Читать книгу Тамгалар ырдайт - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 6

Гүл сундум

Оглавление

Биз кыздарды гүлгө айга теңейбиз.

Гүл сунуп белек берип келебиз.

Оюн кулку шапаар тээп ойлонбой.

Кыз аттуга жүгүрөбүз неге биз.


Гүл алдыңбы апакеңе сен арнап.

Асыл кымбат деп аны баалап.

Кабак кашым дебей бизди өстүргөн,

Гул тердиңби апама деп анык баалап.


Апа кымбат асылдыгын сезбейбиз.

Катуу айтса таарынабыз кектейбиз.

Ал да жан белек алууга татыктуу,

Гүл сунуп татту белек неге бербейбиз.


– — – — – — – — – —


Тур жөнө белек алгын камдагын.

Эртең кеч бүгүндөн эле баштагын.

Убактылуу бул жашоого апаңа,

Сыйлай албай апакеңе калбагын.



Тамгалар ырдайт

Подняться наверх