Читать книгу Тамгалар ырдайт - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 4

Бактылуумун

Оглавление

Бактылуумун арманым жок тагдырга.

Максатым бар койгон оюм алдыга.

Төрт саным аман кудайга шүгүр,

Жарай алам келечекти мен аткарганга.


Бактылуумун ата-энем бир тууган баары эсен.

Мындай шартта башкалардан дүйнөм кенен.

А байлык колдун кири чыны эмеспи,

Журсө болду ата-энем оорубай эсен.


Бактылуумун жолум жарык чайыттай,

Турмуш тизгин алгам ага чабыттай.

Мындан артык не кереги бар чынында,

Бактылумун кадимки жылтыраган сымаптай.

– — – — – — – — – — – — – — – — – — – — – — —

Бакыт берсин тиленгеним ушул жалпыга.

Бакыт тилейм бириң эмес жалпыңа.

Үзүп алган ажал бизге келбейсин.

Аманчылык бакыт берсин баарыңа



Тамгалар ырдайт

Подняться наверх