Читать книгу Тамгалар ырдайт - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 5

Венера

Оглавление

Кошуна кыз жаркылдайсың Венера.

Салам айтып тамашалайсың Венера.

Зериктирбей аркы-берки кеп салып,

Тамашакөйсүң ачык жансың Венера.


Кымча белиң басканың сенин маралдай.

Көз салсаң катып калам кача албай.

Жашым кичүү айыптыгым ушунда,

Аттиң кала берем айта албай.


Жөнөкөйсүң сен башкалардан бөлүнүп.

Сырдашканда сен жамгырсың төгүлүп.

Асмандагы жылдызсыңбы Венера,

Бир жаркырап бир башкача көрүнүп.


Кошуна кыз айдай кызым Венера.

Сыр бербей сырдашам мен жөн гана.

Айырмабыз эки жашка улуусуз.

Айта албай сактап келем жөн гана.


Тамгалар ырдайт

Подняться наверх