Читать книгу Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 7

Таарынбачы…

Оглавление

Таарныбачы болоор-болбос нерсеге,

Жарап койчу ушул жолку кереке.

Сүйөм сени кагылайын аппагым,

Кечир мени ката кылсам береке.


Кайгырбачы ойго батып санаа тартып.

Жаш сезимди сен туңгуюка каматып.

Жаштык кезде баары болот каралдым,

Сен элең го мээрим чачкан таратып.


Кызганбачы койчу жаным садагам.

Сен деп жашап бул өмүрдө баратам.

Алмаштырбайм бөлөк-бөтөн адамга.

Кечир мени сүйөм сени садагам.


Бул жашоонун өйдөсү бар ылдыйы.

Болуп корчү сен болуп кыйыны.

Сабырдуу бол санаа тартпа жабыркап.

Тушун жаным өйдөсү бар ылдыйы.


Капаланба суйуу болот ушундай.

Учуп өткөн асман буркут кушундай.

Анча-мынча болоор-болбос нерсеге,

Капаланба турмуш жаман ушундай.


Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Подняться наверх