Читать книгу Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров - Страница 4
Биринчи акт
Биринчи көрүнүш
ОглавлениеСахнага Журналист менен Рухайым чыгышат.
Журналист: Эч кимдин Ак-Үйдү алам деген ою болгон эмес. Баардыгы өзүнөн өзү эле болуп калбадыбы.
Аянтта топтолгон элдин үндөрү угулат:
Бакиев! Бакиев! Бакиев!
Кулов! Кулов! Кулов!
Рухайым: Өзүнөн өзү болгон жок бул окуя. Асман, улуу Жараткан, ааламдын бийик акыл-эси Акаевди тактан кетирүүгө эң оболу кызыгдар болгон. Алдын ала сен тактан кетүүң керек деп ага көп жолу эскерткен, эгер убагында кетпесең, өз атың жана үй-бүлөң тарыхта кара тамга менен жазылат деп, – ал бийликке мас болуп, андай эскерүүлөрдү укпады. Акыры боло турган иш болду.
Журналист: Эмнеси болсо да, аягы жакшылык менен бүтөт деген ишеним бар. Революция майданы кимде кимди бийликтен кулатып, тууган элинен, жеринен безитсе, башкаларды бириктирген болду. Мына биз дагы ушул жаздын ажайып күндөрүндө, ыңкылапчыл Бишкектин кайнап турган көчөлөрүндө, өлкөбүздүн тарыхы чечилип жатканда, эт менен челдин ортосунда турган өтө кооптуу мезгилде сени менен таанышып калбадыкпы. Мен үчүн бул ынкылаптын эң чоң белеги болду, сени менен Ак-Үйдүн чабуулу мезгилинде таанышып калганым,
Сен биз тарап экениңди көрүп,
Жеңиш биз тарапта болоорун түшүнүп.
Рухайым: Жүр эмесе, кулаган Ак-Үйдүн короосуна кирип, аерде сүйлөгөн ораторлордун сөздөрүнө кулак салып көрөлүчү. Алар эмне жөнүндө сөз кылып, эмнени ойлоп жатышат экен?
Аянтта кайрадан калың элдин үндөрү угулат:
Бакиев! Бакиев! Бакиев!
Кулов! Кулов! Кулов!