Читать книгу Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров - Страница 3
Биринчи акт
ОглавлениеАк-Үйдүн кулаганы
Көшөгө ачылары менен чоң экранда Ала-Тоо аянты, 2005-жылдын 24-мартындагы тарыхый окуялардын финалдык көрүнүшү чагылдырылат. Ак-Үйдүн чабуулу, кулаганы, кыргыз элинин стихиялуу түрдө, толкун сыяктуу жети кабаттуу өкмөт үйүнө каптап киргени. Элдин революциясы иш-жүзүнө ашты. Акырындык менен экрандан миңдеген элдин, ыңкылаптын үнү басылып, аягында фильм токтоп, экранда Ак-Үй, анын айнектеринен карапайым элдердин сүйүнгөн жүздөрү көрүнгөн сүрөт гана фон катары бул актынын аягына чейин экранда калат.
Сценанын сол тарабында Гайд-парктын трибунасы турат.