Читать книгу Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 14

Кантип

Оглавление

Кудалап ата-энең башка жанга,

Өз эркиң жок беле өзүң танда.

Тушалган аттай узадың менден.

Суранам сенден алтыным чанба.


Кезинде сүйөм-деп жүрбөдүң беле?

Эркелеп басып жанымда эле.

Түшүмө киргис жорукту кылдын.

Акыры сенин кылаарың ушул беле?


Унчукпай менден узадың жаным.

Же сулуубу менден артыкбы аның.

Байлыгы күчтүү бай-манап болсо,

Кеттиңби сүйөм-деп жаным.


Бир кезде сен эркелеп мага,

Түбөлүк болом сен менен-деп садага.

Айтчуу эмес белең жалбарып сулуум!

Алтындай сөздөрүң кетти эле кайда.


Башкага барып колукту болуп,

Түнөөңдү таптыңбы учуп конуп.

Кылчая карап узадың менден.

Башканын сен колуктусу болуп.


Түнөгүң жаным жайлуу болсун.

Махабат дайраң даамга толсун.

Кармашып сен аның менен.

Өмүрүң сенин шаттыка толсун.


Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Подняться наверх