Читать книгу Тамгалар ырдайт - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 3

Апа

Оглавление

Баш тамшасы Аа-болот апанын.

Мен анын билбегендерге капамын.

Ата-энесин сыздаткандарды көрүп мен.

Ич дүйнөмдөн жапаачылык тартамын.


Апа ыйык касиетине далил бар.

Таба албадым кайсы зат ага барабар.

Мээримдиги асылдыгы айда жок.

Кандай зат бар апаларга барабар.


Мен тааныдым апам менен дүйнөнү,

Дайым эсте кыңыр өндүү күлгөнү.

Бир жытыңды таба албадым эч жайдан.

Кыдырсам да издеп аны дүйнөнү.


Апам асыл апам назик сулуусуң.

Маңдайымда жүз жашты сага буйрусун.

Бул жашоомдо тоё албаймын жытыңа,

Теңирим сага жакшылыктарды буйрусун.


Кем кылбасын апалар сенин жашыңды.

Силер үчүн жан соога урам башымды.

Ый көрбөсүн бар болгула апалар.

Урам сага соога кылам жанымды.



Тамгалар ырдайт

Подняться наверх