Читать книгу Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 4
Өзүм
ОглавлениеКээде ыр жазам чындыкты кошуп.
Өткөнүн жазам жашоомдо болуп.
А кээсинде тагдырдан алып коём.
Анча-мынча сөздөрдү мындан кошуп.
Кээде жазам досторумдун тагдырын.
Башынан өткөн болуп өткөн бардыгын.
Окурмандар ойлобосун таңыркап,
Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.
Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.
Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.
Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,
А бул инсан ата-энем алтындан.