткире көр! Оомийин.

Жумагүл байбиче дасторконду жыйыштырып, арыктын жээгиндеги дарактын түбүнө дасторконду какты.

– Курт-кумурскалардын напсилери да кошулуп, алардын кылган дубалары да элге, эл ичинде бизге да кабыл болсун. Ал шыбак шыпыргы менен супанын үстүн шыпыра баштады. Шыбактын жыты мурундарды өрдөп кетти.

– Шыбактын жыты укмуш да, кудагый, – деди Айтолкун байбиче. Жайында шыбак бышкан кезде шыбакты аралап бассаңыз жыты буркурап, мурундардын ичи ачылып, таза аба туура эле өпкөгө барат.

– Азыр төшөк салам Калдарбек, тайэнең мен, чоң энең экөөбүздүн ортобузда жатасың. Биз сага жомокторду айтып беребиз.

– Жомокторуңар коркунучтуу эмеспи?

– Жок, баатырлар тууралуу. Насирдин апанди жөнүндө. Сен сураган жомокторду айтып беребиз, аа кудагый.

– Сага Манастын төрөлүшү тууралуу айтып беребиз. Манастын ким болгонун билесиңби? – деди Айтолкун энеси.

– Жок.

– Анда, көңүл коюп угуп тур. Балким кулагыңда калып калар, – деди чоң энеси. Илгери биздин ата-бабаларыбыздын тиричилиги мал менен болгон экен. Азыр деле мал менен. Жылкы, уй, кой, төө, эчки багышып, жаз келе баштаганда көчтөрүн айдап, алты айлык жолго айдап Алтайга барышчу экен. Ал жакта суук түшө баштаганда кайрадан азыркы биз жашап жаткан жактарга айдап келишчү. Кыргыздардын малдарынын көптүгү жапайы жаныбарлар менен кошо коңшу элдердин көздөрүн күйгүзө турган. Жолборс, аюу, илбирс, карышкырлардан баштап, калмак деген элдер кыргыздарга кол салып турган. Мал-жанын сактоо үчүн кыргыздар жоокерчиликке машыккан. Ордо оюнун билесиңби, уулум?

– Жанагы чүкө аткандардыбы? Чоң кишилер, балдар дагы ойношот. Ортосунан кесилген жарым чүкөнү коюшуп, «кан» деп коюшат. Мени ойнотушпайт, «сен кичинесиң» дешип.

– Кичине чоңойуп алгын, анан бардыгын утасың. Ошол «канды» ордонун ортосунан атып чыксаң, чоң мергенчи болосуң. Ошентип жаш балдарды жаш кезинен мергенчиликке оюн аркылуу үйрөтүшчү.

Күздүн күндөрдүн биринде кыргыздардын жигиттери малдарды айдап келе жатышкан. Токойдун четине жетишип, бардык малдарды топтошуп, кечинде тамакка отурушат. Кароолдорду мал четине коюшат. Чарчашкандыктанбы же тамактарына уйку дары кошуп коюшканбы, кароолчулардан башкалары көөшүп катуу уйкуга кетишет. Ошол маалда артынан аңдып келе жатышкан жоо кароолчуларды байкатпай мууздашып, уктап жаткандардын арасынан баатырларын издеп табышып, бардыгын өлтүрүшөт. Калгандарынын колу-буттарын байлашып, аттарга артышып, малдарды айтап кетишет. Ошондо жообашчысы берки өзүнүн шериктерине «кыргыздардын башчыларынын бардыгын жок кылдык. Башы жок эл айланбаш (көк мээ) болгон койдой алдыга баспай, бир орунда айлана беришет,» дейт.

Бир түндө элдин башына каран түн түшөт. Колго түшкөндөрдүн арасында Акбалта деген орто жаштагы палван жигит болот. Ал жылкыны ушунчалык жакшы көргөндөн, жылкыга бир да камчы чаппастан минген аттарын ышкырып же таңдайын такылдатып үн чыгарып башкарчу. Анын минген аттары да андан алыстабай жакын жерлерде отточу. Атка артылган, колу-буту катуу байланган Акбалта ичинен сүйүнүп, качып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине сүйүнөт. Байланган колун акырын өтүгүнүн кончуна салса, эки миздүү канжары ордунда экен. Түн киришин күтөт. Күн ачык болуп, аптабы мээден өтүп кетет. Акбалта аябай чаңкайт. Суу бергиле деп калмактардан сураса, алар аны шылдыңдап күлүшөт. «Тиги булакта муздак сонун суу агып жатат. Аттан түшсөң курсагыңды жарып салабыз. Сууну көрдүңбү, суу ичкендей болосүң. Кул суу ичип эмне кылат экен. Сенин суу ичкенге укугуң жок. Биз уруксат берсек ичесиң, болбосо «жок!» Алардан эч кандай ырайым болбосун түшүнгөн Акбалта, аттын үстүндө байланган колдору менен башын салаңдатып, ат жылып оттогон сайын ичи эзилип, ооруп чыкты. Убакыт өтпөйт. Күн да батпайт. Эптеп кеч кирсе, колдору байланган аркандарды кантип кесип жиберүүнү ойлоп жатты.

Отко тойгон ат, шылдырап аккан сайга келип, суусун кандырды. Башын көтөрүп алдыңкы туяктары менен суу шапшылай баштады. Акбалтанын чаңкоосу улам күч алып, аттын шапшылоосунан чачыраган суунун тамчыларына оозун тосту. Бир-эки тамчы оозуна кирип, катып калган шилекейлерин жумшарткандай болду. Күн да акырын тоолордун арасына батып бара жатты. Атты тизеси менен акырын укуп койду. Ат ордунан козголуп, нары жакта оттоп жаткан аттарга кошулду. Акбалта өзүнүн атын карады. Ээри бир жак капталына ооп, аты чөптү тиштери менен кырча тиштеп улам Акбалта ээрге байланган атты карап коёт. Караңгы ире-шире кире баштады. Ал кончуна манжаларын сойлотуп үч манжалап, кончунан канжарын акырын сууруп алды. Канжардын мизин артына байланган колдорунун ортосуна коюп, аз-аздан ыйкалай баштады. Алы жок, бүт денесинен кара тер кетти. Аркандын «тырс» этип кесилген шыбырты угулду. «Өх!» – деди жеңилдене дем алып. Канжарды кайрадан кончуна тыгып, аркан өткөн колдорун ушалай баштады. Эми бутундагы аркандарды кесиш калды. Ээрден башын эңкейтип үзөңгүгө кошо байланган буттарын карады. Буттарын үзөңгүгө чырмай байлашыптыр. Канжарды кайрадан алып арканды кесе баштады. Мунусу жеңил болду. Эки бутун үзөңгүгө салып, аттын капталына далдалана, аты жакка бастырды. Атына жеткенде таңдайын такылдатып, атына ишаарат берди. Аты жакындап Акбалтаны жыттады. «Оо, жаныбарым, канатым. Эми Энесайыбызга аман-эсен жеткир. Кудай өзү жар болсун, – «деп атына шыбырады. Атынын ооп калган ээр-токумун оңдоп, басмайылын катуу тартып, атына минди да капталына эңкейип, жылкыларды акырын аралап, калың токойго бет алды. Караңгыдан жол көрүнбөйт. Акбалта асмандагы жылдыздарды карады. Саманчынын жолу быжырап асман бетин бербейт. Үркөр жылдызды көрдү. Андан ары Чоң жетиген жылдызы, Алтын казык жылдызы. Атынын башын түндүк тарапка бурду.

– Апа, апа дейм, – деди Калдарбек.

– Мине болду, тынччылыкпы? – деди чочуп кеткен чоң энеси.

– Жылдыз учту. Мен өз көзүм менен көрдүм.

– Тооба де. Дагы бир адамдын жаны учту да. Жанын жаннаттан берсин.

– Жылдыздар уча берет, уулум, – деди тайэнеси. Сөздү улантайын. Колу-буту байланып, аттын үстүндө жүрүп эзилип калганы эми сезилип уйкусу келе баштады. Тоолордун арасынан карышкырлардын улугандарын уккан аты эки кулагын тикчийте үн чыккан тарапты карады. Колунда жалгыз канжарынан башка куралы жок. Билектей болгон жаш карагайды караңгыда издеп келе жатты. Атынын башын бош койду. Урчуктан өтө бергенде далысы бир жаш карагайга тийип кетип, аты мүдүрүлө түштү. «Эми жыгылат окшойбуз» деген ой башына кылт эткенде чочуганынан карагайды кармай калды. Аты боюн түзөп, колундагы билектей жаш карагай түбү менен жулунуп ээрдин үстүнө артыла түштү. Карагайды такымына кысып, атка сүйрөтүп алды. Асманда жылдыздар суюлуп, чыгыштан күндүн шоолалары тоолордун беттерине тийип, айлана үлбүл көрүнө баштады. Таңга маалыкы уйку аны тартып, жерге бир аз болсо да жаткысы келип, ыңгайлуу жай караштыра баштады. «Азыр уктап калсам, жолдон калам. Нары каерде экенимди жакшылап карап албасам адашып кетишим мүмкүн» деген ой уйкусун нары карай айдагансыды. «Андан көрө, мынабу карагайдан найза менен чокмор баш жасап алайын, ат да бир аз эс алып курсагын кампайтып алсын деп» эки жагын жакшылап карай баштады. «Өзүм да токойдон бир нерсе карап, өзөк жалгап албасам, эки күндөн бери оозума эч нерсе ала элекмин» деп атын токтотуп, тоонун боорунан шылдырап аккан булакка токтоду. Аттан түшүп, басмайылын бошотуп, койдун жүнүнөн эшилген арканды чечип, ооздуругун чыгарып атты бош койду. Аты шылдыраган булактан суу ичип, аны карап турду. «Чү, жаныбарым. Менин канатым, курсагыңды кампайтып ал. Мен курал жасап алайын.» Атынын соорусуна алаканы менен чапты.

Булактын муздак суусунан кокучтап ууртап, булактын суусу менен бетин, мойнун жууп, сергий түштү. Уйкусу качып, кончундагы канжарды алып, карагайды ары бери карап, үч кулачтай ченеп, кыркы баштады. Карагайдын түбү жагын караса, тамырында муштумдай болгон бурчук бар экен. «Чокморго ылайык экен» деп ичинен сүйүнүп кетти. Канжары менен бутактарын тазалай баштады. Карагайдын башынан аягына чейин бутактардан тазалап болуп, төрт карыш өлчөп кести да салмактап көрдү. Сабынан кармап, чокмордун башы менен өзүнүн санын акырын чаап көрдү. «Аха, анча-мынча душман менен салышканга болот экен» деп кылган ишине ичинен корстон болуп койду. Карагайдын калган жагын тегиздеп бутактардан тазалап чыгып, үч кулачтай кыркып алып, уч жагын учтап кирди.

Аңгыча атынын бир нерсенин көргөндөй кошкурганын угуп, аты жакты карады. Аты эки кулагын тикчийтип токой тарапты карап туруптур. Акбалта ташка бекине калып, ат караган тарапка көз салды. Килейген боз карышкыр анын аты жакка карап акырын жортуп келе жатканын көрдү. «Карышкырдын сырттаны экен, оңойлук менен моюн бербейт» деп ойлоп, шырп алдырбай атына жакындай берди. Жанындагы кыл арканды сол билегине катуу ороп, канжарын кончуна салып, колуна чокморун кармап аты жакка жыла баштады. Аты кулагын жапырып, карышкырга капталын салып, анын кыймыл аракетин тиктеп турду. Акбалта жакындаганда аны байкап калган карышкыр атка эмес, Акбалтага карай бурулду. Акбалта карышкырдын көзүнө тике карады. Экөө көз ирмебей тиктешип калышты. Карышкырдын көздөрүнөн от жангансыйт. Токтогон бойдон кыйлага ордуларынан жылбай туруп калышты. Чыдамы кеттиби, карышкыр аны көздөй секирди. Акбалта колундагы чокмору менен аны как маңдайга урду. Карышкыр аны сезбегендей артка бир аз кетенчиктеп, кайрадан ага карай секирди. Акбалта аркан оролгон сол колун карышкырдын араандай ачылган оозуна сала берди. Дагы бир жолу чокмору менен башка салды. Колундагы чокморду таштап жиберип, кончундагы канжарды алып, карышкырдын колтугуна матырып, канжарды бир ирет толгоп жиберди. Карышкыр анын аркан менен байланган колун катуу тиштеген бойдон ары-бери жулкулдатып жатты. Акбалта канжарын сууруп алып анын оозун тилип жибергенде сол колу бошой түштү. Сол колу менен карышкырды муунтуп, анын кекиртегин кесип жиберди. Кекиртегинен шаркырап аккан кан саргая баштаган чөптөрдү заматта кызылга боёп салды. Акбалта ордунан туруп жылганда карышкыр андан он кадамча ары сүйрөлүп барып кыймылдабай калды.

Акбалта бир аз дем алган соң карышкырдын жанына барып анын денесин буту менен тээп көрдү. Денеси кыймылдабайт. Канжарын алып кекиртегинен чандырына чейин тилип, башын терисинен бөлбөй сыйрып бүттү. Терини боюна теңеп көрдү, тери анын боюнан узун болуп, куйругу жерге чубалып калды. «Кыргыздын катындары карышкырдын сырттаны менен жолборстун жүрөктөрүнө талгак болушчу эле. Акыркы учурларда сырттандардын жүрөгүнө талгак болдум деген аялдарды уга элекмин. Баатырларды тууй турган кыргыздын аялдары да чыгып калар. Мунун жүрөгүн алып, бака жалбыракка ороп сактап койойун» деп карышкырдын ичин жарып, жүрөгүн сууруп чыкты. Жүрөктүн жаны чыкпай, дагы эле согуп турган экен. «Жүрөгүн кара, дагы эле согуп турганын. Ошон үчүн сырттан да,» – деп өзүнчө сүйлөнүп, жүрөктү кош колдоп, алаканына салып карап турду. Булактын жээгинде булайып өскөн бака жалбырактын жалбырактарынан көп кылып терип алды да жүрөктү кабаттап ороп, белиндеги байланган чарчысына катуу байлап, белине тагып алды. Карышкырдын союлган денесин асканын боорунда турган таштар менен корумдап койду. «Бул карышкыр тарп жебеген таза жаныбар. Үйүрүн туура башкарат. Мунун денесин карга-кузгундар талап жебесин. Карышкырдын жытын алган башка жапайылар бул жерге келбейт,» – деди ичинен.

Курсагы кулдурай баштаганда, курсагынын ачканын эстеди. Булактын боюнда шиңгилдеп кыпкызыл болуп турган бүлдүркөндөрдү алаканына толтуруп, оозуна салды. Бүлдүркөндүн кычкыл даамы оозунун ичин дүүлүктүрүп жиберди. Кайрадан бүлдүркөндү терип оозуна салып жуткандан кийин, оозунан кара суу келе баштады. Бүлдүркөн курсагын ансайын ачырып, курсагына илине турган жей турган бир нерсе издеди. Аскага жогорулап чыга баштаганда кедр жаңгагы көрүнүп, анын алдынан тобурчактарды издеди. Жалбырактардын алдынан тобурчактарды таап, алакандары менен ушалап, данын оозуна салып чайнай баштады. Майлуу данектер ушунчалык таттуу болуп, жан дүйнөсү жай алып, курсагына тамак баргандан кийин, көздөрү бири-бирине жабышып, отурган жеринде уйку алып кетти.

Аттын кишинегени, жапайы жаныбардын күрүлдөгөн үнү чыкты. Уйкусунан чочуп ойгонуп, колундагы найзасын эки колдоп, башынан ойдо көтөрө бергенде чаар ала жолборс аны көздөй секирди. Найзасын жолборстун колтук тушуна тозо берди. Күү менен келген жолборстун салмагын көтөрө албай найза ортосунан тең бөлүнүп сынып калды. Найзанын учу жолборстун колтугуна сайылган бойдон калыптыр. Оң колу менен кончундагы канжарын сууруп алып, жолборс жакка акырын кадам шилтеди. Жолборс башын көтөрүп, ырылдады. Бирок ордунан козголбоду.

– Тайэне, жанагы киши жолборстон коркпойбу? Жолборс аны жеп койсо мине болот?! – деди Калдарбек көздөрүн бакырайтып.

– Баатырлар эч нерседен коркушпайт. Сен да чоңойгондо эч кимден коркпогон баатыр болосуң. Коркподуңбу, уулум, – деди тайэнеси анын төшөгүн кымтылап.

– Жок, мен эч нерседен коркпойм. Мен да ошол кишидей баатыр болом. Менин чоң аталарым, атам баатыр кишилер болушкан, – деп үнүн бийик көтөрө сүйлөдү.

– Оо, ананайыным десе. Чоң аталарыңды, атаңды тартып баатыр болосуң, – деди чоң энеси.

– Анан, Акбалта акырын жолборско жакындай баштады. Жолборс арткы аяктарына туруп аны көздөй секирди. Анын секириги мурдагыдай болбой Акбалтанын бутуна жакын келип түштү. Акбалта анын эки кулагынан кармап, жонуна шап минди да оң колундагы канжары менен жолборстун кекиртегинен мууздап жиберди.

Сол колу жолборстун кулагына жабышып, жолборсту минген бойдон анын жаны чыкканча ордунан козголо албай турду. Асканын боорунда агып жаткан жолборстун канын карап туруп, карышып калган сол колун оң колу менен укалап жазды.

Ордунан туруп, бир керилип алды да, жолборстун башын терисине чыгарып, мал союп жүргөндөгүдөй ыкмага салып терисин шыла баштады. Терисин муштумдап жиреп, башынан ылдыйга тартты, бирок күчү жетпеди. Колундагы арканды муздоодон өткөрүп, жогору жактагы даракка асып байлады да болгон күчү менен ылдыйга тартты. Тери жолборстун куйругуна келип токтоду. Куйругун бузбай бүтүн чыгарууга аракет кылып бир топко аны менен алпурушту. Терисин сыйрып бүтүп, ичин жарып жүрөктү бузбай кесип алды. Жүрөгү дагы эле согуп турган экен.

Булактын боюндагы бака жалбырактардан жулуп келип, кабат-кабат кылып жүрөктү алардын ичине салды да жеңишке жеткендей жеңилдей түштү. «Кудай кааласа, карышкырдын да жолборстун да жүрөгү бар. Оо, Кудай! Бир күндө эки сырттан олжо болуп берди. Элдин башын бириктире турган наристелериңен бере көр! Кимиси жолборстун жүрөгүнө же карышкырдын жүрөгүнө талгак болуптур десе берем. Кудай кааласа сырттан балдар төрөлөт. Бул бекеринен берилбеди мага». Ал өзүнчө кубанып, белгисиз жакшылыктан үмүт кыла кудайга ичинен жалынып, «бере көр» деп суранып жатты.

Акбалта сынган найзанын жарымын алып, карышкырдын терисин ээрге арта салды да жолборстун терисин үстүнө жамынып алды. Денеси жылый түштү. Аттын оозун бош коё берип, атына «үйдү көздөй кеттик» деди. Ат үстүндө термелип, жылуулук уйкуга алып баратты. Улам ойгонуп, айланага кулак төшөп коёт. Токойдогу куштардын анча-мынча кыйкыргандары гана угулуп, айлана мемиреп тыптынч. Ат акырын кадам таштап, таштардан этияттык менен өтүп жатты. Асманды карады. Жылдыздар суюлуп, асмандын бети көгөрө баштады. Өзүнө тааныш жайык көрүндү. «Оо, кудай! жериме жеттимби?!»– деп ичинен кудайга жалынып жиберди.

– Апа-а! Апа-а! Калдарбектин бакырып чыккан үнү эки кудагыйды ордунан чочутуп тургузду.

– Калдарбек! Мине болду уулум?! – деп чоң энеси аны чекесинен сылап, жыттып койду.

Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны

Подняться наверх