Читать книгу Март Революциясы. Коомдук-саясий драма - Замирбек Өсөров - Страница 7
Экинчи акт
ОглавлениеСахнага Диктор чыга.
Диктор:
Бул акт Конституциялык реформага
Багышталат.
Эки тарап кантип күчкө салып
Утулуп калганын чагылдырат.
Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,
Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.
Оппозиция да,
Өкмөт түзүлүштөрү да
Өз ээлеген ордун туура табып,
Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген
Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт
Албайт эле бизди тузакка кайрадан.
Сахнадан кетет.
(Көшөгө ачылат).
Биринчи көрүнүш
Ала-Тоо аянты.
Сахнада Журналист менен Рухайым.
Журналист (колундагы газетасынын соңку номерин жайып):
Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.
Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы – демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.
Журналист: Кандай кызматты сурамак элем?
Рухайым: Сен эмне, түбөлүк журналист бойдон өтөт белең? Ажодон пресс-кызматынын жетекчилигин сурап же ал болбосо, өкмөт гезиттеринин биринин редакторлугун ал. Ал дагы колуңа тийбесе, чет өлкөлүк элчилигинин жетекчилине жет. Кубан Мамбеталиев, Рина Приживойт, Замира Сыдыкова ага-эжекелериңден эмнең кем? Мүмкүн болушунча баарын сурай бериш керек. Бири тийбесе бири тийет. Эл үчүн иштейм дейсиңби жүрөгүңдө, кызматтан көтөрүлгөн сайын мүмкүнчүлүгүң артат. А эгерде кызмат сурабасаң, сенин ордуңду татыксыз бирөө ээлеп, ишти бузуп аягында сен дагы күнөөлүү болосуң.
Журналист (ойлонгон таризде): Бир жолу сураган элем ажонун өзүнөн. Өкмөттүк гезиттин редакторлугун. Оппозициянын толкуну аябай күчөп бараткан чакта, Кыргызстан жарандык согуштун коркунучу астында калганда. Бирок ал максатым иш-жүзүнө ашпады. А сен эмнеге кызмат сурабайсың? Сени дагы ажобуз жакшы тааныйт эмеспи? Илгери эле президент боло электе, сага убадасын бербеди беле?
Рухайым: Ооба, берген. Мен ага сиз келечекте Кыргызстанды башкарасыз дегенимде, ошондо мени унутпайсызбы дегенимде, ал мага унутпаймын деген, эгерде чын эле президент болуп калсам, өзү эртең президент болоруна ишенбей, бирок мындай сөздөрүмө кубанып кеткен.
Журналист: Анда эмне үчүн сага жакшы өкмөттүк кызматты бербей жатат? Деги, сен өзүң анын кенешчилерине, өзүнө кайрылгансыңбы?
Рухайым: Кайрылгам, каттарды да жөнөткөм, аны менен жолугушууга да аракеттенгем.
Журналист: Ии, натыйжасы кандай болду?
Рухайым: Кабыл албай жатат. Жакындары менен байланышып турса да, анын мен туралуу ою жакшы болсо да, жакшы кызматты бизге окшогон адамдарга берүүдөн, негедир, тартынып турат, ишенбей жатат.
Журналист: Себеби, тегерегине суу куйду, кошоматчылар толуп алган…
Рухайым: Кана, эмесе, эмнени жаздың кезектеги саясий макалаңда?
Журналист: Мен сага бир эле үзүндүнү окуп берейин, калганын өзүң түшүнөсүң.
Анда эмесе, көнүлүңдү бур … (колундагы гезитке көз салып)
«Так …Манты жеп эле, кокус, президент болуп калды деген оппозициянын өрдөгүн, наалатын жана каргышын кантип жоготсо болот? Элге берген убадаларды аткаруу зарыл, ошондо эч кандай оппозициянын жаман сөзү жукпайт, келечекке таасир бербейт, Кыргызстанды адилет башкарып турсаңыз эле болду. Саясий жана экономикалык реформаларды кечиктирбей аткарыш керек».
Дал ушул мөөнөттө экран жагылып, Кыргызстандын президентинин фотосүрөтү пайда болот.
Кыргызстандын президенти (Үнү):
Албетте, аткарабыз. Жакшы адамдарды, мыкты адисттерди жакшы жооптуу кызматтарга алабыз. Тууганчылык, жердешчилик дегенди, үй-бүлөлүк башкарууну, трайбализм, регионализм дегендерди бийликтин бир дагы бутагына жана бучкагына жолоттурбайбыз. Ант беремин аны үчүн!
Экранда президенттин карааны кайрадан Ала-Тоо аянтынын сүрөтү менен алмашат.
Экинчи көрүнүш
Сахнага Даанышман менен Куудул чыгышат.
Даанышман (Экранга кайрылып):
Элдин талабы, революциянын негизги талаптары сөссүз түрдө аткарылышы керек.
Залга кайрылып.
Дагы бир жолу аны Ак-Үйгө кат жазып эскертип коеюн. (Экранга кайрылып). Эң негизги талап – биздин эл өзү бийликке ээ болгусу келип жатат, сизге терең ишенип, урматтуу президент.
Экранда кайрадан президенттин көрүнүшү пайда болот.
Президент (Үнү):
Бийлик калыс, чынчыл, таза жана акыйкат болсо – элдин бийлиги деген ошо. Бийлик элге кызмат кылыш керек —эл бийликке кызмат кылбай.
Куудул:
Ии, байым, баардыгы эле башында, такка чыгаары менен, ушундай бал сөздөрдөн баштайт, балекеттин бары кийин өзүнөн өзү эле мен билем деген балээден чубалжып чыгып, бүт өлкөнү селдей каптап, муунтуп ишти бузуп баарын саңырсытат.
Ал эми бийлик качан элге кызмат кылат деген суроо кайрадан бул турмуштан буйт качып, философиялык мааниге ээ болуп, килтейген китептерде гана абстрактуу идея катары жашап калат, жөн эле ооз көптүрмө сөзгө айланат.
Залга кайрылып.
Чын эле, агалар жана инилер, эжелер жана карындаштар, жалпы кыргызым – айткылачы, кагылайындар, – бийлик качан, кайсы мезгилде жана кандай шарттарда элге чынчыл болуп, дитин коюп кызмат кыла баштайт?
Экрандан кайрадан президенттин түспөлү пайда болот.
Президент: Эгерде бийлик суудай таза болсо, элге кайрымдуу, күйүмдүү болгондо гана элге кызмат кыла алат.
Экранда сүрөтү Ала-Тоонун сүрөтүнө алмашат.
Куудул: Ооба, ажом, суудай таза, айдай ачык болсо. Кептин бары кайдан – айданбы же марстанбы – андай суудай таза бийликти издеп таба алабыз?!
Рухайым: Эгерде бийлик асмандын талабына жана элдин ой-максатына дайым кулак төшөп жүргөн болсо, анда ал элге кызмат кыла баштайт.