Читать книгу Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде - Мирлан Бакытович Калдыбаев - Страница 12

Аймира

Оглавление

Көрүнүп көзгө илине,

Чалынып тордун жибине.

Аймира сулуум арбадың?

Сүйдүрүп мени имере.


Ак кардай сенин мүнөзүң.

Билмексен болуп жүрөсүң?

Айтайын дейм тил барбайт.

Тамаша алып күлөсүң.


Ичимден коём жактырып.

Сыртымдан күлүп каткырып.

Билмексен болуп жүрөсүң?

Сүйүүңө мени балкытып.


Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Подняться наверх