Читать книгу Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 11

Махабат

Оглавление

Махабат түгөнгүс кенен дайра,

Чеги жок жагымдуу бардык жанга.

Сүйүүнүн баркын билип жашагандар.

Бактылуу чыны алар тагдырында.


Бакытын издеп жүргөн канча жан бар.

Махабат майданынан адашкандар.

Бактысына жетүүгө тилек кылып.

Тообо кылып теңирге жалынгандар.


Кээ бири бар бактысын чанып кеткен.

Бул менин бактым эмес-деп азап чеккен.

Адашуу жаңылуу кездешет бул жалганда,

Кээ бири бар бактысына эми жеткен.


Махабат аруу болот билген жанга.

Жетпесе жүрөк ыйлайт махабатка,

Бактысын ача албаган кээ бир инсан.

Аттиң деп сыздап өтөт бул жалганда.


Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Подняться наверх